СЕМА: «КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨМӨК ТҮГҮЛ, КОМУЗДА КОЛ ОЙНОТУП КҮҮ ЧЕРТЕМ»

Шоу-бизнесте атаандаштык күч алып турган кезде сахна жылдыздарынын күчтүүсү суурулуп алдыга чыгып, күчсүзү сүрүлүп артта калып калышы мыйзамченемдүү көрүнүш катары каралып келет. Мындай мыйзамченемдүүлүккө жеке ырчысы да, тобу да баш ийбегенге чарасы жок. Жаштардын шары менен катар чыккан “Сема” тобу учурда алдыңкы саптын катарында бир калыпта келатат. Эки бир тууган Самарбек менен Жанарбек жана эки бийкеч Чынара менен Зулядан түзүлгөн бул топтун жетекчиси Самарбек менен маек курган элек.

– Самарбек, тобуңар качан түзүлгөн жана эмне үчүн “Сема” деп аталып калган?
– Биздин азыркы топ 2004-жылы түзүлгөн. Ал эми “Сема” деген аталышы менин атымдан коюлган. Анткени, мени үйдөгүлөр кичинекей кезимде Сема деп эркелетип чакырышчу. Ошол бойдон Сема атка конуп калгам. Топту жаңы түзгөндө ага эмне деп ат коёорубузду билбей бир топ баш оорутканбыз. Ар кимибиз ар кандай ат айтканбыз, бирок, бирибизге жакса, бирибизге жакпайт. Акыры бир орус музыкант бар болчу, ошол: “Сема негиздеген топ болгон соң “Сема”деп эле атап койбойлубу?” деди эле отургандардын баары макул болушту. Бир гана мен уялып кызыктай болгом. “Балдар, башка эле ат койбойлубу?” десем “Жок, ушул жакшы угулат экен” деп баары бир ооздон колдоп кетишкен. Ошентип башында уялып жүрүп бара- бара көнүп кеттим.
– Топ түзүү сенин башынан берки максатың беле?
– Ооба. Өтө жаш кезимде эле топ ачуу жөнүндө көп ойлончумун. Бирок, азыркыдай эстрадалык топ эмес, классикалык топ. Баса, ойлоп эле койбой, мындай топту ачып да көргөм. Тилекке каршы, ал топтун өмүрү өтө эле кыска болду. Башында барабан, саксофон, гитара сыяктуу аспаптардан түзүлгөн бул “жандуу” топ жакшы эле чыгып келе жаткандай болгон. Бирок, эмнегедир бат эле тарап кеттик.
– Жаш кезиңде эле топ ачуу жөнүндө ойлонуп жүргөнүңө караганда музыкага болгон кызыгууң эрте ойгонсо керек?
– Биздин үйбүлөдөн дээрлик баарыбыз музыкага шыктуубуз. Атам автобекетте инженер болуп иштейт. Бирок, комузду катыра чертип, үн кошуп ырдайт. Апам болсо балдар бакчасында иштеп, аккордеонду катырат. Биз үйбүлөдө беш эркекпиз, бешөөбүз тең музыкага жакынбыз. Кайсы бир фестивалда үйбүлөлүк ансамбль болуп чыкканыбыз эсимде. Азыр “Сема” тобунда ырдаган иним Жанарбек ырдап, калганыбыз ар кайсы аспаптарды ойногонбуз. Ошентсе да менин өзгөчө шыгым байкалганбы, атам 1-классымдан баштап мага комуз үйрөтө баштаган. Жанына отургузуп алып: “Комузду үйрөн. Муну ойной албаган кыргыздын баласы кыргыз эмес” дечү. Ошентип, алгач өзү үйрөтүп жүрүп, кийин музыкалык мектепке берди.
– Ал жактан да комуз жагынан билим алдыңбы?
– Ооба. Комуз жагынан төрт жыл билим алдым. Бирок, комуз көтөргөндү ушунчалык жаман көр­чүмүн. Кичинекей кезимде эле жинсы шымдарды кийип алып, чачымды суулап тургузуп, орусча сүйлөп, кыскасы “блатной” болуп жүргөндү жакшы көрчү элем. Бирок, ошого карабай атамдан коркконумдан комузумду көтөрүп алып, күн алыс музыкалык мектепке каттоомо туура келчү. Мен орус класста окугандыгымдан, менин орус мүнөз досторум комузга кызыгышчу эмес. Тескерисинче, “Оо, комузчу келе жатат!” деп мени шылдыңдашчу. Эсимде, бир жолу комузумду көтөрүп алып эч кимге кө­рүнбөйүн деп мектепти айланып, башка жолдор менен музыкалык мектепке келдим. “Кудайга шү­гүр, эч ким көрбөй калды” деп жетсем эле мени шылдыңдачу кыздар музыкалык мектеп жакта отурушуптур. Мени көрүп эле аларга жага бербей калды. Шылдыңдап жатып калышты.
Кирип эле агайга “Агай, мен мындан ары окубайм!” дедим. “Эмнеге?” деди эле, “Мени кыздар шылдыңдап жатышат” десем, сыртка чыгып үймөлөктөшүп отурган кыздардын баарын кууп жиберген. Мына ушинтип классташтарымдын шылдыңына кабылып жүрүп окусам да 3-класста экенимде эле “Саринжи-Бөкөй”, “Маш ботой” сыяктуу улуу күүлөрдү кадимкидей чертип калгам. Ал эле эмес, кичинекей болсом да ар кандай кароо сынактарда Каракулжа элинин намысын коргоп койгонго жарачумун.
– Ошол кичинекей кезиңде жетишкен алгачкы ийгилигиң эсиңде калса керек?
– Албетте. Андай кездерди эстегенде азыр өзүмчө бир толкунданып, бир жылмайып алам. Бир жолу Оштогу кароодон биринчи орунду алып, Бишкекке келгем. Отургучка отурсам бутум жерге тийбей, араң отуруп чоң күүлөрдүн бирин черткем. Ошондо кароого чоң-чоң балдар-кыздар да катышкан болчу. Бирок, эмнегедир биринчи орунду мага берип коюшкан. Сыйлыкка деп грамота менен 500 рубль беришиптир. Мени алып барган агайларым 500 рублдин 300үн мага беришсе: “Жок. Мен албайм. Өзүңөр ала бергиле. Мени атам урушат” деп такыр албай койгом. “Муну сен утуп алдың. Акча сеники” деп атып араң көндүрүшкөндө коркуп, калтырап жатып баягы 300 рублди араң алгам. Атама алып барып берсем акча үчүн эмес, менин ийгилигим үчүн атамдын аябай кубанганы эсимде. Менин ушундай эл билбеген талантым бар. Элдер “Сема кыргызча да жыргатып сүйлөй албайт” деп ойлошот экен. Бирок, мен кыргызча сүйлөмөк түгүл, ко­муз­да кол ойнотуп күү чертем.
– Кичине кезиңде Жанарбек экөөңөр урушчу белеңер?
– Негизи, бизге ата- энебиз жакшы тарбия берген. Жаш айырмачылыгыбыз эки жаштан. Бирок, улууларыбызды “сиз” деп сүйлөп, урушпаганга үйрөн­гөнбүз. Ошентсе да Жанарбек экөөбүз удаа болгондугубуздан, чындыгында мушташып кет­чүбүз. Ал мени такай ээрчип алчу да, жакшы ойнотчу эмес. Ошондой учурларда мен аны көп токмоктоп койчумун.
– Мектепти бүткөн соң, өнөрүңдү өркүндө­түү үчүн музыкалык окуу жайга тапшырдыңбы?
– Ооба. Мектептен 8- классты бүткөндөн кийин эле мектептеги мугалимдердин: “Окууңду аякта. Сага алтын медаль беребиз” дегенине карабай Оштогу музыкалык орто окуу жайына тапшырам деп кетип калгам. Атам менден чоң музыкант чыгат дедиби, эмнегедир бул жолу да мени катуу колдоду. Ошентип, музыкалык орто окуу жайынын дирижёрлук бөлүмүн кызыл диплом менен аяктадым.
– Демек, сен дирижёр экенсиң да?
– Албетте. Мен окууну бүтүп жаткан жылы Москвадан, Алматыдан атайын чакыруулар келген. Бирок, мен өзүмдүн мүнөзүмдү дирижёрлукка такыр төп келтире албай койдум. “Дирижёр деген назик, ийкемдүү болуш керек да. Мен болсо...” деген ой менен Москвага баруудан баш тарттым. Андан көрө юрфакка окуюн деп чечтим. Себеби, ошол убакта юрфакта окуган өзүнчө эле модага айланып кеткен эле. Юрфакта окубасам эле бир нерседен калып калчудай сезиле берген.
– А Бишкекке качан келгенсиң?
– Ошто окуп жүргөндө эле бул жакка көп келчүмүн. Анткени, Бишкек мага аябай жакчу. Юрфакты бү­төөрүм менен бул жакка консерваторияга тапшыргам. Ошондон бери консерваториянын студентмин. Бирок, азыр канчанчы курс болуп калганымды өзүм билбейм. Анткени, сабакка кез-кезде эле бир баш багып койгонум болбосо, дээрлик барбайм.
– Борборго келген соң, шыр эле жолуңду таап кеткен эмес чыгаарсың?
– Албетте. Алгач ар кайсы кафелерге барып жумуш издедим. Ырдатып көрүшүп, бир аз эле орой сүй­лөп коюшса, шарт эле туруп алып кетип калчумун. Акыры ошентип жү­рүп бир кафеден өз ордумду таап, ошондон бери улам бир кафеге которулуп отуруп азыр “Гималай” кафесинде иштейм.
– Күйөрман кыздарыңдын атайын сен үчүн кафеге барган учурлары болобу?
– Көпчүлүк учурда ошондой болот. Айрыкча силердин гезиттин “Фотороман” рубрикасына чыккандан баштап кафеге издеп барган күйөрман кыздар көбөйдү. “Телефонуңузду бериңизчи, “Фоторомандагы” кыздарга берген турбайсызбы” дегендер болду. Ошондогу окуяны болгон окуя деп ойлошсо керек.
– Эгер сыр болбосо кафеден бир күндө канча табасың?
– Ар кандай. Бир жолу кардарлардын бирөөсү бир эле ыр үчүн жүз доллар таш­тап кеткен. Эми албетте, андай учурлар аз болот. Ал эле эмес, кээде болгону 200 сомго иштеген күндөр болот. Эми кафеде иштесең чыгармачылык жактан өссөң өсөсүң, бирок, артта калбайсың. Кандай жаңы ыр чыкса баарын жаттап турасың. Анан да элдин табити, суроо-талабы менен тааныш болуп турасың. Эң негизгиси, “жандуу” ырдап, үнүңдү калыбынан чыгарбайсың.
– Азыр шоу-бизнесте атаандаштык күчөп турган маалда жалгыз адам эмес, бир топту алып чыгуу бир топ эле кыйын болсо керек?
– Албетте. Эгер азыр бир ырчы 100 долларга форма тиктире турган болсо, бизге 400 доллар акча кетет. Анан да топтогулардын ар бирине өз-өзүнчө мүнөзүнө карап мамиле кылууга туура келет. Мисалы, топтогу Чынара менен Зулянын такыр бири- бирине окшобогон эки бөлөк мүнөзү бар. Жанарбекке болсо үйдө башкача, жумушта башкача мамиле кылууга туура келет.
– Кыздар сенин тобуңа кандайча келип калышкан?
– Экөөнү тең кастинг боюнча алганбыз.
– Эмне үчүн аларды сахнага көп алып чыкпайсың?
– Кыздардын экөөнүн тең үндөрү жакшы. Бирок, чын эле негедир аларды сахнага көп чыгарбаптырмын. Негизи, алар эле эмес, өзүм да ушул убакка чейин чыгармачылыктан алаксып жүрдүм. Себеби, чоң үйдүн курулушун баштап алып, эки- үч жылдан бери быйыл эми толук бүттүм. Жаңы жылдан баштап буюрса, чыгармачылыкка катуу киришкени турам. Кыздардын да ошондо элге кеңири таанылышына мүмкүнчүлүк түзүлөт.
– Репертуарыңарда канча ыр бар?
– Он бештей бар го.
– Обондоруңду кандай учурда жаратасың?
– Ар кандай учурда. Мисалы, “Жаңы жыл” деген ырымды машина айдап баратып эле үйдөн машина жуучу жайга жеткенче жаратып койгом. Кийин “Ата” деген ыр жаздым. Ал болсо кафеде бир той болуп, той ээлеринин атасы сүйлөп жатканда башымда пайда болгон. Колум менен башка музыка ойноп жатсам да мээмде жаңы обон жаралып калган.
– Концертке даярданып жаткан турбайсыңарбы. Алгачкы концертиң болгондуктан, толкундоолор болбой койбосо керек?
– Убакыт жакындаган сайын бир чети толкунданып, бир чети бир аз жүрөксүп турам. Бирок, физикалык жактан жетишпей жатам. Продюсер да өзүм, ырчы да, бийчи да өзүм болууга туура келип жатат. Эмнеси болсо да өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Калганын өз убагында көрө жатаарбыз.
– Айтмакчы, эмне үчүн продюсер менен иштешпейсиңер?
– Мурда продюсердин мага көп деле зарылчылыгы жоктой сезилчү. Чындыгында продюсер болсо жакшы болмок экен. Бирок, азыр жакшы продюсерлердин баары эле бош эмес. Ошондуктан, азырынча өз алдыбызча эле иштегенге туура келет го.
– Концертиңден кандай жаңылыктарды күтүүгө болот?
– Колдон келишинче элге жаккандай кылып уюштурууга аракет кылып жатабыз. Ал эми негизги жаңылык концертте мен комузда күү чертем. Бул да болсо концертке келген элдин патриоттуулук сезиминин ойгонушуна аз да болсо салымын кошобу деп ойлойм.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 205, 6-12-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан