Байыш Момунов: МУРУНКУ ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ЖАШАГАНДАН БЕРИ ӨЗҮМДҮ ЖАКШЫ СЕЗИП КАЛДЫМ

– Байыш, эмнегедир дайының чыкпай кетти. Эмне менен алек болуп жүрөсүң?
– Эл катары эле чыгармачылык менен алектенип жүрөм. Жакында эле Көл тараптан гастролдон келдим. Концерт жакшы деңгээлде өтүп жатты. Андан тышкары анча-мынча тойлорго барып, жаңы ырлардын үстүнөн да иштеп жатам дегендей. Буюрса, жакында радиолордон жаңы ырларым жаңыра баштайт.
– Өзүңдүн популярдуулугуңдун өсүп-жеткен чеги деп кайсы мезгилди эсептейсиң?
– 1998-жылдар болсо керек. «Жаныш-Байыш» деп топ ачканыбыздан кийин «Анын Мерседеси бар» деген ырыбыздын чыгышы бизди бир топ популярдуулукка жеткирди.
– Силердин үйбүлөдөн бир эмес, үчөөң музыка чөйрөсүндө жүрөсүңөр. Ушуга караганда атаңдын же апаңдын музыкага чоң кызыгуусу болсо керек.
– Ооба, апам тээ жаш кезинен эле ырдаганга кызыгып, ыгы келген жерде ырдай коюп жүрчү экен. Кийин биз эс тартып калганда деле айылда майрам же кандайдыр бир башка салтанаттар болгондо ырдап жүрчү. Ошол себептен балдарынын музыкалык билим алышына чоң маани берип, Жаныш экөөбүздү кичинекей кезибизде эле Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке өзү алып келген.
– Ал музыкалык мектептин кайсы бөлүмүн бүтүрдүң эле?
– Флейта бөлүмүн бүтүргөм. Биз жаш кезибизде шаардан атайын айылдарга барып, музыкалык мектептерге балдарды тандап келишчү. Бир күнү биздин мектепке да барышып, биздин класстан үч бала менен кошо мени да тандап алышкан. Мен үйгө барып: «Апа, мени Фрунзеге алып кетишет экен» десем мени жөн эле сүйлөп жатат деп апам маани бербептир. Анан улам-улам айта бергенимден, эмнеси болсо да мугалимдерден сурайын деп мектепке барса, мени тандап алганын айтышыптыр. Анан апам документтеримди даярдап, Жанышты ээрчитип алып өзү шаарга алып келген. Бул жактан да экзамен тапшырып, мени флейтага бөлүп коюшкан. Ошондо апам мени жалгыз калбасын деди окшойт, жанында турган Жанышты көрсөтүп мугалимдерге: «Бул баламды да текшерип кө­рү­ңүздөрчү?!» деп суранып калды. Ырдатып кө­рүштү эле, Жаныш эч нерседен тартынбай ырдап, аябай бийлеп берди. «Бул баладан бир нерсе чыгат» деген мугалимдер дароо эле Жанышты экзаменден өткөр­үшүп, пианино бөлүмүнө алып калышты.
– Жаныш экөөңөр тең кичине болсоңор, ата-энеңерди, үйүңөрдү сагынып ыйлачу белеңер?
– Албетте. Алгачкы күндөрү бир топ эле кыйналганбыз. Он күнгө каникулга барып, “апа, бизге бир айга жооп берди” деп жүрө берчүбүз. Дем алыш күндөрү шаарга жакын жерлерде жашаган ата-энелер келип, балдарын алып кетишсе, “биздин апабыз качан келет” деп темир дарбазага сүйөнүп көзүбүздү жалдыратып тура берчүбүз. Убакыт өтүп, акыл-эсибизге кире баштаганыбызда антпей калдык. Азыр апабызды сагынганыбызга чыдабай окууну таштап кетпегенибизге Жаныш экөөбүз тең сүйүнө­бүз.
– Динара Акулованын тобуна кандайча кошулуп калдыңар эле?
– Динара эже Мукаш Абдраевде таланттуулар көп деп бир күнү атайын өзүнүн тобуна балдарды тандаганы барыптыр. Динара Акулованын тобуна кошулам дегендер толтура. Бирок, Динара эже «ушул Байыш менен Жаныштан баш­ка эч кимди албайм» деп бизди ээрчитип кеткен. Анда мен 6-класста, Жаныш 4-класста окучубуз. Бирок, такай гастролдор окуубузга тоскоолдугун тийгизгендиктен, мугалимдер кийин бизди андан чыгарып алышкан.
– Чыгармачылыгыңдын түптөлү­шү­нө Динара Акулованын жакшы эле таасири тийсе керек?
– Албетте. «Кичинекей музыкант балдар экен» деп бизди ошол кезден эле эл жакшы тааный баштаган. Кийин «Жаныш-Байыш» тобу болуп өз алдыбызча бөлүн­гөнү­бүздө да чоң жардамын берди. Өзүнүн иштетип жүргөн музыкалык аппаратын бизге белек катары берген. Жакшылыктарын унутпай, Динара эже менен азыркы учурга чейин жакшы мамиледебиз.
– «Жаныш-Байыш» тобуңарды эмне себептен таркатып жибердиңер эле?
– Жаныш экөөбүз тең үйлүү-жайлуу болгондон кийин такай гастролдоп жүрө албай калдык. Анан мен Жанышка «Кой, эми экөөбүз тең чоңойдук. Бөлүнөлү да, сен өз алдыңча, мен өз алдымча үйбүлө­бүздү багалы» дедим. Андан кийин мен «Байыш-Клара» деп топ ачпадым беле. Тилекке каршы, элдин баары билгендей, ал топтун да өмүрү кыска болду. Учурда Жаныш аранжировка жазуу менен алектенип жүрсө, мен жеке ырчымын.
– Клара менен ажырашканыңдан кийин ага жолуктуңбу?
– Бир гана жолу бир концерттен кокусунан жолугуп калдык. Кадимкидей эле учураштык. Бирок, кыска гана сүйлөш­түк. Мен «Балам кандай?» дедим, ал «жакшы» деди. Ошону менен сөзүбүз түгөндү. Бирок, жанындагы сиңдиси Жанараны чакырып алып экөөбүз кенен сүйлөштүк. Баламдын чоңоюп калганын, кандай кылыктары, кандай сөздөрү чыгып калганын Жанарадан уктум.
– Ажырашкандан бери балаңдан кабар алдыңбы?
– Чынын айтсам, али кабар ала элекмин. Азыр алардын кайда жашап, эмне кылып жаткандарынан да кабарым жок. Бирок, керек болсо кайсы убак болбосун таап алам.
– Азыркы жубайың Динара балаңа каттап, жардам берип турганыңа каршы болбойбу?
– Каршы болбойт деп ойлойм. Анткени, Динара бардык нерсеге терең караган аябай түшүнүктүү жан. Байэлдин менин балам экени жалган эмес да, туурабы?
– Клара менен жашап жүргөнүңдө кызыңа каттачу белең?
– Бир гана жолу баргам.
– Ал кезде Динара эмне менен алек болуп жүрүп­түр?
– Жалгыз өзү кызыбызды багып, Бишкекте да иштеп жүрүптүр. Тааныштардан «Динара Бишкекте экен» деп угуп калчумун. Бирок, так дарегин билчү эмесмин. Ал болсо Клара экөөбүз жөнүндө кайсы гезитке макала жарыяланбасын, баарын алып окуп, ыйлай берчү экен. Муну эми өзү айтып жатпайбы.
– Азыр Клара жөнүндө сөз болуп калса же Клараны теледен көрүп калса кандай абалда калат?
– Мындай учурлар болот. Жалпыбыз отурганда сен айткандай абал жаралып калса, көзүнүн кыйыгы менен мени карап, акырын жылмайып коёт.
– Динара менен алгач таанышкан күнүң эсиңдеби?
– Албетте. Динара өзү Базаркоргон районунан болот. Биз Динаранын үйбүлөсү менен көптөн бери тааныш элек. Ошол тарапка концерт коюп барган сайын ата-энеси бизди сыйлап, «балдарыбыз келди» деп өз балдарындай көрүп тосуп алышчу. Ошондо Динарага көзүм түшкөн. Көп өтпөй эле аны ала качып кеттим. Жакшы эле жашап жатып ортобузду кандай шайтан аралады билбейм, жылкы теппей, жылан чакпай эле турмушубуз бузулуп кетти. Экөөбүз бири-бирибизге бир ооз жаман сөз айтышкан эмеспиз. Ошол бойдон кызыбызды төркүнүндө төрөп, үч жашка чейин өзү тарбиялады.
– Кызың сага бат эле көнүп кеттиби?
– Мени өмүрүндө бир гана жолу көрсө да «ата» деп моюнума асылып эркелеп, бат эле көнүп кетти. Азыр мени аябай жакшы көрөт.
– Сени тартып ырчы болоору байкалбайбы?
– Ырга жакындыгы байкалат. Динара Акулованын кызы Маликанын ырын аябай жакшы көрөт. Угуп калса тим эле бир ордунда тура албай секирип бийлеп, кошулуп ырдап жиберет.
– Келинчегиң ырдаганга кызыкпайбы?
– Аябай кызыгат. Жада калса сахнага чыгып ырдагысы келет. Чындыгында анча-мынча ырчыларга караганда үнү жакшы. Бирок, мен анын ырдашына жүз пайыз каршымын. Бир үйдөн бир ырчы чыкса жетишет. Азыр менде баары жайында. Кечинде үйгө чарчап келсең үйүң таза, тамагың даяр, кийимиң үтүктөлүү. Мага ушул эле керек. Эгер экөөбүз тең талаалап кетсек үйдө мындай жагымдуу шарт болмок эмес. Мен Динара менен кайрадан жарашкандан бери өзүмдү ушунчалык жакшы сезип калдым. Динарага өзүм эле эмес, досторум, тааныштарым да ыраазы.
– Демек, турмушуң ойдогудай экен. Эми экинчи баланы пландаштырып жатасыңарбы?
– Кызыбыз Аксаамай төрт жашка чыгып чоңоюп калды. Ошондуктан, сен айтмакчы, экинчи баланы пландаштырып жатабыз. Бирок, азырынча планыбыз ишке аша элек.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 199, 25-31-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан