Ноябрь айынын алгачкы аптасында Түндүк Кореянын 7 шаарында 80 адам өлүм жазасына тартылгандыгы тууралуу маалымат тарады. Анда айтылгандай, Түштүк Кореянын телеканалдарындагы адепке туура келбеген уяттуу телеберүүлөрдү, сериалдарды көргөн, порнографияны жана кумар оюндарын жайылтууга катышкан түндүк кореялыктарга өлүм жазасы өкүм кылынган.
Бир шаарда өлүм жазасынын аткарылышына 10 миң адам күбө болгон. Бул үчүн бийлик стадионго элди мажбурлап алып келген. Алардын арасында жашы жете элек балдар да болгон. Айыпкерлерди атуу иштери жаңы президент Ким Чен Ын бийликке келгенден берки алгачкы массалык өлүм жазасына тартуу болду.
Кубаныч Сыдыков