Алина Жетигенова: «САХНАГА ӨЗҮМДҮН КҮЙӨРМАНДАРЫМДЫ САГЫНТЫП ЧЫККАНДЫ ЖАКШЫ КӨРӨМ»

– Алина эже, көптөн бери жеке концертиңизди бербей күйөрмандарыңызды сагынтып койдуңуз окшойт. Мунун себеби эмнеде болду?
– Мен башынан эле күйөрмандарымды сагынтып, өзүмө эргүү топтоп алып, анан кайрадан сахнадан "жарк" этип көрүнүп калмай адатым бар. Бул жолу көпкө чейин көрүнбөй калганымдын себеби да ошондон болду. Мына эми убагы келип, азыр топ менен кошо концертке кызуу даярданып жаткан учурубуз.

– Акыркы жолу Бишкекке качан концерт койдуңуз эле?
– 2001-жылы койгонбуз. Ошондонбу, эмнегедир толкунданып, бир чети "концертим жакшы өтүп кетсе экен" деп бир аз жүрөксүп турам.

– Азыр сахнага жаңыдан чыгып келаткан жаш муундар сиздин карьераңызга таасирин тийгизет деп ойлойсузбу?
– Биздин муун жаңыдан чыгып келатканда Шахра Талипова, Гүлсүн Мамашева сыяктуу алп ырчылар бар эле. Биз сахнага чыгып аларга да тоскоол болгон эмеспиз, өчүп да калган эмеспиз. Ошол сыяктуу эле жаштардын бизге эч кандай тоскоолдугу тийбесе керек деп ойлойм.

– Музыка чөйрөсүнө кантип аралашып калганыңыз эсиңиздеби?
– Бул менин жаш кезимден берки аракетим десем жаңылышпайм. Кичине кезимден эле ырчы болсом деп самачумун. Бирок, негедир атам мени «Мектепти бүткөн соң, мугалим болосуң» деп кыз-келиндер институтуна тапшыртып койгон. Атам ал жакка өткөрүп, Таласка кетээри менен документтеримди алдым да, филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып алдым. Үйдөгүлөр мени мугалимдикте окуп жатат деп жүрө беришиптир. Бир күнү эле телевизордон ырдап чыксам ооздору ачылып калыптыр. Мен ата-энемден бөлөк өскөнгөбү, мени талантымды байкашса да анча маани беришкен эмес окшойт.

– Студияда окуп жатканыңызга каршы болушкан жокпу?
– Мен аябай эрке кыз болуп чоңойдум. Чоң атам менин көзүмө карап, катуу айта алчу эмес. Ошондуктан, эч ким эч нерсе деген эмес. Мындан эки-үч жыл мурун айылга барсам, чоң атам ыраматылык: "Кызым, жакшы эле ырдап бүттүң, эми иштеп, акча тап" деп жатпайбы нааразыланып. Чамасы, менин ырдаганым жакпаса да ичине катып унчукпай жүрсө керек.

– Жолдошуңуз ар дайым сиз менен чогуу жүргөнүнө караганда сизди катуу кызганат окшойт?
– Эржандын өз кесиби юрист. Бирок, азыр ал биздин продюсерибиз. Топтун уюштуруу, финансылык иштерин ал чечет. Ошондой эле тартип жагына катуу көзөмөл жүргүзөт. Топтогу жаш балдарды ичкилик, тамекиден алыс кармайт. Ал эми кызганган жагына келсек, башка эркектер аялын кандай кызганса, ошондой эле кызганат. Анчалык деле ашыкча кызганмайы жок.

– Уул-кызыңыз да чыгармачылык менен алектенип жатабы?
– Азиз менин тобумда болгону менен өзүнчө да чыкканга жетишип калды. А кызым Азел болсо топтогу бийчи. Менин ал экөөнөн тең үмүтүм чоң. Буюрса, музыка чөйрө­сүндөгү улуу инсандардан болушат.

(“Алина” тобу тууралуу кененирээк маалыматты
“Супер-Инфо” гезитинен окуңуздар)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 182, 28-апрель-4-май, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан