Съездбек Искеналиев: «БИР-ЭКИ ЖЫЛДЫН ИЧИНДЕ ЫРЧЫЛАРДЫН ЛИДЕРИ БОЛОМ»

– Съездбек, сенин бала кезиң ырчылык менен байланышта өттү беле?
– Албетте. Мен ырчылыкка өтө эле жаш кезимден баштап кызыга баштапмын. Үч жашымда ырдаган ырларымды кассетага жаздырып коюшкан экен, азыр ошону коюп, угуп алып күлкүм келет.

– Анда кайсы ырларды ырдаган экенсиң?
– Анда «р» тамгасына тилим келчү эмес экен. «Карагат» деген ырды «Кайагат, кайагат, кандай болуп жайалат...» деп ырдаптырмын. Ошондой эле «Жаз жамгыры» деген ырды чала-була булдуруктаганым жазылган.

– Ошол кассетаны укканда сенде кандай сезим пайда болот?
– Байкемдин Самат деген кичинекей баласы бар. Ошону үйдөгүлөр мага окшоштурушат. Анан калса Самат да ырдаганды жакшы көрөт. Кассетадагы ырларымды укканда Саматты карап отуруп «мен да дал ушундай болсом керек» деп өзүмдү анын ордуна коюп коём.

– Анда эл алдына да эрте эле чыга баштасаң керек?
– 2-класста окуп жүргөнүмдө өзбекче ырга бийлеп чыккам. Ал кезде уялганды деле билчү эмес экенмин. Ким «бийлеп койчу?!» деп кол чаап койсо эле бийлей берчүмүн. Ошондо да мектепте бир кече болуп жалаң кыздардын арасында эркектерден бир мен бийлегем. Чоң апам тигип берген кичинекей өзбекче чапанды кийип, топу таппай убараланганыбыз эсимде. Акыры эжемдин топусун кийип чыккам. Ошондон баштап элдин сүймөнчүлүгүнө арзып, мектепте өткөн бир дагы кече менсиз өтпөй калган. Бир жолу болсо мектепте концерт коё турган күнүбүздө мага койдун кезүүсү туш келип калып, мени үйдөгүлөр кыйкырып-өкүрүп ыйлаганыма карабай концертке жибербей коюшкан. Мектеп жашымда Айчүрөк Иманалиева ырдаган «Кызыл гүл» деген ырды көп ырдачумун. Ошондуктан, мени айылда эч ким Съездбек дебей, элдин баары «Кызыл гүл» дешчү. Жакында эле элдин батасын алайын деп айылыма бекер концерт берип келдим. Кемпир-кесектер мени дагы деле унутуша элек экен. «Ай, кызыл гүл балам, баягы ырыңды ырда» дешет. Анан «Кызыл гүл» менен «Ак бантикти» ырдап бердим.

– Шаарга келип билимиңди кайсы жактан уланттың?
– Мектепти бүткөн соң, ырчы болом деп алгач искусство институтуна келсем, бир агай ырдатып көрүп «сен али жөжө короз экенсиң, Күрөңкеевге бар» деп чыгарып койгон. Анан апам экөөбүз Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына бардык. Ал жакка барсам эле «колуңду көрсөтчү?!» деп калды бир мугалим. Колумду көрсөтсөм, «Сен кыякка жарайт экенсиң, кыяк бөлүмүнө өттүң» деди. Ал кезде мен эптеп музыкалык окуу жайына өтүп алсам эле ырчы болуп чыгам деп ойлочу экенмин. Ошентип, «кыяк бөлүмүнө өттүң» десе «аа, аккордеон үйрөнөт турбаймынбы» деп кудуңдаган боюнча кайра айылга жөнөп кеттим. Жаңы окуу жылы башталып, сабакка келсем эле колума чоң кыл кыякты карматып коюшту. Көрсө, баягы «кыяк» дегени мен ойлогондой аккордеон эмес эле, кыл кыяк экен. Менин ошол жерден эле маанайым түштү. Анын үстүнө экинчи күндөн баштап кыяк үйрөнө албагандарды колубузга чаап, кадимкидей сабай баштады. Эрке өскөн жаным мындайды көтөрө албай төрт күндөн кийин сабакка такыр барбай койдум. Өзүм каалаган башка факультетке которулайын десем, анда төлөп окуучу бөлүмгө которуласың дешти. Аны үйдөгүлөргө айтсам, «бизге контракт дегенди угузба» дешет. Кыскасы, айласыз кыяк бөлүмүн төрт жыл окуп бүтүрдүм.

– Демек, сен кыл кыякчы турбайсыңбы? Азыр ал аспапта ойнойсуңбу?
– Окууну бүткөндөн бери кармай элекмин. Кармасам ойнойт болушум керек.

– Ошентип, өзүң каалабаган адистикке ээ болгон боюнча калып калдыңбы?
– Жо-ок, кайдан калып калайын?! Андан кийин искусство институтунун вокал бөлүмүнө тапшырып, аны аяктадым.

– Алгачкы чыгармаң кайсы болду?
– Күрөңкеевдин 3-курсунда окуп жүргөн кезимде «Өмүр» деген ырымды жазгам.

– Эң биринчи жолу өз ырыңды радиодон укканда сенде кандай сезим болду эле?
– Бул өзүнчө кызык окуя. Күрөңкеевди бүткөн жылы «Өмүрдү» «Кыргызстан Обондоруна» алпарсам, «Ии, жакшы эле ыр экен, көрөбүз» деп кош көңүл мамиле кылып алып калышты. Анан үч күн күттүм, беш күн күттүм, бир ай күттүм. Баягы ырдын чыга турган түрү жок. «А-а, болбой калган экен. Демек, менден ырчы чыкпай калды го» деп өзүмдү таштап койдум да, баарына кол шилтеп коюп айылга кетип калдым. Ошол учурда денсоолугум да жакшы болбой жүргөн, «кымыз ичип кел» деп үйдөгүлөр мени тоого жиберип ийишти. Тоодо жүргөнүм менен эс-дартымдын баары эле бул жактагы ырымда. Үмүт деген нерсе жаман экен да. Ошентип, тоодо он беш күн жүргөндө жүдөп такыр болбой калдым. Оозум кесилип, бети-колумдун баары туурулуп жүдөгөнүмдү көргөн эжем «кой, муну колго түшкөн немистей кылбай айылга жиберели» деп калды. Муну укканда сүйүнгөнүмдү сураба. Эртеси атты токуп алып айылга жөнөдүм. Айылга жетип аттан түшүп эле буркан-шаркан түшүп ыйлап кирдим. Өзүм жыйырмадан өтүп калган килейген эле жигитмин. «Силер эмнеге мени тоого калтырып коёсуңар?» деп ыйлап же токтосомчу?! Анан апам «Бишкекте радиодон сенин ырыңды берип жатыптыр» деп калды. Аны укканда ызам да тарады, ыйым да басылды. Эми оюмдун баары эптеп эле Бишкекке жетүү болуп калды. Ошондогу айылда өткөн бир жума тим эле кылымга тете болду го, чиркин! Кыскасы, Бишкекке да келдим. Аңдыганым эле радио. Же менин ырымды бере койбойт. Анан бир күнү эле радиодон «Өмүр» жаңырып жатат. Андагы сүйүнүчүмдү мен азыр сөз менен жеткирип бере албайм. Өмүрүмдө ошондой кубанбасам керек эле. Ошол мүнөттөн баштап баягы сууп калган демим кайрадан жанданып, күчөп, чыгармачылыкка талпынгандан талпына бердим. Жана дагы деле талпынып келе жатам.

– Азыркы популярдуулугуңа өзүң кандай баа бересиң?
– Жакшы эле баа берем. Эл сүйүп, эл угуп жатабы, демек, кандайдыр бир жакшы жыйынтык бар экен дейм. Мындан бир-эки жыл мурун аттуу-баштуу эле бир-эки ырчыга ырларымды сунуш кылсам, көңүл бурбай коюшкан. Азыр «Съездбек, мага ыр жазып берчи?!» деп менин артымдан кууп жүрүшөт. Айта кетчү нерсе, менин азыркы популярдуулугум – менин чыгармачылыгымдын башталышы гана. Менин азыр жылдызым жана элек. Буюрса, бир-эки жылдын ичинде мен сахнанын лидери болом.

– Эмнеден улам мынчалык ишенимдүү айтып жатасың?
– Азыр бизде бүгүн бар да, эртең жок ырлар толтура. Алардын жанында мен өзүмдүн ырларыма ишенем, өзүмө ишенем, элиме ишенем.

– «Эсимде» аттуу ырыңдын обонун кантип жаратканың эсиңде барбы?
– Бул менин көптөн-көп күткөн обонум болчу. Эргүү катуу келип калганда жаралган обон болсо керек. Бул обон жаралгандан кийин да жарыкка чыкпай, көөдөнүмдө сакталып көпкө жүрдү. Бир жолу айылда апам эк&11257;өбүз суу бойлоп коноктон келатканбыз. Мен кыңылдап ушул ырдын обонун салсам апам: «Токто, ушул кайрыгыңды кайра ырдап берчи?!» деп калды. Кайра кайталадым эле апам: «Муну батыраак жаздыргын. Ушул ыр буюрса, сени элге таанытат» деп калды. «Эсимде» ушул окуядан бир жылдан кийин жарыкка чыкты. Апамдын оозуна сала бергендей чын эле бул ыр менен көпчүлүккө тааныла алдым. Башкача айтканда, «Эсимде» мени эки тепкичке алга жылдырды.

– Репертуарыңда канча ырың бар?
– Отуздай ырым бар. Алардын жыйырма беши өзүмдүн ырларым. Ушул жерден бир жаңылык айта кетейин. Жакында эле «Мир» телеканалы «Селки» аттуу ырымды клипи менен алып кетишкен эле. Ошол ыр азыр Россиянын кайсы бир шаарындагы караокелерге киргизилип, айланып жатыптыр. Бул жөнүндө өзүм да жакында эле уктум.

– Ырчылыктан башка да жумушуң барбы?
– Жок. Азыр ырчылык менен алек болуп эле жүрөм. Кечинде «Адриатика» кафесинде иштейм. Кафе мен үчүн чоң тажрыйба топтоомо негиз болду. Анткени, ал жакты күн сайын «жандуу үн» менен ырдап, такшаласың.

– Жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Бар. Ал 20 жаштагы перини мен түбөлүк сүйүүм деп эсептейм.

– Качан үйлөнөсүң?
– Ушул жылы үйлөнөм деген пландарым бар болчу. Бирок, сүйлөшкөн кызым «үйбүлөлүү болгондон кийин алаксып, чыгармачылыгыңды өксүтүп коюшуң мүмкүн. Андан көрө жакшылап иштеп, чыгармачылыгыңдын пайдубалын түптөп ал. Анан шашпай үйлөнө беребиз» деп жатат. Бир чети аныкы да туура. Бирок, ким билет, балким, жыл аягына чейин үйлөнүп калаармын.

– Кызың чыгармачылыгыңды жакшы түшүнөт го?
– Аябай жакшы түшүнөт. Күйөрман кыздарымдан да ашыкча кызганбайт.

– Күйөрман кыздарың көппү?
– Көп эле. Бирок, чектен чыккан күйөрман кыздарыма кезиге элекмин. Үйгө телефон чалгандар болуп калат. Алсам: «Сиз менен таанышсам болобу?» дешет. «Болот» десем апкаарып кетишеби, трубканы коё салышат.

– Сен үйдүн кичүүсү болсоң үйдөгүлөр «айылга келип жаша» дешпейби?
– Антип айтышпайт. Анткени, биздин үйбүлөдө бул маселе чечилген. Атамдын мен кичине кезимде эле көзү өтүп кеткен. Тирүүсүндө биздин келечегибизди ойлоп шаардан да үй алып койгон экен, азыр ошонун пайдасы тийип жатат. Мен ушул үйдө кала турган болуп сүйлөшкөнбүз. Апам болсо бул жакка бир айда үч-төрт жолу келип турат. Балким, кийинчерээк биротоло бул жакка алып келип алам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 180, 14-20-апрель, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан