Айя Садырова: “УРМАТ УСЕНОВ ЭКӨӨБҮЗДҮН ОРТОБУЗДА МАХАБАТ ЖОК”

– Айя, сизди күйөрмандарыңыздин бири казак кызы десе, экинчиси кыргыз деп ушул суроонун жандырмагын таба албай келишет. Негизи, кайсы элдин кызы болосуз?
Мен эки элдин тең кызымын десем болот. Анткени, ата-энемдин канында казактын да, кыргыздын да каны бар. Ошондуктан, менде казактын каны көппү же кыргыздын каны көппү өзүм да билбейм. Жалпысынан алганда мен үчүн айырмасы деле жоктой. Тили тектеш, боордош эки элдин кызымын десем болот.
– Ал эми балалыгыңыз кайда өткөн?
– Мен Кыргызстанда төрөлгөм. Бирок, кичине кезимде эле Жамбылга (азыркы Тараз шаары) көчүп кеткен элек. Анткени, атам аскер адамы болгондуктан, биз бир жерден бир жерге көчүп жүрчүбүз. Акыры Жамбылга отурукташып калдык. Кичине кезимде эле менин музыкага болгон шыгымды байкашкан ата-энем мени музыкалык мектепке беришкен эле. Ал жактан скрипка, домбра, гитара сыяктуу музыкалык аспаптарды үйрөн­дүм. Эсимде, 6-классымда эң биринчи жолу алгачкы ырымды жазып, гитара менен ырдап чыккам. Бул менин музыка дүйнөсүнө болгон биринчи кадамдарым десем болот.
– Балалыгыңызда эсиңизде калган окуялар...
– Эмнегедир кичине кезимде эркек балдардын арасында жүр­гөндү жактырчумун. Алар менен эркектердин оюнун ойноп жүрө берээр элем. Кыздардын жанында өзүмдү капаста калгандай сез­чүмүн. Мен куурчак да ойнобой, кыздардай юбка да кийчү эмесмин. Менин гардеробум шым, футболкалардын коллекциясынан турчу. Бирок, юбка, көйнөк болчу эмес. Биринчи жолу жогорку класста юбка кийип барганымда классташтарым чочуп, мени түшүнбөгөн көз караштары менен карап калышканы эсимде. Азыр деле көпчүлүк убакта шым кийип жүрөм. Сахнага гана көйнөк кийип чыгам.
– Ал эми чоң сахнага кантип келип калдыңыз?
– Мен 2004-жылы Кыргызстанга, Бишкек шаарына келип Жусуп Баласагын атындагы университетке тапшырган элем. 1-курста окуп жүргө­нүмдө мага Талгар Жакшылыков деген эң жакшы адам жолугуп калды. Ал көп жаштарды тарбиялап чыгарган белгилүү адам. Ошол адамдын жардамы менен музыка дүйнөсүнө сүңгүп кирдим. Кийин Ассоль Молдокматованын жардамы менен көп ийгиликтерге жетиштим. Ошентип, Кыргызстанда менин чыгармачылык тушоом кесилген деп айтсам да болот. Азыр өзүм Казакстанда жашасам да дээрлик бардык ырларым бул жакта жаралган.
– Сахнага чыгууга тоскоолдуктар болдубу?
– Албетте, тоскоолдуксуз ийгиликке жетишпейт эмессиңби. Ырдап чыгуу мага оңойго турган жок. Ошентсе да мен көз­дө­гөн максатыма жетем. Ошондой эле бул жак­та кесиптеш досторум дагы мени колдоп келишет.
Кесиптеш досторуңуз катары кимди айта аласыз?
– Сахнада жүр­гөндүн бардыгы эле менин кесиптеш досторум дегенден алысмын. Анткени, кө­ңүл, мамиле төп келбей туруп, дос болууга таптакыр мүмкүн эмес. Досторум катары “МКД” тобунун балдарын, анан Урмат Усеновду айта алам. Ал эми өйдө­кү муундан Гүлнара Тойгонбаева менен мамилем жакшы.
Урмат экөө­ңүз­дөрдүн ортоңуздарда жашыруун сүйүү бар деп уккан элек. Бул тууралуу эмне айта аласыз?
– Ооба, бул тууралуу сөз чыгып кеткен экен. Сыягы, бул сөз экөө­бүздүн биригип дуэт ырдап чыгуубуздан улам чыкса керек. Ал эми менин кыргызча «Сен» аттуу ырды ырдап чыгуума Урмат чоң жардам берди. Анткени, кыргызча ырдаганымда тилимде өтө эле билинген акцент бар эле. Урмат талыкпастан мени менен отуруп, ар бир сөзүмдү оңдоп жатып дуэтибизди жаздырган элек. Ошондо мага анын адам катары дагы бир жакшы сапаты ачылды. Бирок, Урмат экөөбүздүн ортобузда достук мамиледен башка эч нерсе жок. Бул адам менин эң жакын досум. Мен Урматтын талантын, өзүн да өзгөчө сыйлайм. Урматта мен жигиттерде жактырган сапаттын бардыгы бар. Ошентсе да экөөбүз болгону доспуз.
– Балким буга сиздин сырдуу “кавалериңиз” тоскоол болгондур. Мурунку интервьюларыңызда да ал бизнес жаатында иштээрин жана жакшы мамиледе экениңизди айтып өткөн элеңиз?
– Жигитимден мамилемди үзгөнү­мө көп болду. Жашоо негизи ушундай драмалары менен кызыктуу болсо керек. Төрт жыл жакшы мамиледе жүргөн адамың менен ажырашуу оңойго турбайт экен. Азыр мен бул тууралуу тең салмакта отуруп айтып жатам. Бирок, учурунда көз жаш, көңүл чөгүү, бардыгы болгон. Мен азыр гана менин жолум ал адамдыкынан башка экенине толук көзүм жетти.
Ажырашууңардын себеби эмне болду?
– Менин эркиндикти көксөгөнүм, карьерам тоскоол болду окшойт. Анткени, азыр мен чыгармачылыктын жолунда бара жатам. Мен багындыра турган дагы далай ашуулар бар. Жигитим аны түшүн­гүсү келбеди көрүнөт. Акырында бири-бирибизди кыйнабай бөлүнү­шүп кетишти туура көрдүк. Кыскасы, азыр мен эркин куш­мун (күлүп).
Демек, сиз үчүн карьера бардыгынан жогору турат экен да...
– Мен үчүн чындыгында эле карьера жогору турат. Анткени, мен кичине кезимден өзүмдү чыгармачылык үчүн курман кылганга даяр болуп келгем. Көп адамдар, анын ичинде апам да: “Чыгармачылык үчүн көп курмандык керек. Сен ошого даяр бол, кызым” деп айтып келген. Чыгармачылык мен ойлогондон да чоң курмандык талап кылаарын кийин түшүндүм. Улуу агамдын каза болушу менин өмүрүмдө оор жоготуу болду. Ошол күнү “Акапелла” тобу концерт берип жаткан. Мен анда жаңы эле чоң сахнанын босогосун аттап жаткан кезим болчу. Агам коюлаар күнү мен аргасыз эл алдына чыгышым керек болду. Ошончо эл күтүп жатса, баш тарта алган жокмун. Микрофонду кармаган колум калтырап, ыйлап ырдап жаттым. Ошол күнү гана менден сахна чоң курмандыкты, жоопкерчиликти талап кылаарын түшүндүм. Мына ушундан эле чыгармачылыкка болгон мамилемди түшүнсөңүз болот.
Сиз жалгыз эле ырчылыктын артынан түшпөс­төн, жазуучулук талантыңыз да бар...
– Жакында Казакстанда “Сүйүү жалыны” деген китебим жарыкка чыкты. Бирок, Бишкекте али сатыкка түшө элек. Анда эки адамдын тагдыры, сүйүүсү деги эле жашоо тууралуу жазылган. Күзүндө Кудай буюрса, жеке концертимди, ошондой эле китебимдин бет ачарын Бишкекте өткөр­сөм деп даярданып жатам.
Кайсы жакта күйөр­ман­да­ры­ңыз көбүрөөк?
– Албетте, Кыргызстанда күйөр­мандарым көп. Бирок, келечекте Казакстанда да атым чыгат деп ишенем. Азыр деле Казакстандан “Сени жылдыз кылып чыгарабыз. Сенин талантың бар” деген сөздөрдү айтышып, иштешүүгө сунуш киргизгендер бар. Бирок, продюсер менен иштеп, анын талабына моюн сунуу мен үчүн кыйыныраак болуп калат деп ойлойм. Анткени, өзүм көз карандысыз болгонго, эркиндикке биротоло көнүп алгам.
Азыркы учурда жаш жылдыздар өзгөчө популярдуу болуп кетти. Сиз күчтүү атаандаштыктан коркпойсузбу?
– Эмнесинен коркмок элем? Албетте, чыгып жатышат. Бирок, эл алдында чыккан ар биринин өз жүзү, өз таланты бар эмеспи. Сахнага чыгуу – бул ар бир артисттин алдына коюлган сыноо. Ал сыноодон ким өтүп, ким калат келечек көрсөтөт. Мисалы, менин оюмча Урмат сахнада көпкө кармалат болуш керек. Анткени, анда сырткы келбет да, талант да, сахна адамына жараша турган мүнөз да бар. Мен Урматтын келечегине терең ишенем. Мен сыйлаган жаш ырчылардын арасында Темир, Замир Мырза да бар. Бирок, таптакыр таланттан куржалак, эки күндүк ырчылар да арабызда жок эмес. Алардын арасына мен Самандарды кошоор элем.
Сиз кийинки кездерде эмнегедир Бишкектеги концерттерге катышпай калдыңыз. Кокус Казакстандын шоу-бизнесине кетүү оюңузда жокпу?
– Мен кийинки кездерде көрүнбөй калганымдын себеби, Азыркы учурда Казакстанда «Той» деген журналдын маданий директору болуп иштеп жатам. Бул жумушум дагы мага өзгө­чө кызыктуу. Ал эми Казакстанда ырдаганга эмнеге болбосун? Азыр деле Казакстандын радиолорунан ырларым кетип жатат. Мени Кыргызстанда тааныгандай таанышпаса да атымды билишет. Бирок, мен эч качан Кыргызстандын сахнасынан кетпейм деп ойлойм. Анткени, баары бир мага бул жак жакыныраак сезилет. Албетте, ал жакта шоу-бизнес аябай эле өнүккөн. Бирок, мен өз күчүмө ишенем.
Үйбүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
– Менин эки агам бар. Атам менен апам биздин келечегибиз үчүн эч нерсесин аябайт. Үйбүлөдө болсо мени эркелетишет. Апам – менин эң жакын адамым. Эч кимге айтпаган сырларымды апама айтам. Бардык жагынан мени колдоп келген да ошол адам. Сахнада да, үйдө да таянганым апам. Алтургай, сахнага кийген кийимдеримди да ирээттеп берет.
Негизи, өзүңүздүн стилистиңиз барбы?
– Жок, атүгүл, ал жөнүндө ойлонуп да көрбөптүрмүн. Мен өзүмдүн табитиме жараша өзүм кийинем. Ал эми кийимдердин стилин өз кыялымдан жаратып, анан кийим тиктирем. Бирок, сахна кийимдеримди көп учурда даяр эле сатып алам.
Кайда эс алганды жакшы көрөсүз?
– Мен үчүн эс алган жерим өзүм­дүн үйүм, ата-энемдин жанында. Анан өзүмдүн итим менен сейилге чыкканды жакшы көрөм. Жаман ойлор унутулуп, кийинки жумуштарым, пландарымды ирээттеп алганга сейилдөө жардам берет.
– Күйөрмандарыңыз сизди кайсы концерттен көрө алышат?
– Буюрса, күйөрмандарым мени күз айларында жеке концертимден жолуктура алышат. Бул концертке мен азыртан даярданып жатам. Даярдык болсо ойдогудай.

Маектешкен Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 197, 11-17-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан