“Кызыл алма” тасмасы атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун кыл калеминен жаралган чыгармага экинчи өмүр берген. Ал тартылгандан бери бир нече жыл өтсө да, экрандын көркү болуп, кыргыз кереметтеринин катарын толуктап келет. Эгерде тасма сиздин да жан дүйнөңүздөн орун алган болсо, төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз.
Сабиранын образын жараткан Гүлсара Ажибекова:
"Төлөмүш агай киндигимди кескен"
– Эже, айтылуу “Кызыл алма” фильминдеги Сабиранын ролуна кантип тандалып калгансыз?
– Анда Москвадан ГИТИСти бүтүп келип, театрда иштеп жүргөм. Бир катар көрүнүктүү ролдорду жаратып калгандыктан, кинопробага чакыруу алгам. Ошондо бул ролго Наталья Аринбасарова, Таттыбүбү Турсунбаевага окшогон дасыккан актрисаларды чакырып жатышканын уккан элем. Анан мени кайдан алсын деп эч толкундануусуз эле катышып калдым. Биринчи пробаны Сүймөнкүл ага экөөбүздүн диалогубуздан башташты. Киностудиянын Чайка машинасы бар эле. Рулда Сүймөнкүл ага отурат. Сүрдөсөм да жаттаган сөздөрүмдү айтып, аябай аракет кылдым. ВДНХ жактан ары айдап, бери айдап тартып жатышты. Айтор, жактырышты окшойт, мени Сабиранын ролуна бекитишти.
– Анда "Кызыл алмадагы" ролуңуз дебюттук болгон турбайбы?
– Ооба, ал менин тасмадагы көрүнүктүү биринчи ролум болгон. Башында Сүймөнкүл агадан сүрдөп жүргөнүм эсимде. А Таттыбүбү экөөбүз театрда бирге иштешип көнүп калган элек. Андыктан мени Төлөмүш Океев мындайча айтканда, киндигимди кесип, киного алып чыккан деп эсептейм.
– Тасмага тартылып жатканда кинодогудай сүйүү үч бурчтугу пайда болгон жокпу?
– Жок ай, Таттыбүбүнүн да, Сүймөнкулдүн да, менин да үйбүлөм бар болчу. Мен анда 25 жашта элем. Уулум мени менен съёмка учурунда чогуу жүрүп тартылган. Негизи эле андайга жол бермек эмеспиз.
– Тасмадагы кичинекей Анараны кандай тандап алышкан?
– Ал белгилүү оператор Сагын Макекадыровдун кызы. Баарынан да ал кыздын көздөрүнө таң калчумун. Кичинекей болсо да, ушундай акылдуу, сезимтал, анан кичине муңдуу көз карашы бар болчу. Кызыгы, тасмадагы тагдырын кайталап, кийин чыныгы жашоосунда ата-энеси ажырашып кетти. Ошол тасмага тартылган жылы мектепке бармак. Съёмка башталарда сүт тиштери да түшүп калса болобу. Кийин байкасам, ошол тиши жок туруп күлгөнү өзгөчө сонун тартылыптыр. Анара чоңоюп, азыр дарыгерлик кесипти аркалайт. Москвада турат деп уккам.
– Тасманы тартуу учурунда болгон кызыктуу учурлардан кеп сала кетсеңиз.
– Тасмада Сабиранын төрөтканада ыйлап отурган учуру бар го. Ошол эпизодду жашыруун камера менен тартканбыз. Ал кезде эл маданияттуу эле. Режиссёр “кино тартып жатабыз” деп элди дүрбүткүсү келбей, дарыгер менен гана сүйлөшүп, анын артына камера коюп койгон. Анан врач “баланын атасы ким?” десе, мен ыйлап жиберип жатпаймынбы. Ошол эпизодду көрсөңөр, аялдар моюнун созуп, мени аяп карап калган жерлери бар. Камерага тартып жатканын билбей, алар мага боор оорушуп, шыпшынып жатат. Чыныгы турмуштан алынган сонун эпизод болду. Ошол кадр ушундай ийгиликтүү бүтүп, мен ырсайып күлүп чыгып келе жатсам, жанагы аялдар түшүнбөй мени карап калышкан. Айтор, тасма тартып жатканыбыз билинбей калган.
– Жашыруун болбосо, аталган тасмадан канча гонорар алгансыз?
– Ошол жагы эсимден чыгып кетти. Анткени ал убакта биз акчага эмес, ушундай чоң фильмге тартылып жатканыбызга сүйүнгөнбүз. Акчага баары азыр эле байланып калбадыбы. Баса, фильмде менин бир өзгөчөлүгүм, өз үнүм менен тартылгам. Кийин Мосфильмден үн кошушканда менин үнүмдү жактырып, калтырып коюшкан. Калган актёрлорду орусча башкалар сүйлөткөн. Кызыгы, кичинекей Анараны 40 жаштагы Рита Карабеникова деген актриса сүйлөткөн. Кырк жаштагы аялдын кичинекей кызга үн бергенине аябай таң калгам.
– Тасмадагы кызыл алманын да ролу болсо керек...
– Кеч күз болуп кетип, алмалар түшүп калган маал болчу. Кыпкызыл алманы тандап келишип, ошол жерге илип туруп тартышканы эсимде.
Фактылар
Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл алма" чыгармасынын негизинде тартылган
Мазмунун эске салсак...
Интеллигент чөйрөдөгү бактылуу үйбүлө. Сүрөтчү Темир (Сүймөнкул Чокморов) менен диктор Сабиранын (Гүлсара Ажыбекова) бактылуу турмушуна көптөр көз артышат. Бирок экөөнү көп жылдар бою көрүнбөгөн бир дубал тосуп келет. Бул дубалды сүйүктүү кызы Анара да толтура албайт. Тагдыры бир болсо да, экөө эки башка жол менен кетип бара жатканын туйган Сабира Темирди ишке ашпас кыялы менен таштап, башка турмуш баштоону чечет. Окуянын түбү тээ алыскы жылдарга катылган эле.
Мындан көп жыл мурунку Темир бейтааныш сулууга (Таттыбүбү Турсунбаева) ашык болот. Бирок ал сулуунун сүрүнөн даап бара албай, кеч күздө бактан кызыл алма таап, аны ага белекке берүүнү чечет. Бейтааныш сулуу сүйүүнүн символу болгон кызыл алманы кабыл алганы менен, Темир аягында сүйүүсүнө жетпей кала берет. Ошентсе да ал жетпей калган сүйүүсүнүн элеси менен гана жашап, аялын капарына да албайт. Ал эми кичинекей Анара ата-энесинин мамилесин түшүнө албай жүргөн учурда жогорудагы окуя кайталанып, ал кызыл алма таап алат. Натыйжада, кызыл алма Темирдин өткөн сүйүүсүн унутуп, жашоодо өз ордун табууга жардам берет.
Кайда жана кантип тартылган?
“Бул тасманы тартууга жогортодон келген буйрук себепчи болгон” дешет. Сценарийин Ч.Айтматов, Т.Океев, Э.Лындина үчөө жазып чыгышкан. Советтик интеллигент үйбүлөнү чагылдыруу үчүн тартылган тасма укмуштуудай ийгиликке ээ болгон. Курч сюжет, таланттуу режиссёр, профессионал актёрлордун тандалышы, оператордун чеберчилиги чогулуп келип, тасманы ийгиликке жеткирген. Тасма баш-аягы эки айдын ичинде Бишкекте, Ысык-Көлдүн Тамга айылында тартылып бүткөн.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg