MEGACOM АЙМАКТАРДЫ КОЛДООДО

Компания аймактарга колдоо көрсөтүү жаатында бир катар долбоорлорун ишке ашырып келүүдө. Мисалга алсак, орто мектептерди интернетке кошуу менен компьютерлештирүү аркылуу республиканын мектептеринде окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган өзүнүн «MegaБилим» билим берүү долбоору. Ар бир мектепке 7 компьютер эмереги менен кошо берилип, учурда компьютердик класстар республикабыздын 143 орто мектебинде ачылды. Мындан тышкары уюлдук оператор спорт жаатын колдоо максатында «MegaФутбол» долбоорунун алкагында аймактарда чакан футбол аянтчаларды куруу же стадиондорду реконструкциялоо иштерин аткарууда. Уюлдук оператор Улуу Ата Мекендик согуштун 1000 ардагерин колдоо максатында жылына 4 миллион сом акча каражатын бөлүп келет.

ОШ ОБЛУСУ
«MegaБилим» долбоорунун алкагында 16 орто мектепте компьютердик класстар ачылды. 108 ардагерге жылына эки жолу акчалай сыйлык тапшырат. Оштогу чек ара бөлүмүнүн аймагында жайгашкан «Түштүк» аскер ооруканасынын чатыры алмаштырылып, капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлдү. 2011-жылдан бери «Алтын уя» балдар үйүн колдоого алып, муктаждыгына жараша тиричилик техника, курулуш материалдар жана азык-түлүк менен камсыздап келет.

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ
«MegaБилим» долбоорунун алкагында 23 орто мектепте компьютердик класстар ачылды. 107 ардагерге жылына эки жолу акчалай сыйлык тапшырылып келет.  Жаштарды спортко үндөө максатында «MegaФутбол» долбоорунун алкагында Каракол шаарында чакан футбол аянтчасы курулду. Бөкөнбаев айылында спорттук комплексти курууга 500 миң сом бөлүнгөн.

ТАЛАС ОБЛУСУ
«MegaБилим» долбоорунун алкагында 11 орто мектепте компьютердик класстар ачылды. 107 ардагерге жылына эки жолу акчалай сыйлык тапшырат. Уюлдук оператордун колдоосу менен Талас шаарындагы борбордук стадион  толугу менен оңдоп-түзөөдөн өттү. Покровка айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоочу жатак-үйүнө даректүү каржылык жардам берип келет.

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ
«MegaБилим» долбоорунун алкагында 21 орто мектепте компьютердик класстар ачылды. 107 ардагерге жылына эки жолу акчалай сыйлык тапшырылып келет. Жалал-Абад шаарындагы Балдар психоневрологиялык жатак-үйүн уюлдук оператор тиричилик техника, эмерек жана азык-түлүк менен камсыздайт. Аксы айылындагы спорт-комплексине спорт шаймандарын алууга каражат бөлүнгөн.

НАРЫН ОБЛУСУ
«MegaБилим» долбоорунун алкагында 16 орто мектепте компьютердик класстар ачылды. 107 ардагерге жылына эки жолу акчалай сыйлык тапшырылып келет. Нарын шаарында 2011-жылы социалдык наабайкана компаниянын колдоосу менен ачылган. Ат-Башы районундагы «Ак-Байрак» майыптарды жумушка орноштуруу жана социалдык колдоо көрсөтүү борборуна ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө.

БАТКЕН ОБЛУСУ
12 орто мектепте компьютердик класстар ачылды. 107 ардагерге жылына эки жолу акчалай сыйлык тапшырылып келет. Баткен шаарына чакан футбол аянтчасы курулду. Сүлүктү шаарындагы балдар жатак-үйүнө материалдык-техникалык базасын чыңдоого 2 жылда 400 миң сомго жакын каражат бөлүнгөн. 2011-жылы Лейлек району жана Сүлүктү шаарында болгон табигый кырсыктан кийин компания 2 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөткөн. 2011-жылы Газ айылындагы селден жапа чеккендерге 10 тонна цемент, ал эми Кулунду айыл округуна 4  даана дизелдик генераторлор берилген.

ЧҮЙ ОБЛУСУ ЖАНА БИШКЕК ШААРЫ
«MegaБилим» долбоорунун алкагында 44 орто мектепте компьютердик класстар ачылды. 357 ардагерге жылына эки жолу акчалай сыйлык тапшырылып келет. Чүй облусундагы «Нурмээайса» балдар үйүн 5 жыл бою камсыздап келген. Чоң Чүй каналынын Кулиев көчөсүн кесип өткөн бөлүгүндөгү көпүрөнүн курулушуна каржылык жардам берилди. «MegaCom Аллеясы» долбоорунун алкагында Бишкектеги Эне жана балдарды коргоо улуттук борборунун айланасы жашылдандырылып, 400дөн ашык көчөт отургузулуп, чатырчасы бар отургучтар орнотулуп, 600 чарчы метр жерге таштаман төшөлүп, аллеяда эс алууга арналган чатырча курулган.

Жумгалбек Өмүрканов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 576, 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан