Мырзабек Айдаралиев: «АФРИКАЛЫК НЕГРЛЕРДИ ЖЕҢИП КОЙГОНБУЗ»

Кыргызстанда шоу-бизнестин деңгээли азыркыга салыштырмалуу бир топ төмөн кезинде эле «Аза Универсал» тобу түзүлүп, “Музыка”, “Өбүшөмүн деп” жана башка ырлары менен популярдуу болгон эле. Көп убакыт бою бир калыпта туруп калган бул топ акыркы убактарда “Көп эстеп” аттуу жагымдуу ыры менен учурдун популярдуу делген ырчыларынын сабына кошулду. Ар улуттан түзүлгөн бул топтун негиздөөчүсү жана жетекчиси – Мырзабек Айдаралиев. Мырзабек 1976-жылы Ноокат районунун Акбулак айылында төрөлгөн. Театралдык орто окуу жайын аяктаган. Үйбүлөлүү. Бир кыздын атасы. “Кыргызстан Обондору” радиосунун ди-джейи Назгүл Айдаралиеванын өмүрлүк жары.

– Мырзабек, алгач «Аза Универсал» тобунун түзүлүшү жөнүндө айтып өтсөңүз?
– «Аза Универсал» тобу мындан жети жыл мурун түзүлгөн. Бирок, анда топтун курамында башка жигиттер эле. Топту алып жүрүүдө алгач бир топ кыйынчылыктар болду. Финансы жагынан, уюштуруу жагынан дегендей. Мына ушундай кыйынчылыктарына чыдабай, эки жылдан кийин эле топту таратып жибергем. Ошентип, дагы эки жылдай убакыт жөн эле жүргөнбүз. «Кой, жөн эле жүрө бергенде эмне? Ырдап элге кызмат кылалы» деп топту кайрадан бутуна тургузуп, кайра түзүүнү чечтим да, азыркы курамды топтодум. Ал эми «Аза Универсал» деп аталышы жөнүндө көп эле окурмандар билишсе керек. Ошентсе да дагы бир жолу эскерте кетейин. “Аза” деген сөз Азамат деген досумдун атынан алынган. Ушундай бир эстрадалык топ ачуу анын максаты болчу. Тилекке каршы, максатына жетпей оорунун айынан бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Ошол досумдун урматына топтун атын ушундай атагам. Ал эми “универсал” деген – менин мурунку балдарым да, азыркы балдарым да көп кырдуу таланттар. Башкача айтканда, актёрлору, бийчилери, ырчылары, жада калса спортсмендери бар.
– Азыркы жигиттериңиздин улуттары башка болсо керек?
– Ооба. Олег корей улутундагы жигит. Амир болсо татар. Экөө тең 27 жаштагы бойдок жигиттер. «Аза Универсалдын» биринчи курамы тарай электе ушул жигиттер бир ырыбызга бийлеп беришкен эле. Кийин көчөдөн көрүп калып бирге иштөө боюнча сунуш киргизип, ошондон бери чогуу иштешип келе жатабыз. Азыр шоу-бизнесте көп убакыт чогуу иштешиш оңой эмес. «Сен минтип айтыпсың», «сен тигинтип айтыпсың» деген сыяктуу сөздөр көбөйүп, бузукулар ортодон чыга калышат. Башка улут менен иштешкендин бир жакшы жери – алар ушундай сөздөргө көңүл бурушпайт. Алар бир гана иштешет. Азыр биз Олег, Амир үчөөбүз аябай ынтымактуубуз. Кандай жумуш болбосун биргеликте чечебиз.
– Сиздер өзгөчө бийлериңиздер менен элди өзүңүздөргө тарта билесиздер. Ушундай бийлерди кайдан үйрөн­гөн­сүздөр?
– Олегдин өзүнүн адистиги хореограф. Ал бийдин түрүн билет. Биз дагы бийди Олегден үйрө­нөбүз.
– Шоу-бизнесте бир калыпта токтоп калган «Аза Универсалды» учурда популярдуу болуп турган «Көп эстеп» аттуу ырыңыздар кайра жандандырып койду окшойт. Ушул ыр кандайча жаралып калды эле?
– «Көп эстептин» сөзү Камбараалы Бобуловдуку, обону меники. Бул ыр мындан эки жыл мурун эле жарыкка чыккан. Бирок, аранжировкасы жакшы чыкпай, элге сиңимдүү болбой калган. Муну бир гана жолу «Ала-Тоо» аянтындагы бир концертте ырдаганбыз. Эл да жакшы кабыл албай, бир чети өзүбүзгө жакпай калгандыктан, ошол боюнча ырдабай койгон элек. Кийин аранжировкасын Ильяз Абдыразаков жазып, кайрадан элге тартууладык эле, эл жакшы кабыл алып, минтип популярдуу болуп кетти. Айтканыңдай эле топтун кайрадан популярдуу болушуна бул ырдын салымы чоң болду.
– Бул ырдын клиби да өзгөчө көңүл бурууга татырлык. Аны кайсыл жактан тарткансыздар?
– Мурдагы жылы атайын жолдомо менен Араб Эмиратынын Маскат шаарына фестивалга барганбыз. Бул жакта кыш мезгили болчу, ал жакка барсак күн төбөнү куйкалачудай болуп ысык экен. Ошондо кырк күндүк убактыбызды текке кетирбей эки ырыбызга клип тарта келгенбиз. Ошонун бири ушул «Көп эстептин» клиби болчу. Бул клиптин тарыхы да өзүнчө окуя. Океандын жээгинде даярданып бийлеп жатсак, африкалык негр балдар келип калышты. Бир аз биздин бийлегенибизди карап турушту да, бийдин брейк түрү боюнча жарышуу тууралуу өздөрү сунуш киргизип калышты. Бирок, булар өздөрүнүн бийлерин жакшы бийлешкендери менен брейк боюнча бизден жеңилип калышты. Бир маалда «биз жарышабыз» деп жергиликтүү араб жигиттер келишти. Бирок, алар да жеңилип, алгач чычалашып, жергиликтүүлүгүнө салышып бизге үстө­мөндүк кылганга чейин барышты. Ошентсе да биздин талантыбызды сыйлашып кайра кечирим сурашып, кучакташып дос болуп алганбыз. Клиптегилер ошол досторубуз. Ырдын ортосунда окулган рэпти да ошол арабдардын бири окуп берген. Ал арабча рэп достук жөнүндө окулуп, бизге которгондо “Биз Мустафа аркылуу бул жигиттер менен таанышып, достошуп калдык...” деген маанини туюндурат. Африкалык, араб досторубуз менен азырга чейин интернет аркылуу кат алышып турабыз.
– Сиз өзүңүз музыкалык билимге ээ болгонсузбу?
– Менин музыкалык билимим жок. Музыка чөйрөсүнө аралашып калганыма өзүмдөн улуу агам “күнөөлүү”. Бир жылдары айылда музыкалык аппаратура сатып алып, солист издеп жүрбөй мени эле ырчы кылып алган. Мен анда 7-класста окучумун. Экөөбүз тойлорго барып ырдап калчу элек. Ошол бойдон искусство чөйрөсүнө кызыгып кеткем. Ошондуктан, мектепти бүткөндөн кийин ата-энем тапшырткан окууну таштап, Бишкекке келип актёрлукка тапшырып алгам.
– Демек, өз кесибиңиз актёр экен да?
– Ооба. Көп эле спектаклдерде роль жараттым. Ал эми кинолордон эпизоддук ролдордо ойнодум. Мисалы, “Эдем алмасында”, Венгриянын «Менин күндөлүгүм» аттуу фильмдерде.
– Башкаларга да клип тартып берип жүрө­сүз...
– Ооба. Азыр M&B аттуу студия ачып алгам. Бул Мырзабек жана Бекбол дегенди билдирет. Бекбол экөөбүздүн бул студиябызга азыр көп заказдар түшө баштады.
– Бир клипти толук бойдон бүтүргөнгө канча убакыт кетет?
– Бир айда толук бойдон бүтүрүп, ээсинин колуна тапшырабыз.
– Сыр болбосо бир клипти канча сомго тартасыздар?
– Мурун 300 доллардан башталчу. Азыр 500 долларга көтөрүп койдук. Себеби, клиптин сценарийин өзүбүз түзөбүз, өзүбүз тартабыз, кыскасы, баштан- аяк өзүбүз жооп беребиз. Мына жакында эле Сапар менен Артыктын «Атага» ырына клип тартып бүттүк. Анын чыгымы 1000 долларга жетти окшойт. Бирок, ошого жараша сапаттуу тартылды. Мындан башка да бир топ заказдар жатат. Клип эле дейсиңби, мындан тышкары мен телевидениеде да иштейм да. Биринчи каналдан, ОРТ, РТР каналдарынан Кыргызстандын кооз жерлерин даңазалап көрсөткөн рекламалардын баары менин колумдан чыгат. Аны Болот Тиллебаев тартып келет, мен жасап-түзөп, музыка кошуп, элге берем. Ошентип, саат алтыга чейин мамлекеттин жумушун аткарам. Андан кийин гана өзүмдүн иштериме киришем. Кээде уктаганга убакыт болбой, суткасына 1-2 гана сааттан уктаган учурлар болуп калат.
– Продюсерлик менен дагы деле алектенип жатасызбы же Ильяздан кийин бул ишиңизди таштап койдуңузбу?
– Ильяз менен жарым жылдай иштештим. Ал азыр чычалап «продюсерим эмес болчу» дегендей айтып жүрүптүр. Эмне десе да мейли. Андан мага эч нерсенин кереги жок. Ильяздын менин колумдан тарбияланып чыкканын баары эле билишет. «Бул бала кимден чыккан?» дешсе «Мырзадан» деген сөздүн өзү эле жетет мага. Ильяз өсчү жигит. Өсө берсин, мен анын талантын баалайм. Азыр башка окуучуларым бар. Алар да таланттуу улан-кыздар. Буюрса, алардын эл алдына чыгышына аз калды.
– Ушунча жумуштардан кийин кожоюн катары үйбүлөгө көңүл бурууга убакыт жетеби?
– Менин кожоюндук милдетимди аткарбай калганыма бир жылдай болуп калды. Ага чейин үйдө бир шруп да бошоп калчу эмес. Баарын убак-убагы менен өзүм бүтүрүп турчумун. Азыр болсо андай жумуштарды өзүм жасаганга убактым жетишпегендиктен, акысын төлөп би­рөө­гө жасатам. Ал эле эмес, үйбүлөм менен да жумалап сүйлөш­пөй калган учурларым болот. Мен барганда алар уктап калышат, эртең менен турсам кетип калышат.
– Кызыңыз канча жашка чыгып калды?
– Алтыдан жетиге карады. Аябай такылдаган, тың кыз. Тааныштар “Наз­гүл жыйырма жашында ди-джей болсо, кызың беш жашында эле ди-джей болот окшойт” деп калышат. Чын эле кичинесинен баштап эле радиого үндөрү жазыла баштаган. “Кыргызстан Обондорунда” “Чоң энемдин түйүнчөгүн­дөгү” жаш баланын үнү –ошол менин кызымдын үнү.
– Кызыңыздын эмнеге шыгы бар?
– Бийлегенге, ырдаганга шыктуу. Виктория Савченконун шоу-балетинде бийлечү. Бирок, анда кыргыздын менталитетине туура келбеген бийлер бар экен. Ошондуктан, андан чыгарып алдым. Андан көрө “Шаттык”, “Жаш кыял” сыяктуу бий ансамблдерине берейин деп жатам. А апасы болсо анын искусстводон тышкары эле болуусун каалайт. Таенеси врач кылам дейт. Чын эле азыртан врачтыкка жакындыгы сезилет. Ооруп калсаң дарыларды берип, үстүңө үйрүлүп түшүп калат.
– Жубайыңыздын радиодо иштегенинин сиздин чыгармачылыгыңызга таасири тийеби?
– Назгүл эле эмес, “Кыргызстан Обондорунда” мен өзүм да иштегем. Тааныш-билиштик кылып ырларымды бере турган болсом, ошондо эле пайдаланып калат болчумун. Же болбосо азыр деле Назгүл эле эмес, кимисине болбосун “менин ырымды коюп койчу?!” деп сурансам болмок. Бирок, мен антпейм. Эгер жакшы ыр болсо, эч кимден сурантпай эле ал өзү чыгып кетет. А чыкпай турган ыр канча акчаңды чачып, миң сүйрөсөң деле чыкпайт.
– “Көп эстептен” кийин дагы жаңы ырларыңыздар жаралып жатабы?
– “Көп эстептен” кийин дагы эки ыр жаздырганбыз. Алар да ийгиликтүү чыкты. Буюрса, элге сиңип, бизге дагы атак алып келишинен үмүтүбүз бар. Ыр эле жазып тим болбой, азыр “Аза Универсал” тобунун алдында дагы бир топ түзүп жатабыз. Ал бий тобу болмокчу. Муну Олег жетектейт. Кастинг боюнча тандап, азырынча жети адам алдык. Дагы алып, бийчилердин санын кыркка жеткирсек деген тилегибиз бар. Бийге кызыккан, бийдин бардык түрү боюнча Олегден сабак алам деген улан-кыздар болсо, бизге кайрылса болот.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 207, 20-26-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан