Тынчтыкбек Кожобеков: “КЕЛЕЧЕКТЕ КҮЙҮМДҮҮ КҮЙӨӨ БОЛООРУМ АНЫК”

Тынчтыкбек Кожобеков: “КЕЛЕЧЕКТЕ КҮЙҮМДҮҮ КҮЙӨӨ БОЛООРУМ АНЫК”

Тынчтык, азыр таанымал журналист болуп калдыңыз. Кичине кезде эле чыгармачылыкка шыгыңыз бар беле?
– Ооба, кичине кезимде эле чыгармачылыкка жакындыгым сезилчү. Анын үстүнө табият дагы менин шыгымды ойготту болуш керек. Менин балалык кезим тоодо, ата- энемдин жанында өттү. Кичинемден аябай шок бала экенмин. Бир жолу тоодогу шар аккан сууга агып кетип, бир өлүмдөн аман калганым эсимде. Анан менин атамдын инисинин баласы Төлөбек экөөбүз эгиздей ээрчишип жүрүп чоңойдук. Экөөбүз тең чамалаш элек. Аны үйдөгүлөр “Кара-Такай “деп мени болсо “Сары жөжө” деп коюшаар эле. Ошо “сары жөжө” кезимде эле бир нерселерди чиймелеп калчумун. 8-класстан кийин Каракол шаарындагы лицейде окуп калдым. Ошол учурдан баштап макалаларымды газетага бере баштадым. Кыялымда чоң журналист болсом деген ишеним пайда болду. Макалаларым “Ысыккөл кабарлары”, “Билим шамы” деген газеталарга чыгып жүрдү. Ал эми чыныгы эмгек жолум «Асаба» гезитинен башталган. Андан соң көп газеталарга иштеп жүрүп, анан радиого келдим.
– Гезиттен радиого өтүү кыйын болдубу?
– Жок, кыйын деле болгон жок. Мен алгач журналистиканын биринчи курсунда окуп жүргөндө эле өзүмө журналистиканын үч тармагын: радионун, теленин, газетанын “кухнясын” үйрөнүп чыгам деп убада берген элем. Анан ал тилегиме жетпей калып атпаймынбы. Тилекке каршы, беш жылым радио менен газетада эле иштөөгө жетти. Анын үстүнө окуп жүргөндө агай-эжейлер: ”Тынчтык, сен радионун баласысың. Ошол жакты эле көздө” дешкен эле. Менин шуулдап тың жүргөнүмдөн ушинтип айтышса керек. Ошентип, радиого отурукташып калдым.
– Атыңыз кайсы радиодон чыга баштады?
– Алгачкы эфирге ушул “21-кылым” радиосунан чыккам. Мени эң биринчи Динара Жусаева чыгарган эле. Бирок, үч айдан кийин ”Кыргызстан обондору” радиосуна кеттим. Алып баруучулук жөндөмүм менен атым чыгып, элге ушу радиодон таанымал болдум десем болот. Андан соң “Азаттык” радиосунда иштедим. Кайрадан насип буйруп КТРдин баш директорунун чакыртуусу менен “21-кылым” радиосуна келдим.
– 21-кылымдын мурунку продюсери Динара Жусаева менен учурда мамилеңиздер кандай?
– Кадимкидей эле. Эми бул кызмат анын таятасынан же менин чоң атамдан мураска калган орун эмес да. Бул мамлекеттик кызмат. Эртең бирөө келип ”Тынчтык, сен кете бер. Рахмат эми” десе мен деле кетем. Эч ким мага бул кызматты түбөлүк­кө берген жок. Анткени, ар бир кызматтын деңгээли, мезгил талабы деген бар. Ал эми Динара эже менен жакшы мамиледебиз. Ал кишинин сегиз жылдык кызматы бар бул жерде. Ошону сый­лайм.
– Кызматтын чоң жоопкерчилигинен корккон жоксузбу?
– Жок. Бул мен үчүн карьерамдын биринчи баскычы гана. Мен келечекте медиамагнат болом деген тилегим бар. Буюрса, ошого жетем. Анын үстүнө жоопкерчиликтен корккондой жамаатыбыз аябай чоң дегендей деле эмес. Сырт кабарчыларыбыздан тышкары 18 киши иштейт.
– Кызмат абалы адамды өзгөртөт деп ойлойсузбу?
– Өзгөртөт. Бирок, кандай жагына өзгөртөт ал адамдардын өзүнө гана байланыштуу болот. Кай бири ошол мансабына манчыркап, башкаларды жогорудан карап теңсинбей калат. Алардын ичинен мурун бир сындырым нанды бөлүп жеген досторун карабай калгандар бар. Кай бири тескерисинче жакшы жагына өзгөрөт. Жок эле дегенде анын тышкы келбети, адаттары өзгөрө баштайт.
А сизде кандай өзгө­рүү­лөр болду?
– Мендеби, мен өтө деле өзгөргөн жокмун. Болгону мүнө­зүм мурункуга караганда курч, ишенимдүүрөөк боло баштады. Мурун болсо жумшак, ак көңүл болчумун. Азыр керек жерден катаал болгонго үйрөндүм. Элге эле эмес, биринчи кезекте өзүмө катуу талап коё баштадым. Бардык нерсеге жоопкерчилик менен карап калдым. Алтургай, чет жерде жүр­гөндө деле мынчалык жоопкерчиликти сезген эмес экенмин.
– Сизди Түркиядагы окуусун таштап кеткен деп айтып жүрү­шөт. Ушул чын­бы?
– Таштап деген сөз туура болбой калат го. Ал жакка атайын эл аралык келишимдин негизинде барган элек. Окуп жүрдүм, көптөгөн досторду күттүм. Бирок, ал жак мага негедир көңүлсүз, жагымсыз сезиле берди. Абасы башка, жашоо образы башка дегендей. Биздин чөйрөдөгү мүнөздөр жок, биздеги аңгыл-дөңгүл жолдор жок. ”Кыргызстан обондору” радиосунда иштеп жүрүп кеткен элем. Ошогобу, баягы шаң жок. Анан каникулга келгенде мурунку бирге иштегендерим Арстан, Лилия, Медерлер “Эмне кыласың ал жакта? Кетпей эле кой, бизде кал” деп көндүрүп коюшту. Өзүм деле араң жүргөн окшойм, калып калдым. Бирок, ал жактан көп эле пайдалуу нерселерди үйрөнүп келдим. Сайт ачуу жөнүндө идеяны да ошол жактан ойлонгом.
– Ал сайтты ачканыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Мен Түркияда жүргөндө Кыргызстан жөнүндө эч кандай сайт таба албай койдум. Бардыгы эле орус тилинде, эски материалдар. Кыргыз ырларын укканга, кыргызча пикир алышканга мүмкүнчүлүк жок. Ошондо кыргызча сайт ачсам деп тилек кылган элем. Сайтта адамдар кыргызча баарлашып жатканын элестетип кыялданчумун. Анан дос балдарга идеямды айттым. Алар колдоп беришти. Бирок, Түркиядан ачканга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Келгенден кийин эле катуу кириштим. “Кыргызстан обондорунан” кеткенимдин бир себеби да ошондон эле. Ошентип, студия ачып калгам. Көрсө, катуу каалаган тилегиңди Кудай берет экен. Мына азыр менин сайтыман көптөгөн адамдар керектүү маалыматын алып жатышат.
– Сиздин ийгилигиңизге сизден ашып сүйүнгөн адамдар барбы?
– Албетте, баласынын ийгилигине ата-эне өзгөчө кубанса керек. Бирок, тилекке каршы, ата-энем мен сегизинчи класста окуп жүргөндө авто кырсыктан улам кайтыш болуп кетишкен. Быйыл он төрт жыл болду. Жакында эле барып куран окутуп келдим. Он биртууганбыз. Мен эң кичүүсү­мүн. Ким билет, балким, ата-энем тирүү болсо, кетмен чаап айылда жүрмөкмүн же Москвада жүрмөкмүн. Анткени, атам: “Мен уулумду Москвадан окутам” деп тилек кылчу эле. Ал эми менин эркелигимди көтө­рө турган бир жакшы апам бар. Өзүмдүн апам эмес. Тууганчылыгыбыз деле жок. Ал менин группалаш кызымдын апасы. Таанышып калып бир кездерде чогуу турган элек. Ошол Нурила апам менен бардык кылык-жоругумду көтөрөт. Эркелеп да, акыл сурап да апама барам. Ал ар дайым кеңешин айтып “андай бол, мындай бол” деп түз жолго салган да ошол. Өзүнүн баласындай көрөт. Моралдык жактан ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Ошол апамды аябай жакшы көрөм.
– Өзгөчө кызыктуу, сизге унутулгус таасир калтырган учур болду беле?
– Негизи, тоого чыгып эс алганды жакшы көрөм. Түркиядан келгенден кийин дос балдарыбыз менен Ысыккөлдөгү Бөкөнбаев айылындагы Тастарата деген чокуга чыккан элек. Үч миң сегиз жүз метр бийиктикте жайгашкан. Чокусуна чыгып “Манас атанын ташказаны” бар деген сөздү угуп, ошону издеп барып таппай койгон элек. Чокуга чыксаң көл жер шарына окшоп тептегерек. Анан да үстүнөн буу чыгып тургандай көрүнөт экен. Булуттар да жапжакын сезилди. Чокудагы таштарга бастырылган жылтырак баштыктарды таптык. Алардын ичинде 1960-жылдары альпинисттер жазып кеткен жазуулар сакталган. Ушунчалык сулуулукту көргөн эмесмин. Ошол минуталарды такыр унута албайм. Кайгырган да, кубанган да күндөрүм болду. Бирок, ушул нерсе эч эсимден кетпейт.
– Сүйүү бар экенине ишенесизби?
– Ооба, өзүмө ишенгендей ишенем.
– Өзүңүздүн башыңыздан өт­көн беле?
Чоң сүйүү деп деле айта албайм. Бирок, азыр ойлосом ошол кызды жакшы көрчү экенмин. Бул окуя мен студент болуп жүргөндө болгон. Ал кыз биз менен бирге окуган шаардык кыз эле. Анан группадагы бир бала экөөбүз аны ич ара тирешип талашчубуз. Эч кимге билгизбей, алтургай, өз ара сөз кылбай көз караштарыбыз менен талашчу элек. Мээримдүү, түшүнүктүү, анан аябай чыгармачыл кыз эле. Менимче, мени ошонусу менен тартса керек. Бирок, акырында экөөбүздү тең карабай кеткен.
– Мурда сизди көп учурда кепкачан көрчү элек. Азыр деле кепка кийип жүрөсүзбү?
– Азыр көп кийбей калдым. Кийем, бирок, жумуштан тышкары эркин жүргөн мезгилдерде. Негизи, өзүм жеңил кийингенди жакшы көрөм. Бул жакка ишке келгенде бир да костюмум жок болчу. Анан бир досум келип “кой эми, бул кызматка келгенден кийин костюм кийип жүрбөсөң болбойт” деп жакында эле костюм белек кылды.
– Өзүңүз качан үйбүлө күтө­сүз?
– Кудай каалаган күнү.
– Үй ишине кандайсыз?
– Айылда өскөндүктөнбү, чарбачылык кылууну жакшы көрөм. Кийин үйбүлөм тура электе самоор кайнатып күтүп турсам деп кыялданам. Негизи, креслодо чалкалап жатып алган күйөө болбой, күйүмдүү күйөө болоорум анык.
– Канча балалуу болгуңуз келет?
Кудай канча берсе ошончо. Балдарымды аябай эркелетет болушум керек. Анткени, балдарды аябай жакшы көрөм.
– Эгерде сизди сыртыңыздан бир кыз жактырып калса кандай мамиле жасаар элеңиз?
– (күлүп) Кана, ал кыз кайда экен? Негизи, күйөрман кыздарым деле бар. Алар менен жолугуп, пикир алышып дегендей жакшы эле мамиледе жүрөм. Бирок, андан ары кетпейм.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 190, 23-29-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан