АССОЛЬ МОЛДОКМАТОВА: «ЖИГИТИМ МЕНИ ЧЕКСИЗ СҮЙӨТ»

– Ассоль, сиз ушуну менен он тогузунчу сыйлыкка ээ болдуңуз. «КМШ өлкөлөрүнүн мыкты продюсери» деген эл аралык наамга кантип жетиштиңиз?
– Мындагы негизги талап мындай болду: катышуучулар отуз жашка чейин болуш керек, профессионалдык стажы беш жылдан кем болбоого тийиш, анан албетте, бир канча ири долбоорлордун автору болуу керек. Бул конкурста ийгилик кудайы мен тарапка жүзүн буруп, отуз беш талапкердин ичинен мен бул наамды утуп алдым.

– Сиз дагы эмнеге жетсем деп кыялданасыз?
– Менин бир максатым – кыска метраждуу фильм тартуу. Бул максатым жакын арада ишке ашат деп ишенем.

– Ушул жылды өзүңүз үчүн жемиштүү жылдардан болду деп эсептейсизби?
– Албетте. Дагы бир жагымдуу жаңылык – мен ноябрь айынын башында Санкт-Петербургга учам. Ал жактан мага атайын сыйлык тапшырышат. Мындан башка биринчи каналдан дагы беш ири долбоорду чыгарууга даярданып жатам. Бул долбоорлор көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбашына ишенем.

– Айтмакчы, «Улуттук хит-парад», «Браво», «Салам, Кыргызстан» сыяктуу сиздин долбоорлоруңуз эң популярдуу телекөрсөтүүлөрдөн. Сиз кантип телекө­рүүчүнүн талабын таба билесиз?
– Кандайдыр бир долбоорду ишке ашыруудан мурун мен баарын изилдеп чыгам. Анан да көрсөтүүнүн санын эмес, сапатын эске алууну эч качан унутпайм. Мисалы, «Бравого» бир жарым жыл даярданып, анан эфирге алып чыктык.

– Алгачкы жолу эфирге качан келгенсиз?
– Мен анда 12 жаштагы кыз болчумун. Телевидениеде жаш алпаруучуларга кастинг жүрүп жатканын угуп, катышып калдым. Ал кастингден өткөндөн кийин «Час пик», «Всем, всем добрый день!» аттуу телекөрсөтүүлөрдү алып барчумун.

– Азыркыдай ийгиликке жетүү үчүн кыйынчылыктарды басып өтүүгө туура келгендир?
– Негизгиси, мен ар дайым өзүмө ишенип келгем. Ошондуктан, кандай гана иш болбосун, баарына ишенимдүү кадам таштайм. Албетте, кыйын абалдарга туш болгом. Мен жөнүндө айтылган «ата-энеси бай кишилер экен» же болбосо «муну өзгөчө колдогон бирөө бар» деген сөз­дөрдү көп угуп калам. Бирок, мен баарын нөлдөн баштагам. Менин айтаарым, мени колдогон эч ким жок жана болгон да эмес. Азыркы ийгилигимдин баарына өз эмгегим, маңдай терим менен жетиштим.

– Сиз бала кезиңизде ким болууну самачу элеңиз?
– Менин атам Абдыкалый Молдокматов жазуучу, журналист болгон экен. Тилекке каршы, ал мен он бир айлык кезимде дүйнөдөн өтүп ке­тип­тир. Мен жаш кезимде эле атамдын жолун жолдогум келчү. Мектепте окуп жүргөн кезимде ырларды жазып калчу элем. Кийин журналистика мектебин аяктадым. Ошондуктан, мен толук болбосо да жарым-жартылай жаш кезимдеги максатыма жеттим деп эсептейм.

– Кичинекей кезиңизде кандай кыз болдуңуз экен?
– Эсимде, короого өзгөчө бир кооз кийимдерди кийип чыгып алып, концерт, спектаклдерди коё берчүмүн. Мен үйдөн чыкканда эле кошуналардын баары колдорун чаап: «Оо, биздин артистка келе жатат» деп калышчу. Ошол убактарда апам опера жана балет театрында иштеп жүрчү. Ошондуктан, менин кийим илгичимде ар түрдүү кооз кийимдер толуп тураар эле. Кичинекей кезимде эле кооз бут кийимдерди жана кийимдеримди күн сайын алмаштырып кийгенди сүйчү­мүн.

– Баса, сизди азыр бир кийген кийимин экинчи жолу кийбейт дешет. Ошол чынбы?
– Эл көргөн кийимимди экинчи жолу кийбөө – менин башынан берки адатым. Анткени, апам мага көп нерселер менен кошо ар дайым модалуу болуп жүрүүнү, кооз кийимдерди тандоону үйрөткөн. Азыр эл бир жолу көргөн кийимимди экинчи жолу чанда гана кийип чыкпасам...

– Кийбей калган кийимдериңизди эмне кылаарыңыз бизге кызык болуп жатат.
– Көпчүлүгүн туугандарыма, жакындарыма таратып жиберем. А кээ бирлерин эстелик үчүн сактап коём. Азыр менде он алты жашымда россиялык жылдыздардын катышуусундагы биринчи концертимде кийип чыккан көйнөгүм сакталуу.

– Сиз сулуулугуңузду калыпка келтириш үчүн күзгүнүн жанында канча убакыт турасыз?
– Дайыма бирдей эмес. Бирок, эртең менен жарым сааттан кем турбайм. Өзүмдү карап жүрүүнү мен милдетим деп эсептейм.

– Келбетиңизди сактап жүрүү үчүн өзүңүзгө кандай кам көрөсүз?
– Көп жылдардан бери гимнастика менен машыгам. Ошондуктан, бала кезимден бери эртең менен саат алтыда туруу менин адатым. Өзүмдү жакшынакай алып жүрүү боюнча мен колдонгон эрежелер бар. Муну мен өзүмдүн окуучуларыма да үйрөтүп келем.

– Сиз ар дайым иш үстүндө жүрөсүз. Жеке жашооңузга качан убакыт бөлө­сүз?
– Убакыт баарына жетет.

– Колуңузду сурагысы келгендер жок эместир.
– Билбейм... Бирок, эң негизгиси менин эң кымбат болгон жүрөгүмө жакын адамым бар. Ал акылдуу, туруктуу, кыскасы, бардык жагынан келишкен жигит. Анан да мени чексиз сүйөт. Биз бири-бирибизди жакшы түшүнү­шөбүз. Ушундай бардык жагынан мага төп келген адамга жолугуп калганым үчүн мен тагдырыма ыраазымын.

– Балдарды тарбиялоого жана үй жумуштарын жасоого убактыңыз болобу?
– Бардык эле энелер сыяктуу мен такай балдарымдын жанында болушум керек экенин жакшы түшүнөм. Анткени, балага эненин камкордугу, эркелетүүсү керек. Бирок, мен моюнума алам, балдарыма кээде талаптагыдай көңүл бура албай калам. Анткен менен мен алардын келечеги үчүн бардык мүмкүнчүлүк­төрдү түзүп бергем. А үй жумуштарын жасаганды көп деле сүйө бербейм. Бирок, канчалык жумушум көп болсо да көп­чүлүк убакта балдарыма өз колум менен даамдуу тамактарды жасап берип турам. Ал эми тазалыкты чексиз жактырам. Менин тазалыкты сүйгөнүм­дү билген жакындарым: «Сен реанимацияда иштешиң керек болчу» деп күлүп калышат.

– Балдарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз.
– Улуу уулум Жан 4-класста окуйт. Шахмат ойнойт, кикбоксинг менен машыгат. Араб, англис тилдеринен сабак алат. Классындагы эң алдыңкы окуучулардын бири. Жакында эле чуркоо боюнча Олимпиададан биринчи орунду жеңип алды. Кичүү уулум Шабдан болсо 4 жашта. Ал оюнкараак. Ошентсе да азыртан спорт менен машыга баштады. Балдарымдын чыныгы эркек болуп өсүшүн ар дайым тилеп келем.

– Кудайга ишенесизби?
– Ооба. Турмушумда кыйынчылыктар болгондо мен ар дайым Кудайдан жардам сурайм. Ал эми кубанычтуу күндөргө туш болгонумда Кудайга ыраазы болом.

– Ырымдардын кайсынысын колдоносуз?
– Ата-бабалардан калган бир топ ырым-жырымдарды билем. Мисалы, адамды аттап өтпөш керек, дасторконду кагаз менен сүртпөш керек деген сыяктуу. Жүрөгүмдүн тереңинде бул ырымдарга ишенбөөчүлүк турса да буларды колдоно берем.

– Азыр алдыда кандай пландарыңыз бар?
– Азыр Урмат Усеновдун концертин берүү үчүн катуу чуркап жүрөбүз. Буюрса, бул өзгөчө концерт болот. Андыктан, Урматтын бардык күйөрмандарын анын продюсери катары концертке чакырып кетмекчимин.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 203, 22-28-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан