Айчүрөк Иманалиева: “КЫЗЫМ ОПЕРА ЫРЧЫСЫ БОЛУШУН КААЛАЙМ”

– Айчүрөк эже, жакында эле улуттар аралык чоң концертке катышып келиптирсиз. Ал жакка атайын чакыруу менен бардыңызбы?
– Бул концертти Россиянын депутаттары уюштурду десем да болот. А негизгиси Россиядагы «Биримдик» партиясынын өкүлдөрү өткөрүштү. Тюмень шаарында өткөн бул концертке Татарстандан, Өзбекстандан, Казакстандан, Кыргызстандан болуп төрт өлкөнүн өнөрпоздору катыштык. Чакыруу алгач Маданият министрлигине келген экен. Андагылар бизди сунуш кылышыптыр. Интернет аркылуу өзүбүз жөнүндө кенен маалымат жөнөтүү­нү өтүнүшкөн экен, баарын жөнөттүк. Биздин маалыматтарды окуп көрүп, макул көрүшсө керек, көп өтпөй эле атайын чакыруу келди.
– Концерт кандай деңгээлде өттү? Жалпы эле концерттин жүрүшү жөнүндө кеп салсаңыз?
– Концерт эң жогорку деңгээлде өттү. Ар бир өлкөнүн өнөрпоздоруна белгиленген убакытка эле өнөрлөрүн тартуулаш керек болчу. Бирок, биздин ырдаганыбыз, кийимдерибиз көрүүчүлөргө жаккандыктан, тынбай кол чабышып, бизди мөөнөтү­бүз­дөн ашыкча ырдатышты. Анжелика экөөбүз ырдадык, Турусбек Жумалиев алып баруучу болду. Тюменге жеткенде эле биздин концертибизди жарыя кылган кыргыз тилиндеги чоң көрнөк­төргө көзүбүз түштү. Аларды көрүп алып бир чети ыраазы болсом, бир чети толкундандым. Кыскасы, мага Тюменге болгон сапарыбыз аябай жакты. Тюмендиктер болушунча эле сыйлашып, гонорарды да ойдогудай төлөп беришти.
– Кызыңызды да ала кеттиңиз беле?
– Кызымды таштап кеткенге мажбур болдум. Алыс жолдо аны алып жүрүүгө мүмкүн эмес эле. Атайын ишенип Кыргызстандын атынан чакырып жаткан соң, барбай коюуга да болбоду. Ошондуктан, Аэлитаны үйгө калтырып кеттим. Менин ордума аны папасы, бала багуучусу анан атайын балдар врачын калтырып кеттим эле, алар карап турушту. Ал жактан тез-тез телефон чалып кабар алып турдум. Кызымды таштап биринчи жолу көп убакытка кетишим болду. Тогуз күндүн ичинде ушунчалык сагынып калыптырмын.
– Аэлитага канча ай болуп калды?
– Беш ай болду. Кызымдын күндөн-күнгө өнөрү чыгып, ичибизди элжиретип жатат. Таалайдын эле көчүрмөсү. Бирок, мени тартып ырчы болот окшойт. Кыңылдап өзүнчө эле ырдай берет.
– Аэлитанын ырчы болушун каалайт белеңиз?
– Бул менин кыялым. Бирок, эстрада ырчысы эмес, опера ырчысы болушун каалайт элем. Чет өлкөлөргө чейин аты чыгып, «Кыргыздан чыккан ырчы Аэлита» деген атка консо экен деп тилек кылам. Эгер кызымдын таланты байкалса, мен анын опера ырчысы болушу үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Анткени, опера ырчысы болуу – менин апамдын жана менин тилегим болчу. Тилекке каршы, апам экөөбүздүн тең оюбуз ишке ашкан жок. Апам ырчы болгусу келгенде атасы каршы болуп окутпай койгон экен. А менин опера ырчысы болушума ата-энем экөө тең макул болушкан. Бирок, мен эмнегедир жалкоолонуп эстрадага ооп кеттим. Ушунун айынан атам менен апам көп жолу урушушкан экен. Атам «даңкылдак-дүңкүлдөгүнүн эмне кереги бар» десе апам «азыр деген ушундай багыт мода» деп жатып атамды араң көндүрүптүр. Менин атымды да «Айчүрөк» операсынан таасирленип, ошондон улам Айчүрөк деп аташкан экен.
– Азыр эстрадага келген жаштардын агымын кандай кабыл алдыңыз?
– Жаштар иштеп жатышат. Түз эле кабыл алдым. Бирок, эки-үч ыры менен эле концерт коюп жатышкандары мага жаккан жок.
– Ошондой болсо да жаш ырчылар мурдагы муундагы ырчыларды «өчүрүп» койгондой таасир калтырат. Балким, сиздин жогорудагы сөзүңүз ич күйдүлүктөн айтылып жаткан сөз болуп жүрбөсүн?
– Биз эч качан өчпөйбүз. Биздин өзүбүздүн угармандарыбыз бар. Азыркы жаштар бир концерти менен залды толтуруп алып эле «биз кыйынбыз» деп жатса керек. Азыркылардын ырлары, концерттери жеке коммерциялык багытты көздөйт. Биздин муундагы ырчылардан бир тобубуз эл аралык деңгээлдеги конкурстарга катышып жүрөбүз. Азыркылардан биздей болуп чет өлкөлөргө чыкканга жарай турганы бар болду бекен? Алгач кыргыздын атын башкаларга таанытууга салым кошушсун, ошондо булардын чыныгы күчүн көрөбүз.
– Бир кезде сиздин тобуңузда иштеген Сапар Сопубеков менен азыр да байланышып турасыздарбы?
– Сапар менин колумда он жылдай иштеп калды. Аны кичине кезинде Кызылкыядан өзүм ээрчитип келип, чыгармачылыктын ой-кырларын үйрөткөм. Бир чети ал менин бир тууган инимдей болуп калган. Кийин «өзүмчө иштейм» дегенде каршы болгон эмесмин. Азыр бири-бирибизге керек болгон учурларда жардамдарыбызды аябайбыз.
– Шакиртиңиз Анжеликанын төбөсү элге көрүнүп калганына сиздин салымыңыз зор болсо керек. Аны ушундай деңгээлге жеткириш үчүн кандай эмгек жумшадыңыз?
– Анжеликаны азыр мен баралына жетти деп айта албайм. Ал дагы иштеш керек. Ал эми азыркы деңгээлине жеткириш үчүн мен болгон аракетимди жумшадым. Алты жашынан баштап эле 100-150 долларлык көйнөк­төрдү кийгиздим. Ал көйнөктөрү азыр да сакталуу. Аны сулуу болсун деп өзүмө канча сомдук кийим сатып алсам, Анжеликаны да өзүмдөн кем кийгизбедим. Экөөбүз чыгармачылык үчүн жардамга муктаж болуп, ар кимден жардам сурап кайрылган күндөрүбүз болгон. Кичинекей Анжеликаны ээрчитип алып «Ушул кыздын келечеги кең, бирок, азыр жардамга муктаж болуп турат» деп бир нече жерлерге кайрылгам. Тилекке каршы, байлыгы ашып-ташыган бизнесмендерден ошондо бир тыйын да жардам ала алган эмеспиз. Эми болсо жалгыз өзүмдүн күчүм менен минтип эл көзүнө көрсөтүп койсом, «мен тууганы элем», «мен таанышы элем» деп Анжеликаны айланчыктагандар көбөйдү.
– Анжеликанын «жылдыз оорусу» менен ооруп калышынан коркпойсузбу?
– Мен ушундан корком. Ошол эле убакта Анжеликанын андай болбошуна толук ишенем. Анткени, ал жокту көрдү, барды көрдү дегендей. Мен ага бул жөнүндө көп акыл айтам. Ал өтө акылдуу кыз. Менин жарым сөзүмдөн баарын түшүнөт.
– Сиз жаңыдан чыгып келаткан убакта деле «жылдыз оорусу» деген түшүнүк бар беле?
– Анда заман башкача болчу. Менин «Кызыл гүл», «Тоо булагым» аттуу ырларым популярдуу болуп турган кездерде мен бутума тапочканы кийип алып эле троллейбус, автобустарда жүрө берчү экенмин. Элдин баары мени караса бир жерим бир нерсе болуп калдыбы деп эки жагымды каранып, таң калып койчумун. Көрсө, мен ошол убакта бир топ эле популярдуу болуп калган экенмин да, аны өзүм сезчү эмес экенмин.
– Бирөөнүн колдоосуна, жардамына муктаж болгон учурларыңыз болду беле?
– Албетте. Арген төрөлгөн жылдары аны көтөрүп алып ыр жаздырып, үйгө түнкү саат үчтөрдө келген күндө­рүм болгон. Өтө эле аз айлык акы менен театрда иштечүмүн. Ал акчам сахнага кийгенге же көйнөккө, же туфлиге жетчү эмес. Театр үч жыл бою мени концерт койдуруп, планын ашыра аткарып келди. Ошого карабай же көйнөк сатып берчү эмес, же жакшыраак айлык акы берчү эмес. Бир жолу «мага туфли керек» десем, театрдын директору Төкөлдөшов туфли сатып бере коём деп балээге калган. Чогулуштан чогулушка салынып, сөз болуп... Мына ушундай кездерде бирөөнүн колдоосуна зар болчумун. Тилекке каршы, мага колдоо көрсөткөн, жардам кылган бир да адам болгон эмес. Өзүм өжөрлөнүп жүрүп, тынбай эмгектенип жүрүп өзүмдү-өзүм элге тааныттым. Ал кезде азыркыдай продюсер деген түшүнүк да жок болчу.
– Жакын арада концерт коюу планыңызда барбы?
– Ушул айдын жыйырмасынан баштап Ош тарапка гастроль менен кетип баратабыз. Күзгүгө болсо өзгөчө бир концерт коюуну пландап жатам. Бул Анжелика экөө­бүздүн биргелешкен VIP-концертибиз «Алтын казына» ресторанында өтөт. Каалагандар кире берсе болот. Биринчи, экинчи тамактар, шампан менен кошо болгондуктан, билет баасы миң сомдон болот. Ушуга эле катарлаш Цирк имаратында да концерт коюуга даярданып жатабыз. Буюрса, эң жогорку деңгээлдеги концерт болоорунан үмүтүбүз чоң.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 189, 16-22-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан