Кикбокс боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүмбаев: «СЫНГАН БАРМАГЫМ МЕНЕН АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУН УТУП АЛГАМ»

ИЙГИЛИКТЕРИ:

  • Дүй­нө­­нүн эки жолку чемпиону
  • Дүйнө кубогунун жең­­­­­­­­­үү­­­чүсү
  • Азия чемпиону
  • Евразиянын чемпиону
  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери

– Мирбек, спортко кызыгууңуз канча жашыңыздан башталган?
– Мен бала кезимден, башкача айтканда, 6-7 жашымдан баштап эле спортко кызыкчумун. Буга Брюс Ли тартылган кинолор чоң таасир берген десем болот. Анын кинолорун көргөндөн кийин өзүмдү Брюс Ли элестетип кыялданчумун. Ошондон улам капка кык толтуруп “груша” жасап, сарайга илип алып ургулап машыкчумун. Эң кызыгы, ал кезде кикбокс эмне экенин билбесем да, бутум менен да, колум менен да иштечүмүн. Көрсө, ошонун баары мага келечегиме пайдубал болуп бериптир. Мен машыгуудан тажабастан, кайра андан күч-кубат алчумун. Мектепти бүткөндөн кийин Талас шаарында “ушу-саньда” деген спорттун түрүнө катышып жүрдүм. Андан соң Бишкекке келип кикбокс, ушу-саньда боюнча Байкулов Нурландын көзөмөлүндө жүрүп, машыктым. Ошол эле учурда бир тууган агам Шербек менен эркин күрөшкө да барчумун. Анан аскерге кызмат өтөөгө кеттим. Аскерде өзүм менен кошо кызмат өтөп жаткан балдарды, офицерлерди бокс боюнча машыктыра баштадым. Ушундан улам мага күнүнө кечинде Токмок шаарына барып, бокс менен машыгуума уруксат беришкен. Ал жерден бокстун алгачкы сабактарын Шарапов деген адамдан алган элем.
– Атыңызды чыгарган “Гермес-Профи” клубуна кандайча келип калгансыз?
– Аскерден келгенимде спортко болгон кызыгуум күч алды. Ошол учурда дүйнөлүк чемпион наамына Кыргызстандан белгилүү кикбоксёр Шабан Шадманов чыгат дегенди угуп, таймашты көргөнү стадионго баргам. Ошондо биринчи жолу чоң рингди көрдүм. Таймашты көрүп жатып өзүмдүн күчүмө ишенич пайда болуп, “мен дагы эл аралык рингге чыгып, чемпион боло алам” деп өзүмө сөз бердим. “Гермес-Профи” деген клубду угуп жүрчү элем. Көп өтпөй аталган клубду издеп таап бардым. Кирсем, балдар Украинада өтүүчү дүйнө чемпионатына даярданып машыгып жатышыптыр. Машыктыруучу жокто мен Рома деген балага “Мен бул жерге машыкканы келдим” дедим. Ал мени көчө­дөгү жаш бала деп ойлосо керек. Анткени, анда өзүм да жаш, боюм кичине эле да. “Бул сен машыга турган жер эмес. Бул деген “Гермес-Профи” деп намысыма катуу тийген сөздөрдү айтты эле чыдабай кетип, “Кана 54 килограмм салмактагы балаңды чыгарчы” дедим. Айтканыма көнүп, Дүйшекеев Таалай деген бала экөөбүздү рингге чыгарышты. Ыза болгонумданбы, чыгып эле катуу мушташа баштапмын, эки раунддай күч сынаштык. Экөөбүздүн тең мурдубуздан кан кеткенде Кален Асанович деген машыктыруучу келип токтотуп койду. Сыягы, урушканым ага жакса керек, “эртең кел” деди. Ошол учурда Кален Асановичтин баласы “Гермес-Профиден менин мушташканымды көрүп, “Сухебаторго окшош бала келди” деп айткан экен. Минтип айтканынын себеби, ошол учурда өзү окуп жаткан монгол баатыры Сухебатор жөнүндөгү китептин каарманына окшоштуруптур. Ошондон улам «Боевой» кличкам «Сухебатор» болуп калган. Эртеси барып балдар менен кошо катарда турсам, Воинов келип: “Вчерашний кто?” деди. “Мен” десем: “Кийинип рингге чык” деди. Рингге чыгып, дагы би­рөө менен уруштурат го деп турсам, ко­лу­на бокс кол кабын кийип алып Воинов өзү чыгып келатат. Ошентип, Воинов менен алгач рингден жолуктум. Ал мени болушунча сабады, урду, алым жетпесе да андан кем калбай согуп, асыла бердим. Эмнегедир ошондо чарчаган эмесмин. Урушуп бүткөн соң, “эртеңден баштап машыга баштайсың” деди. Ошондон бери Воиновдун кол алдында машыгып келатканыма быйыл 11 жыл болду.
– Алгачкы чоң рингдеги беттешүү эсиңизде болсо керек?
– Албетте, эсимде. “Гермес-Профиге” кирип машыга баштаганыма 20 күн болгондо эле мага Украинага дүйнө чемпионатына бараарымды айтышты. Ошондо сүйүнгөнүм­дөн көпкө чейин өзүмө келе албай дел болуп турганым эсимде. Анан дагы дүйнөлүк аренада мушташуу оор жана кара адамдарды (негрлер) катуу урушат деп ойлогом. Бирок, Украинадагы мушташты көргөн­дөн кийин өзү­мө ишенүү пайда болду. Ал жерде эки атаандашымды жеңип, үчүнчү беттеште монгол улутундагы атаандашымдан утулуп калгам. Анткени, ал кезде менде профессоналдык тажрыйба жок болчу. Ошентсе да дүй­нөлүк чемпионаттан 3-орун менен мекениме кайткам.
– Спортчу үчүн ийгиликтин ачкычы эмнеде деп ойлойсуз?
– Спортто болобу, турмушта болобу ийгиликке жетишүү ар бир адамдын өзүнөн. Адам өзүнүн көздөгөн максатына ишенимдүү кадам жасап, эмгектенсе, ал сөзсүз ийгиликке жетишет. Спортто деле ошол, эгерде көп эмгектенип, машыгууну калтырбасаң, алдыңкы орун сеники. Анан дагы өжөрлүк да ийгиликке ачкыч боло алат. Ошондой эле спортчунун профессионалдуу спортчу болушуна машыктыруучунун да салымы чоң.
– Өзүңүздү профессионалдуу спортчумун деп эсептейсизби?
– Өзүм эсептебесем да мени профессионалдардын катарына кошушат. Анткени, 1997-жылы профессионалдар арасында дүйнө чемпиону болгом. Көптөгөн дүйнө чемпиондору менен беттешип жеңишке жетишип, жакшы жыйынтык көр­сөтүп келатам. Бирок, мындан да тажрыйбалуу болуу– максатым.
– Сизди бакытка бөлөгөн жеңишиңиз кайсы болгон?
– Ал менин 22 жашымдагы жеңишим десем болот. Москвада өткөн дүйнө чемпиону наамы үчүн таймашта тайбокс боюнча дүйнө чемпиону, кикбокс боюнча Европа чемпиону 28 жаштагы Жон Квинтон деген улуту англичан менен рингге чыгып калдым. Ошондо атаандашымды 12 раунд аралыгында эки нокдаун менен утуп “дүйнө чемпиону” деген курду утуп алганымда бакытка бө­лөнгөм. Бирок, бул менин спорт жолумдагы эң оор беттештеримдин бири болуп калган.
– Утулуп калып, катуу ыза болгон учуруңуз болду беле?
– Болгон. 1999-жылы мекенибизде өт­көн Дүйнө чемпионатында утулуп калгам. Таймашка кызуу даярданып жатып суук тийгизип алыпмын. Беттешке үч күн калганда төшөктөн такыр турбай калдым. Александр Воинов бир нече жолу келип “беттештен баш тарт” деди. Бирок, көкжал мүнөзүмдүн айынан ооруп жатсам да рингге чыгып алдым. Эки атаандашымды утуп, үчүнчү орус атаандашымдан утулуп калдым. Ошондо ыза болуп туталанганымды сураба. Өз жеримден уттуруп жибердим деп намыстанып көпкө чейин үйдөн чыкпай жатканмын.
– Таймаш учурунда катуу жаракат алгансызбы?
– Таймаш учурунда ар бир спортчу сөзсүз жаракат алат. Ташкентте өткөн Азия чемпиондугу үчүн беттеште катуу жаракат алгам. Казак атаандашым менен мушташып жатканда бутумдун баш бармагы сынып, “открытый перелом” болгон. Муну көргөн Воинов “эртең рингге чыкпайсың” дегенине болбой көгөрүп, доктурга көрүнбөстөн качып кеткем. Анткени, беттеше турган атаандашымдын деңгээлин билчүмүн жана утуп алаарыма көзүм жеткен. Сынып калган бармагымды ачып жаап, балдарга “фокус-мокус” деп тамашалап ойноп жаттым. Кечинде бармагымдын эти көрүнүп, салаңдап турса да, бекем таңып алып беттешке камдана баштадым. Машыктыруучум Александр Воинов да келип, рингге чыкпоого көндүр­гөнгө аракет кылды. Бирок, машыктыруучумдун да, башканын да сөзүн укпай көгөрүп туруп алдым. Эртеси рингде кызуу кандуулугум менен бутумдун сынганын да унутуп калыптырмын. Баш бармагы сынып калган бутум менен ого бетер тээп жатып атаандашымды утуп алгам.
– Спорт жолунда тапкан чоң белегиңиз?
– Профессионалдар арасында дүйнө чемпиону болгонумда машыктыруучум Александр Воиновдун жардамы менен борбордон эки бөлмөлүү квартира алгам. Анан туулган жериме барганымда ошол кездеги Талас шаарынын губернатору Темирбек Акматалиев “Нур” деген кинотеатрдын имаратын “балдарга машыктырууга зал кылып бер” деп мага бөлүп берген. Учурда ал жерде 20дан ашык жаш спорт сүйүүчүлөрү машыгып жатышат. Ал балдарга өзүм жетекчилик кылган “Геракл-Мир” коому колдоо көрсө­түп турат.
Үйбүлөңүздө сизден башка ким спортко кызыгат?
– Негизи, менин үйбүлөм спортко жакын. Эжелерим убагында жеңил атлетика боюнча область, райондордон биринчиликти алып жүрүшчү. Ал эми агам эркин күрөш боюнча спорт чеберине кандидат. Кичүү иним кикбоксинг боюнча Азия чемпиону.
– Мүнөзүңүз ата-энеңиздин кимисине окшош?
– Мүнөзүмдө экөөнө тең окшош жактары бар. Мээнеткечтигим апама окшош, ал эми эпчилдигим атама окшош. Атам азыр 74 жашта болсо да, атты жайдак минип кетет.
Үйлөнүү жакынкы пландарыңызда барбы?
– Негизи, үйлөнүү планда бар. Болгону мен көңүлүмө толгон кызга жолуга элекмин.
Үйлөнгөндөн кийин “бал айын” сүйүктүүңүз менен кайдан өткөрөт элеңиз?
– Көптөгөн өлкөлөрдү көрүп келдим. Ар бир өлкөнүн суктана турган кооздуктары бар. Эгерде чын эле үйлөн­­гөндөн кийин ушундай мүмкүнчүлүк болуп калса, Хорватия өлкөсүнүн Дубровник шаарына бармакмын. Себеби, ал жер өзүнүн кайталангыс көркөмү менен мага жагат.
Сүйүү сезимине кабылдыңыз беле?
– Кабылгам. Бирок, ал балалык сүйүү болсо керек. Бой жеткенден бери бул сезимге жолуга элекмин.
Улуту башка кызды сүйүп калсаңыз үйлөнөт белеңиз?
– Эгер чындап сүйүп калсам, үйлөнмөкмүн. Бирок, андай болушу мүмкүн эмес. Себеби, баары бир кыргызымдын кыздарына жетпейт.
– Спортчунун өмүрлүк жубайы кандай болуусу керек?
– Спортчунун жубайы болобу, башканын жубайы болобу аялзаттын негизги милдети үйбүлөсүнө мээримдүү жана камкор болуу. Ошондой эле менин жубайым да жароокер, түшүн­үктүү болуусун каалайм.
Чет өлкөгө барганда эсиңизде калган кызыктуу окуялардан айта кетсеңиз?
– Бизде кызыктуу окуялар абдан көп болот. Францияга Дүйнө­лүк чемпионатка бардык. Биздин балдардан Өткүр Кудаяров менен Руслан Абазов 2-орунду ал­ыш­ты. Мен финалга чыга турган болдум. Кечинде Эйфель мунарасына барып, шаар кыдырып келгиче түнкү саат эки болуп кетиптир. Келип эле таразага түшсөм, салмагым 3 килограммга көбөйүп, 57ге чыгып калыпмын. Эгерде ошол бойдон жатып алсам эртеси салмагынан ашыкча деп таймашууга уруксат беришмек эмес. Үстүмө абдан калың кийинип түн ичинде машыгууга кеттим. Кийимим былчылдап терге чыланып келдим да, эки саат уктап алайын деп чечтим. Таң ата баштаганда туруп чуркайын десем кийимим дагы дале суу. Бир бөлмөдө Руслан Абазов экөөбүз жаткан элек. Ал эч нерсе билбей уктап жатыптыр. Турдум да, чоң болсо да анын кийимин кийип алып, чуркоого кеттим. Келип кийимин чечип ордуна коюп койдум. Эртең менен таразага түшсөм, өзүмдүн салмагыма, 54кө түшүп калыпмын. Таразага түшүп келип карасам Руслан суу кийимдерин карап түшүнбөй олтуруптур. Көрүп алып чыдабай күлүп жибердим эле түшүндү окшойт. Мага жылмая карап “Кийим эч нерсе эмес, иши кылып биринчиликти алсаң болду” дегени эсимде.
Кайда эс алууну каалайсыз?
– Негизи, мен музыканы жакшы көрөм, ошондуктан, досторум менен дискотекага барып, бийлеп эс алганды жактырам. Кээде тоого чыгып келем.
Бир эмес эки кесиптин ээси экенсиз. Өз кесибиңиз менен иштөө оюңузда барбы?
– Жашоомдун негизин спорт түзөт. Ошондуктан, башка кесипке кетиш мен үчүн оор. Мен дагы он жылдай спорттон кетпей, көптөгөн ийгиликтерди элиме тартууласам деген тилегим бар. Ал эми андан кийинкини убакыт өзү көрсөтөөр.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 194, 21-27-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан