«КУМТӨР» КЕНИ ЖАБЫЛСА, ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ?

«Кумтөр» кени Кыргызстан үчүн пайда алып келген жок. Андыктан бул ишкананы улутташтыруу керек» деген сөздөр айтылууда. Ал эми «Кумтөрдүн» биздин өлкөгө кандай пайда алып келип жатканы тууралуу айткандар аз. Эгер алтын чыгаруучу ишкана жабылса, анын жыйынтыгы кандай болот?

ИШКАНА КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП КЕЛҮҮДӨ?
Кыргызстан – бийик тоолуу өлкө. Ал эми учурда иштетилип жаткан «Кумтөр» алтын кени деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкандыктан, дүйнө боюнча катаал шарттагы кендердин бири болуп саналат. Жайы-кышы дебей кар жаап, дайыма муз тоңуп турган тоонун чокусунда иш жүргүзүү да жеңил эмес. Бирок ага карабай ишкана ишин улантып, мамлекетке салыгын төлөп, 1994-жылдан бери иштеп келатат.
1994-2012-жылдар аралыгында кен иштетүүдөн өлкөнүн экономикасына жалпысынан 2 миллиард 153 миллион доллар каражат түшкөн. Булардын ичинен канча каражат кайсы тармакка бөлүнгөндүгү тууралуу бир-эки мисал келтирсек: Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 27 миллиондон ашык доллар, жолдорду оңдоого жана көз салып турууга 35 миллиондон ашык доллар, социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өкмөткө жардам катары 31 миллион доллар бөлүнгөн. Ал эми мамлекетке салык катары төлөнгөн сумманын көлөмү 627 миллиондон ашык долларды түзсө, Социалдык фондго жөлөкпул, пенсияларды төлөө үчүн
92 миллион доллардан көп каражат которулган. Ошондой эле Кыргызстандын ичинен сатып алынган товарлардын суммасы 583 миллион доллардан ашкан. Мындан сырткары 3 миңден ашуун жумуш орунун камсыздап, 570тен ашуун фирмаларды жумушка тартып келет. Бул экономикалык жактан алганда өлкөнүн бюджетине кошуп жаткан эң ири жалгыз ишкана экени талашсыз.
Ал эми бийиктиктеги катаал шартка карабай кен казуу ишинде эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандар өзүлөрүнө эбегейсиз тажрыйба топтоп жатканын айтпай кетүүгө болбос. Иш жаңы башталганда биздин жарандар катардагы жумушчунун кызматын аркалашса, бүгүн тажрыйбасы мол адистерге айланышты. Бизде жок техникаларды өздөштүрүп, алар менен иштөөнүн сырларын үйрөнүшүүдө. Мындай адистер келечекте өлкөбүздүн башка кендерин иштетүүдө чет элден адистерди жалдап келүүгө болгон муктаждыкты жоюп, өлкөбүздөгү кен ишканаларын өз алдынча иштетүүгө жардамы тиеринде шек жок.

ИШКАНА ЖАБЫЛСА...
Жогоруда айтылгандай, пайдаларды алып келип, өлкөнүн казынасын толтуруп жаткан ишкана жабылып калса, эртеңки күнү эмне болот? Мына ушундай суроону кендеги иш менен жакындан тааныш адистерге узатып, бир катар маанилүү жоопторду алдык.

АЛМАЗ БАРЫКТАБАСОВ, техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы:
– Бул маселеге кылдат мамиле жасап, туура чечим кабыл алуу керек. Эгер келишимден эки тараптын бири чыгып кетсе, анда алгач эле жумуш орундары жоюлат. Мамлекеттик бюджет 6-7 миллиард сомго кыскарып, дарыгерлер, мугалимдер, милиция кызматкерлеринин айлыгын төлөп берүү кыйынчылыгы келип чыгат. Ошондой эле техникалык жактан алсак, кенди иштетүү өтө кыйын. Анткени, жогоруда айткандай, 200гө жакын оор техниканын иштеп турушун камсыз кылуунун жылдык бюджети миллиондогон долларды түзөт. Мисалы, бир эле экскаваторду иштетүүгө бир жылда 7-8 миллион доллар сарпталат. Кенди казып, алынган алтынды сатуу оңой иш эмес.

КАНЫБЕК КАЗЫБЕКОВ, тоо-кен бөлүмүндөгү кыска мөөнөттүү пландоолордун башчысы:
– Алмаздын айтканы туура. Акыркы жылдары «Кумтөр» кениндеги иштер саясатташып кетип, жаңы келишим түзүлгөнчө «Кумтөр» кенин иштетпей токтотуп туруш керек деген сөздөр айтылууда. Мен буга каршымын. Анткени былтыр ушундай саясий оюндун аркасында кен казуу иши 10 күнгө жакын убакытка токтоп калып, пландалган 19 тонна алтындын ордуна 10 тоннадай эле алтын өндүрүлүп калды. Ишкананын иши токтотулса, аны кайра жандандыруу көп каражатты жана күчтү талап кылып, чыгым көбөйөт.



РУСЛАН РЫСКУЛОВ, Алтын бөлүп алуу фабрикасынын башчысы:
– Ишкананын иши үзгүлтүккө учураса эмне болот? Биринчиден, мисалы, Кыргызстан буудайды, күйүүчү майды Казакстандан долларга сатып алат, туурабы? Себеби доллар – эл аралык валюта. Биз бир нерсе сатсак, ошондо гана Кыргызстанга доллар келет. Эгер биз алтынды өндүрүп сатпасак, анда бизге доллар келбей калат. Күнүмдүк колдонууга керектүү буюм-тайымдарды, азык-түлүктөрдү сатып ала албай калабыз. Экинчиден, 90-жылдары Союздун рубли сапырылгандай биздин сом да инфляцияга учурап, сапырылып кетиши мүмкүн. Бүгүн 100 сомду катып, эртең мынчасына кумшекер, мынчасына ун сатып алабыз десе, эртең менен турганда ошонун жарымын гана сатып ала тургандай болуп калабыз. Мына ушул деңгээлге түшүп калбаш үчүн өндүрүлүп жаткан алтындын орду чоң экенин түшүнүүбүз керек. «Кумтөргө» асылгандар эгер чыныгы патриоттор болсо, кыргыз эли үчүн күйгөн адамдар болсо, анда ушундай деңгээлдеги ишканаларды түзсүн. Канча колхоз, совхоздорубуз бар болчу. Кана ошолор иштеп кыйратып, элди багып жатканы? Канча деген бош имараттар турат. «Кумтөрдөн» башка гүлдөп жаткан бир мекеме барбы учурда? Ошончолук эле жакшы иш жасай ала тургандар болсо жасашпайбы, үлгү көрсөтүшпөйбү? «Эй, акмактар, мына мындай иштетиш керек, силер туура эмес иштетип жатасыңар» деп бизди уяткарып, анан бизге сын айтса туура болмок. Мында иштегендерди кедейлердин деңгээлине сүйрөбөй, кедейлерди биздин деңгээлге жеткирсин. Ошондо мен аларды патриот деп эсептейм. Алардын азыркы иштери «көбүк» патриоттор экенин көрсөтүүдө.
Алтыны бар топуракка жетиш үчүн 7-8 айга чейин жерди даярдайбыз. Бул аралыкта алтыны аябай аз топуракты иштетип, чыгымдарды жабуу үчүн компания насыя алып иштөөгө мажбур болот. Эми ишкананы толугу менен улутташтырып салдык деп элестетели. Мамлекет мындай учурда кантип бул кырдаалдан чыгат? Насыя алабы? Насыя алса ким берет? Жаманбы-жакшыбы, «Центерранын» кадыр-баркы бар. Алса кайтарып берет деп ишенип банктар насыя беришет. Ал эми биздин мамлекетке ошондой 100 миллиондогон насыяларды береби?
Биздин президентибиз Алмазбек Шаршеновичке аябай боорум ооруйт. Дүйнө жүзүн кыдырып «тиги жерден 30 миллион доллар, бул жерден 5 миллион доллар алдым» деп мамлекет үчүн насыя сурап жүрөт. Андан көрө жанагы оппозиционерлер президентибизди жалдыратпай, «кой, бир команда болуп чогуу иштейли» десе жакшы болмок. Анткени баарыбыз эле сазда отурабыз. Ушундай ишканалардын иштешине жолтоо болбой, тескерисинче, жардам кылышса алдыга жылат элек. Эмне үчүн биздин бизнесмендер, ошол эле парламентте отурган депутаттар акчаларын Кыргызстандын экономикасына салбай, башка мамлекеттерге салышат? Себеби биздин мамлекетте бизнесин коргоого эч ким кепилдик бербейт. Парламентте кедей адам отурбайт. Мына ошолор кендерди алып иштетип көрүшпөйбү? Ошондо канча чыгаша чыгып, канча киреше кирерин билишет. Биринчи иштетип көрүп, мыйзамдын бул жеринде мындай жолтоо бар турбайбы, бул мыйзам өндүрүштү өнүктүргөнгө жолтоо болот турбайбы деп, анан ошондо мыйзамдарды түздөп, туура чечимдерди кабыл алышмак. Мен ошол депутаттарга өзүңөрдүн чыгарган мыйзамыңар менен акчаңарды өлкөбүздүн экономикасына салгыла, ишканаларды иштетип байып көргүлө деп айтар элем.

КАПАР БАЙДАЛИЕВ, улук инженер-эколог:
– Бул жакта иштегендердин 95 пайызы кыргызстандыктар. Иштеп үй-бүлөсүн багып, салыгын төлөп жатканы, алган айлыктары менен айылындагы соода тармагында байланышты күчөтүп жатканы мамлекет үчүн салым эмеспи? Эмне үчүн бул жерде иштеп жаткан жарандарды жергиликтүү элдин катарына кошушпайт? Бизди бөлүп, элден четтетип койгондой сезилет. Биз деле кыргыз элинин уулдарыбыз, биз деле элибиз үчүн иштеген патриотторбуз. Башка ишкана болбогон соң өзүбүздүн профессионалдык сапаттарыбызды көрсөтүп, ушул ишканага киргенбиз. Көпчүлүк ишканага кирген эле киши иштеп кетет деп ойлошот. Жергиликтүү калк жакшы билет. Бул жерге кирүү үчүн көптөгөн сынактардан өтүш керек, билими жана ден соолук бекем болуш керек. Билими, тажрыйбасы жок бирөөнү алып келип иштетиш кыйын.

СӨЗ СОҢУНДА...
Эгер «Кумтөр» алтын кени жабылып, иш токтой турган болсо, Кыргызстандын экономикасына кандай таасири тиет? Биринчиден, 3 миңден ашуун жумуш орундары кыскарып, 3 миң адамдын үй-бүлөсү каражаттын булагынан айрылат. Өлкөнүн казынасынын киреше бөлүгү 7 миллиард сомго кыскарып, бюджеттик мекемеде иштеген жарандарыбыздын айлыгын, пенсия менен жөлөкпулдарды өз убагында төлөп берүүдө кыйынчылыктар жараларын президент да, өкмөт да айтып келатат. Эгер мамлекеттик бюджет кыскарса, жогоруда айтылгандай, мамлекеттин көзүн карап жашап жаткан жарандарыбыздын жашоосу кандай болот?

Кубаныч Сыдыков
Алимжан Жоробаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
ayaza
2013-11-18 12:35:21
Депуттаттар оюнчуктай корушот,жабылса бут кыргыз элине кыйынчылык жаратат.
+1
Baktybek291184
2013-11-18 14:12:23
Кумтор туура чечилиши керек. Бул жерде кыйынчылык Колдукторго озгочо болот. Тор деген соз башы туурабы. Кумдуу болгону учун жергиликтуу эл Кумтор деп атап келген. Жети-Огуздуктордун болгон жайлоосу талкаланды. Учурда коп айлыкка алданып иштеп журушот. Балдары эмне кылышат. Макул балдары атасы чогултканы менен кун откорот. Ал эми небере чоборолору эмне кылышат. Бул жерде ызы-чуу коп.Билгенден билбегенибиз коп. Кудай озун сакта.
0
Almabek
2013-11-18 14:30:29
"Кумтордо" иштегенимде мен да ушинтип суйломокмун, тилекке каршы мен ал жерде иштебейм, мен ошон учун эл тараптамын да....
0
Mir82
2013-11-18 15:14:06
Центерра менен бийлике коз карандысыз эксперттерден интервю алсанар жакшы болмок,жакпады мага
0
TolonturCN
2013-11-18 18:49:15
Кумтөрдү толук кандуу КР өзү ачып иштетүүгө эмне жетишпейт, каражатпы, адистерби же кандай нерселер жетпейт? ушул боюнча ой пикирлериңиздерди айта кеткен болсоңуздар.
0
migrant-moskva
2013-11-18 20:48:07
Эмнеге гезитинер бир тараптуу макала жазып жатат, журналистинер акчага сатылганбы же гезитинерге Центерра спонсорбу? Ишсиз калса 3000 адам жумушсуз калат экен, булар ач калбасын деп Кыргызстан эн чон алтын кенин туготуп бутмой болду. Чет олколордо миллиондон ашык жараныбыз иштеп журот го, бул 3000 адам алардан озгочо бекен же алтын жалпы элдин эмес ошол бир ууч адамдардын менчиги бекен!!!
+1
ayaza
2013-11-18 22:22:12
migrant-moskva, Бир тараптуу жазбай эле турат,Жапаровтун айткандарын деле токпой чачпай жазган турбайбы.Мигранттардын санын кобойто албай жаткансын го.
-1
aigul85
2013-11-19 16:32:53
migrant-moskva, анда барып иштебейсиңби ошол кумтөргө. 3 миң адамдын 5-6дан баласы, аялдары ата-энелери бар. Аларды кошкондо 20-30миң киши болот. Алар да кыргыздын уул-кыздары. Мекенин таштап кетпей, уулуу заттардын арасында бийик тоодо ден соолугу бузулганына карабай үй-бүлөсүн багып жатышат.
0
migrant-moskva
2013-11-18 20:53:04
Кыргызстандын учурда 3 миллиард доллардан ашуун карызы бар, алар бут чиновниктердин кулкунуна кетип толоого келгенде карапайым элдин мойнуна жуктолгон, ушул суммага Кыргызстандагы бут алтын-кумуш кендерин мамлекет озу ондурсо болмок, СССР тарагандан бери мамлекет башында Назарбаев сыяктуу патриоттор турса учурда чет олкодо тентиген миллиондой мигрант болмок эмес казактарга окшоп...
0
aigul85
2013-11-19 16:35:08
migrant-moskva, Кыргызстандын сырткы карызы 2,9 миллиард. Ал эми ал карыздын 1,8 миллиардын Акаев алса, ага дагы кошумча 1 миллиардды бакиев алган. Казакстанга салыштырып убара болбо. Алардын сырткы карызы 145 миллиардды түзөт.
0
Polat
2013-11-19 16:33:18
Ноябрдын башында Центеранын башчылары Ян Аткинсон баштаган жетекчилер келип 46% аласынар, албасанар силер менен соттошобуз жана пиарды кучотобуз деп кетишкен. Мына пиары кучоп жатат КТРК, ЭЛТР баш болгон телевидение гезиттер бир жакттуу утулабыз Кыргызстан ит болобуз деп. Чиновниктер баш болуп аларга адвокат болуп алышты. Биз бир ийгилике жетиш учун Президент Окмот Жогорку Кенеш карапайым эл керек болсо криминал кошулуп жомоктогу абышканын балдарына окшоп биригип утушубуз керек болбосо бирден с
0
Polat
2013-11-19 16:35:19
Кыргызды сындырат деген эч ким жок, алар каршы чыккан лидерлерди бирден сындырып жок кылат.Чилиде 2 президент олгон биринчиси Америкадан целитира чыккан кенди алып койгондугу учун. Экинчиси Сальвадор Алиени деген азамат дагы Америкадан жез чыккан кенди алып бул Чилинин эли учун иштесин дегени учун бул жашоо менен кош айтышкан. Иранда Масадык деген азамат чыгып Англиялыктарды олкодон кууп чыгып нефти Ирандыкы ирандыктардын гана кызыкчылыгына иштеш керек деп тартып алат. Анан эмне болот?
+1
Polat
2013-11-19 16:36:08
Оппозицияга акча берип, Американын аскер флоту дениз жээгине келип коркутуп. Олкодо революция болот ал дагы камалып жок болот.Бизде Кумторго каршы болгондугу учун Насиридин Исанов каза болгон, Дооронбек Садырбаев ууланган.Бул капиталисттер чиновниктерди, телерадиону, гезитерди бирден сатып алып. каршы чыккандарды чак тушто жок кылат. Бул капиталисттер учун кадимки корунуш. Бугун латын Америкада, Афиркада, Азия олколорундо бул корунуштор калып келуудо. Булар кимди кантип сатып алышты,
0
Polat
2013-11-19 16:37:14
кантип чаап салышты жакшы оздоштургон жырткычтар. Жанторо Сатыбалдиев баш болуп КТРК ЭЛТР тош болуп бугун Центерага адвокат болуп жатышат. Бул чыкынчылык, Олкону саткан менен барабар.
+1
zarlyk2211
2013-11-20 03:59:53
Утурундук пайданы ойлобой, келечек муунду ойлошубуз керек туугандар. Кумтордо алтын кени тугонсо,Канадалыктар кетет биз калабыз калдыктарынын зыянын тартып.
+1
Polat
2013-11-20 11:28:48
Жогорудагы Кумтордо иштеген азаматтарга жакшы жашоосу жакшы алган айлыгы жакшы бирок калган Кыргыз элиниики кандай болуп жатканы менен иши жок. АЛМАЗ БАРЫКТАБАСОВ,КАНЫБЕК КАЗЫБЕКОВ,РУСЛАН РЫСКУЛОВ,КАПАР БАЙДАЛИЕВ силер арзыбаган алган айлыгынар учун бут Кыргыз элинин кызыкчылыгын сатып жатасынар. Силерди кандай ата тарбиялаган?
-2
Taalaibek.
2013-11-22 15:54:28
"Кумтор" кени жабылып калса жыйынтыгы чиновниктерге кыйын болот, ал эми карапайым элге жакшы болот. Карапайым эл озунун иштеп жургон эмгеги менен эле окат кылып жашап кетет. Алтындын жер астында тура бериши элге зыяны жок.
+1
kamal777
2013-11-23 06:36:13
Кумтордон калган уу-калдыктар мин жылга жетет,Ыссык-Колдун тубуно жеттико деп ойлом. Алтынды алсан Ы-Колдон айрыласын деген создорду угуп калчумун.Же, ары эмес, же бери эмес деген кез.Кыргыз элинин чыккынчылары ушуга алып келди. Алтындан пайда коргон жокпус и корбойбуз.
0
№ 576, 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан