Айтурган Темирова: «РАДЖ КАПУР МЕНИ ИНДИЯ КИНОСУНА ТАРТЫЛУУГА ЧАКЫРГАН»

– Айтурган эже, сизди элиңиз белгилүү актриса катары таанышат. Эми ырдап чыгууну чечкен экенсиз. Буга ким же эмне түрткү болду?
– Мен Чехияда үч жыл бою жалаң тил үйрөнүү менен алек болдум. Тил билбеген кезимде өзүм менен өзүм элем. Чөйрөм тар болчу. Кийин тилди үйрөнүп, эркин сүйлөп калганымдан баштап тааныштарды күтүп, алар менен аралаша баштадым. Бир күнү конокто музыка жаатынан жакшы кабары бар бир инсан менен чогуу отуруп калдык. Ал менден кыргыздар, биздин үрп-адатыбыз тууралуу сурап отуруп, акыры сөз кыргыздын музыкасына өсүп жетти. Ушундан улам ме­ни «кыргызча ырдап берчи?!» дей баштады. Мен мындан бир канча жыл мурун театрда иштегенде ырдап жүрчү «Эскерүү» деген ырды созолонтуп кирдим. Ушул ушул болду. Баягы музыкант мени өзүнүн концерттерине ала кетип жүрдү. Кайсы жерге концерт коюп барбайлы элдер мени аябай жакшы тосуп алып жатышты. Сахнадан кетирбей суранышат. Кайра ырдайын десем, «Эскерүүдөн» башка ырым жок. Диск жаздыруу да ушундан улам оюма келди.
– Диск Кыргызстандан чыктыбы?
– Үстүбүздөгү жылдын кыш айларында келгенде бул жактагы композиторлор Камчыбек Букалаев, Эрик Кадырбаев, Райхан Бейшеналиевалар менен таанышып, ырларымды жаздырып кеткен элем. Бул жактан ырларымды гана жаздырып кеткеним болбосо, жасалгалоо, башка нерселеринин баары Прагадан даярдалды. Сапаттуу болот деп ошол жактан чыгартууну сунуш кылышты.
– Анда сапатына жараша сарпталган чыгымы да бул жакка караганда кымбат болсо керек?
– Албетте, бир топ кымбатка түштү. Мен демөөрчү тапканды да билбейт экенмин. Диск чыгартуунун чыгымы жолдошумдун чөнтөгүнөн кетти.
– Дискиңиз Чехияга да таратылдыбы?
– Келишим боюнча алар тарап чыгарган дискинин 60 пайызын алып, өздөрү сатышмак. Сатыкка чыгыптыр деп уктум. Мен болсо бул жакка эки жарым миң даанасын ала келгем.
– Компакт-дискиңизден кайсы багыттагы ырларды уга алабыз?
– Компакт-дискке атайын эч ким ырдай элек ырларды чогулттум. «Аруузат» деп аталган бул альбомдогу ырлардын баары фольклор жанрындагы чыныгы кыргызча ырлар.
– Эже, жолдошуңуз менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
– Жолдошумдун кесиби геолог. Орто Азияга жумуштары менен келип турат. Өз улуту чех болгону менен Американын атуулу. Павел экөөбүз мындан бир канча жыл мурун кокусунан таанышып калганбыз. Бир жыл жөн гана мамилелеш болуп жүрдүк. Кийин сүйүп калганын айтып, чогуу түтүн булатуу тууралуу оюн билдирди. Мен дагы ойлонуп көрүп, каршы болгон жокмун. Анткени, анын бир жыл ичинде кандай адам экенин сынымдан өткө­рүп бүткөн болчумун. Анын дагы мен сыяктуу биринчи үйбүлө­сүнөн жолу болгон эмес экен. Азыр Чехиянын Брно деген шаарында жашайбыз. Кайнене-кайнатам аябай жакшы кишилер. Алар менен чогуу жашабасак да бат-бат кабар алышып турабыз. Мен жолдошумду сүйөм, жолдошум мени сүйөт. Мен өзүмдү чексиз бактылуумун деп эсептейм.
– Экөөңүздөр кайсы тилде сүй­лөшөсүздөр?
– Ал орус тилин эң жакшы билет. Кыргыз тилинде да анча-мынча сүйлөп калат. Бирок, экөөбүз орус тилинде баарлашабыз.
– Уул-кызыңыз кайда?
– Кызым Сүйүтай Бишкекте. Эки уулдун энеси, жолдошунун сүйүктүү жары. Өзү аябай билимдүү кыз. Чет өлкөлүк компаниялардын биринде иштейт. Уулум Чыңгыз болсо Франциядан аспирантураны, магистратураны бүтүп, учурда ошол жакта университетте мугалим болуп иштейт. Үйлөнө элек.
– Кыргызстанга канча убакытта бир келип турасыз?
– Кызымды, неберелеримди сагынып кеткенде бир жылда бир келип турам. Уулум болсо мага жакын турат. Ага бир жумада бир жолу эле автобуска түшүп алып барып калам.
– Чехиядан актри­салык карьераңызды улантуу жө­нүн­дө ойлондуңуз беле?
– Ойлошун го ойлонгом. Бирок, тил билбесең кино түгүл театрга албайт эмеспи. Мына жакында гана театрга, андан кийин киного тартылууга чакырышты. Андыктан, карьерамды эми баштаганы турам. Бирок, кичине ролдорду беришет экен. «Сиз Кыргызстандын чоң актрисасы экенсиз. Кичине роль берип койсок таарынбайсызбы?» деп жатышпайбы. «Жок, таарынбайм. Мен негизгиси өзүм сүйгөн кесип менен иштесем болду» дедим. «Азырынча ушуну ойноп туруңуз. Бара-бара чоң ролдорго өтөсүз» дешти.
– Акыркы тартылган фильмиңиз кайсы болду?
– Геннадий Базаровдун «Карагыз» фильми болду. Чакырышты эле, атайын келип, тартылып берип кеттим.
– Сиз киного гонорарына карап тартыласызбы?
– Жок. Мен азыркы кыргыз киносунун абалын жакшы түшүнөм. Жогоруда айтылган фильмге да дээрлик бекер эле тартылып бергем. Режиссёр «бизде акча жок» деп жагдайды тү­шүн­дүргөн­дө чын дилимден эле тартылууга макулдугумду бергем. Анын сыңарындай, азыр деле жакшы киного тартылууга чакыруу болсо гонорарын эске албай эле тартылып бермекмин.
– Алгачкы тартылган фильмиңиз кайсы болгон?
– «Ысык­көл­дүн кызгалдактарындагы» Калийчанын ролу алгачкы жараткан ролум болгон. Анда болгону 8-класста окучумун.
– «Ак кеме» фильминде индия ырын созолонто ырдаганыңызды кыргыз киносүйүүчүлөрү билишет. Ошол ыр өзү­ңүздүн үнүңүз менен ырдалды беле?
– Өзүм ырдагам. Болгондо да сөздөрүнүн маанисине карабай эле радиодон угуп жаттагам. Сценарий боюнча мен кыргызча эле ырдашым керек болчу. Кийин ал ырды негедир Орозбек Кутманалиевге беришип, мага индияча ырды жаттатып коюшкан. Кийин ушул фильм менен Ташкентке фестивалга барып калбайлыбы. Барсак, ал жакта индия киножылдызы Радж Капур жана башкалар жүрүшөт. «Мына, ырдабайм десем болбой силер жаттатып... Эми уят болом» деп ыйлактап жүрөм. Биздикилер «Ой, эч нерсе болбойт» дешет. Бир маалда карасам, Радж Капур менен котормочусу мени көрсө­түп эле бир нерселерди сүйлөшүп жатышыптыр. Андан бетер жүрөгүм түш­тү. Анан мен жакка басып келе жатышат. «Ии, өлгөнүм ушул экен. Азыр мени уят кылышат» деп турсам эле котормочусу «Айтурган, бул ырды өзүңүз ырдадыңыз беле?» деп калды. Сыр бербей «Эмне экен?» десем, «Радж Капур аябай жакшы ырдаптыр деп жатат» дебеспи. «Өх» деп бир дем алып алдым да: «Ооба, өзүм ырдагам!» дедим сыймыктана. Ошондо Радж Капур индия киносуна чакырмай болуп, мени мактап, батасын берген.
– Ушул эле фильмдеги Бугу Эне алып чыккан бешиктеги бала сиздин кызыңыз экен дешет. Ошол чынбы?
– Ооба, ошол Сүйүтай болчу. Съёмканын ошол жерине келгенде эч ким баласын бербейт. Ким бермек эле? Мен анда 6 айлык кызымды көтөрүп алып киного тартылып жүргөмүн. Бир маалда эле мени бирөөгө кошуп дүкөнгө жөнөтүп калышты. Мени менен дүкөнгө чогуу барган жигит бир нерселерди сүйлөп эле мени алаксытып турат. «Кызым уктап жатат. Ойгоно электе кетели» деп чыйпылыктасам да болбойт. Акыры дүкөндөн чыктык. Съёмка тартылып жаткан жерге жакындаганда тыңшасам, менин кызымдын ыйлаганы угулуп жатат. Карасам, бешик тээ көлмөнүн ортосунда жүрөт. Көрсө, мени алдап дүкөнгө жөнөтүп жиберишип, бешикке менин кызымды бөлөй салышыптыр. Бардык коопсуздуктар каралган болчу, ошентсе да кызымды колума алганча жүрөгүм оозума капталып кала жаздаган.
– Мурунку тартылган фильмдериңизди көргөндө кандай абалда болосуз?
– Албетте, жаштыгымды эстейм. Советтик доорду эстейм. Менин ар бир жараткан ролумда өзүмдүн тагдырымдын үзүмдөрү камтылган.
– Алдыдагы пландарыңыз кандай?
– Айтылып өткөн диским жакшы сатылып, киреше алып келсе, ошонун акчасына күзүндө концерт уюштурууну пландаштырып жатам. Ал концерт өзүм актриса болгондуктан, театралдаштырылган формада өтмөк­чү. Ал үчүн өтө көп эмгек жумшалаарын сезип жатам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 191, 30-июнь-6-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан