Талант Анарбаев: «БЕК БОРБИЕВ МЕНЕН МУШТАШЫП КЕТКЕМ»

– Гастролдорго барганда айылдын тентек балдарынан муш жеген күндөрдү башыңардан өткөрдүңөр беле?
– Кудай сактасын, андай күнгө туш боло элекпиз. Өзү­бүз тийишпейбиз, тийишкендин катыгын колуна беребиз. Мушташ жагынан жакшы эле машыкканбыз. Жада калса менин Бек Борбиев менен мушташып кеткениме күбө болгондор бар. Рахман акенин элүү жылдыгында бийлеп жатсам Бек Борбиев келип түртүп жиберди эле, ошонун айынан экөөбүз мушташып кеткенбиз. Менин да жиним аябай кайнап калган экен, экөөбүз болушунча эле мушташканбыз. Ортого түшкөн­дөр ажырата албай бир топ убара болушкан.

– Азыр мамилеңер кандай?
– Жаман деле эмес. Мындай нерселер эркекчиликте боло берет да. Эгер мен мушташканымдын баары менен мамиле түзбөй койсом, чөйрөмдө адам калбай калмак.

– Сен пародия жанрында да иштеп жүрө­сүң. Бирөөнүн үнүн өзүндөй кылып тууроо сен үчүн кыйын эмеспи?
– Мен кимди болбосун окшоштуруп туурай берем. Ушул боюнча бир кызык окуя айтып берейин. Бир жолу бир студияга телефон чалып, Рахман акенин үнү менен сүйлөп кирдим. "Кандайсыңар, ээ үкам, мен Рахман акеңмин. Азыр Талант барат, бир ырын жазып берип койчу?!" десем, "Келе берсин, келе берсин" деп калды. Бир аздан кийин сыр бербей "Рахман акеден келдим" деп барып калдым. Ырымды жазып бүткөндөн кийин кетип баратып "Мен болчумун" десем ишенбейт. Кайра Рахман акедей болуп сүйлөп койсом, боору эзилип калган. Ошентип, куудулдугум менен ыр жаздырганга сарптай турган 500 сомумду экономдоп калгам.
Дагы бир жолу үйдө зеригип жатып Айбек Карымовду тамашалайын дедим. Соткасына чалып, үнүмдү чыйылдатып кыздын үнү менен сүйлөп кирдим. "Алло, Айбек байке, мен Айсулуумун. Көлдөн таанышпадык беле?!" деп калп эле бир атты айтып койсом, Айбек байке да зеригип турса керек, мени менен сүйлөшүп кирди. Экөөбүз көпкө сүйлөшкөндөн кийин жолукмай болдук. "Кайсы жерден жолугабыз?" деди эле, "Үйгө эле келиңиз, мен эки курбум менен отурам" деп койдум. "Мен сага бир аздан кийин чалам" деди да, бир топ убакыт өткөндөн кийин чалып, "Биз үчөө болуп силерге баратабыз, бир сааттан кийин тосуп алгыла" деп трубканы коюп койду. Өзүм­чө күлкүм келип жаттым да, жарым саат өткөндөн кийин чыдабай кетип кайра чалдым. Баягы эле үн менен "Айбек байке, бир нерсе айтсам таарынбайсызбы?" десем, "Жок, эмнеге таарынмак элем, айта бер" дейт. Анан өзүмдүн үнүм менен "Мен Анарбаев Талантмын" десем, "Жаныңдагы кыз ким?" деп жатпайбы. "Жанымда эч кандай кыз жок, ал мен болчумун" десем, "Калп айтпа, анда жанагыдай кылып сүйлөчү?!" деп ишенбей жатпайбы. Сүйлөп койсом бир каткырып, бир сөгүп, анан "Эй, эч кимге айтпа, ээ?" деп коёт.

(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bayas.07
2014-12-22 11:07:50
Ха ха го
0
№ 183, 5-11-май, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан