Интернетте чоң талкууну жараткан ары кызыктуу, ары күлкүлүү маалымат пайда болду. Цзянь Фенг аттуу кытайлык жаран аялынын сулуулугуна суктанып, экөө сүйүшүп-күйүшүп жүрүп баш кошушат. Бирок аялы төрөгөндөн кийин Цзянь кызынын түрү сууктугун көрүп, “бул кыз меники эмес” деп шектенип чыр чыгарат. Маселени чечүү үчүн ДНК анализден өтүшөт. Жыйынтыгында атасы өзү экени такталып, аялы күйөөгө чыгардан бир канча жыл мурда 100 миң долларга пластикалык операция жасатканын ачыктайт. Муну уккан күйөөсү түрү суук кыз төрөгөн аялын “түрү сууктугун пластикалык операция аркылуу жашырып, мага тийип алыптыр” деген айып менен сотко берген.
Ишти караган сот Цзянь Фенгдин койгон кинесин туура деп таап, аялын компенсация иретинде 120 миң доллар төлөп берүүгө өкүм чыгарды. Бирок айрым маалыматтарга таянсак,бул боюнча «пластикалык операцияны жарнамалоо үчүн жасалган» деген тыянак чыгаргандар да болууда.
Кубаныч Сыдыков