Гyлмира Рысбаева: «ТАЖИК КЫЗЫ ЭКЕНИМДИ БОЙГО ЖЕТИП КАЛГАНЫМДА БИЛДИМ»

Гүлмира Рысбаева 1985-жылы 12-октябрда Нарын шаарында төрөлгөн. Апасынын кызматына байланыштуу 2 жашынан баштап 7 жашына чейин Казарман шаарчасында өскөн. 7 жашынан 20 жашына чейин белгилүү эстрада ырчысы Динара Акулованын колунан тарбия алган. Эки бир туугандын улуусу. Бойдок.

– Гүлмира, сенин чоң сахнага чыгып, эл көзүнө көрүнө баштаганыңа бир топ жыл болуп калыптыр. Чыгармачылыкка болгон кызыгууң кайсы мезгилден баштап ойгоно баштаган?
– Мен балабакчада жүргөн 3 жашымдан баштап ырдай баштаган экенмин. Жашым өйдөлөгөн сайын ырга болгон кызыгуум күчөгөндөн күчөп, бир ордумда тура албай эле бийлеп, ырдай берчүмүн. “Майрамдарда сени көчөгө ээрчитип чыккандан кадимкидей заарканчумун” дейт апам. Анткени, майрамдык концерт болуп жаткан жерге барып «ырдайм» деп чыр салган адатым бар эле. Ошентсем айла жок апам мени ырдатканга мажбур болчу экен. Анан уюштуруучулар, көрүүчүлөр ар кандай белектерди беришчү. Элдер «кызын ырдатып, белек алып жатат» дешпесин деп апамдын ансайын бети кызарчу экен. Ошентип жүрүп Казармандын элине бат эле белгилүү болуп калдым. Майрамдарда өздөрү чакырып ырдата башташты. Ал эле эмес, 6 жашымда Бишкекке чакыртышып, телевидениеге тартышкан.
– Динара Акуловага канча жашыңда келдиң эле?
– Анда жети жашта болчумун. Ал мындайча болгон. Мен негизи тилим чыгып, акылыма киргенден баштап эле Динара Акулованы кумир тута баштагам. Телевизордон көрүп аны туурап, «Аккуу белең айперим», «Аккордеон» аттуу ырларын ырдап калчу элем. Казарман эли да мени ушул ырларды ырдаганымдан улам “Ырчы кыз” деп жакшы таанышчу. Бир күнү эле апам “Динара Акулова концерт коюп келатыптыр” деп калды. Сүйүнгөнүмдү айтпаңыз! Убакыт дегеле өтпөйт. Кыскасы, ошол күнү концертке бардык. Апамдар эрте эле барып, мага экинчи катардан орун алып коюшуптур. Кумир туткан ырчыларымды жакындан көргөнгө тим эле кубанычым коюнума батпайт. Бир маалда ырдап жатып эле Динара Акулова “Келгиле, чогуу ырдайбыз, каалоочулар бийлесе болот” деп калды. Отургандардын эч кимиси деле орундарынан козголгон жок. Жалгыз эле мен сахнага чыгып алып бийлеп да, Динарага кошулуп ырдап да жаттым. Менин талантымдан кабары бар жердештерим мени андан бетер сүрөшүп, “биздин кызыбызды ырдаткыла, алып кеткиле!” деп кыйкырып калышты. Анан мени ырдатышты эле, “Аккордеон” менен “Аккуу белең айперимди” ырдап бердим. Абдумалик Шерматов “Биз менен кетесиңби?” деп сурады эле эч такалбай туруп эле “Кетем” дедим. Ошол жерден эле “кызыңызды алып кете берелиби?” деп апамдан сурашканда апам да көп элдин көзүнчө эмнегедир башын ийкеп койду. Эл батасын берип, кыскасы, мен кетмей болдум. Ошол күнү артисттер биздин үйдө конок болду. Эртең менен баары уктап жатышканда эрте туруп мектепке барып, китептеримди тапшырып, мугалимдер, классташтарым менен коштошуп келдим. Анда мектепке бара баштаганыма болгону 23 күн болгон экен. Анан туугандарыбыз келип өздөрүнчө кеңешишип, он күндөн кийин кайра келмей болуп биз жөнөп кеттик.
– Анан он күндөн кийин кайра бардыңбы?
– Кайдан? Он күн эмес, бир ай өтүп кетсе да эмнегедир апамды, үйдү сагынган жокмун. Бишкекке келип мага ырларды жаздырып, кайра эле Ошко гастролго кеттик. Ырдын кызыгына батып көп убакыт өтүп кеткенин да билбей калыптырмын. Бирок, апам менен телефон аркылуу бат-бат сүйлөшүп турдум. Өзүм болсо чоочун үйбүлөгө бат эле көнүп кеттим. Абдумалик Шерматовду “папа” деп, Динара Акулованы “мама” деп Меридина менен ойноп, кыскасы, ушул үйбүлөнүн мүчөсү болуп калдым.
– Ошол боюнча Казарманга барган жоксуңбу?
– Көп өтпөй эле апам шаарга көчүп келип алды. Ошондуктан, ал жакка 10-класста окуп жатканымда гана концерт коюп бардык. Мен ырдап жатканда залга жык толгон элдин арасынан ыйлап жаткандарга күбө болдум. Концерттин аягында менин кичинекей кезимдеги сүрөттөрүмдү көтөрүп келишип, “мен сенин кошунаңмын”, “мен сенин тууганыңмын”, “мен классташыңмын” дегендер көбөйдү. Мен алардын бирөөсүн да тааныбай калыптырмын.
– Гүлмира, сени көпчүлүк кыргыз эмес дешет...
– Ошентип айтышат. Анткени, мен тажик кызымын. Апам Москвада окуп жүргөндө атам менен таанышып, экөө үйлөнүп алышкан экен. Бирок, “алыс жер, улуту башка” деп апамдын туугандары каршы чыгып, Тажикстанга жибербей коюшуптур. Ал кезде мен апамдын боюнда экенмин. Ошентип, жада калса мен атамды көрбөй да калыптырмын. Болгону сүрөтүнөн көргөм. Экөөбүз куюп койгондой окшош экенбиз. Мен төрөлгөндө апам мага Феруза деп ат коюп, Наимова деп атамдын фамилиясына жаздырган экен. Бирок, таятам буга каршы болуп, менин атымды Гүлмира деп өзгөртүп, фамилиямды өзүнүн фамилиясына жаздырып алыптыр. Азыр балким аты-жөнүмдү өзгөрт­пөгөндө атам издеп таап алмактыр деп ойлоп коём. Жаш кезимде “Апа, атам каякта?” деп сурасам, апам “командировкада” деп койчу. Кийин чоңойгонумда гана баарын төкпөй-чачпай айтып берген. Ошентип, тажик кызы экенимди бой жетип калганымда гана билгем. А апам болсо азыр башка турмушка чыккан. Атам мени өз кызындай кылып аябай жакшы көрөт. 4-класста окуган иним бар.
– Силер көбүнчө эле гастролдордо жүрчү эмес белеңер? Ушул гастролдор мектептеги сабактарыңа тоскоолдугун тийгизчү эмес беле?
– Ырас, гастролдорго көп кетчүмүн. Сабактан суранган мен үчүн өзүнчө эле чоң маселе болчу. “Эже, он күнгө гастролго барып келейин” десем, “Сенин он күнүңдү билем, бир ай жоголосуң” деп жатып араң жиберчү. Айткандай эле бир ай дегенде келчүмүн. Ошентсе да берилген тапшырмаларды алдын ала аткарып, же келгенден кийин окуп, классташтарыма жетишип алчумун. Биз, Мирбек Атабеков экөөбүз мектепти бир партада отуруп бүттүк. 9-классты бүтүп жатканда Мирбек биологиядан экзамен тапшырам деп кирип кетти да, кайра бат эле чыкты. “Кайсы суроо келди?” десек, “Мен суроого жооп берген жокмун, ырдап берип баа алып алдым” дейт. Анын артынан эле мен кирдим. Мугалим “сен да ырдап бересиңби?” дейт. Мен болсо суроолордун баарына даяр болчумун.
– Мектептеги кечелердин көркүн экөөңөр ачсаңар керек эле?
– Экөөбүз эле эмес, биздин мектепте жалаң артисттердин балдары окучу. Биз – Динара Акулованын үч кызы, Сыймык Бейшекеевдин эки баласы, Айчүрөк Иманалиеванын Аргени, Ырыскелди Осмонкуловдун уул-кызы. Биздин катышуубуздагы мектептеги чакан кечелер да өзүнчө эле чоң концертке айланчу. Жада калса мен бүтүп кеткенден кийин да чакырышып, кечелерде ырдап берип жүрдүм.
– Мектепти бүткөн соң, чоң окуу жайга тапшырдыңбы?
– Азыр музыкага тиешеси жок эле окуу жайда 2-курста сырттан окуйм. Кээде ал окуумду таштап, музыка жагына тапшырсамбы деп дагы ойлоп кетем.
– Гүлмира, сен элдин эсинде “Кичинекей Гүлмира” боюнча эле калып калгандайсың. Ортодо сахнага көп чыкпаганыңа эмне себеп болду эле?
– Мени азыр кээ бирлер “Баягы кичинекей Гүлмира сенсиңби?” деп тааныбай калышат. Чын эле ортодо менин ырдаганымды көрбөй калгандыктан ушинтишсе керек. Мен мектептеги окуума тескери таасирин тийгизбесин деп ырга көп бериле берген жокмун. Анын үстүнө бир үйдөн көп ыр­чы чыккан болбойт экен. Бизден мамам, мен, Малика ырчы болгондугубуздан, бирибиздин маселебиз бүтсө бирибиздики чыгып жатып мага көп көңүл бурулбай калды окшойт. Мына, буюрса, чыгармачылыкка эми киришкени турам.
– Чыгармачылыкка киришкениң го жакшы экен, бирок, экинчи апаң болуп калган Динара Акуловадан кетип калганың жаман болуптур.
– Кеткеним чын. Муну ар ким ар кандай айтып жатышыптыр. Мына, менин Динара Акуловага келгениме 12 жылдын жүзү болуптур. Ал мени бакты, тарбиялады дегендей. Ушунусуна рахмат. Менин бөлүнүп кеткенимдин бир гана себеби бар. Бирөөнүн моюнунда отура бербей уямдан учуп, өз алдымча жем таап жейин деп чечтим. Болгону эле ушул.
– Ошентсе да 12 жылдан бери чогуу жашап, эми бөлүнүп кеткен өкүнүчтүү болсо керек?
– Өзүм ушинтип чечкенден кийин өкүнгөн жокмун.
– Кеткенден бери кабарлаштыңарбы?
– Башында кабарлашып турчубуз. Көптөн бери алар өз иштери менен алек болуп, мен өз ишим менен алек болуп кабарлаша элекпиз. Азыр алардын кайда экенин да билбейм.
– Азыр өз апаң менен чогуу жашап жатасыңбы?
– Апамдар Арчабешик жаңы конушунда турушат. Алгач алар менен чогуу жашадым. Бирок, көп жылдан бери бардык шарты бар кабаттуу үйдө жашап, ошондой үйгө биротоло көнүп калыптырмын. Ошондуктан, азыр шаардын борборундагы байкемдин үйүндө жашап жатам.
– Эми сага чыгармачылык жактан ким колдоо көрсөтөт?
– Мен өзүмчө иштеп жаткан төрт айдан бери азыр мен үйүндө жашап жаткан Алыкожоев Турат аттуу чоң кызматта иштеген байкем финансы жагынан да, чыгармачылык жактан да колдоп келе жаткан. Бирок, ал чыгармачылыктан алыс чөйрөдө жүргөндүктөн, чыгармачылыктын ой-кырларын жакшы биле бербейт. Ошондуктан, мен дагы башка жаш ырчылар сыяктуу өзүмдүн продюсерим Назгүл Насиева менен чыгармачылык жактан тыгыз иштешип жатам. Буюрса, экөөбүз көп иштерди баштаганы турабыз. Ошондой эле Жаныш Момунов жакшы жардам көрсөтүүдө.
– Азыр сахнага чыкканына жыл айлана элек ырчылар жеке концерттерин берип жатышат. Сенин сахнада жүргөнүңө он жылдан ашып калса да жеке концертиңди бере элек экенсиң...
– Мен он жылдан ашык убакыт ичинде ырдаганды гана үйрөнбөй, уюштуручулук иштерди да өздөштүрүүгө жетиштим. Буга албетте, Динара Акулованын салымы чоң. Андыктан, жеке концертимди элге тартуулаганга эми убакыт жетти деп эсептейм. Буюрса, концертти күз мезгилинин аягына пландап жатабыз.
– Концертиңе Динара Акулованы да чакырасыңбы?
– Албетте, аларды биринчи кезекте чакырам. Малика экөө келишип, жакшы сөздөрүн айтып, ырдап берип кетишет деген үмүтүм бар.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 193, 14-20-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан