АТАКТУУЛАРДЫ АКЫРКЫ САПАРГА КАНТИП УЗАТЫШКАН?

Маркумду акыркы сапарга салтанаттуу түрдө узатуу боюнча алдыңкы орунда Байыркы Египет турат. Ал убакта фараондорду жайына шаан-шөкөттөр менен коюшкан. Кийинки эле кезек төмөндөгү атактууларга келет.

Ленин менен коштошуу 5 күнгө созулган

Пролетариаттын улуу жол башчысы Ленинди акырет жайына коюу салтанаты 1924-жылы 23-январда өткөн. Расмий коштошуу 5 күн 5 түнгө созулган. 27-январда жол башчынын бальзамдалган денеси Кызыл аянтта атайын тургузулган мавзолейге жайгаштырылган.

Котовскийди эки жолу көмүшкөн

1925-жылы өлтүрүлгөн легендарлуу Григорий Котовскийди жайына коюуну советтик бийлик Лениндикинен кем калбаган эле шаан-шөкөт менен уюштурушкан. Москвадан Одессага шашылыш түрдө денени бальзамдоочулар жеткирилип, алар ишин бир нече күндө аякташкан. Андан соң эл Котовский менен коштошсун үчүн катырылган дене Одесса исполкомунун колонна залына алпарылып коюлган. Лениндин мавзолейине бир нече ирет кол салуу ишке ашпаганы менен, Котовскийдин сөөгүн башкача тагдыр күтүп турган. Немистик баскынчылар Котовскийдин табытын ачышып, сөөккө маскарачылык мамиле жасашкан. Анан аны атып өлтүрүлгөн жергиликтүү адамдардын сөөгү менен кошо жаңы казылган аңгекке ыргытып, көмүп салышкан. Темир жол депосунун жумушчулары аңгекти ачышып, өлгөндөрдүн сөөгүн башка жакка көмүшкөн. Ал эми Котовскийдин сөөгүн мүшөккө салышып, аны 1944-жылга дейре сакташып, анан бийликке өткөрүп беришкен.
Эскерте кетсек, Котовский Молдавияда советтик бийликти орнотуучулардын бири, башкача айтканда, жарандык согуш кезинде кавалериялык бригаданын жана дивизиянын командири болгон.

Сталинди көмүүдө жүздөгөн эл тепселип өлгөн

Сталинди акыркы жайына узатуу 1953-жылы 9-мартта (өзү 5-мартта каза болгон) өтүп, аны менен коштошуу үчүн өлкөнүн ар тарабынан адамдар барышкан. Эл ушунчалык көп болгондуктан кысылыш келип чыгып, жүздөгөн адамдар тепсендиде калып өлгөн (болжолдуу түрдө 1422 адам).

Сталиндин денеси бальзамдалып, Лениндин мавзолейине коюлган. Андыктан 1953-1961-жылдары мавзолей В.И. Лениндин жана И.В. Сталиндин мавзолейи деп аталган. 1961-жылы 30-октябрда “Сталин Лениндин осуятын олуттуу бузган. Ал үчүн жол башчынын жанына Сталиндин сөөгү үчүн орун жок” деген чечим чыгарылып, Сталиндин сөөгү Кремлдин дубалындагы мүрзөгө коюлган.

Брежневдин табытын мүрзөгө таштап жиберишкенби?

Леонид Ильич Брежнев 1982-жылы 10-ноябрда 75 жаш курагында каза тапкан. Советтик жол башчыларды акыркы сапарга узатууда табыттын артынан медаль, ордендерин баркыт жаздыкчаларга коюп көтөрүп өтүү салт эле. Башкача айтканда, бир офицер бир сыйлыкты көтөрүп өтчү. Брежневде андай сыйлыктардын саны 200дөн ашкандыктан, бир жаздыкчага бир нече сыйлыктарды жайгаштыруу каралат. Ошентип, офицерлердин саны 44кө чейин кыскарат.

“Брежневдин табытын мүрзөгө түшүрүүдө таштап жиберишкен. Бул телевидениеден түз берүүдө да билинген” дешет. Бирок муну атайын жасашканбы же кокустукпу ачылбаган бойдон келет.

Чаплиндин сөөгүн казып алышып, акча сурашкан

Чарли Чаплин 1889-жылы 10-апрелде туулуп, 1977-жылы 88 жаш курагында көз жумган. Чаплинди да акыркы сапарга салтанат менен узатышкан. Ал акыркы жайына коюлган соң опузачылар (шантажист) тарабынан сөөгү казылып алынган. Албетте, алар улуу комедия актёрунун үйбүлөсүнөн акча талап кылышкан. Бирок маркумдун жубайы акча төлөөдөн баш тартып койгон. Көрсө, Чаплин ушул сымал окуя болорун сезгенсип, бир жыл мурун эле аялына “мени уурдап кетишип, акча талап кылышса, төлөбө” деген экен. Кылмышкерлер кармалып, Чаплиндин сөөгү кайра жерге берилген.

Ханбийке Диананын элесине 5 миллион гүлчамбар коюлган

Ханбийке Диана Уэльскаяны акыркы сапарга узатуу укмуштуудай болгон. Ал 1997-жылы 31-августта автокырсыктан каза тапкан. 1-8-сентябрь аралыгында Букингем, Сент-Жеймс жана Кенсингтон сарайларында Диананын элесине арналып жалпы салмагы 10-15 тоннага жете турган 5 миллион гүлчамбар коюлган. Гүлдөр каргашалуу кабар тарагандан тарта эле алынып келине баштаган. Сент-Жеймс сарайында эле көңүл айтуулар жазылган китептердин саны 43кө жеткен.
1997-жылдын 6-сентябрында акыркы сапарга узатуу салтанатын көргөндөрдүн дүйнө боюнча саны 2,5 миллиард адамды түзгөн.

Рим Папасы Иоанн Павелди 3 табытка салып көмүшкөн

Рим Папасы Иоанн Павел II 2005-жылы 2-апрелде 85 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Аны менен коштошуу салтанаты Ватикандын Ыйык Пётр чоң чиркөөсүндө өткөн. Алгач Иоанн Павелдин сөөгү кипарис табытка салынган. Маркум өзү көз жумарда “сөөгүмдү сыз жерге койгула” дегенине карабай, аны жерге берерде кипарис табытты цинк табытка, аны эмен табытка салып, анан жерге беришкен. Ошентип, Рим Папасынын сөөгү 3 табыт ичинде калган. Аны акыркы сапарга узатуу салтанатын дүйнө боюнча 150 телеканал түз чагылдырып, аны менен коштошуу үчүн жер шарынын ар тарабынан 2 миллиондой эл келген. Тартипке 15 миң аскер жана полиция кызматкерлери көз салган.

Жогоруда аты аталгандардан тышкары, Индира Ганди, Уинстон Черчилль, ошол менен катар кечээ эле акыркы сапарга узаган поп музыкасынын падышасы Майкл Жексон да салтанат менен акыркы сапарга узаганы белгилүү.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 358, 11-17-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан