Бактыгүл Бадыева: «САХНАНЫ ЖЕ ЖИГИТИМДИ ТАНДАЙ АЛБАЙ БАШЫМ КАТЫП ЖАТАТ»

– Бактыгүл, сендей таланттуу ырчы кыздын балалык чагы кандай өттү экен? Салт болуп калгандай, маегибизди ушул темадан баштасак.
– Менин апам Нарындын Кочкорунан, атам болсо Оштон болот. Атам башынан эле мамлекеттик жооптуу кызматтарында иштегендиктен, такай тигил жак, бул жактарга которулуп жүрчү. Ошого байланыштуу менин балалыгымдын көпчүлүк бөлүгү Баткен районунун борборунда өттү. Биз төрт бир тууганбыз. Үйдөн эң кенжеси мен болгондуктан, аябай эрке элем. Алам дегенимди алып, кылам дегенимди кылып тынчумун. Күн сайын эртең менен апам шоколад, печеньеге сумкамды толтуруп бермейинче балдар бакчасына жөнөчү эмес элем. Качан гана айтканымды орундатышканда атамдын кызмат машинасына түшүп алып бала бакчага барчумун.
Бала бакчада да атамдын кызматына караппы, айтор, тарбиячылар мага өзгөчө мамиле кылышаар эле. Башка балдарга бирден печенье беришсе, мага эки печенье беришчү. Кыскасы, менин балалык чагым барчылыкта өтүп, эч нерседен кем болбой чоңойдум. Бирок, мен 3-класска келгенде атам менен апам ажырашып кетишип, биз апам менен Токмокко кө­чүп келе бергенбиз. Ошентип, мектепти Токмоктон бүттүм.

– Чыгармачылыкка ара­лашып калганыңа эмне түрткү болду эле?
– Негизи, ырчы болуу менин бала чагымдан берки кыялдарымдын бири болчу. Бирок, ырчы болом деп ойлогон эмес элем. Себеби, апам мунума аябай каршы чыкчу. Менин сахнага чыгып ырдап калышыма сүйүү, башкача айтканда, мурунку жигитим себепчи болгон десем болот. Биз ал жигит экөөбүз үч жылдай сүйлөшүп, жылуу мамиледе жүрдүк. Бирок, келечекте экөөбүз­дүн жолубуз эки башка экенин сезип, кеч боло электе өз жолдорубуз менен кетүүнү чечтик. Ошентип, аны унута албай ичим уйгу-туйгу бо­луп, өзүнчө бук болуп жүргөн күн­дө­рүм­дүн биринде эле мага эргүү келди. Бир чети «башкалар ыр жазганда эмне үчүн менин колумдан эч нерсе келбейт?» деп ойлодум да, колума актай барак менен ручка алдым. Апам телевизор көрүп жаткан экен, «Апа, мен азыр ыр жазам» десем маани бербей эле: «Жазсаң жаз» деп койду. Мен болсо ручка, барагымды көтөрүп алып, толгон бөлмө турса ванна бөлмөсүнө кирип кеттим. Анан жигитимди эстеп отуруп бир сааттын ичинде «Кайдасың, махабатым арманым?..» деп обону менен эки куплет ырды чыгарып салсам болобу? Чыгып, апама ырдап берсем анда деле көп маани берген жок. Анан «менин деле колумдан келет турбайбы» деген өзүмө ишенүү­чүлүк пайда болду да, тымызын аракет кыла баштадым. Ушул ырыма аранжировка жаздырып, даяр ырды апама алпарып угузсам алгач ишенген жок. «Ушул ырды сен ырдадыңбы? Кантип эле ушул сенин үнүң?» дейт ишенбей. Анан ырды кайра-кайра уккан соң, «ырдап чык, кызым, мен каршы болбойм» деди шыр эле. Ушундан кийин мага ыр тандашып, форма тиктирип берип өзү колдой баштады. Ошондогу ырымды кантип жазып койгонума азыр өзүм да таң калам. Ошондон бери андай эргүү келе элек. Азыр деле кээде жандүйнөм кыйналып турганда же апам ооруп калса төрт-беш сап ыр жазып коём. Бирок, баары бир биринчиме окшобойт.

– Ырдоого апаңдын макулдугун алып алганыңдан кийин эми сахнага чыгууга аракет кыла баштаган болушуң керек. Алгачкы жолу чоң сахнада ырдаганың эсиңдеби?
– Апам уруксат бергенден кийин сахнада ырдоого катуу аракет кыла баштадым. Ошентип жүргөн күн­дөрүмдүн биринде Сыймык Бейшекеев Токмокко концерт коюп барып, ал менен таанышып калдым. Ошентип, Сыймык байкенин тобуна кошулуп, ошондо ырдай баштадым. Алгачкы жолу Карабалтанын сахнасында ырдадым. Бирок, баары бир бир нерсе жетишпегендей боло берди. Өзүмчө бөлүнүп чыккым келди. Эми эстесем, Сыймык байке менен жети ай иштептирмин. Бирок, жети ай ичинде эки гана ыр: өзүмдүн жана Сыймык байкенин бир ырын ырдап жүрө бердим. Ошентип, кайра эле өзүмдүн аракетим, өзүмдүн өжөрлүгүм менен топтон бөлүнүп, минтип өзүмдүн жүзүм менен элге тааныла баштадым.

– Өзүңчө бөлүнүп чыккандан кийин эмнеге жетиштим деп ойлойсуң?
– Өзүмчө чыкканыма 5-6 ай эле болуптур. Ушундай кыска убакыттын ичинде репертуарымдагы ырларымдын санын ондон ашырдым. Эң негизгиси, май айында Токмок шаарында өзүмдүн жеке концертимди ийгиликтүү өткөргөнгө жетиштим. Дагы эмне кылдым? Клип тарттырдым, буюрса, бир ырым хит болуп жатат. Кыскасы, Бактыгүл Бадыева деген ысым эл арасында аздыр-көптүр таа­нымал болуп калды.

– Сенин чыгармачылыкка багыт алганыңа атаңдын мамилеси кандай? Негизи, атаң сенин иштериңе кийлигишеби?
– Анын азыр өзүнүн үйбүлөсү бар, бизден бөлөк турат. Ошентсе да кез-кез телефон чалышып сүй­лөшүп турабыз. Телефон чалганда «кызым, оку, каалаган окууңа оку. Мен канча болсо төлөп берем» дейт. Ал эми ырчы болгонум атама жакпашын билем. Бирок, менин иштериме атам эле эмес, апам, бир туугандарым да кийлигишпейт. Анткени, мен эми кичинекей кыз эмесмин. Өзүмдүн тагдырымды өзүм чечишим керек.

– Чыгармачылыгыңа материалдык жактан ким колдоо көр­сө­төт?
– Мен бул дүйнөдө апама миң мертебе ыраазымын. Ал мени толук түшү­нөт. Чыгармачылыгыма да материалдык жактан апам чоң жардам көрсөттү. Азыр болсо өзүмдүн каржымды өзүм жапканга жетишип калдым. Тойлорго барып ырдап акча табам да, кайра эле аны чыгармачылыкка жумшайм.

– Сенин ысымың өзүңө жагабы?
– Мен төрөлгөндө эжекем атымды Роза коёлу десе, атам бактылуу кыз болсун деп Бактыгүл койгон экен. Чынын айтсам, алгач атым өзүмө жакчу эмес. «Эмнеге эжекемдерге Айнура, Светлана деген жакшынакай аттарды койгонсуңар да, мага Бактыгүл деген жаман ат коюп койгонсуңар? Жок дегенде Роза деп эле коё бербейт белеңер?» деп апама таарынып калчу элем. Анын үстүнө курбуларым «Сенин атың өзүңө жарашпайт. Сен өзүң татынакай кызсың» деп калышчу. Ал эле эмес, Сыймык байкенин тобуна киргенде байке: «Кел, сага сахнага башка ат тандайбыз?» дегенде мен да атымды өзгөрткөнгө көңүлдөнүп калган элем. Бул жөнүндө апама айт­сам ал: «Эч кандай өзгөрт­пөй­сүң» деп караманча каршы бол­гон. Бирок, кийин атым өзүмө жагып калган. Азыр ойлосом, ошондо жөн эле алмаштырам дептирмин. Атам койгон ысымды мен эмне үчүн жеришим керек? Атам айт­макчы, мен азыр чын эле бактылуумун. Атым менен фамилиям дагы уйкашып турат. Кыскасы, азыр мага өзүмдүн атым аябай жагат.

– Учурда жигитиң барбы?
– Жигитим бар. Экөөбүз алгач жөн гана дос болуп жүрчү­бүз. Кыз-жигит катары мамиле түзгөнүбүзгө беш айдай болуп калды. Ал мен үчүн ушунчалык кымбат, эч нерсеге теңегис адам. Мен ансыз жашай албайм. Ушул сыяктуу жигитим да мени катуу сүйөт. Бирок, жакшы сапатпы, жаман сапатпы билбейм, ал өтө кызганчаак. Ар бир кадамымды тескеп турат.

– Кызганчаактыгы сенин чы­гар­мачылыгыңа зыянын тийгизбейби?
– Азырынча билине элек. Бирок, менин да коркконум – келечекте зыянын тийгизип калабы дейм. Азыр болсо концертке өзү алпарып, «бир саатта ырдап, чыгып кал» деп убактымды чектеп коёт да, өзү күтүп турат.

– Күйөрмандарыңдан да кызганабы?
– Кызганат. Ошону билип мага телефон чал­ган, «sms» жиберген кү­йөр­манда­рыма «менин талантымды баалаганыңарга рахмат, бирок, мага экинчи телефон чалбагыла» деп айтам. Анткени, мен жигитим менен күйөрмандарымдын айынан урушуп калышымды каалабайм.

– Турмуш куруу жөнүндө сөз козгодуңар беле?
– Сөз кылып эле келатабыз. Бирок, ага турмушка чыксам ырдабай калам го деп корком. А ырчылыгымды сактап калайын десем, мен ал адамсыз жашай албайм. Кыскасы, азыр жигитим менен сахнанын кайсы бирин тандай албай башым маң болуп турган учурум.

– Курбуларың көппү? Бош убактыңда алар менен кантип эс аласың?
– Өзүмө жаккан курбуларым бар. Бирок, мен негедир башынан эле ичимдеги сырымды эч кимге айтпаган жанмын. Башкача айтканда, өзүмдөн башкага ишенбейм. Ошонун сыңары кур­буларыма ичимдеги сырымдын, проблемаларымдын баарын айта бербейм. Ал эми эс алганда мурун курбуларым менен бир айда бир жолу же эки жолу кафелерге барып сүйлөшүп отуруп, музыка угуп эс алып келчү элек. Акыркы күндөрү жүрөгүмдүн ээси пайда болгондон баштап мага көңүл ачуулар да кызыксыз болуп калды. Мурда курбуларым менен өткөр­гөн убактымды азыр жигитим менен өткөрөм.

– Сен шаарда окусаң да эмне үчүн тилиңде түштүктүн акценти күчтүүлүк кылат?
– Мен үчүнчү класска чейин Баткенде чоңойгом деп жогоруда айтып кетпедимби. Ошол курактарымда гана мен кыргызча сүйлөчүмүн. Бул жакка келип мектепке киргенимде классыбызда жалгыз гана мен кыргыз болчумун. Ошондуктан, ошол боюнча орусча сүйлөп калгам да, тилимдеги акцент калып калган.

– Азыр көбүнчө кыргызча сүйлөйсүңбү, орусчабы?
– Азыр көбүнчө орусча сүйлөйм. Жада калса үйдө да. Бирок, ушунумдан өзүм уялам. Таза кыргызча сүйлөгөнгө аябай кызыгып, азыр ошого аракет кылып жүрөм.

– Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
– Укмуш сулуумун дей албайм. Бирок, ушунума шүгүр кылам. Кээде курбуларым, тааныштарым сулуусуң деп калышат.

– Сулуулук салондорунун кызматынан пайдаланасыңбы?
– Ооба, салондорго көп барам. Бирок, ал жактын кызматкерлери жасай алган нерселерди мен дагы жасай алам. Себеби, өзүмдүн кесибим визажист-чачтарач. Ошондуктан, көпчүлүк учурда өзүмдүн сулуулугума өзүм кам көрөм. Алтымыш жашка чыкканча келбетимди сактап жүрсөм дейм.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 209, 3-9-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан