9-ноябрь күнү Москва шаарында «Аалам периси» сынагы болуп өттү. 63 жылдык тарыхы бар «Аалам периси» сынагы буга чейин бир да жолу Орусияда өткөрүлгөн эмес эле. 2013-жылы дал ушул өлкөдө сулуулар аныкталып жатканына орустар кубанычта. Сынактын жыйынтыгында «Аалам периси» титулу венесуэлалык 25 жаштагы Габриэла Ислерге буюрду. Эске салсак, акыркы алты жылда бул титулду 3 жолу венесуэлалык кыздар илип кетишкен. Ал эми 2-орунду испаниялык Патрисия Родригес, 3-орунду бразилиялык Жаклин Оливейра алышты. Жеңүүчү сынактын негиздөөчүсү Дональд Трамптын колунан
120 миң долларлык таажы кийди. Таажы ак, сары алтындан жасалып, миңден ашуун баалуу таштар менен кооздолгон. Калыстар тобунда орус эстрадасынын падышасы атка конгон Филипп Киркоров да болду. Ал эми сынакты «Spice Girls» тобунун ырчысы Мелани Браун жана телеалпаруучу Томас Робертс чогуу алпарышты.
Лунара Бекиева