ПРОДЮСЕР ЖАНА ЫРЧЫ

ПРОДЮСЕР ДЕГЕН КИМ ЖАНА ЭМНЕ ЖУМУШ АТКАРАТ?
Продюсер – бул ырчынын чыгармачылыктагы «атасы» же «апасы». Шоу-бизнес өнүккөн башка өлкөлөрдө продюсер иштешип жаткан ырчысынын чыгармачылыгы үчүн өз чөнтөгүнөн каражат жумшап, кайсы бир убакыттан соң, ал каражатын эселеп кайтарып алат. Бирок, бизде көбүнчө чыгармачылык үчүн чыгымды продюсер менен ырчы теңме-тең чыгарышат. Ошондой эле ырчынын ырына, сахнадагы кийимине, имиджине, кыскасы, бардыгы продюсердин көзөмөлүндө болот. Алар кандайдыр бир убакытка чогуу иштешүү боюнча келишим түзүшөт. Алардын түшкөн пайданын канча пайызы продюсерге, канча пайызы ырчыга тийээрин макулдашуу менен өздөрү чечишет жана бул пункт келишимде көрсөтүлөт.

ЫРЧЫЛАР ПРОДЮСЕРИНИН КӨЗҮ МЕНЕН

Ассоль Молдокматова:

– Мен өзүмдүн карамагымдагы ырчыларды бири-биринен бөлүп карабайм. Албетте, ар кимисинин өзүнчө мүнөзү, өзүнчө таланты бар. Мен аларга катуу талап коём. Заманга жараша бардык нерсеге жаңыча көз караш менен карап, жаңыча ой жүгүрткүлө дейм. Ар дайым алар менен сүйлөшкөндө биринчи эле “эмне жаңылыгыңар бар?” деп сурайм. Алар да ошого көнүп калышкан. Ошого жараша ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрүшөт. Мен балдарымдын баарына, анын ичинде Урматка катуу ишенем. Андан келечекте мыкты ырчы чыгат.

Канат Култаев:
– Мирбек мага али наристедей эле сезилет. Анткени, анын мүнөзү ошондой. Бирок, ага карабай өтө тырышчаак, аракетчил бала. Кандай гана иш кылбасын, баарын сапаттуу, майын чыгара жасаганды жакшы көрөт. Анын бирден-бир максаты – ырларын келечекте чет өлкө­нүн ырларынын деңгээлине жеткирүү. Ал эми кемчилигин айта кетсем, Мирбек өтө эле уйкучу. Ушул уйкучулугу кээде ишибизге тескери таасирин тийгизип койгон учурлар болот. Болбосо, ал көп нерсеге жетише турган жигит. Болгону кыргыздар азырынча Мирбектин ырдоо стилине түшүнүшө элек. Дагы 5-6 жылдан кийин бул стиль Кыргызстанга кенен жайылат болуш керек.

Динара Эсенгулова:
– Султандын үнү чанда кездешчү үндөрдөн. Ошондуктан, анын сахнада көпкө жашаарына мен ишенем. Султан аябай аракетчил, эмгекчил бала. Бирок, бир аз көктүгү бар. Кээде өз билгенин такыр бербей “кылам дедим кылам” деп туруп алат. Бул адатынын кээде пайдасы, кээде зыяны тийип калат. Ошондой эле унутчаактыгы да бар. Койгонун койгон жерге калтырып коёт да, артынан мен терип жүрөм. Кыскасы, аз убакыттын ичинде Султан менин өз баламдай эле болуп калды. Ал эми Бегимай жөнүндө айта кетсем, ал азырынча жаш. Сахнада тажрыйбасы да жок. Анын жаштыгын эске алып, азырынча көп иштетпей жатам. Жөн гана сиңдим катары жардамымды берип, чыгармачылыктын түйшүгүн өзү көрүп, быша берсин деп жайына койгом. Убактысы келгенде ал менен олуттуу иштешүүгө өтөм.

Асыл Аппасова:
– Биринчи жолу көргө­нүмдө Мирбектин мага бетиндеги уячасы жаккан. Ырчыга сырткы келбети да чоң таасирин тийгизет. Чыгармачылыкта болсо репертуарды тандоо жагына келгенде ырга болгон табити жакшы. Элге кандай ыр жагаарын билет. А мүнөзү жөнүндө айтсам, ал оор басырыктуу, оңой менен бирөөгө ачылып сүйлө­бөгөн бала. Анан да эркелик жайы бар. Мага апасындай эле эркелейт. Бирок, бизди чыгармачылык көбү­рөөк байланыштыргандыктан, мен көп эркелетип чектен чыгарбайм.

Назгүл Насиева:
– Гүлмира кичине кезинен турмуштун оор-жеңилин көрүп чоңойгон кыз. Ошондуктан, анын мүнөзү боорукер, ак көңүл. Анан сахнаны аябай сүйөт. “Сахнада ырдап жаткан жеримден жаным чыгып кетсе ыраазы элем” деп өзү да айтып калат. Бирөө­нүн көңүлүн такыр калтыра албайт. Ошондуктан, ким эмне десе эле макул боло берет. Анан өзүнүн таламын талаша албаган жайы бар. Бул да болсо көңүлү боштугунун белгиси болсо керек. Биз атайын келишим түзгөн эмеспиз. Ошентсе да мен Гүлмирага колумдан келишинче жардам берип жатам. Койгон талаптарымдын бири – тезинен арыктоо. Азыр бий жана вокалдан сабак алып жатат.

Ырчы кыз Нелянын продюсери «Кыргызстан Обондору» радиосунун ди-джейи Арстанбек Абдыманов экен. Тилекке каршы, Неляга мүнөздөмө бердирүү үчүн Арстанбекке телефон чалганыбызда кандайдыр бир табышмактуу себептерден улам продюсер Неля жөнүндө айтуудан баш тартты. Же Арстанбекке таланттуу кыздын жакшы жактарын айтып, аны мактоо келинчегинин алдында «неудобно» болду бекен?..

Тынчтыкбек Кожобеков:
– Мен Съездге төрт жылдан бери продюсер катары иштеп берип келаткам. Бирок, жакында бул ишимди токтоттум. Себеби, Съездди эми баралына келип жетти деп эсептейм. Аны эми гастролдорго такай алып жүргөнгө менде убакыт жок болуп жатат. Анын үстүнө кинопродюсерлик жумуш менен да алектенсемби деген пландарым бар. Ошондуктан, Съездге продюсерлик кылуу жумушун мен кайра эле өзүбүздүн досубуз Акжол Нишановго өткөрүп бердим. Акжол мыкты дипломат. Ал менин Съездди ушул деңгээлге жеткенге кошкон салымым үчүн 5 миң доллар акы пул берди. Мен аны бер деп сураган деле эмесмин, жөн гана өз көңүлүнөн чыгарып, ушунча акча таштап кетти. Эми мен Съездбектин жоопкерчилигинен гана кутулганым болбосо, мурункудай эле жардамымды аябай, жакын дос бойдон кала бермекчимин.

Мырзабек Айдаралиев:
– Мен Ильяз менен иштегениме көп деле болгон эмес болчу. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай келишим деле түзүлгөн эмес эле. Жөн гана мен ага колумдан келген жардамымды берип, продюсер катары иштеп берип жаткам. Ишибиз жакшы уланып кетсе, башкалар сыяктуу расмий түрдө келишим түзүп иштешебиз деген да пландарыбыз бар болчу. Тилекке каршы, экөөбүз жалпы тил табыша алган жокпуз. Ортодо бир аз пикир келишпестиктер болуп, өз-өз жолубуз менен кеттик. Азыр Ильяздын ким менен иштешип жатканынан кабарым жок. Өзүм болсо башка жаңы таланттарды даярдап жатам. Аларды жарыялаганга азырынча эртерээк.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 201, 8-14-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан