Турдаалы Аскарбеков: ӨЗҮМӨ ЫЛАЙЫК ЖУБАЙ ТАППАЙ ЖҮРӨМ

– Турдаалы байке, эл көңүлүнө жагаарлык ырларды ырдап оозго алынып жүрөсүз. Бул талант сизге кимден жуккан?
– Негизи, биздин үйдө ырга өзгөчө шыктуу деле эч ким жок. Биздин уруудан чоң атам комузда кол ойнотуп, үн кошуп жакшы ырдачу экен. Мендеги талант ошол чоң атамдан өтсө керек.
– Мындай талантыңыз өзүңүз­гө качан билинген?
– Мен биринчи класста окуганымда биздин үйдө бир гармошка пайда болду. Чамасы, атам бизди эрмек кылсын деп сатып келсе керек. Бирок, ал гармошкага менин колумду тийгизишчү эмес. Агамдар, эжемдер ойношуп, «бузуп коёсуң» деп менден катышчу. Гармошкага кызыгып калган жаным ылайыгын келтирип үйдө эч ким жокто гармошканы алып, чыйкылдата берчүмүн. Ошентип жүрүп 5-класска барганда өз алдымча аккордеон үйрөнүп алдым. Бассам-турсам колумдан түшүрчү эмесмин. Кээде диванда аккордеонду ойноп жатып ошол бойдон уктап калчумун. Кыскасы, аккордеонго аябай кызыгып калдым. Ошол кездерден баштап эле тойлорго барып ырдай баштадым. Ошол эле 5-класста окуп жүргөнүмдө райондун маданият үйүнүн эстрада тобунда урма аспапта ойноп жүрдүм. Аны үйрөнгөнүм да өзүнчө кызык. Шаардан урма аспапты билгендер атайын барып, бир балага үйрөтүп жатышыптыр. Ал бала болсо такыр эле үйрөнө албай жатат. Аларды карап турган мен оңой эле өздөштүрүп алдым. Ошол бойдон райондук эстрада топтун урма аспапчысы болуп калдым. Анын арты менен бир топ шаарларда болуп, кароо-конкурстарга катышып келгем. Ошондогу бир окуя эсимде. Кайсы бир конкурска барып, номерибизге чыгайын десек эле мен ойной турган аспаптын отургучун аябай бийик кылып коюп салышыптыр. «Боюм жетпейт» десем, укмаксан болуп коюшту. Аңгыча эле бизди сахнага чакырып калып, чыгып кеттик. Отурайын десем, отургучка боюм жетпей, эптеп жатып эки номерди араң ойногом.
– Мектепти бүткөн соң, билимиңизди музыка жагынан уланттыңыз беле?
– Мен мектепти бүткөн жылдары ырчы, музыкант дегендер анчалык деле авторитеттүү эмес болчу. Анын үстүнө эски адамдар артисттикке туура эмес көз караш менен карашчу. Ошондуктан, мени атам музыкалык окуу жайга тапшыртпай койгон. «Кой, балам, эркек балага ушундан өтөөрү жок» деп Алматыдагы техникалык окуу жайга тапшыртып салган. Ал окуу жайда эки жыл окуган соң, аскерге алып кетип калышты. Аскерден келгенден кийин эмнегедир Алматыга барып, окуумду уланткым келген жок. Андан көрө бул жакка башка окууга тапшырууну ылайык көрдүм да, Искусство институтуна тапшырып, өтүп кеттим. Студент кезде Гүлнур, Гүлзат жана башка азыркы ырчылардын көбү менен чогуу жүрүп, тойлорго барып аккордеон менен ырдачубуз.
– Анда сахнага алардан бир топ кеч келгениңиздин себеби эмнеде болду?
– Мен 1990-жылы үй­лөндүм. Анан менин ырчылык кесибиме кайындарым каршы болушту. «Ырчылык да кесиппи, андан көрө башка жол менен үйбүлөңдү бак» деп туруп алышты. Ошол сыяктуу өзүмдүн атам да менин ырчылыгымды көп жактыра берчү эмес. Ошондуктан, алгач мектеп-интернатта иштеп жүрдүм. Ал аңгыча эле коммерция деген нерсе башталып кетти. Үйбүлөнү багып, эл катарында жашаш үчүн ар кандай коммерциялык иштер менен алек болуп жүрдүм. Акыркы жылдары Европага барып машина ташып келип жаттым. Бирок, чыгармачылыкка аралашкандан баш­тап бизнесимдеги болгон каражатымды чыгармачылыкка жумшап коюп, бир жылдан бери ал ишим да токтоп калды.
– Шоу-бизнеске аралаша баштаганыңызга эмне түрт­кү болду?
– Ырчылардан Гүлзат Байзакова, Кутман Жолдошовдор менен үйбүлөлүк катышым бар. Алар менин чыгармачылык дараметим канчалык экенин жакшы билишет. «Турдаалы, сен дагы бир-эки ыр жаздырып, сахнага чыгып көрсөң­чү?!» деп өзгөчө Гүлзат менен жолдошу көп айтып калчу. Мен алардын бул сөздөрүнө анча деле маани бербей жүргөн күндөрдүн биринде, былтыр атуулдук ырлардын конкурсу жарыяланып калды. Менден эмне кетти дедим да, Аксуубай Атабаевдин «Тоолор» аттуу ырын жаздырып, конкурстан ырдап чыктым. Кудай жалгап экинчи орунга илинип калыптырмын. Ошондон баштап чоң сахнага кызыгуум артып, бир чети досторумдун сөздөрү дем берип, ырдап чыгууга чындап кирише баштадым. Мына, ошондон бери жыл айланып, аздыр-көптүр элге белгилүү болуп келатам.
– Сиздин репертуарыңыз жалаң эски ырлардан турат. Булардан тышкары өзүңүз да ыр жазасызбы?
– Өзүмдүн бир-эки ырым бар. Бирок, өзүмө чоң сахнага ырдап чыкканга татыксыздай сезиле берет. Ал эми эски ырларды ырдаганымдын себеби, азыр кыргыздын мыкты деген ырлары унутулуп баратканы баарына эле белгилүү. Алардын ордун жаштардын түрктөрдөн, казактардан уурдап алган жеңил-желпи ырлары басты. Мына ушул маселени эске алып, эски ырлар унутулбасын деген максатта залкар обончулардын ырларын кайра жаздырып, элге тартуулап жатам. Байкасам, эл айрыкча орто муун, улуу муундар ырларымды жакшы кабыл алып жатышат. Айрыкча тойлордон кайра-кайра суранып ырдатышат.
– Эгер уруксат этсеңиз, жеке жашооңузга да кайрыла кетсек.
– Жеке жашоом жөнүндө айтсам, эки балам бар, жубайым болгон. Бирок, тилекке каршы, жашоо татаал экен. Турмушубуз болбой, эки бөлөк жашаганыбызга сегиз жылдай болуп калды. Балдарым апасы менен Ошто жашашат. Кызым 8-классты, уулум 4-классты аяктады. Мен барып, алар келип дегендей катташып турабыз. Азыр болсо жалгыз турам.
– Анда жалгыз жашагандан тажасаңыз керек. Кайрадан үйбүлө куруу планыңызда бардыр?
– Турмуштан бир жаңылгандан кийин экинчи жолу жаңылбайын дейт экенсиң. Ошондуктан, эми аябай кылдат байкап көрүп жакшы аялзаты менен баш кошуп, дүңгүрөтө той кылсам деген да тилегим бар. Бирок, жаш өткөн сайын ушундай болуп каласыңбы, эмнегедир өзүмө жубай болчу аялды таппай жүрөм. Кудай бешенеге жазган күнү табылаар деп коём. Досторум болсо «сени үйлөнтүш керек» деп өздөрүнчө эле мага түгөй издей беришет.
– Балким, өткөн таарынычтарды кечиришип, мурунку турмушуңуздарды кайрадан улайсыздар?
– Бир жолу өчкөн от кайрадан тутанбаган сыяктуу бир бузулган үйбү­лө­нүн да ордуна келиши кыйын го. Азыр алардын өзүнчө жашоосу бар, менин өзүмчө жашоом бар. Балдар үчүн жашайын деп ойлойт экенсиң, бирок, көңүлдөр муздап калган соң, аны ордуна келтире албайт турбайсыңбы. Андыктан, азыр баарына кеч болуп калган.
– Маек куруп бергениңиз үчүн рахмат!

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 198, 18-24-агуст, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан