– Мирбек, сенин балалыгың айылда өткөнбү же шаардабы?
– Мен өзүмдү айылдык эле баламын деп эсептейм. Талас районунун Жонарык айылында төрөлгөм. Мен эки жашка чыгып, карындашым жаңы төрөлгөн жылы атамды поезд тебелеп кетип бул дүйнө менен кош айтышкан экен. Кийин апам үч баласын алып шаарга келип оокат кылмай болгондо чоң ата-чоң апаларым мени өздөрүнө алып калышыптыр. Ошол бойдон атамдын агасын атадай көрүп, балдары менен бир туугандай болуп 6-классыма чейин айылда чоңойдум. Анан бул жакка, апам менен бир туугандарыма келүүгө туура келген.
– Анда сенин ырчы болушуңа айылдын таасири тийген экен да.
– Ооба. Таласта окуп жүргөн кичинекей кезимде эле ырдаганга кызыкчумун. Мектептен келгенимде «бүгүн канча алдың?” деп сурашса, “музыкадан беш алдым!” деп сыймыктануу менен айтчумун. Эсимде, 5-6-класстарда окусам керек эле, эл көп чогулган кайсы бир майрамда “Таласым” аттуу ырды ырдап жаткам. Анда үнүм да ичке болчу. “Таласы-ы-ым...” деп созгон жерине келгенде үнүм чыйылдап такыр жетпей калды. Ага болбой эле созуп жатам. Элдин баары каткырып күлүп жатышат. Мен эч нерседен уялчу эмесмин, үнүмдү оңдоп туруп кайра ырымды улантып кеткем.
– Таластан Бишкекке келгенде шаар турмушуна көнө албай кыйналгандырсың?
– Эмнегедир бат эле көнүп кеттим. Эмнеси болсо да өз апамдын жанына келбедимби. Анын үстүнө каникул сайын Бишкекке келип турганым үчүн шаар турмушу мага жат эмес эле. Бир жери, шаарга келгенден кийин менин музыкага болгон табитим негедир түп-тамырынан өзгөрдү. Мурда нукура кыргыз ырларына кызыгып, ошолорду ырдап жүрсөм, эми батыш стилиндеги чет эл музыкаларына кызыга баштадым. Магнитофонду коюп алып угуп отура берчүмүн. Ушул кызыгуумдун артынан кийин кафеде да ырдап жүрдүм.
– Кафеде ырдаганың мектептеги окууңа тоскоол болчу эмес беле?
– Алгач кафеге 10-класста окуп жүргөндө келдим. Ал кездерде сабакка зыянын тийгизбей тургандай кылып иштечүмүн. Канчалык кеч келсем да эртең менен эрте туруп, сабакка барчу элем. Анда акча таппасам да жөн эле ырдаганыма корстон болуп жүрө берген экенмин. Эгер жүз сом таап калсам, сүйүнгөн бойдон үйгө алып барып, апама берчүмүн. Ал эми 11-класс болуп калганда ырга берилип сабактан кача баштадым. Көп учурларда барбай да койчу болдум. Анын үстүнө анда көп акча тапканга үлгүрө баштаган элем. Кыскасы, мектепти ырдап жүрүп эле бүттүм.
– Экзаменде мугалимге ырдап берип баа алганың чынбы?
– Ооба, биология сабагы болчу. Мугалим “Мирбек, сен ырдайт турбайсыңбы?! Ырдап берчи?” деп калды. Билетке даяр эмес элем, ичимден “кым” дей түштүм да, “Сары ойду” созолонтуп кирдим. Эжеке: “Азамат, сен жакшы ырдайт турбайсыңбы? Сенин минтип жүргөнүң жарабайт. Чоң сахнага ырдап чыгышың керек экен” деген жакшы сөздөрүн айтып, “беш” деген баа боюп берген. Ошол эженин сөздөрүнө эрдемсип бир топ күч-кубат алгандай болдум.
– Анан мектепти аяктаган соң музыкалык окуу жайга эмне үчүн тапшырган жоксуң?
– Ал кезде мен азыркыдай популярдуу болуп чыгып кетем деп күткөн эмес элем. Ошондуктан, ырчылыкты жөн гана хобби катары алып кетүүнү максат кылып, музыкалык окуу жайга эмес, Улуттук университеттин экономика факультетине тапшыргам. Азыр анда 3-курс болуп калдым. Балким, кийинчерээк музыкалык билим да алып алсам ашыкчалык кылбастыр.
– Сени өзгөчө популярдуу кылган “Сени гана” ырың кимге арналган?
– Эч кимге деле арналган эмес. Ушул ырымды жаратканым эсимде. Кеч күз болчу. Бир күнү кечинде адатымдагыдай эле интернет-клубга кирип, ойногондон тажаганда кино көрүүгө өттүм. Ал кинодо сүйүү укмуш чагылдырылыптыр. “Ушундай сүйүү кинодо эле болбой, жашоодо да болбойбу” деп ойлоп, ошол мелодрамадан катуу таасирленгеним эсимде. Анан бир аз музыка уктум да, эшикке чыксам, аппак кылып кар жаап коюптур. Мына сулуулук! Мен интернет-клубга кирип баратканда жер капкара болчу. Табиятка суктанып, карды кечип үйгө жөнөдүм. Түн болсо бир оокум. Кыңылдап баратсам, өзүнчө эле жагымдуу кайрыктар биринин артынан бири шыр жаралып жатат. Ошентип, үйгө жеткенге чейинки он мүнөттүн ичинде толук бир обон жаралып калды. Үйгө бара калып соткамдын диктофонуна ырдап жаздырып койдум. Ошол түнү эмнегедир көпкө чейин уктабай жаттым. Таң атаары менен досум Ильяз Абдразаковго барып сөзү жок эле обондун аранжировкасын жаздырдым. Сөзүн болсо кийинчерээк өзүм жаздым. Бирок, бул ырдын жаралышы тез болгону менен жарыкка чыгышы аябай кеч болду. Ырдын жазылышы өзүмө жакпай, үчүнчү студиядан жаздырганда араң жаккансыды.
– Ошол кезде ырыңдын азыркыдай популярдуулукка жетишин сездиң беле?
– Сезгем. Бирок, кооптонгон жерим бар болчу. Анткени, мындан мурунку “Жүзүң” деген ырымды хит болот деген чоң ишеним менен жараткан болчумун. Тилекке каршы, негедир мен күткөндөй болгон жок. Башкача айтканда, элге сиңип кете алган жок. Жаңы ырым да ушунун кейпин кийип калбаса экен деп чочуладым. Бактыга жараша, “Сени гананы” радиого берээрим менен эки жуманын ичинде эле элге жайылып кетти.
– “Сени гананын” каарманы барбы? Бул ырды ырдап жатканыңда көз алдыңа кимди элестетесиң?
– Бирөөнү элестетейин десем эле өзүмдү адашып кетчүдөй сезе берем. Анын үстүнө бул ыр эч кимге деле арналган эмес.
– Негизи, сага сүйүү келди беле?
– 10-класста окуп жүргөнүмдө бир кызды сүйгөм. Эгер мага бир кыз жөн гана жакса, кандай болсо да ыгын таап, таанышып, сүйлөшүп кетем. Башкача айтканда, мен кыздардан такыр уялбайм. Ошол кызды чындап сүйүп калганымды ушундан билгем, такыр сүйлөй албай, оозума сөз келбей калган. Толкунданып, тартынып жүрүп эптеп тиги кызга сүйүүмдү билдиргем. Ал да менин сүйүүмдү четке каккан эмес. Бирок, кайсы бир себептерден улам экөөбүздүн сүйүүбүз андан ары уланып кете алган жок. Ошондон ушул күнгө чейин бир да кызды жанагыдай болуп сүйүп көрө элекмин.
– Концертте күйөрмандарың берген гүлдөрдү эмне кыласың?
– Мен концертке келгенде жумуштан бир саатка эле суранып, араң чыгам. Ошондуктан, такай шашып келип, ырдай коюп кайра шашып кеткенге туура келет. Ушундай убактарда кээде гүлдөрүмдү калтырып кетип калам. Бирок, көбүнчө алып кеткенге аракет кылам. Анан да мага күйөрмандарым жумшак оюнчуктарды көп беришет. Аларды сөзсүз үйгө алып барам. Азыр үйдө жумшак оюнчуктардын өзүнчө эле чоң топтому бар.
– Сени күйөрмандарың менен сүрөткө түшүүдөн баш тартат экен деп айтышат.
– Күйөрмандарым ар кандай учурда сүрөткө түшүүгө чакырып калышат. Мисалы, мен өзүмө өзүм жакпай турганда. Же болбосо алар ар кандай фотоаппараттар менен тартышат да, сүрөт сапаты жаман болуп чыгып калышы мүмкүн. Ушундай учурларга жараша чын эле кээде сүрөткө түшүүдөн баш тартып коём.
– Азыр кызуу кандуу мезгилиң эмеспи. Балдар менен мушташкан учурларың болобу?
– Мушташпаган эркек болбосо керек. Анын сыңарындай мен дагы көп мушташам. Акыркы жолу бир мас менен мушташтым. Спорт Ордосунан концерттен чыгып, таксиге түшөйүн деп жатсам, күйөрман кыздарым келип автограф сурап калышты. Аларга автограф жазып берип жатсам эле ары жактан бир мас келип: “Эй, ты что, красавчик что ли?” деп өзүнчө эле мага тийишип калды. Теңелбейин десем да болбойт. Ошентип, экөөбүз мушташып кетип, мастын катыгын колуна карматтым. Өзүмдүн болсо анча-мынча колдорумдун көгөргөнү болбосо, катуу сокку жеген жокмун.
– Сен дагы продюсериңден кетип калбайсыңбы?
– Мен андай жорукка бара албайм. Башында чыгармачылыкка аралаша албай жүргөнүмдө Канат байкеге “байке, мен сиз менен иштешейинчи?” деп өзүм келгем. Мына, эми Канат байкенин жардамы менен сахнадан өз ордумду тапкандай болдум. Анын жакшылыгын унутууга менин акым жок. Келишим аягына чыкмайынча мен продюсеримден эч жакка кетпейм. Темир кеткенде Канат байкенин “эми эч ким менен иштешким келбей калды...” деп гезиттерге берген интервьюсун окуп алып, бир күн ага сүйлөбөй таарынып жүрдүм. Анткени, Канат байкенин бул сөзү түздөн-түз эле мага тийди.
Даярдаган Азиза Сатимбекова