УЮЛДУК ОПЕРАТОРЛОРДУН БАЗАЛЫК СТАНЦИЯЛАРЫ ДЕН СООЛУККА ЗЫЯН ЭМЕС

Кыргызстанда уюлдук байланыш кызматын пайдалангандардын саны көбөйгөн сайын уюлдук операторлорго байланыш сигналдарын таратуучу жаңы базалык станцияларды орнотууга туура келүүдө. Байланыш жетпеген айрым айылдардын тургундары базалык станцияларга муктаж болуп, аларды орнотуп берүүнү уюлдук операторлордон суранышууда. Ошол эле учурда кээ бири далили жок эле базалык станция адамдарга зыян экенин айтып келүүдө. Сигнал таратуучу антенналар айрым жарандар үчүн акча өндүрүүнүн жолуна айлангандай.

ИШ ДАЙЫМА КӨЗӨМӨЛДӨ
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында уюлдук байланышты таратуучу 2500дөн ашуун базалык станция иштейт. Бул станцияларды орнотуудан мурда Байланыш агенттигинин Радиожыштык багыттары боюнча башкармалыгы алдын ала тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөрөт. Атайын лабораториялык шартта электромагниттик добуштары аныкталып, техникалык жабдыктары да текшерилет. Бардык жагдайы туура болгондо гана ишке киргизилет. Эгер алардын бири талапка жооп бербей калса, агенттик аларга сертификат бербейт. Агенттик сертификат бербегенден кийин уюлдук оператордун базалык станцияны иштетүүгө укугу жокко чыгат. Ошондуктан байланыш агенттиги алардын ишин дайыма көзөмөлдөп турат.

«БАЗАЛЫК СТАНЦИЯЛАР ДЕН СООЛУККА КООПТУУ» ДЕП ЧОЧУЛООГО НЕГИЗ ЖОК
Базалык станцияны орнотууда бир гана Байланыш агенттиги эмес, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин адистери станциялар орнотулгандан кийин ал жерге барып текшерүү жүргүзүп турушат. Октябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиялык көзөмөл департаментинин адистери Чүй облусундагы базалык станцияларды стандарттык талаптарга жооп берген  аспаптын жардамы менен электромагниттик нурлануу көлөмүн текшерүүгө алышты. Норма боюнча нурлануунун көлөмү 10 микроваттан ашпашы керек. Адистер ченеген нурлануунун өлчөмү 3 диапазондогу радиотолкун нурлануусун кошуп жалпылаштырганда, орто эсеп менен үчөөндө 4,5 микроватт болуп чыкты. Бул нормадагы 10 микроваттан алда канча төмөн экенин түшүндүрөт. Демек, бул 3 передатчиктеги нурлануу адамдардын ден соолугуна эч кандай зыян келтирбейт, кооптонууга негиз жок экенин адистер далилдеп беришти.  
Калкынын саламаттыгын жогору койгон япониялыктар да базалык станциялардан чыккан нурлануунун адамдын ден соолугуна зыяндуу же зыянсыз экенин иликтөөгө алып, алар «адамдарга эч кандай терс таасирин тийгизбейт» деген тыянакка келишкен. Норвегиялык эксперттик комитеттин окумуштуулар тобу да уюлдук операторлордун базалык станцияларын, уюлдук телефон жана wi-fi технологиясынын иштөөсүн иликтөөгө алып, «Алар адамдын ден соолугуна кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?» деген суроого жооп издешкен. Окумуштуулар иликтөөнүн жүрүшүндө акыркы 20 жылда уюлдук телефонду үзгүлтүксүз колдонуудан тышкары базалык станциялардан алыс эмес жашаган адамдардын ден соолугун бир нече жолу изилдеп, жалпы анализ алып, алардын саламаттыгында эч кандай шектенүү болбогонун айтышкан.

БАЗАЛЫК СТАНЦИЯЛАР АЙРЫМ ЖАРАНДАР ҮЧҮН АКЧА ӨНДҮРҮҮНҮН ЖОЛУНА АЙЛАНДЫБЫ?
Адистердин айтымында, базалык станциялар элдин ден соолугуна зыяндуу эмес. Көңүл бурчу бир жагдай: ар кандай нааразылык акцияларын уюштуруу менен айрым жарандар уюлдук операторлордон акча өндүрүүнү адатка айлантышып, ачык эле соодалашып жатканы өкүнүчтүү. Ошол эле учурда Кыргызстанда уюлдук байланыш жете элек аймактар бар. Уюлдук операторлорго эле эмес, бийлик башындагыларга базалык станция орнотуп, байланыш менен камсыздоо өтүнүчтөрү менен кайрылган элет тургундары арбын.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 576, 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан