Чыңгыз Мырзаев: «БАНКАДАГЫ МАЛИНАНЫН ВАРЕНЬЕСИН ООЗУМА КУЮШТУ»

– Чынгыз, сени күйөрмандарың мурун ди-джей катары таанышса, эми ырчы катары да баа бере башташты. Сурайын дегеним, сен кичине кезиңде ырчылыкка шыктуу белең же алпаруучулуккабы?
– Мен кичинемде эле ырчы болгум келчү. Бирок, кызыгы, биздин үйдөн дегеле ырга шыктуу эч ким жок. Менин таланттуу болуп калганыма балким, айылдын кооз табияты таасирин тийгизгендир, балким, канымда бардыр. Балалык чагымда ата-энемдин колунда жалгыз болуп, эрке өстүм. Кылам дегенимди кылып, алам дегенимди алдырып тынчумун. Менин туулган жерим Каракулжа району болгону менен ал жерде 6 жашыма чейин эле чоңойдум да, андан кийин 1-классымдан баштап Чаткалда өстүм. Таякем прокурор болуп ишине байланыштуу эки жакка которулуп турчу. Биздин Чаткалга барып отурукташып калганыбыздын себеби да ошол таякеме байланыштуу. Атам сүрөтчү болуп, апам бухгалтер болуп иштечү. Мен болсо биринчи класска барганда эле классташтарыма анекдотторду айтып бергеним эсимде. Баары күлүшүп “дагы айтып бер” дешсе кайра-кайра айта берчүмүн. Эми ойлосом ди-джейликке болгон шыгым ошол классташтарыма айтып берген анекдотторумдан башталса керек. Ошентип, мектеп босогосун аттагандан баштап эле активдүүлүгүмдү көрсөтүп, ошол боюнча мектепти бүт­көнчө мектеп сахнасынан түшкөн жокмун. Алгач манас айтчумун, андан соң комуз, кийин гитара үйрөнүп, үн кошуп ырдап жүрчүмүн. И-и, баса, ырдап эле тим болбой куудулдукту да катырат элем. Бир жолу кайсы бир салтанатта башыма жоолук салынып чыгып, Дөөлөт Мадымаевди дал өзүндөй кылып туураганымда көрүүчүлөр эле эмес, калыс­тардын да күлө берип боору эзилип калган. Ушундай өнөрлөрдүн арты менен бир канча кароо-сынактарга катышып, райондун, областтын борборуна чейин барып келгем.
– Ырларыңдын сөздөрүн өзүң жазат экенсиң. Ыр жазууга да эрте жашыңдан аралаштың беле?
– Эң биринчи апама арналган ырымды 5-классымда жазганым эсимде. Классыбызда өтө эле жаман окуган бала бар болчу. Ошол ырларды жазып эле бизге окуп бере берчү. Эми ойлосом, тигинден, мындан бир саптан алып эле ар кайсы жактан көчүрө берчү экен. Жогорудагы ырымды “ушул начар окуган бала эле ыр жазганда мен жаза албаймынбы?” деп ошол классташыма атаандашып жазгам.
– Ата-энең сенин бул өнөрүңдү кандай кабыл алышчу эле?
– Мени бардык жагынан, анын ичинде талантымды да колдогон – бул менин ата-энем. Алардын музыкага жакындыгы болбосо да менин чыгармачылыкка аралашканымды кош колдоп колдошту. Чаткалдан бул жакка көчүп келгенибизге үч жылдай болуп калды. Көчүп келгенибиздин да себептеринин бири мага байланыштуу.
Эсимде, 7-8-класстарымда өзүнчө эле гитара үйрөнүп алып, ал менен ооруп жүргөнүмдө атама “гитара сатып бериңиз” деп көп айтаар элем. Биздин айыл Чаткалдын эң төрүндөгү айылдардын бири. Бир күнү атам райондун борборуна бара жатып гитара ала келем деп сөз берди. “Ала келбесе деле керек, тоонун ортосундагы райондо кайдагы гитара сатылмак эле?” деп ойлодум. Ошентсе да үмүтүмдү үзбөй күтө бердим. Атамдын келээр маалы болгондо такыр эле жолдон көзүмдү албай калдым. Бир маалда жолдун боюна автобус келип токтоду да, автобустан колуна гитара кармап атам түшүп келе жатат! Эми кубаны­чым тимеле койнума батпайт. Ошол күндөн баштап гитара колумдан түшпөй калды.
Атамдын мени өзгөчө кубанткан ошол белегин азыр деле колдонуп жү­рөм.
– Анан өзүң кызыккан музыка жаатында жогорку билимге ээ боло алдыңбы?
– 9-классты бүткөн соң кичинемден берки кыялымды орундатып Жалалабаттагы техникумдун музыка бөлүмүнө тапшырдым. Ал жакты ийгиликтүү аяктаганымдан соң кайрадан айылга келип, музыка сабагынан мугалим болуп бир жыл иштедим.
– Жаш болуп туруп түйшүктүү жумушта иштегенден кыйналган жоксуңбу?
– Чын эле мен анда өтө эле жаш болчумун. Башкача айтканда, 19 жашта. Мугалим болуп келип, өзүмдөн 2-3 жаш эле кичүү окуучуларга сабак берип, класс же­текчи болуп калдым. Алгач сүрдөп, бир аз кыйынчылыктарга туш болдум. Бирок, кайра бат эле көнүп, мектеп жетекчилеринин мактоосуна арзый баштадым. Ал эле эмес, “Жылдын мыкты мугалими” де­ген наамга көрсө­төбүз дешкен. Бирок, жогору жактагылар “өтө эле жаш” деп ма­кулдугун бербей коюшкан.
– Кокусунан окуучу кыздарың менен сүйүү романын түзүп жиберген учурларың болбоду беле?
– Кээ бир кыздар башкача көз караш менен карап же мени көргөндө шыңкылдашып күлүп калгандарын байкачумун. Ал эле эмес, кичине нерсени чоң нерсеге айлантып “Чыңгыз агай баланча менен жүрөт экен” деген сөздөр да окуучулар арасында тарап кеткен учурлар болгон. Бирок, мен окуучу менен мугалимдин ортосундагы чекти катуу сактачу элем.
– Ошол бойдон мугалимдик кесипти аркалап кете берүүнү каалаган жоксуңбу?
– Балким, иштесем ошол бойдон иштеп кете бермекмин. Бирок, мугалимдик айлык акынын өтө эле аздыгы менин мектептен кетүү­гө себепчи болду. Мектептен кеткен соң айылдык клубга жетекчи болуп да иштедим. Бирок, ал жерде да болгон жок. Чөйрөм­дөгүлөрдүн “сен шаарга барып билим алышың керек. Сенден бир нерсе чыгат” деген сөз­дөрү, бир чети өзүм­дүн да каалоом мени Бишкекке жетелеп келип, Искусство инсти­­тутуна тап­­шырт­ты. Азыр анда 4-курстамын.
– Ырчы досторуң Султан, Мирбек менен ошол жактан достошсоң керек эле?
– Ооба. Мен окууга келгенде орто билимим болгон үчүн дароо эле 2-курс­ка отургузушкан. Ошентип, мен Мирбек, Султан, Акбарлардын группалашы болуп калгам. Алгач бири-бирибиз менен анча ишибиз жок эле жүрчүбүз. Кийинчерээк эле жакын болуп кеттик. Чамасы, бизди чыгармачылык жакындатты окшойт.
– Институтта да активдүүлүгүң менен башкалардан айырмалана алдыңбы?
– Институтта жакшы окудум. Коомдук иштерге катышканды жакшы көрчү­мүн. Окууга жаңы келгендеги алгачкы айларда эле сиздердин “Супер-Инфо” гезитинин “Фотороман” рубрикасына тартылууга туш болуп калгам. Ошондо деканым тамашалап: “Институттагы кыздар сага аздык кылып, гезитке чыгып Кыргызстандын бардык кыздарына көрүнөйүн дедиңби?” деп калчу. Кыязы, ошондо эле мага бата тийген окшойт.
– Азыр сырттан окуйсуңбу?
– Ооба, сырттан окууга которулуп ал­гам. Анткени, былтыркы жылдын жай айында телевидениеге алпаруучулардын кастинги жарыяланып калганын угуп, кастингден өтүп кеткем. Ал жакта жарым жылдай иштедим. Бирок, эфирге чыкчу эмесмин. Эфир артында аба-ырайын окучу элем. Ошентип иштеп жүргөн күн­дөрүмдүн биринде “Кыргызстан Обондору” радиосуна кастинг жарыяланып калганынан кабардар болуп калдым. Радиодо ди-джей болуп иштегенге ушунчалык кызыкчумун. Өзүмдү бир сынап көрүүнү чечип, радиого барсам, ал жактан тапшырмаларды берип көрүшүп, акыры жагып калсам керек, радиого жумушка алышкан. Буйрук экен, эми минтип кыялымда гана элестетип жүргөн жумушумда иштеп жатам.
– Түз эфирде оңтойсуз абал жаралып, өзүңдү ыңгайсыз сезген учур­­ларың болду беле?
– Эфирге алгач чыгып жүргөнүмдө мындай абалдарга туш болгом. Бир жолу шашып жатып сүйлөбөй турган жерден эле сүйлөй бериптирмин. Бир маалда тыңшасам, мени менен жарышып эле реклама кетип жатат. Туура эмес жерден сүйлөп жатканымды дароо сездим да, абалдан чыгыш үчүн тамашалап: “Сен кимсиң?” деп койдум. Бирок, баары бир адашканым билинип калган. Мындан башка эфир убагында угармандарга катуу уят болгон учурларым боло элек.
– Үйүңдөгүлөр сенин программаларыңды угушабы?
– Башында башка жумуштарын таштап коюшуп калтырбай угушчу. Азыр көп маани бербей калышты. Бирок, менин саат канчадан канчага чейин чыгаарымды билишет. Кокусунан чыкпай калсам “Каякта жүрөсүң?” деп дароо эле телефон чалышат.
– Акыркы күндөрү эки чылбыр, бир тизгинди колго алып ырчылык менен да алектенип жүрбөйсүңбү. Эки ишти бирдей алып кетүү кыйын эмес бекен?
– Ырчылар жаркырап-жайнап сахнага чыгып ырдап койсо эле алардын жу­мушу оңой көрүнөт. Чындыгында эң кы­йын жумуш ырчылардыкы экен. Анын сыңарындай сахнанын түйшүгүн мен да сезип жатам. Бирок, экөө бири-бирине тоскоолдугун тийгизбейт.
– Акыркы убактарда эфирден ке­те баштаган жаңы клибиң көрөр­мандардын купулуна толгону байкалууда. Ушул клибиңдин тарты­лы­шы жөнүндө айтып берсең?
– Бул клип үч күн бою тартылды. Мен минген мотоциклди көчөдөн көрүп калып, ээсинен ижарага сурап алганбыз. Клип тартууда көп кызыктуу окуяларга туш болдук. Клип кыздын атасы болуп аткарган байкенин үйүндө тартылды. Мени урганда кандын ордуна эмне колдоноорубузду билбей турсак ошол байке үч литрлик банкага жабылган малинанын вареньесин алып келиптир. Аны оозума да куюп жатышат, башка жагыма да төгүп жатышат. Бүт жагым шире болуп, улам оозума куйганга таттуусунан көңү­лүм айнып чыкты.
Клипти Мырза Айдаралиев тартты. Элге жакса, демек, биз максатыбызга жеттик. Буюрса, алдыда элиме мындан да жакшы клиптерди тартуулайм деген пландарым бар.
– Чоң сахнага чыга баш­­­та­ганыңа канча болду?
– Жарым жыл болуп калды.
– Ушул жарым жылдын ичинде репертуарыңа канча ыр топтодуң?
– Алгач эки-үч эле ырым бар болчу. Концертке карата дагы жаңы ырларды жаздырып, ондон ашырдым. Булардын көпчү­лүгүнүн сөздөрү өзүмдүкү.
– Аз убакыттын ичинде эле жеке концерт берүүгө бел байлап жатыпсың. Азыр эртерээк эмес беле?
– “Ойчул ойлонгончо тобокелчи кыр ашат” дегендей, мен бардык нерсеге тобокел кылганды жакшы көрөм. Эмнеси болсо да убагында көрөбүз да. Элге жакшы маанай тартуулайын деп колумдан келишинче эле аракет кылып жатам. Концертте элге көп сюрприздерди даярдап жатам. Буюрса, концертке келген менин күйөрмандарым арманда калышпайт.
– Сүйгөн кызың барбы?
– Азырынча сүйгөн кызым жок. Мага өмүрүмдө бир жолу сүйүү келген. Эми ой­лосом, ал деле балалык сүйүү экен. Ошондон бери бир да кыз көңүлүмө жак­пай жүрөт.
– Ошентсе да күйөрман кыздарың көп болсо керек?
– Бир күндө элүү-алтымыш жолу телефон чалып, сүйлөбөй трубканы коюп койгон күйөрмандарым бар. Мен алардын баарын сыйлайм.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 208, 27-октябрь-2-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан