Эл көп соода кылган жер, албетте, базар. Бирок дал ошол базардагы сатуучулардын көбү элдин маңдай тери менен тапкан акчаларынан өөнөп калышат. “Кантип?” деген суроого кенен жооп издөө максатында "Ош базарына" жөнөп калдык.
"Картошка алыңыздар, так тараза!"
Алгачкы изилдөөбүздү картошка сатуучу жайдан баштадык. Кыдырата тизилген сатуучулар биринен сала бири кыйкырышып, бизге өз товарларын сатууга жандалбастап калышты. Изилдөөдөн тышкары "үйгө деле керек" деп, шыпылдаган кара тору жигиттен 3 килограмм картошка сатып алдык. "Таразаң туурабы?" деген сурообузга "албетте, так тараза" деген жооп алдык. Бирок туура тартты бекен деген ой менен контролдук таразага алып барып, акча төлөп тартып көрсөк, 150 грамм жетпей калды. 150 грамм үчүн ал жигитке кайра барып, доолаганды туура көрбөдүк. Эгер бул жигит ушинтип граммдап “жеп” отурса, бир күндө канча акча өөнөйт болду экен деген ойго жетеленип, жолубузду уладык.
Окорочка алсаң, муз үчүн да төлөйсүң!
Эми элде окорочка деген орусча сөз менен аталып келаткан тооктун сан этин алмай болдук.
– Эже, бир килограмм окорочка алсак, музунун акчасын чыгарып саласызбы?
– Музуна чыгарып отурсак, тапкан пайдабыз кайсы?
– Музу болжол менен канча грамм чыгат?
– Көп болсо 50 грамм. Чоң кыз, башты көп оорутпай, алсаң ал.
Окорочка бизнеси тууралуу сатып алуучулардан уккан маалыматыбызга караганда, аларды сатуудан мурда сууга салып туруп, анан тоңдургучка салып коюшат. Муз болуп тоңгон окорочка салмакты баспаганда эмне?! Изилдөөбүздү улантуу үчүн бир килограмм тоок этин сатып алдык.
Базар аралап жүрүп, бир убакта карасак, окорочканын музу эрип калыптыр. Таразабызга тартып көрсөк, 800 грамм чыкты. Демек, биз 200 граммдын акчасын муз үчүн төлөгөн болуп чыктык.
“Таза бал саткандар көп эле”
Эми бал саткандар элди кантип алдаша турганын билүү максатында шыпылдаган келинге камдап алган сурообузду узаттык.
– Биз дарылык үчүн таза бал алмак элек. Канткенде таза бал ала алабыз? Сиздерде барбы?
Келин бизди тиктеп калды да:
– Менин айтканымды угуп, анан өзүңөр тандап алгыла. Таза балдар кымбат. Ал эми кошулмалары арзан. Аларга сироп, желатин кошуп коюшат. Бирок арабызда таза бал саткандар көп эле,- деп жооп узатты.
– Анда эмкиде келгенде алалы, рахмат,- деп андан ары жөнөдүк.
Баса түшүп эле кумшекердин баасын сурап кайрылдык.
– Баасы 40 сом.
– Каяктыкы?
– Кайыңдыныкы.
Кызылчадан жасалган кумшекердин өңү башкача болчу эле деген күмөн ой менен кумшекер мүшөгүнүн сыртын карасак, бадырайып эле "Беларусь өлкөсүндө жасалган" деп турат. Көрсө, сатуучу товарын өткөзүү үчүн амалданып жаткан тура.
“Кымбат саткандар алдабайт”
Эми эт саткан жакка бет алдык. Так кире бериштен бир топ жылдан бери бодо малдардын этин сатып иштеген Алмаз деген таанышым чыгып калса болобу. Аны көрүп сүйүнүп кеттик.
"Ии, келгиле, "по свойски" кылып берем”,- деп бапылдаган таанышыбызды соодагерлердин “секреттеринен” бөлүшө кет деп кепке тарттык. Алмаз кыйылып жатып буларды айтып берди.
– Өзгөчө пружиналуу тараза менен саткандар көп алдашат. Анткени ар нерсе тартыла берип, пружина чоюлуп калат да, 5 килограммдык картошканы 6-6,5 килограмм деп көрсөтүп калышы толук мүмкүн.
Ал эми мүшөктөп ун, кумшекер саткандардын кээси мүшөктү атайлап нымдуу жерге сакташат. Ным тарткан азык салмак кошуп калат. Күрүчкө кызыл кирпичти майдалап кошуп, Өзгөн күрүчү деп саткандар да кездешет. Бирок баасын кымбат коюп саткандар алдабайт. Жанагы "арзандатып берем" дегендерден чочулаш керек. Таразанын ташынын алдын оюп, ал жерге коргошунду эритип куюп (кыт), ташты оордотуп коюшкандарын да көргөм. Ошондо мисалы, "2 килограмм кумшекер алдым" десең, чындыгында, 1-1,5 килограмм эле болуп чыгат.
“Үч тыйынга алдасак, соттолуп кетчүбүз”
“Азыр сооданын заманы” демекчи, “мурда кандай болду экен?” деген суроону улуу муундагы Гүлжамал аттуу сатуучуга узаттык.
– Эже, мурдагы соодагерлер менен бүгүнкү күндүн соодагерлеринин айырмасы барбы?
– Албетте, бар. Мына мен өзүм өмүр бою соода менен алектенген адаммын. Биздин учурда текшерүүчүлөр байкатпай келип, текшерип кетишчү. Анда мисалы, “колбасадан 100 грамм кесип бер” десе, туура 100 грамм кесишиң керек эле. Азыр 100 десең, 200 кесип берип, “мынча сом болду” деп туруп алышат. Бул да болсо өз товарын өткөрүүнүн камы да. Илгери элди 3 тыйынга алдасак, ишибиз сотко ашып кетчү. Азыркылар элди каалагандай алдашат.
“Кардардын укугу корголууга тийиш”
Алдагандарга кандай жаза колдонуларын тактап билүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Соода-кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгына кайрылдык.
Башкы адис болуп иштеген Айдай Токтомушева кызыктуу маек куруп берди.
– Айдай эже, алданып калган сатып алуучу эмне кылышы керек?
– Биздин мекеме сатып алуучулардан келген арыздардын негизинде текшерүү жасайт. Алданып калган сатып алуучу ошол соода кылган жердеги администрацияга кайрылуусу зарыл. Сатуучунун алдаганы такталса, товарды кайра тарттырып алууга же акчасын кайтарып алууга укуктуу. Бирок көпчүлүк сатуучуну эстей алышпай же соода кылган жердин администрациясын таппай калышат. Ошондуктан эринбестен эле контролдук таразага тарттырып көрүп же өзүнүн таразасын ала жүрүүсү керек. Мыйзам боюнча базар администрациясы Стандарт метрология институтундагы штамп коюлган таразаларды алып, сатуучуларга арендага берүүлөрү керек. Андай болбой, сатуучулар өздөрүнүн таразалары менен иштеп жатышат. Бир жолу арыздын негизинде “Дыйкан” базарга бардык. Көрсө, мүшөктү учтуу нерсе менен жырып, кумшекерден 5 килограммга чейин чуурутуп алышыптыр. Дагы бир жолу таразанын табагына жип байлап, анын учун бутуна байлап алган сатуучуну кармаганбыз. Учурда электрондук тараза менен иштегендер да ар кандай амалдарды колдонуп, элди алдашат.
– Жогорудагыдай сатуучуларга кандай жаза колдонулат?
– Түзүлгөн акты боюнча соода ордунан ажыратылат.
– Тоңдурулган азык-түлүктөрдүн музу үчүн акча кемитилеби?
– Жобо боюнча 100 грамм алынып салынышы кажет. Бат бузулуп кетүүчү азык-түлүктөр тоңдурулушу керек. Бирок сатуучулар амал кылып, үстүнө суу куюп тоңдурган учурлар бар.
Мынакей окурман, көргөн-укканыбызды жаздык. Сатуучуга алдануу-алданбоо ар бир кардардын өз колунда жана укугун билгенинде экенине ынандык.
Укканыбызга караганда...
Бахияна Сатылганова