Нэля: «ЖИГИТИМ ЫРДАГАНЫМА КАРШЫ БОЛБОЙ КАЛДЫ»

– Неля, биринчи жолу сахнага чыгып, ырдаган ырың кайсы болду эле?
– Алгачкы жолу 3-класста окуп жүргөн кезимде мэрия тарабынан уюштурулган "Наристе аземи" деген конкурста "Телефон" деген ырды ырдагам. Азыр Асылбек Өзүбеков ырдап жүргөн "Мен күйүп барам, өрттөнүп барам" деген ыр ошол ырдын негизинде жазылган. Мен кичинекей кезимде бир күнү Көлдөн Асылбек Өзүбековго жолугуп калганбыз. Ал кезде Асылбек байке менен мамам чогуу иштешчү. Ошондо Асылбек байке "ырдап берчи" деп суранганда ушул ырды ырдап бергем. Ыр жагып калганбы, Асылбек байкенин ошол ырды кайра-кайра ырдатканы эсимде. Кийин обонун да, сөздөрүн да башкачараак кылып, бирок, кайырмасын ошол бойдон калтырып Асылбек байке жанагы ырын жазган.
– Айтып өткөн конкурстан орун алдың беле?
– Экинчи орунду алгам. Биринчи орунду азыр "Моби-моби" деп ырдап жүргөн Латившах алган болчу. Ошондо ага магнитофон, мага "Денди" деген оюнчук беришкен эле. Конкурстан кийин Латившах келип: "Кел, белектерибизди алмаштырабыз. Менин магнитофонум сонун" деп аябай көндүргөнүнө карабай алмаштырбай койгом. Ал "Дендинин" айынан апамдан канча жолу таяк жедим! Түндө апам уктап калганда акырын туруп алып ойночу элем.
Ал эми Латившах менен жакында эле "Хит-парадга" чогуу тартылдык. Ал мени тааныган жок. Кичинекей кезибиздеги ошол окуяны эстетип коёюн деп ойлогом. Бирок, кененирээк сүйлөш­көнгө убакыт болгон жок.
– Ошол конкурстан кийин чыгармачылыкка аралашып кеттиңби же ошол бойдон токтоп калдыңбы?
– Токтоп калмак кайдан?! Ошондон кийин сахнада ырдагым келип эле туруп алдым. Анан бактыма жараша Асел Турдалиева менен таанышып, анын тобунда эки жылдай ырдап жүрдүм.
– Асел Турдалиева менен кандайча таанышып калдың эле?
– 5-класста окуп жүргөн мезгилим болсо керек эле. Ал кезде апам телевидениеде иштечү. Апамды ээрчип ал жакка көп бараар элем. Бир күнү дагы адатымча телевидениеде жүрсөм, Асел Турдалиева келип апам менен сүйлөшүп калды. Апам Асел эжеге менин таланттуу кыз экенимди, конкурстарга катышып жүргө­нүмдү айтып берди. Ошол эле жерден Асел эже мени апамдан ырдатам деп сурап алганда ушун­чалык катуу сүйүнгө­нүм такыр эсимден кетпейт. Ошондон көп өтпөй эле ырларынан жаздырып берип, өзү менен кошо эки айлык гастролго алып чыгып кетти.
– Өзүң кичинекей болсоң, анан эки ай ата-энеңден алыста жүр­гөнгө кантип чыдадың?
– Мага гастроль десе эле аябай кызык нерсе туюлган. Ошол кызыгуум бир жума тараган жок, эки жу­ма тараган жок. Анан үчүнчү жума дегенде тажай баштадым. Мен ошентип, тажап жүргөн кезимде апам­­дын туулган жери Алабука районуна туш келип калдык. Ал жактан таякелеримди, таежелеримди көргөндө "ушул жерде калам" деп көшөрүп туруп алдым. Асел эже бул жагыма, тигил жагыма чыгып атып айласы кетти. Мен ыйлап такыр болбой калдым. Бирок, канчалык ыйлаганыма карабай Асел эже: "Мен сени апаңдан алып келгем, апаңа алып барып тапшырышым керек" деп болбой мени андан аркы айылдарга алып кетип калган. Бир айылга барганда залдын эң жогорусундагы отургучка отуруп алып шолоктоп ыйлаганым эсимде. Ошентип, эки ай чыдагам. Гастролдон кийин Асел эже Бишкекке алып келип, ата-энемдин колуна аман-эсен тапшырган. Кийин анча-мынча конкурс, фестивалдарга катышып, бирок, чоң сахнага чыга албай жүргөн кезимде атам дүй­нөдөн өтүп кетти. Ал кездерде ырдагым келгени менен шарт жок болчу. Ошентип, атамдын жылдыгын күттүм. Анан иштеп, апама жардам бе­рүү­нү максат кылып, кафеде ырдай баштадым. Кафеде эле ырдоо менен чектелбей, өзүмдүн ырларымды жаздырып, аз-аздан элге да алып чыга баштадым. Эми минтип элге аздыр-көптүр белгилүү болуп калдым окшойт.
– Музыкалык билимиң барбы?
– Беш жыл­­­­­­­дык музыкалык мектепте комуз бөлү­мүн­дө окугам. Кийин жогорку окуу жайга музыка жагына тапшырайын десем, атам каршы болуп койгон. Атам сүрдүү, бир айтканынан кайтпаган катуу мүнөз киши болчу. Ошондуктан, атамдын сөзү­нөн чыга албай музыкалык жогорку билимге ээ боло алган жокмун. Атамдын каалоосу боюнча Улуттук Университеттин экология факультетине тапшыргам.
– Азыр деле колуңа комуз алып, үн кошуп каласыңбы?
– Көптөн бери колума комуз кармай элекмин. Убагында аябай кызыккан элем. Үйдө эле ойной бербей, дааратканага кирип алып ойногонумду эстесем, азыр күлкүм келет. Даараткананын ичинде ойногондо комуздун үнү жаңырып чыкса, ошол мага кызык сезилсе керек. Анан да майрам күндөрү короодогу орус кемпир-чалдарды топтоп, комуз ойноп берчү элем. Экинчи кабаттан биринчи кабатка отургучтарды ташып, магнитофон алып чыгып өзүнчө эле чоң концерт уюштурчумун. Орус кыздарга кыргызча ырларды жаттатып, болбогонуна койбой айттырчумун. Анан алдын-ала берилип коюлган "чакыруу кагазы" менен келген кемпир-чалдар тизилип отурса, биз аларга концерт койчубуз. Биз ал үйдөн азыр башка жакка көчүп кеткенбиз. Азыр да кээде барып калсам, орус кемпирлер "сен кетип бизге эч ким комуз ойноп бербей калды" деп калышат.
– Окууңду бүткөн соң өз кесибиң менен кетесиңби же таштап коёсуңбу?
– Мен окууну быйыл бүтүп жатам. Балким, өз кесибим менен кетем деп экологдорго ылайык жумуштарды сураштырсам, айлыгы миң сом экен. Андан көрө ырдап жүрө берейин деп чечтим. Менин азыркы жумушумда миң сомду бир күндө тапса болот.
– Жашыруун болбосо чогулткан акчаңды эмнеге жумшап жатасың?
– Чыгармачылыкка эле жумшайм. Азыр болсо жаңы машина алуу үчүн топтоп жатам. Бир айдын ичинде миң доллар табам деп алдыма максат коюп алып, азыр катуу иштеп жаткан кезим. Кээде үйдө­гүлөрдү бир жумалап көрбөй калган учурларым болот. Анткени, мен жумуштан келгенде баары уктап калышат да, эртең менен мен ойгоно электе кетип калышат. Кээде мен жумуштан барганда мамам ойгонуп, экөөбүз бир топко чейин сүйлө­шүп отурабыз.
– Бир эле убакта чыгармачылыкка да, жумушка да, окууга да кантип жетишесиң?
– Мен ырдаган кафе окуган жеримдин эле жанында. Түштө окуйм, окуудан кийин эле жумушка кирип кетем. Түшкө чейин же дем алыш күн­дөрү башка жумуштарымды бү­тү­рөм. Анын үстү­нө астыңда машинаң болсо жумуштарың да тез эле бүтөт экен.
– Мугалимдериң ырчы кыз деп колдоо көр­сө­­­түшөбү?
– Жаш мугалимдер түшүнү­шүп, колдошот. Ал эми картаң агайлар тескерисинче жактырышпайт.
– Жигитиң барбы?
– Ооба. Ал экөөбүз мен мектепте окуп жүр­гө­нүмдө эле таа­ныш­канбыз. Үйлөрүбүз жакын болчу. Ал эми кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргө­нүбүзгө үч жылдай болуп калды.
– Сенин ырдап жүргөнүңө анын мамилеси кандай?
– Башында ырдаганыма каршы болчу. Аз-аздан көндүрүп отуруп, азыр биротоло көндүрүп койдум. Анын шаарда кийим саткан дүкөндөрү бар. "Ошол дүкөн­дөрдүн бирине эле иштеп ал" деп көп айтат. А менин бир жерде эле отура бергим келбейт.
– Жигитиңдин кийим саткан дүкөн­дөрү болсо сен өзүңө кийим тандоо жагынан башыңды оо­рут­пайт экенсиң да?
– Тилекке каршы, анын дүкөн­дөрүндө эркектердин кийимдери сатылат. Жигитим да "эгер аялдардын кийими болсо сенин айыңдан дүкөндө кийим калбай калмак экен" деп айтып калат. Ошондой болсо да жигитим чыгармачылыкка коротомбу, башкага коротомбу, менден акчасын аябайт.
– Качан турмушка чыгайын деп турасың?
– Кийинки жылы үйлөнөбүз деген пландарыбыз бар. Үйбү­лөлүү болгондон кийин чыгармачылык токтоп калышы мүмкүн. Ошондуктан, ушунча эмгегим текке кетпесин деп үйлөнүү жөнүндөгү планды мен улам эле артка сүрүп жатам.
– Балалык сүйүү башыңдан өттү беле?
– Бала бакчада жүргөн­дө бир орус баланы жакшы көрчү элем. Күн сайын бала бакчадан келип алып "ошол баланы үйгө алып келеличи, биздин үйдө жашасынчы?!" деп апама ыйлай берчү экенмин.
– Азыр репертуарыңда канча ырың бар?
– Тогуз ырым бар.
– Концерт коюу сенин да планыңда барбы?
– Күзүндө берсемби деп турам. Ага чейин клиптеримди тарт­тырып, өзүмдү телевидениеден көбүрөөк көрсөттүргөнгө аракет кылам. Болбосо көпчүлүгү менин ырларымды радиодон угушат экен. Ошол радио угуп жүргөндөр өзүмдү көрүп "Неля деген сенсиңби?" деп таң калып сурап калышат.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 187, 2-8-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан