Сыймык Бейшекеев: «ЭЛҮҮ СОМУМДУ АЯП, ҮЙГӨ ЖӨӨ КЕТКЕМ»

– Сыймык, рос­сия­дан гастролдоп жакында эле келген экенсиз. Сөзүбүздү кандай барып келгендигиңиз туурасында баштасак?
– Бул жолу Россия эле эмес, Кытай жергесине чейин тобум менен гастролдоп барып келдим. Айрыкча Россиядагы туугандарыбыз жылуу маанай менен тосуп алышты. Концертибиз да жогорку деңгээлде өтүп жатты десем болот. Илгери ата-бабаларыбыз жашап өткөн Энесайга, азыркы Енисейге барганымда абдан толкунданып жаттым. Себеби, ташка чегилген кыргыз жазуулары, ар кандай кыргыздын тарыхый эстеликтери жүрө­гүмдү кандайдыр бир жылытып турду. Кыргыз калкы ушундай улуу эл экенибизге сыймыктандым. Бул жолку Россиядагы гастроль ушунусу менен кызык болду.
– Россияга тобуңуз менен бирге Гүлмира Рысбаеваны да кошо ала кеткен элеңиз. Ошондон улам Динара Акулова экөөңүздөрдүн ортоңуздарда пикир келиш­пөө­чү­лүк­төр пайда болгон турбайбы?
– Динара эже экөөбүз сый гана мамиледебиз. Мен эжени колдон келишинче сыйлаар элем. Гүлмирага жакшы тарбия берип, ушунчалык түшү­нүктүү, жароокер, кичипейил кыз кылып чоңойткон экен. Гастролдун түйшүгүн, чыгармачылыктын ысык-суугун Гүлмира терең түшүнүп калыптыр. Буюрса, анын келечеги али алдыда. Гүлмираны мен биротоло солистка кылып алган эмесмин. Топтогу солисткамдын паспорту бүтпөй калгандыгына байланыштуу гана ала кеткем. Гүлмира ал кезде өз алдынча иштеп жүргөндүктөн, Динара эже менен нааразыланышып калганга себеп болгон эмес. Ошондуктан, экөөбүздүн ортобузда эч кандай талаш-тартыш деген нерсе жок.
– Айтсаңыз,Энесай таасирлери жаңы чыгарма жаратууга түрткү бердиби?
– Албетте, таасирин тийгизбей койгон жок. Айрым обон-кайрыктар көкү­рөгүмдө сакталып келет. Жаңы обондорду кээде бир нерсеге таасирле­нүүнүн негизинде жаратсаң, ал сенин көңүлүңдөгүдөй жаралаары анык. Буюрса, элиме жаңы обондорумду жаңылык менен тартуу кылам.
– Обон демекчи, алгач кайсы обонуңузду кандайча жаратып калдыңыз эле?
– 1992-жылы эң алгач “Бегайым” деген ырыма биринчи жолу обон жараткан элем. Бирок, ал ырым убагында негедир көңү­лүмө толо бербеген. Ошондон улам аны ырдап чыккан эмесмин. Анан ага удаа эле “Гүл­байра” деген обонумду жаздым. Тилекке каршы, анын да багын ачып, элге кеңири жеткире албадым. 2004-жылы гана чыгармачылыгыма 10 жыл толуп, Бишкекке чоң концерт бергенимде “Гүл­бай­раны” эч өзгөрт­бөстөн мурда кандай жаралса ошол боюнча ырдап чыктым. Бул ырды буга чейин досторума, окуткан агайларыма ырдап бергенимде жакшы ойлорун айтышкан. Бирок, негедир алгачкы обондорумдун кемчилиги көп деген ойдо аларды ырдагандан абдан тартынчумун. Ошентсе да “Гүл­байра” романтикалуу ырларымдын бири болуп калды.
– Алгачкы сахнадагы Сыймык менен азыркы Сыймыктын учурда кандай айырмачылыгы бар?
– 18-19 жаш курагымда кырчындай жаш жигит элем. Жүрөгүм курч, көп нерсени баамыма албаган жалындаган мезгилим өтүп кетти. Ал эми азыр болсо 32 жашка толуп, жашоонун оош-кыйышын түшүнүп, турмушка олуттуу көз караш менен караган салабаттуу адам болдум. Адамга кайсыл жерден кандай мамиле кылышты, кимге кандай сүйлөштүн баарын аңдап билдим. Кагылдым-согулдум, улуу инсандардын тарбиясын, батасын алдым дегендей. Бирок, турмуш-шартка байланыштуу кааласаң-каалабасаң да мүнөз өзгөрүлүп турат экен. Менимче,18 жаш менен 32 жаштын ортосундагы өзгөрүү өтө чоң деп ойлойм.
– Чыгармачылыктын оор түй­шүгүн башыңыздан көп кечирсеңиз керек?
– Чыгармачылыктын түйшүгүн албетте көп эле тарттым. Дагы деле тартып келатам. Себеби, чыгармачылыктын чеги болбойт. Ошондуктан, адам дагы-дагы эмгектенүүсү зарыл. Негизи, чыгармачыл адамды жан дүй­нөсүн жарып чыгалбай жаткан чыгармасы көп кыйнайт. Ошентсе да бул түйшүк­төргө чыдап, сахнадан көп нерсени таптым десем жаңылышпайм.
– Мисалы?
– Мисалы, эстрададан өз ордумду таптым. Ал эми терс жагы – гастролдоп ар кайсы булуң-бурчта ысык-суукка карабай жүрүп, бронхит оорусуна чалдыгып, денсоолугумду начарлатып алдым. Мени ушул нерсе кыйнап келет. Чындыгында биздин, ырчылардын күлгүндөй жаштык кезибиздин эң кызыктуу күндөрү жолдо, төрт дөңгөлөктүн үстүндө өтөт экен. Бирок, албетте бул нерсеге эч качан өкүнбөйм. Анткени, канчалык кыйналсам да кыргыз маданиятына аз да болсо өз салымымда коштум деп ойлойм.
– Чыгармачылык даңгыр жолуңузда жетишкендигиңиз жана кемчилигиңиз кайсы болду?
– Менин негизги максатым – комуз менен ырдоо эле. Окуу жайды да өзүм көксөгөн фольклор жаатында аяктагам. 1990-1995-жылдар аралыгында жаштар комуз өнөрүн негедир баалабай, ага кайдыгер карап калышкан. Жүрөгүмдү ушул нерсе ооруткан. Ошондон кийин менин алдыга койгон максатым, комуз менен эстраданы айкалыштырып, жаштарды фольклор жаатына тартып, аларды андан ары алып кетсем деген ой пайда болгон.
– Оюңуз ишке аштыбы анан?
– Жаштарды комузга тарта албай койдум деп кесе айтуудан алысмын. Учурда азыркы жаштар комузда ырдаган ырларымды берилүү, кызыгуу менен угуп калышты. Жеке концерттеримде комуз менен ырдаган ырларымды, дастандарымды кайрадан ырдоомду суранып турушат. Мында менин бир гана кемчилигим – эстрадага 80 пайыз кирип кеткеним болду. Болбосо, комуз өнөрү менен кеткенимде, көптөгөн жакшы дастандарды чыгарып, элге дагы далай жакшы нерселерди тартуу кылып тур­макмын. Негизи, мен акындыкка, төкмөчүлүк­кө абдан кызыкчумун. Жамакчылык да менде бар болчу. Бул да теңирдин берген белеги болсо керек, бирок,аны да убагында өркүндөтүп кете албай калдым. Мезгилдин агымы менен жеңил-желпи ырларды ырдап кеткенимди моюнума алам. Менин бир гана жоготкон нерсем – комуз өнө­рү­нө кош көңүл мамиле жасап, ушул жагынан аксап калганым болду. Бирок, чындыгын айтсам, эстрададан агарып-көгөр­дүм, элге кеңири тааныла алдым.
– Уулдарыңыз Авазбек менен Азамат көп­төн бери ырдап чыкпай калышты го?
– Чындыгында Азаматты чыгармачылыкка гана көңүлүн бурдуруп коюудан алысмын. Анткени, ал окуусуна жетишип жакшы окуш керек. Азыр Азамат англис тилин үйрөнүү менен алек болуп жатат. Бирок, ырды да таштабастан ырдап келатат. Эми уулум келечекте ыр­чы болобу, же башка кесиптин ээси болобу, аны убакыт өзү көрсөтөөр. Ал эми Авазбек болсо чыгармачылыкка эми толук кандуу киришет деп ойлойм. 9-классты бүтүп Күрөңкеев окуу жайына тапшырып студент болду. Кудай буюрса, Авазбектен үмүтүм зор.
– “Элдик таланттарды издейбиз” деген конкурсту үч-төрт жыл кызуу өткөрүп келдиңиз эле. Кийинки жылдары негедир конкурсуңуз өтпөй калды?
– Буюрса, ушул күздө туулган кү­нүмө карата жеке концертимди бергенден кийин продюсерлик борбор ачуу алдында турам. Ырчы болсом деп көксөгөн жаш таланттардан топ түзүп, мыкты ырчыларды даярдап чыгарсам деген көптөн берки тилегим бар. Бул абдан чоң, жакшы долбоор. Кастинг өткө­рүп топко он улан-кызды тандап алабыз. Алар вокал сабагынан тартып, бий өнө­рүнө чейин мыкты мугалимдерден сабак алышмакчы. Мугалимдердин айлык акыларына чейин сүйлөшү­лүп бүт­тү. Ал эми “Элдик талаттарды издейбиз” деген конкурсту дагы өткөр, баш байгеге машина коёбуз» деген демөөр­чүлөр чыгып жатат. Буюрса, убакты-сааты келсе ал конкурсту да өткө­рөм. Бирок, биринчи продюсерлик борбордун ишин алдыга жылдырып алуу керек болууда.
– Эмне үчүн тобуңузга солистка алып чыкпай калдыңыз?
– Жакында эле топко Айпери деген кызды солистка кылып алдым. Азыр ага жаңы ырларды жаздыруу менен алектенип жатам.
– Мурда тобуңузда ырдап кеткен солисткаларыңыздан кимиси чыгармачылыкта өз ордун таап кете алды?
– Ди-джейлик өнөрү, жагымдуу үнү менен Жанара Үтүрова өз жолун таап кете алды. Бек менен бир жыл иштешип аз да болсо элге таанылып калгандан кийин Нуриса да менин тобумда иштеп кеткен. Ал азыр чоң ырчылардын бири болуп калды.
– Акчаңыз жок калып, алыс жерге чейин жөө баскан учуруңуз болгонбу?
– Андай учурлар көп болгон. 1993-жылы филармонияга концерт берип калдык. Концерт бүткөнчө кеч болуп кетиптир. Концерттен 50 сом гонорар алып үйүмө жөнөдүм. Ал кезде жаңы үйлөнүп, бир тыйындын көзүн карап турган учур болчу. Алган акчамды жол киремден аяп, Аларча конушуна жөө кеткем. Таксилерди тоссом кымбат сурашат. Ошондо жолдо кетип баратып: “Кийин машинелүү болуп калсам, түнү кеч калган адамдын баарын жөө калтырбай алып кетем” деп кыялданганым эсимде.
– Өзүңүзгө окшош адамды жолуктурдуңуз беле?
– Токтогулдук Мирбек деген менден бир жаш кичүү жигит менен Токтогулдан таанышып калгам. Чындыгында Мирбек мага окшошуп кетет экен. Өзү­ңө окшош адамды көргөндө сөзсүз толкундануу, сүрдөнүү болбой койбойт экен. Азыр Мирбек менен катташып турам.
– Кличкаңызды билсек болобу?
– Бала кезимде сары болгондугумдан туугандардын баарысы сары дей беришчи. Чоң апам болсо Сарстан деп эркелетчү. Ал эми классташ балдарым атамдын атынан кличка коюшуп, башкача айтканда, Токтогулду кыскартышып Токо деше турган. Азыр ырчылар арасында Сыймык элемин.

Маектешкен Рахбар Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 195, 28-июль-3-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан