ИНФАРКТ ТААРЫНЧТАН, ЖАРА ИЧИ ТАРДЫКТАН ПАЙДА БОЛОБУ?

ФАКТ. Биздин эмоциябыз жана кайгырып-капалануубуз ар түрдүү оорулардын өөр­чүүсүнө жеткирет. Башкача айтканда, өнөкөт оорулардын 60 пайызы жандүй­нөнүн жапа чегүүсүнөн, стресстердин жыйынтыгынан келип чыгат.

ЖҮРӨК СҮЙҮҮНҮН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН ЖАНА ИШТИН КӨПТҮГҮНӨН ЖАПА ЧЕГЕТ
Медиктердин далилдөөсүнө таянсак, жүрөк ооруга бири-бирине окшошпогон эки типтеги адамдар кездешет.

  • Күтүүсүз жерден инфаркт-миокардга диктатордук бийлик жүр­гүзгөн агрессивдүү адамдар кездешет. Алар ашыкча катуу мүнөздө, өтө талапчыл, карерасынан өсүүнү каалагандар болгондуктан, жакындарына да катуу мамиле жасашат. Ошол эле мезгилде алар жылуу мамиледен баш тартып, жандүй­нөнүн жалгыздыгынан жапа чегишет. Буларга жандүйнөсүнүн тең салмагын орнотуу жа­на адамдык бакытты куруу оорго турат. Анын үстүнө булар эс алуу жана жандүйнөнүн май­рамын уюштуруу деген эмне экенин таптакыр билишпейт.
  • Жүрөк ооруларына дагы ар нерсени эле жүрөгүнө жакын кабыл алып, бирөөнүн маселесин өзүнүкү сыяктуу сезген адамдар кабылышат. Булар ак көңүл, бирок, чечкинсиз, өзүнө ишенимсиз адамдар. Алар ар нерселерге кайгыра бергендиктери менен бир нерсени өзгөртүүгө аракет кылып да коюшпайт.

КАН ТАМЫР ООРУСУНУН СЕБЕБИ – ӨЗҮНӨ-ӨЗҮ ЫРААЗЫ БОЛБОО
Аталган оору түрү­нө ар түрдүү типтеги адамдар кабылышат. Бирок, аларды жалпы окшоштук бириктирип турат:
Тынчсыздануу, убайым чегүү жана буркан-шаркан түшүп, стресстерге кабылуу. Эгер адам дайыма бир нерседен коопсузданып, коркуп, өзүнө-өзү ыраазы болбосо, кан тамырлар чыңалат. Анан уламдан-улам чыңалып отуруп, кан басым жогорулай берет. Анын үстүнө жаш өткөн сайын кан тамырлар серпилгичтигин жоготуп, атеросклероз да пайда болуп кан тамыр оорусу барлардын абалы оордойт.

АШКАЗАН ООРУСУ – ИЧИ ТАРДЫКТАН

  • Тамак-аш жана аны сиңирүү жолдорунун оорусу менен көбүнчө майда нерселерден эле туталанып уруш чыгаруучулар, көржемечилер, анан каардуу адамдар оорушат. Кыскасы, тамак-аш жана сиңирүү жолдорунун оорусу эмоцияга байланыштуу келип чыгат.
  • Ашказан жарасы менен көп милдетти өзүнө жүктөп, бирок, аны ишке ашыра албагандар ооруйт. Мын­­дай адам­дар сү­йүү­нүн, жылуу мамиленин жетишсиздигинен азаптанып, өздө­рүн да элге сүйдүрө алышпай кыйноо тартат.
  • 12 эли ичегинин жарасына турган жерден кыйкырып-өкүрүп коё берүүчү, ичи тар, өзүн көбүнчө орой алып жүргөндөр кездешет.

БӨЙРӨК ООРУ – ЛИДЕРЛЕРДИН ООРУСУ
Бөйрөк жана сийдик бөлүп чыгуучу жолдорунун оорусу менен логикалык ойлоосу күчтүү, табиятынан лидерлер оорушат. Акыл-эси эмоциясынын сыртка чыгуусуна бөгөт коюп, аркандалат. Булар негизинен даңкты сүйүүчүлөр.
Бөйрөктөгү таш адам эмоцияны, кубанычты, кайгыны да ичине жуткандан пайда болоору далилденген.

АСТМА – ЧЕЧКИНСИЗДИКТИН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Өнөкөт бронхит, астма оорусу көбүнчө кыраакы, бирок, чечкинсиз адамдарга тиешелүү. Алар дайыма өздөрүнүн кылган иштеринин тууралыгынан шекшип, түзгөн келишимдерин жана жүргүзүп жаткан сүйлө­шүүлөрүн капыстан токтотуп салат. Уруш-талашка чанда барышат. Эгер уруш-талашка кабылса, көпкө дейре өздөрүнө келе алышпайт. Сыртынан бардыгына жакшылык каалаган адам катары көрүнүшкөнү менен жакындарына гана ошондой. Эч нерсени жактыра беришпейт. Стресстен арылууну көздөбөстөн, кайра кайгыны ичине жу­туп, азаптанат. Жыйынтыгы астмага алып келет.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Akyljan_
2020-11-04 16:15:23
Абдан пайдалуу кеңештер!
0
№ 206, 13-19-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан