Кыргызстанда эң ири «Табылга» соода борбору жалпы бишкектиктерди 2-кабатына чакырат. Бул жактан үй тиричилигине керектүү каалаган жабдыгыңызды сатып ала аласыз. Бутик ээлери сиздин капчыгыңызга да, каалооңузга да туура келген тиричилик буюмун таап берүүгө даяр. Андыктан кир жуучу машина, плазмалык телевизор, жылыткыч меш жана башка техника буюмдарын сатып алгыңыз келсе, «Табылга» соода борборуна баш багыңыз.
«Табылга» соода борборунун 2-кабатында тиричилик буюмдарын сатуучу Абдыкерим Тажибаев: «ТОВАРЛАР КӨБҮНЧӨ ТҮРКИЯ ЖАНА ЕВРОПАДАН КЕЛЕТ»
– Айтыңызчы, «Табылга» соода борборунда сатылып жаткан тиричилик буюмдары көбүнчө кайсы өлкөлөрдөн алынып келет?
– Бизде Кытайдын товары жок, көбүнчө Түркия менен Европадан алынып келет. Анан бизге келген товарлар Кыргызстанда беш-алты жерде эле сатылат.
– Чет өлкөдөн келген товарлар кымбат болот эмеспи, шаар тургундарынын капчыгына туура келеби силер койгон баалар?
– Биз кардардын табитине да, капчыгына да туура келген буюмду көрсөтө алабыз. Сапатына ыктаса сапаттуусун, арзанын кааласа арзанын дегендей. Буюмдардын баары түрдүү баада сатылат, базар баасынан айырмасы деле жок.
– Силерде сатылып жаткан үй тиричилик техникалары менен башка соода борборунда сатылып жаткан тиричилик буюмдарынын айырмасы эмнеде?
– Башка жерлерде сатылып жаткан тиричилик буюмдардан биздикинин айырмасы – тандоо көптүгүндө. Бизде каалаган ассортименттеги тиричилик буюмдарын тапса болот.
Лунара Бекиева