Соңку учурда Өзбекстан десе эле дүйнөлүк медиа-чөйрө бир гана Гүлнара Каримованын тегерегинде айланып-чимирилип калды. 75ке таяп калган Ислам Каримовдун президенттик мөөнөтү 2014-жылы бүтөт. Батышта диктатура менен авторитаризм режими үчүн Өзбекстанга көп сындар жаап турат. Президенттин кызы бүгүн ошондой режимдин курмандыгына айландыбы же саясий технологдордун жардамы менен кезектеги пиар акциянын эсебинен упай топтоп жатабы деген суроолор да жаралбай койбойт. Ислам Каримовдун улуу кызы ким эле, ким болду жана ким болууга чабак уруп жатат?
ДОСЬЕ
- 1972-жылы 8-июлда Фергана өрөөнүндө төрөлгөн.
- Үйүнүн улуу кызы, Лола аттуу сиңдиси бар.
- Экономика жана искусство багыты боюнча жогорку билимдүү.
- 1991-жылы ооганстандык өзбек Мансур Максудиге турмушка чыгып, 2 балалуу болуп, кийин аны менен ажырашып кеткен. Экинчи жолу мурдагы тышкы иштер министри Садык Сафаевге турмушка чыккандыгы айтылып жүрөт.
- Эмгек ишмердүүлүгүн Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен баштаган.
- Учурда эч бир расмий кызматты ээлебейт.
«МАФИЯНЫН ХАНБИЙКЕСИ»
Гүлнара Каримованы дал ушинтип кезинде Өзбекстандагы Улуу Британиянын элчиси Крейг Мюррей атаганын «Викиликс» сайты ачыкка чыгарган. 2008-жылдан бери «өзбек диктаторунун мураскери» атыккан Гүлнара Каримованын алектенбеген иши калбады көрүнөт. Саясат таануучу, дипломат, меценат, модельер, ырчы, зергердик буюмдардын дизайнери, бизнес-империянын, чет жердеги ак сарайлар менен өлкөсүндөгү бир канча телеканал жана радиостанциялардын кожойкеси... Анын бир эле «Форум» деген фонду Маданият министрлигин көлөкөдө калтырып, жыл сайын жүздөгөн иш-чаралардын уюштуруучусу болуп келет. Жаш муунга өзгөчө көңүл бурган Гүлнара Каримова бөбөктөрдөн студенттерге чейинкилердин «энесине» айланып калган. Кээде бир иш-чаранын уюштуруу каражаты эле бир министрликтин жылдык бюджетинен ашып түшөт. Маалыматтарга караганда, Каримова министрликтер менен ири ишканаларды мындай иштерди каржылоого мажбур кылып турган.
Учурда жалпыга маалымдоо каражаттары менен интернет желелеринде Өзбекстандын «атасы» Ислам Каримовдон да улуу кызынын популярдуулугу алдыда. 2000-жылдарга чейин Гүлнара Каримованын бар-жогу да билинчү эмес.
КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН АЖЫРОО
1995-жылы Каримова Өзбекстандын тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалган. Кийинчерээк АКШда, Орусиядагы Өзбекстандын элчиликтеринде эмгектенип, 2008-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп бекитилген. Ал кызматы менен катар Бириккен Улуттар Уюму менен Женевадагы бир канча эл аралык уюмдарда Өзбекстандын өкүлү болуп турган. 2010-жылы Өзбекстандын Испаниядагы элчиси болуп жөнөтүлгөн. Бирок 2013-жылы 13-июлда өзбек бийлиги Каримованы дипломатиялык иммунитетинен кур жалак калтырды. Буга анын Франциядагы үйүндө тинтүүлөр башталгандыгы себеп болгон.
Каримованын жардамчысы Алишер Эргашев Швеция менен Швейцариядагы кызматта турган адамдарды сатып алуу, арам акчаны адалдоо (мыйзамсыз жолдор менен табылган акча каражатын легалдаштыруу) боюнча шектелген. Ал колго түшүрүлгөн, бирок кийинчерээк күрөө акчанын жардамы менен бошотулгандыгы маалымдалган. Дал ушул окуялардан кийин «кол тийгис» болуп келген Гүлнара Каримованын башына кара булуттар пайда болгон. Өзбек саясий элитасынын ичинен эң эле ачык-айрым Каримова журналисттердин жоон тобун чакырып отурбай, дароо эле «Твиттер+ социалдык тармагындагы баракчасына күнүмдүк турмушунан тартып саясий позициясына чейин төкпөй-чачпай жазганын улантууда.
БЕТ КАРАШПАГАН ЭЖЕ-СИҢДИЛЕР
Гүлнара Каримова өзүнө каршы ачылган согушка бүгүнкүгө дейре кимди гана күнөөлөбөдү, сап башында Улуттук коопсуздук кызматы, анын жетекчиси Рустам Иноятов турат. Ал эле эмес, жалгыз сиңдиси Лола Каримова-Тилляева сентябрь айында интервью берип, анда эжеси менен 12 жылдан бери сүйлөшмөк турсун, жүз көрүшө электигин айтып дүң жаратты. Ошондой эле Лола Каримова-Тилляева: «Анын атамдын ордун ээлөөгө мүмкүнчүлүктөрү аз»,- деп ток этерине токтолгон. Кийинчерээк өч алдыбы же башка себеп үчүнбү, Гүлнара Каримова сиңдиси менен апасын кара магия, тагыраагы, көзү ачыктардын кызматынан пайдаланууга баш-оту менен кирип кеткенин жазган.
Бул аралыкта, октябрдын орто ченинде Ислам Каримовдун жубайынын бир тууганынын уулу Акбарали Абдуллаев пара алуу, салык төлөөдөн баш тартуу жана башка иштерге шектелип, күч органдары тарабынан кармалды. Аны Фергана өрөөнүндөгү финансылык агымдарды башкарып турат дешет. «Бир тууган бөлөлөрдү бизнес боюнча өнөктөштүк мамилеси гана жакын кармабайт. Экөө биргеликте президенттикти талашат» деген кептер орун алчу.
Окуяга улай Каримовага таандык болгон 4 телеканал менен 3 радиостанция ишин токтотту. Кийинчерээк Каримованын жан сакчылары да шашылыш түрдө Өзбекстандан чыгып кетишкендиги айтылды. Гүлнара Каримованын өзүнө болсо чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган.
СЫМАП МЕНЕН УУЛАНТУУ АРАКЕТИ
Ноябрдын башында Каримова: «Мени сымап сыяктуу оор металлдар менен уулантууга аракет кылышкан. Кудайдын буйругу менен аман калдым. Бирок азыркыга чейин дарыланып келем»,- деп жазган. Бирок бул окуянын качан орун алганын тактаган эмес. Ошондой эле атасы аны эч кандай ур-токмокко албаганын айткан.
Өзүнүн тегерегиндеги жагымсыз окуялардын баарына 1995-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы болуп келген Рустам Иноятовду күнөөлөп, Гүлнара Каримова аталган кызмат бийликти тартып алууга даярдык көрүп жатканын «Твиттерге» жазды. «Өзүмдү саясатчымын деп эсептебейм. Эч ким, эч качан президенттикти талкуулаган эмес жана талкуу кылбайт дагы. Эмне деген сандырактык?! Президенттик – эл тарабынан тандалган күчтүү эркектердин жазмышы» деген жазуусу менен Каримова амбициясынан да баш тартты.
Бул жазуусунан бир апта өтпөй ал ачык жана кымбат кийинүүдөн башканы элестете албаган имиджин мусулмандын жупуну жана жабык кийимине алмаштырган сүрөтүн илген. Башында жоолук, колуна теспе кармаган Гүлнара Каримова убакыт-шартына жараша намазга жыгылып турарын жазган.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
Гүлнара Каримова Googoosha деген сахнадагы псевдоними менен ыр жазып, обон жаратып, аларды аткарып жүрөт. Атүгүл атактуу Хулио Иглесиас жана Монсеррат Кабалье менен чогуу обон созууга жетишкен. Англис тилиндеги биринчи альбомун былтыр чыгарып, көп өтпөй орус тилиндеги ырлары да радиостанциялардан уктурула баштаган. Композицияларынын бири белгилүү француз актёру Жерар Депардье менен чогуу аткарылган.
Өзбек ханбийкеси «Guli» деген дизайнердик бренд менен да таанымал. Анын алкагында зергердик кооздуктар, автордук коллекциядагы кийимдер менен аксессуарлар чыгарылат. Айтмакчы, бренддин ичинде табигый косметика менен парфюмерия линиясы бар. Анын эркек линиясынын жүзү болууга белгилүү түрк актёру, «Даңазалуу кылым» сериалында султан Сулеймандын ролун жараткан Халит Эргенч макулдугун берген.
Эльвира Караева
politika@super.kg