САЛАМАТ САДЫКОВА 50 ЖАШТА

Ар бир элдин өзүнүн кылымдар бою жү­рөктүн түпкүрүнө атын сактап, аздектеп алчу кулуну болот эмеспи. Анын сыңарындай, өрүкзарлуу Баткенден чыгып, чыныгы таланты менен өнөр күйөрмандарын өзүнө багындырган Саламат Садыкова да кыргыздын сыймыгына жаралгандай. Саламаттын балалыгы катаал шарт­­та өткөн. Бирок, ал азыр бактылуу эне, тө­гөрөгү төп келишкен ырчы, кыргыздын эң бактылуу кыздарынын бири. Ал Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген артисти
деген наамдардын ээси.

ТАМШАНДЫРГАН ТАЛАНТ

ЫР ЖАНДУУ АТА-ЭНЕ
«Алма сабагынан алыс түш­пөйт» демекчи, Саламатка өзүн­дөгү көөнөргүс талант атасынан да, апасынан да өткөн окшобойбу. Себеби, бири өрүкзарлуу Баткендин, бири Өзгөндүн Куршабынын суусун ичип чоңойгон жаш жубайлардын экөө тең ырга шыктуу жандардан болгон экен. «Тилекке каршы, атам менин эсимде калган жок. Атам жөнүндө бир билгеним, ал мени ушунчалык жакшы көрчү экен. Аны жакшы билген Салима деген жеңем: «Атаң ыраматылык эшек мингенде буттары жерге тийип калчу. Сен кичине экениңе карабай качан болсо эшегине минип, сени бооруна кысып алчу. Анан да ары өтсө да кыңылдап ырдап, бери өтсө да кыңылдап ыр­дап өтөөр эле» деп айтып калат. Атамдын өнөргө кызыкканын ушундан бил, мен жаңы төрөлгөн кезимде эле устаканага барып, «чоңойгондо ушул кызым кагат» деп темир комуз жасатып коюптур. Аны мага «атаңдан калган эстелик» деп кийин беришкен. Атамдын айтканындай эле мен темир комузду үй­рө­нүп алып, мектепте кагып жүрдүм. Ал эми апамдан тогуз жашымда ажырадым. Анын да ырдап калганын угуп калчумун. «Атаң­дын көрү, тагдырым мындай болбогондо азыр Мыскал менен ырдап жүрмөкмүн» деп арман кылганын да бир курдай кулагым чалган. Мына ошентип, менин өнөр дүйнө­сүнө умтулушума ата-энемдин канындагы ырга болгон кызыгуу таасир берсе керек» деп эскерет ырчы ата-энеси жө­нүн­дө.

МЭЭРИМГЕ ЗАР БАЛАЛЫК
Кудайдын башка салганын көтөр­бөскө чара жок тура. Митедей жабышкан оорудан соң Момун ата (атасы) көз жумганда Саламат эки жарым жаштагы наристе экен. Өлгөндүн артынан өлгөн барбы, тагдырга моюн сунуп 26 жаштагы жаш эне кызын кучактап жесир калат. Бирок, ата-эне көп өтпөй колун сурап келген бирөөгө кызынын башын байлашып, кичинекей Саламат өгөй атанын колуна барат. Тилекке каршы, өгөй ата ичкиликти сүйгөн, кызыл камчы, зөөкүр болуп чыгат. Мас болуп келген сайын аялын чырылдатып сабаса, Саламат жүрөгү түшүп жашынып калчу экен. «Бир күнү апамдын толгоосу башталып калды. Жанында менден башка эч ким жок. Көпкө кыйналып жатып апам көз жарды. Бирок, өзүнүн денсоолугу жайында эмес эле. Көп кан кетип калды. Мен болсо эмне кылаарымды билбей айланчыктап чуркап жүрөм. Көзү аңтарылып жатканын көрүп, бала болсом да жашоосу түгөнүп баратканын билип турам, бирок, колумдан эч нерсе келбейт. Акыры кан токтоп, апам алсырап жатып калганда баягы ата сөрөй мас болуп келди. Апамдын абалын көрүп мотоциклдин люлькасына салып, ооруканага алып барды. Бирок, кеч болуп калган экен, апам ооруканадан кайтпай калды» дейт улутуна.
Ошентип, Саламат тогуз жашында томолой жетим калат. Энеден калган күн курусун. Ушул күндөн баштап секелек кыздын башына түйшүк түшөт. Кылган ишине кызыгышып туугандары колдон колго өткөрүшөт. Бала бактырам деп бири алып кетсе, пахта терет деп башкасы алып кетет. Ошентип, ар кимдин колунда мектептен мектепке которулуп жүрүп кунарсыз күндөр өтө берет.

ТАЛАНТ УЧКУНДАРЫ
Эгер адамдын көкүрөгүндө жаткан чыныгы таланты болсо, ага эч кандай сырткы күчтөр таасир эте албайт эмеспи. Анын сыңарындай, Саламаттын эртелеп ойгонгон шыгы ага тынчтык берген эмес. Пахта талаасында болобу, үй жумуштарын жасоо учурундабы, секелек кыздын ырдаганы ырдаган эле. Сырдашаарга эч кимиси жок кыз өзү менен өзү сүйлөшүп, тынбай окуган китептерине таасирленип, кыялында тээ бийиктерге умтулчу.
Саламаттын алгачкы жолу эл алдына чыгып ырдаганы такыр эсинен чыкпайт. Анда орто мектепте 7-класста окучу. Буларды бир орус мугалим окутуп, андан тышкары ыр, бий үйрөтчү. Ошол эжеке окуучусу Саламаттын башкалардан өзгөчө зиректигин байкаганбы, аны бөлүп алып орусча ыр жаттата баштайт. Ушул ырды Саламат райондун борборунда жайгашкан орус мектепке барып, толгон элдин алдында сахнага чыгып ырдайт. Кийин бир чоң салтанатта мектептин активдүү окуучуларынын катарында Саламаттын фамилиясы аталат. Мындайды күтпөгөн кыз микрофондон өзүнүн фамилиясын укканы менен эч нерсени түшүнбөйт. «А-аа, фамилиясы меникине окшош турбайбы» деп ойлоп коёт. Бир маалда эле баягы орус эжеси далбактап чуркап келип: «Жүр, сен жеңипсиң. Сени чакырып жатышпайбы» деп Саламаттын колунан жетелеп кетет. Качан гана Саламат жөнүндө мактоо сөздөр сүйлөнүп, колуна грамота тапшырылганда өзүнүн ыры башкалардын көңүлүнө арзыганын, ошон үчүн сыйлык тапшырып жатышкандарына түшүнөт. Мына ушул окуя Саламаттын шыгына шык кошуп, андан бетер өнөр сересине сүйрөйт.
Кийин Саламат мектепти бүткөн соң, айылдык клубдун жетекчиси болуп калат.

ТАЛАСКА ТУШ КЫЛГАН ТАГДЫР
Ал кезде Саламаттын райондун «жылдызы» аталып калган кези эле. Күндөрдүн биринде Баткенде отурукташып калган таластык жубайлардын иниси ошол жакка кыз издеп барып калат. Толгон кыздардын ичинен ал жигитке Саламат жагат. Эки жашты тааныштырышып, үйлөнүү жөнүндөгү сөзгө кезек келгенде жигит: «Экөөбүз үйлөнсөк сенин ырдаганыңа тоскоол болбойм. Экөөбүз чогуу маданият үйүндө иштейбиз...» деген сыяктуу толгон-токой убадаларды берет. Ыр десе ичкен ашын жерге койгон Саламатка ал кезде Талас десе эле өнөрдүн мекениндей сезилчү. «Таласты бир көрсөм» деп дегдеп жүргөн Саламат тагдыр буйруп, ошентип, Таластын келини болуп калат. Тилекке каршы, жолдошу Тургунбек убадасына турбайт. Келин болуп баргандан кийин бир жыл өтөт, эки жыл өтөт... Күнүмдүк тиричилик деп жүрүп жети жыл өтөт. Бул жылдар ичинде Саламат тамак жасап, кир жууп, эки кызын тарбиялап үйдө отурат. Жолдошунун болсо жубайын ырдата турган түрү жок. Атүгүл, «Мен ырдашым керек» деген сөзү үчүн Саламатты суук сөздөр менен урушкан, ал эле эмес, колу тийген учурлары болот. Акыры жеке турмушунан да ырды, сахнаны бийик койгон Саламат бири алты, бири төрт жаштагы эки кызын колунан жетелеп үйүнөн чыгып кетет. Албетте, жолдошу да жөн эле узатып койгон жок. Үйбүлөсүн кайтаруу үчүн көп аракеттерди жасайт. Бирок, көшөргөн Саламат беттегенинен артка кайткан жок. Карабуура районунун борборуна барып маданият үйүнө жумушка орношуп, ошол жакта мамлекет берген эки бөлмөлүү үйдө эки кызы менен жашап калат.

26 ЖАШТА АЧЫЛГАН ДАГЫ
БИР ӨНӨР
Намыскөйлүк Саламаттын тубаса сапаты эле. Ошол намыскөйлүгү анын 26 жашында өз алдынча комуз үйрө­нүү­сүнө түрткү болду. «Атайын ырдайм деп күйөөмдөн ажырашып келсем, анан эптей албадым деп кайра барамбы?» деген ой жүрөгүн өйүп, бир кү­нү комуз үйрөнүүгө белсенет. Маданият үйүндө иштеген комузду жакшы билген бирөөгө комузун көтөрүп барып, кайсы жеринен ойнолоорун гана билип алып, анан өзү аракет кыла баштайт. «Сенин колуң катып калган, эми үйрөнө албайсың» дегендер болду кесиптештеринин арасында. Бирок, Саламат өжөрлүгүнө салып комузду колунан такыр түшүрбөй койду. Чала-була үйрө­нүп алган обондорун чертсе төрт дубалдан башка эч нерсе жок үйү тимеле жаңырат. Анда Саламат менен чогуу жашаган кыз тамекисин чычайтып кармап: «Ай, болдучу, башым ооруп кетти» дейт Саламаттын комуз ойногонун жактырбай. «Башың ооруса барып жат, мен комуз ойнойм» дейт Саламат да өжөрлөнө. Мына ошентип талыкпаган аракеттин аркасында аз убакыттын ичинде эле комузду шаңшытып черткенге жетишип калат. Атү­гүл, эмгектенип жаткан «Жылдыз» ыр-бий ансамбли менен Польшага эл аралык фестивалга барып, «Кызыл гүл» аттуу ырды комуздун коштоосунда ырдап чыгат. Натыйжада, «Жылдыз» тобу 2-орунга ээ болот. Көп өтпөй топ менен Москвага да барат.

ТУУЛГАН ЖЕРГЕ КАЙТЫП КЕЛҮҮ
Саламаттын аты бара-бара Карабуура районуна тарап, райондун ичинде мыкты ырчы атыга баштайт. Ошондуктан, кесиптештеринин арасында бут тосуулар чыгат. Анын үстүнө жолдошу да кайра-кайра келип тынчтык бербегендиктен, Саламат туулган жерине кетүүнү чечет. Баткен эли өз кызын кош колдоп тосуп алышып, бараары менен эки бөлмөлүү үй беришет. Ошентип, Саламат эми Баткен райондук маданият үйүндө жумушун уланта баштайт. Келгени жакшы болгон экен, бул жерде Саламатка каалаган формаларын тиктирип беришип, кыскасы, чыгармачылыгынын өсүшүнө чоң колдоо көрсөтүшөт. Дал ушул жерде иштеп жүрүп борбордугу съезддерге да улам-улам каттай баштайт. Мына ошондо таланты борбордогу чоңдорду да тамшантып, көзгө илинет.

ЖАНГАН ЖЫЛДЫЗ ЖАНА ТОСКООЛДУК
Кезектеги дагы бир съездге келгенде Саламатты телевидениеге тартышат. Ошондо колуна комуз алып булбулдай үнү менен ырдаган баткендик бир кыз бар экенин билген жогору жактагылар Саламатты борбордогу «Камбаркан» ансамблине чакырууну буйрушат. Келбей коёт дештиби, «үйдүн ачкычы чөнтөктө, жумуш даяр» деп чакыртышат. Жумуш даяр болгону менен эч кандай ачкыч жок эле. Ана берилет, мына берилет деп жатып үй да унутулат. Көрө албастардын дагы кадимкидей бут тоскон күндөрү болот. Ал эле эмес, Саламаттын ордуна башка ырчы издешет. Бирок, дирижёр: «Мен иштесем Саламат менен иштейм, болбосо мен да кетем» деп туруп алат. Мына ошондон ушул күнгө чейин Саламат талыкпай «Камбаркан» ансамблинде эмгектенип келе жатат. Андан бери Саламат дүйнө­нүн көп жерлерине барып, кыргыздын намысын коргоп келди. Анын үнүнө тамшанбаган, келбетине суктанбаган адам Кыргызстанда жок болсо керек. Ал эми алдап чакырып, мамлекет сатып бере албаган үйдү Баткендин эли чогулуп ак­ча топтоп, сатып беришкен.

БАКТЫЛУУ ЭНЕ ЖАНА МЭЭРИМДҮҮ ТАЕНЕ
Быйыл Саламат туура 50 жашка чык­ты. Улуу кызы Кундуз – Кыргыз-Түрк «Манас» радиосунун продюсери. Кичүү кызы Махабат – котормочу, эл аралык долбоор менен иштейт. Апасынын эл аралык деңгээлдеги жумуштарына кичүү кызы Махабат, ал эми Кыргызстандагы чыгармачыл жумуштарына улуу кызы Кундуз жардам берет. Небереси Сайкал 10 жашта. Таенесинин жолун жолдойм деп комуздан, фортепианодон сабак алат. Сайкалга таенеси жүрөгүндөгү болгон жакшы сөздөрүн, эркелетүүсүн арнап, мээримин төгүп турат. Алар чогулуп калгандагы эң кызыктуу тема – баягы эле чыгармачылык.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 206, 13-19-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан