– Асел, сахнадан кеткениңе эки жылдын жүзү болуп калыптыр. Сахнаны сагынган жоксуңбу?
– Жок, андай ойлорду качан эле унуткам. Тескерисинче, сахна тууралуу эч нерсени ойлонбой, эки жылдан бери көптөгөн диний китептерди окуп, Алла Тааладан жеңилдик алып жатам. “Көп окусаң, көптү билесиң” дегендей, дин тууралуу окуп жакшы нерселерди билүүгө үлгүрдүм. Ошондой эле бул жагынан гана чектелип калбастан, англис, араб тилдерин үйдөн атайын мугалим жалдап окуп-үйрөнүп жатам. Мурда англис тилинде ыр ырдап жүрчү элем. Андан бери англис тилин турмушта көп колдонбогондуктан, унутуп баратыпмын. Ошондуктан, кайрадан англис тилин окуп баштадым. Эгер ушул эки тилди толук өздөштүрүп бүтсөм, балким, жакшы жумуш таап иштеп кетем. Азыр кызым Фатиманы карап үйдө элемин. Эми Кудай буюрса, жолдошум Мирлан экөөбүз жакын арада Малайзияга 10-15 күнгө эс алууга кетип жатабыз.
– Кызыңар Фатиманы да ала кетесиңерби?
– Жок, жердин алыстыгына байланыштуу алып кете албайбыз. Кызымды таенеси, багуучусу карап калат. Балким, көлдүн мезгилинде Фатиманы ошол жакка алпарып эс алдырып келем.
– Кызыңар кимге окшош?
– Мирланга куюп койгондой окшош.
– Фатиманын музыкага шыктуулугу байкалабы? Мирлан экөөң тең музыкага жакын адамдардан эмес белеңер?
– Музыка угулса эле жаны калбай бийлеп калат. Азыр Фатима кичинекей, ырдап-бийлей берсе боло берет, ага эч кандай каршы сөз айталбайм. Бирок, кызыгы ал биздин күндө намазга жыгылганыбызды көрүп, ага таасирленеби, айтор, кадимкидей биздин намаз окуганыбызды туурайт. Ошондон улам Фатима да убагында биздин ыйык жолубузга түшөт деп ойлойм. Ата-эне балага эмнени көргөзсө, бала ошол нерсени жасайт эмеспи.
– Келечекте кызыңар ырчы болом десе эмне кылат элеңер?
– Ырчы болуп калышы мүмкүн эмес. Анткени, кызымды кичинесинен тартып диний тарбияда өстүрүп келатам. Эгер ата-эне баласына ырда, бийле деп жол көрсөтсө, албетте, бала ошол багытка ыктайт. Мен кызыма дин жагынан тарбия беришим керек. Балага эненин тарбиясы чоң таасир этет. Ошондуктан, Фатиманы ырчылык менен кетет деп эч качан ойлой албайм.
– Малайзияга барып-келүү чыгымы кимдин мойнунда?
– Албетте, чакан үйбүлөнүн кожоюну болгондуктан, чыгымды Мирлан өзү көтөрөт.
– Ал жак ысык болгондуктан сууга бат-баттан түшүүгө, жеңил кийинип жүрүүгө туура келет эмеспи. Бирок, силерге ачык жүрүүгө болбойт турбайбы?
– Туура, ал жакта да мусулмандар көп. Башка жакка чыкканда биз сөзсүз денеси жабык кийим кийинишибиз керек. Ошон үчүн мусулманча кийинип барам. Анан калганын барганда көрө жатаарбыз. Негизи, исламда аял киши бөтөн адамга денесин көрсөтпөөсү керек. Жоолук салынып, денесин көрсөтпөгөн кийим кийип жүрүүлөрү зарыл. Булардын баарын эми окуп билип жатам.
– Өзүңөрчө үй алып бөлүнө элексиңерби?
– Атам-апамдарга көнүп алгандыктанбы, негедир бөлүнө албай жатабыз. Бирок, Мирлан экөөбүздүн өзүбүздүн үйүбүз бар. Аны биз үйлөнгөндө белек кылышкан. Балким, убагы келгенде өз өргөөбүзгө бөлүнүп калаарбыз.
– Мурда кыргыз тилинде жакшы сүйлөй алчу эмес элең. Азыр таза, так сүйлөп калыптырсың.
– Анын бирден-бир себеби Мирландын кыргызча сүйлөгөнү болду. Мирлан, Фатима менен жалаң кыргызча сүйлөшөм. Кыргыз тилин Мирландан үйрөндүм десем жаңылышпайм. Атайын тилди үйрөнөм деп убараланган деле жокмун. Мурда үйбүлөбүз менен орусча сүйлөшөөр элек.
– Мирлан музыканы толук таштай албай жүрөт го. Себеби, кээ бир ырчылардын ырларынын аранжировкасын жасап берип жаткан турбайбы?
– Туура. Ал төрт жашынан тартып музыка чөйрөсүндө өсүп-чоңойгон. Ошондуктан, дароо таштоо ага оорураак болуп жатат окшойт. Балким, жакын санаалаштарынын, досторунун сунушун четке кага албай жаткандыр. Үйдөн музыкалык аппараттарды көргөндө негедир кызыгып, аны менен алектене түшөт. Кышында болгону бир-эки ырга аранжировка жасады. Бирок, азыр Мирлан динди менден да жакшы түшүнөт. Мечитке барып даават алат. Ошондой эле араб тилин да үйрөнүүдө. Беш маал намаз окуп, өзү да дааватка чыгып турат. Буюрса, күзүндө музыка менен толук коштошот деп ойлойм.
– Мирлан сенин көңүлүңдү кыя албай аргасыздан музыканы таштаган жокпу?
– Жок, андай эмес. Ал динге жүрөгү менен ишенет.
– Эгер Мирлан музыка дүйнөсүнөн такыр кете албай койсо, сен да сахнага кайтып келээр белең?
– Андай ойлорду көңүлүмө түнөткүм келбейт. Себеби, Мирлан ата-энем менен Мекеге чейин барып келген. Ал азыр ажы. Убактысынын көпчүлүгүн мечитке барууга бөлөт. Чынын айтсам, экөөбүз тең музыканы унутуп койдук.
– Кайын-журтуң менен катташып турасыңбы?
– Ооба, алар менен дайыма жолугушуп турабыз. Кайненем, кайын-сиңди-кайнилерим бүт намаз окуп калышты. Кайын-журтумдан биринчи болуп Мирлан намаз окуп баштаган. Негизи, Мирландар үйбүлөсү менен музыкага жакын адамдар болчу. Мына учурда алар деле музыканы таштап, Кудай жолуна түшүштү. Алгач Мирланга намаз окуганды мен үйрөткөн элем, ал болсо өзүнүн бир туугандарына үйрөттү.
– Ислам институтуна тапшырам деп жүрдүң эле, тапшырдыңбы?
– Жок, кызымдын чоңоюшун күтүп жатам. Себеби, шарият мыйзамы боюнча баланы энеси эки жашына чейин жакшылап карап, багып чоңойтуш керек. Буюрса, кызыма бир жаш тогуз ай болуп калды. Күзүндө окуйм деп ниет кылып турам.
– Мурдагы өзүңдүн аткарууңдагы ырларды укканда кандай абалда болосуң?
– Өзүңөр билгендей сахнаны таштап жаткан учурда радио, телевизорлордон ырларыбызды алдырып салганбыз. Азыр ырларыбыз эч жерде берилбейт.
– Өзүңөрдө аудио-кассеталар сакталуубу?
– Албетте, сакталып турат. Кээде гана Мирлан экөөбүз угуп калабыз. Чындыгында сахнага чыгып ырдабай туура чечим кабыл алганыма ыраазымын.
– Сен учурда жүзүңдү эч кимге көрсөтпөйсүңбү?
– Дос-туугандарымдын арасында албетте, эркин эле жүрө берем. Ал эми көчөгө чыкканда атайын хиджаб (мусулман аялдар кийүүчү кийим) кийип чыгам. Атайын бул кийимдеримди модасы менен тигип берүүчү модельерим бар. Чындыгында Мирлан экөөбүздүн Алла Таала үчүн музыканы таштап кеткенибизге ыраазы болуп, динчил адамдардын кээ бирлери “силер туура жол тандадыңар” дешип кадимкидей ыйлайт. Экөөбүз Алла Таала үчүн бир күндө эле музыканы, сахнаны жыйыштырууга чечим чыгарып койдук. Төрт-беш жыл ар кайсы жерде гастролдо жүрүп, сахна менен гана алпурушуп калганымда ата-энем Кудайдан менин бул чөйрөдөн кетишимди аябай суранышса керек. Фатима боюмда барда өйдөдө айтып кеткендей диний китептерди көп окуп, ага болгон кызыгуум артып олтуруп, ушул жолду тандап алган элем.
– Асел, ырчылык жол сага туура келбесин, сен ырдап чыкканга чейин ата-энең айтышты беле?
– Ар дайым акыл-насааттарын айтып келишти. Бирок, “Ырчылыкты ташта, бул сага тиешеси жок кесип” деп көңүлүмдү оорутушпады. Алар “Баарын өзүң түшүнгөн соң, динге өзүң келесиң. Бул кесип убактылуу гана. Акыры бир күнү Кудай сени түз жолго салаарына ишенебиз” деп көп айтышаар эле. Айткандай эле ата-энемдин сөзү төп келип, өзүм ырчылык жолду таштап, бул жолду тандап алдым. Биринчи укканда үйдөгүлөр негедир мага ишенишкен жок. Тамаша кылып, ойноп атат дегендей түшүнүктө жүрүштү. Бирок, мен ал айткан сөзүмө турдум.
– Ырчылардын костюмдары атайын сахнага ылайыкташтырылып “ачык” тигилет да. Сенин оюңча алар кандай кийиниши керек же мусулманчылыкта ырчылык кесипти кыздар жолдобош керекпи?
– Алар ислам динин жакшы түшүнүшпөгөндүктөн улам ушундай нерселердин баары келип чыгып жатат. Биз алар үчүн Алла Тааладан кечирим сурап, дуба кылышыбыз керек. Балким, алар деле бир күнү мусулманчылыкка келишээр. Ошондуктан, биз башкаларга үлгү болушубуз керек.
– Ырчылар ырдап деле намаз окуй бергенге болбойбу. Кээ бир ырчылар намаз окуп да, ырдап да өз жолдору менен жүрүшпөйбү?
– Ал деле жакшы нерсе. Алар да көптөгөн диний китептерди окуса, ислам динине жүрөгү менен берилсе, балким, биздей болуп сахнаны ташташат. Башкы орунда жүрөктүн буйругу турат.
– Убагында сен да “ачык” кийинип сахна алдында жүрчү элең, макияждарың да башкалардан өзгөчөрөөк эле?
– Мына ошол билбестиктен кетирген күнөөмдүн баарын азыр жууп жатам.
– Азыр ырчылардан кимдер менен байланышып турасың?
– Тилекке каршы, эч ким менен байланышым жок.
– Эмнеге?
– Билбейм, үйдө бала менен болуп жатып, байланышууга убакыт болбой келди.
– Үйдөн зериккенде ырдайсыңбы?
– Кызымдын уктаар мезгили келгенде балдарга арналган ырлардан ырдап берип уктатам. Түштө, кечинде Фатимага гана ырдап бербесем...
– Эмне үчүн сүрөткө түшүп берүүдөн баш тартып жатасың?
– Көп сүрөткө түшө берген негизи эле туура болбойт. Сүрөттөрдү чоңойтуп үйгө да илбеш керек экен. Кээ бирлери илип алышат го. Ал эми бизде андай эмес. Анан газетага сүрөткө түшүп берүү такыр эле туура эмес болуп калат. Учурда өзүбүзчө үйдөн майрамдарда түшөбүз да, альбомдорго салып катып коёбуз.
– Айтмакчы, туулган күн, майрамдарды кандай өткөрөсүңөр?
– Ичкиликсиз тособуз. Өзүбүздүн көңүлүбүзгө жаккан түрдүү тамактар менен дасторконду толтуруп, жакшы тилектерди тилеп отурабыз.
– Жоро-жолдошторуңардын арасында ичкилик ичкен бирөө-жарым болсо аны кандай кабыл аласыңар?
– Чынын айтсам, арабызда ичкилик ичкен адам жок.
Маектешкен Рахбар Алымкулова