Орусия эмгек мигранттарга «кара тизме» деген торун жайды. Бул тизмеге кирдиңизби, ал өлкөгө кадам таштаарыңыз менен депортация болосуз. «Кара тизмеде» барсызбы же жоксузбу, аны кайдан билүү керек?
«КАРА ТИЗМЕ» КАЙДАН ЧЫКТЫ?
2014-жылдагы Сочиде өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарына карата Орусия коопсуздук чараларын азыртадан көрө баштады. Анын алкагында чет элдик эмгек мигранттарынан тазалануу планы да бар. Бул багытта РФнын Мамдумасы былтыр миграция боюнча мыйзам жазып, анын негизинде мыйзамсыз иштеген чет элдиктерди мамлекеттен чыгаруу аракети башталган.
Ошентип, мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттарды «кара тизмеге» киргизип, тизмеде барын депортациялоо иши үстүбүздөгү жылы күч алды. Өзүнүн «кара тизмеге» түшкөнүн билбеген көпчүлүк эмгек мигранттары Орусияга барып, бир айга жетпеген аралыкта депортация болуп артка келген учур көп кездешүүдө. Учурда мыйзам бузган (көпчүлүк учурда Орусияга киргенден кийин 90 күн аралыгында иштөөгө уруксат кагазын алышпай, каттоодон өтпөй, кайсы бир тартип бузуусу үчүн айып пул төлөбөгөн) мигранттар «кара тизмеге» киргизилүүдө. «Кара тизме» базасына Орусиянын федеративдик миграция кызматы, прокуратурасы, Ички иштер министрлиги мигранттардын тартип бузуусу боюнча акыркы маалыматтарын киргизип, толуктап турат. Ал базага Кыргызстандын «Манас» эл аралык аэропортунун 2-кабатында жайгашкан Бирдиктүү көчмө миграция борборунун кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, сиз ошол борборго барып, тизмеде барсызбы, жоксузбу, тактап алууңуз мүмкүн.
Бирдиктүү көчмө миграция борборунун жетекчиси Тимур Алкожоев:«ТЕКШЕРИЛҮҮГӨ ПАСПОРТ МЕНЕН КЕЛҮҮ КЕРЕК»
– Орусияда бул база март айынан тарта түзүлө баштаган болчу. Биздин борбордун ачылганына 3 ай болуп калды. Башында жарандарыбыз биздин борбор жөнүндө билбей жатышкан, учурда күнүнө 50дөй киши келип, «кара тизмеден» өздөрүн текшерип кетишет. Текшерилүү бекер. Болгону жарандар паспорту менен келишсе, айрым учурда көчүрмөсүн көтөрүп келишет же жакындарын жиберишет. Андай болбойт, сөзсүз түрдө паспорттун ээси өзү келиши керек. Ал эми база улам жаңыланып тургандыктан, биздеги маалыматты ишенимдүү жана акыркы деп айта албайбыз. Мүмкүн болушунча билет алганга чейин келип текшерилишсе, жарандарыбызга да пайдалуу болот деп айта алам.
Аталган борборго келип, өзүн тизмеден текшертип жаткан жаранды кепке тарттык. «Кара тизмеден» чыкпаган Бакытбек уулу Каниметтин айтымында, ал Орусиядан бир ай мурда келген. «Тиешелүү документтердин баары бар болчу. Иштөөгө уруксат кагазымдын убактысы бүтө элек, тартип бузган эмесмин. Сактык үчүн келип текшерилип коёюн дедим. Тизмеде жок экенмин, эми билет ала берсем болот»,- дейт Канимет.
Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин миграция саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы жана статс-катчынын милдетин аткаруучу Доскул Бекмурзаев:«БИЗ ОРУСИЯГА ЭМЕС, АЛАР КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНА МУКТАЖ»
– «Кара тизме» деген биздин мигранттардын жоопкерчилиги. Биздин жарандар Орусиянын аймагына киргенден кийин мыйзам чегинде иш алпарышы керек. Алар кыска мөөнөт ичинде каттоого туруп же патент алышы кажет. Болбосо, административдик тартипти бузуучу катары «кара тизмеге» түшүп, ал жаран 3 жылдан 10 жылга чейинки убакытта ал өлкөгө кирүү укугунан ажырайт. Тизмеде 264 миң кыргыз жараны болушу ыктымал деп жатышат. Бул так көрсөткүч эмес, анткени «кара тизме» мүнөт сайын өзгөрүп турат.
Бүгүнкү күндө массалык депортация жүрүп жатканынан улам Орусиядан келген жарандарыбызга жумуш орундарын даярдап жатабыз. Негизи, миграция башкармалыгы биздин министрликке быйыл кошулду. Элчиликтер бизге карабайт, Тышкы иштер министрлигинин карамагында. 2014-жылдан тартып биздин министрликке ошол сырттагы өкүлчүлүктөр баш ийип калса, анда мигранттар менен түздөн-түз, тыгыз иш алып барып калабыз. Негизи, биз орусияга эмес, алар кыргыз мигранттарына муктаж.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2012-жылы Орусиядагы эмгек мигранттары Кыргызстанга болжол менен 1,7 миллиард доллар которушкан.
Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg