Тасма 1920-жылдардагы Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки Америка коомунун өнүгүшүн чагылдырат. Башкы каарман Жейдин жөнөкөй аскерден кантип миллионерге айланганы, 5 жылдык ажырашуудан кийинки сүйүүсүнө кантип жетип жана айрылганы баяндалат. Айрым көрүүчүлөрдүн айтымында, тасма «Оскар» сыйлыгына татыктуу тартылган.
Жанры – драма, мелодрама
Режиссёру – Баз Лурман
Продюсери – Баз Лурман, Люси Фишер, Дуглас Уик, Кэтрин Мартин
Cценаристи – Фрэнсис Скотт Фицжеральд
Баш каармандар – Леонардо Ди Каприо, Кэри Маллиган, Тоби Магуайр, Жоэл Эдгертон
Узактыгы – 2 саат 23 мүнөт
Бюджети – 105 миллион доллар
Сатыктан түшкөн акча – 331 миллион доллар
Өлкөсү – АКШ, Австралия
Чыккан жылы – 2013
ӨЛҮМГӨ АЛПАРГАН СҮЙҮҮ
Ник Каррауэй санаторияда аракечтиктен дарыланып жүргөндө Гэтсби аттуу мырза менен таанышканын дарыгерге кагаз жүзүндө жазып берет. Ал 1922-жылы Нью-Йоркко келип, көңүлүн иренжиткен төмөнкүдөй окуяларга туш болгон эле.
Жей Гэтсби менен Дэйзи аттуу селки сүйүшүп, бирок кыз Том деген бай жигитке баш кошот. Алардыкына Дэйзинин аталаш тууганы Никтин келиши менен бир топ сырлар ачыкка чыгат. Ал эжеси Дэйзинин жолдошунун көңүлдөшү бар экенине күбө болот. Никтин кошунасы Жей мурун жөнөкөй турмушта жашаган аскер болсо, эми сүйүктүүсүнө өзүн көрсөтүү максатында байлыкка жетип калган эле. Анын үйүндө ар ишемби жүздөгөн киши чогулуп, шараптар төгүлүп, баш айланткан эс алуу өтүп турчу. Ошонун баары жалгыз гана Дэйзи үчүн уюштурулуп, балким, эл менен кошо ал да баш багып калар деген илгери үмүт эле.
Легендарлуу Гэтсбини отуруштун уюштуруучусу катары аты чыкса да, эч ким жүзүнөн көргөн эмес. Ал ашыгына жетүүнүн амалын көрүп, Ник менен жакындан таанышып достошот. Акыры көздөгөн максатына жетип, сүйүктүүсүнө кезигип, экөө бактылуу көз ирмемдерди баштан кечиришет. Бирок кубанычы көпкө узабай, Дэйзинин жолдошу Том экөөнүн ысык мамилелеринен шекшип, окуя чыр менен аяктайт. Механик Жорж Вильсон аялы менен урушуп, жубайы жолго чуркап чыга калып, Гэтсби менен Дэйзи келаткан машина аны уруп кетет. Жубайынын өлүмүнө Жейди күнөөлөгөн Жорж өч алмакчы болуп атып өлтүрүп, артынан өзүнүн да жанын кыят. Шаан-шөкөттөргө аёосуз акчасын чачкан Гэтсби каза тапканда бир да киши аны узатууга басып келбей, жалгыз гана досуна айланган Ник келет. Дэйзи Жейди ойлоп да койбой, Том менен Нью-Йорктон көчүп кетишет.
КЫЗЫКТАР ЖАНА «ЛЯПТАР»
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg