Канатбек Сыдыгалиев: \

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан эң көрүнүктүү кикбоксчулардын бири Канатбек Сыдыгалиев. Бул ысымы аттын кашкасындай таанымал "Куюн" кличкалуу Канатбекти элибизде билбегендер жоктур. Анткени, Канатбек көптөгөн ийгиликтеринин артында өз ысмын спорт тарыхына калтырып, эл сыймыгына арзып келет. Бир нече ири жеңиштери менен дүйнөгө атагы чыккан спортчу 1978-жылы 18-январда Талас районунун Арал айылында төрөлүп-өскөн. Кесиби боюнча экономист. Бойдок.

– Канатбек, жакында эле өткөн Президенттин Кубогу мелдешинде жеңишке жетиштиңиз. Ушундай учурда спортко жасаган алгачкы кадамдарыңыз тууралуу эскерүү жагымдуу болсо керек?
– Чынын айтсам, кикбоксёр болом деп ойлогон эмесмин. Болгону кичинемден мушташ өнөрлө­рүнө кызыгып, өз алдымча күрөш, каратэ менен машыгып жүрчүмүн. Бул чөйрөгө аралашып калганыма кумирим Брюс Ли түрткү болду десем болот. Брюс Ли катышкан кинолордун бирин калтырбай көрчүмүн да, анан андан көргөн ыкмаларды тамдын аркасына барып, кайталап жасачумун. Күрөшкөн жагынан айылдын балбаны болчумун. Айылда өткөн той-тамашалардан жеңишсиз келчү эмесмин.

– Алгач күрөшүп жүрсөңүз, кикбоксингге кандайча аралашып калгансыз?
– Мектепти бүтүп, шаарга окуйм деп келген учурум. Спортту сүйгөн жаным күрөшпөй калып, буулугуп кеттим. Жашаган жерим шаардын четинде болгондуктан, күрөшкө катышайын десем жол алыс. Ошентип жүргөн кезде үйгө жакын жерден кикбоксинг менен машыгуучу зал таап алдым да, катыша баштадым. Биринчи машыктыруучум Александр Артурович Гил болгон. Улуту немис болгондуктан, өз мекенине кетип жатып мага: "Спортту таштаба, сенден дүйнө чемпиону чыгат" деп мени Воиновго тапшырып кеткен. 1997-жылдан тартып Гермес-Профи клубунда Александр Воиновдун көзөмөлүндө машыгып келатам.

– Эң алгачкы таймашууңуз эсиңиздеби?
– Албетте, эсимде. 17 жашымда «Жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону» деген наам үчүн орус улутундагы жигит менен таймашкам. Ошондо грамота жана шапке утуп алып, сүйүнүп шапкени иниме алпарып бергеним эсимде.

– Канча жашыңызда чоң ийгиликке жетишкенсиз?
– Эң чоң ийгиликтерге 21 жашымда жетишкем. Дүйнөнүн чемпиону менен Евразиянын чемпиону наамынын ээси болгом.

– Ийгиликтерге жетүүдө эмнелер роль ойнойт?
– Эң негизгиси, адамдын каалоосу, анан алдыга койгон максатына умтулуусу керек. Андан кийин машыктыруучу мыкты болсо ийгилик болот. Мындайча айтканда, машыктыруучу бул саяпкер. Саяпкер жаман болсо күлүк ат деле чуркай албайт эмеспи. Ошондуктан, машыктыруучунун ролу да чоң.

– Мушташка каныгып калгандыктан, рингге чыкканда эле атаандашыңыздын даярдыгын, деңгээлин билсеңиз керек?
– Биринчи раунд биздин тил менен айтылганда "разведка" деп аталат. Бул раундда мушташпастан, атаандашыңдын психологиясын билгенге аракет кыласың. Эгерде атаандашыңдын мүнөзүн толук өздөштүрүүгө жетишсең, андан ары кантип таймашуунун жолу белгилүү болуп калат. Бул мушташууда эң керек нерсе жана жеңишке жетишүүңө алып келет.

– Дайыма рингге чыкканда толкундануу сезимине кабылсаңыз керек?
– Бизде коркуу деген сезим болбогону менен толкундануу, анан көбүнчө элден сүрдөө болот. Ал эми күчтүү атаандаштар менен беттешкенде жеңилип калбайын деген жүрөксүү да болбой койбойт. Себеби, намыс керек да.

– Таймаш бүткөндөн кийин кандай абалда болосуз?
– Негизи, кикбоксинг – спорттун эң оор түрү. Ошондон улам Олимпиадалык оюндардын катарына да кошула албай келет. Албетте, жеңишке ээ болсоң, кубангандан мушташ учурунда алган жаракатың менен бутуңдагы кан уюулар сезилбей калат. Анан бир же эки жума дарыланып өз калыбыңа келгендин камын көрөсүң. Жеңилүү болсо, аны да көтөрө билүүң керек. Утулуудан улам чыйралып, кемчилигиңди толук өздөштүргөнгө өтөсүң.

– Чет жерде жеңгениңизден соң, Кыргызстандын гимни ырдалып, желеги көтө­рүлгөндө ыйлаган учуруңуз болгонбу?
– Жок, ыйлаган учурум болгон эмес. Ал эми толкундануу сезими жүрөктө уялап турганы ырас. Бул өтө жагымдуу учур. Чын эле ушул ийгиликти мен жасап жатамбы деген ары таң калуу, ары кубануу сезими коштойт.

– Эң эсте калаарлык беттешиңиз жөнүндө айтып берсеңиз?
– Американын Лас-Вегас шаарында дүй­нөнүн 4 жолку чемпиону америкалык Мануну рингден утуп алганмын. Беттеш жеңил болду деп айта албайм. Бирок, мекен алдындагы парзымды эстегенде демиме дем кошула түштү. Натыйжада, жеңиш меники болгон.

– Эң узакка созулган таймашыңыз ким менен болгон?
– Москвада өткөн Европа чемпиондугу үчүн француз спортчусу менен ат салышканымда таймашуубуз 10 раундга созулган. Акыры жеңгем.

– Мелдештерге катышуу үчүн чет жерлерге көп барат эмессизби. Ошондой учурларда башка өлкөнүн эли сизге аябай колдоо көрсөтүп, тосуп алган учурга кездешкенсизби?
– Кездешкем. Өзүңдү көрбөгөнү менен атыңды угуп жүргөндөр бар да. Мындай учур Америкадагы беттештин алдында болгон. Ошондой эле Москвада өзүмдүн күйөр­ман­дарым бар.

– Алгачкы раунддарда эле жеңишке жетишкен таймашуу эсиңиздеби?
– Мындан үч жыл мурун Америка-Кыргызстан таймашында америкалык менен беттешкеним эсимде. Ошондо мага көйрөң, өпкөсү жок кикбоксчу туш келип калыптыр. Анан да эң кызыктуусу, мен рингге чыгып кийинип жатсам, элдин баары тиги америкалыкты дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп калышты. «Муну эмне мынча колдошот?» деп кыжырымдын келгенин сураба. Көрсө, ал рингге бийлеп чыгып келген экен. Ошондо жиним мененби, айтор, чыгаар замат нокаут кулаткам.

– Башка өлкөдөн иштешүү боюнча сунуштар түшкөнбү?
– Андай сунуштар көп эле болгон жана болуп келе жатат. Бул албетте жакшы жышаандын белгиси. Бирок, мен өзүмдү өз элимдин уулу деп эсептегендиктен, башкача айтканда, патриоттук сезимден улам Мекенимден башка жакка кетким келбейт. Ушул жерден айта кетчү нерсе, кичинемде эки жакка көп чыкпай, айылдын тарбиясын көрүп өскөнгөбү, айтор, өлкөмдөн көп убакыт чет жерде жүрө албайм. Ашып кетсе 10 күн жүрөм. Барчу жерине барам, көрчү жерин көргөн соң, үйдү көздөй шашам. Ал эми жеңиш менен келатканда канатым болсо учуп эле кетчүдөй болом.

– Туулган жер менен ата-энени айрып кароо мүмкүн эмес. Айтайын дегеним, ата-энеңиз кесибиңизге кандай карашат?
– Атамдын көзү өтүп кеткен. Эң өкүнүчтүүсү, атам менин ийгиликтериме күбө боло алган жок. Бирок, Брюс Лидей болууну кыялданып жүргөн кичине кезимде эле, атам дайыма "Менин балам баралы келгенде мыкты спортчу болот" деп айтып калчу. Ал эми апам менин бардык ийгиликтеримдин күбөсү болуп келе жатат.

– Канча бир туугансыз?
– Жети. Эң кенжеси менмин.

– Ар нерсенин чеги бар эмеспи. Анын сыңарындай спорттон качан кетем деп ойлойсуз?
– Азыр мен 28 жаштамын, спортто болуп турган курагым. Ал эми качан кетээримди убакыт көрсөтөөр.

– Спорттон кетсеңиз, эмне менен алектенесиз?
– Көпчүлүк спортчулар спорттон кеткенден кийин жолун таппай калышат. Мен дагы ушундай кырдаалга туш келип калбайын деп азыртан спорт менен бирге өз кесибимди, экономисттикти да аркалап кетүүгө аракет жасап жатам.

– Талас жергеңизге бат-бат эле барып турасызбы?
– Таймаш болгондон кийин сөзсүз үйгө барып келем. Анан дагы үйгө баратканда Манас атанын күмбөзүнө кайрылып, сыйынып өтүү мага адатка айланган. Жакын арада дагы барганы турам. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери мен жөнүндө кино тартып жатышат. Ошого айылыма барып, өзүм окуган мектебимди тартып келүүгө камданып жатабыз. Кино майда тартылып бүтөт.

– Кайсы стилде кийинүүнү жактырганыңызды жана машинаңыздын маркасын билсек болобу?
– Спорттук да, классикалык түрдө да кийинсем өзүмдү ыңгайлуу сезем. Негизи, студент кезимде классикалык кийимдерди көп кийчүмүн. Ал эми машиналардан мага "БМВ" жагат. Ошондуктан, учурдагы темир тулпарымдын да маркасы "БМВ".

– Мүнөзүңүздүн жаккан жана жакпаган жери?
– Жакпаганы – тез эле жиним келип кеткени, ал эми жакканы – кечиримдүүлүгүм.

– Спортчулардын ичинен кимдер менен доссуз?
– Спорт дүйнөсүндөгү кан досум Жанболот Амантаев.

– Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
– Кызыктуу китептерди окуйм, бильярд ойнойм же досторум менен жаратылышка чыгып эс алам.

– Эми ашкана жаатына келсек. Тамак-аш жасоого кандайсыз?
– Болгону жумуртка кууруганды билем.

– Ичимдикке жана тамекиге болгон мамилеңиз кандай?
– Тамеки тартпайм. Ичкиликке келсек, кыйышпас достор арасында, анан жакшылыктарда уурттап-татып коём.

– Сиздин оюңузча спортчулар сүйүүгө кандай мамиле жасашат?
– Бардык адамдардай эле катуу сүйүп калса, алар деле кыйналышат дегендей. Анан дагы сүйүү деген сезим спортчу болосуңбу, башка болосуңбу карабайт да.

– Алгачкы сүйүүңүз кимге арналган?
– Эми бул бала кезде болгон. Классташ кызымды жакшы көрчүмүн. Бирок, сезимимди ал кыз билчү эмес. Класстагылар мени ага жабыштырып коюшчу. Ал кыздын апасы орус тилинен сабак берчү. Бир күнү апасы кызын жакшы көрөөрүмдү билип калып, урушуп койгон. Ошондон кийин ал кызга сүйлөбөс болгом.

– Ушул куракка чейин үйлөнбөй жүргө­нүңүздүн сыры эмнеде?
– Жашыргандай эч кандай деле сыры жок. Болгону кудайдын буюрган күнү келбей жатса керек.

– Кандай кыздарды жактырасыз?
– Кыргызымдын эле ыймандуу кыздарын.

– Күйөрман кыздарыңызга кандай мамиле жасайсыз?
– Негизи, мен адамдын мага жасаган мамилесине карата жооп кылам. Эгерде чын эле менин талантымды сыйлаган болсо, анда сөзсүз урмат менен кайрылам. Ал эми сүйүүсүн арнагандарга акырын айтып түшүндүрүүгө аракеттенем.

Даярдагандар: Жаркынай Нусубалиева, Нурбек Абдыкадыров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 181, 21-27-апрель, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан