ЫРЧЫЛАР ДА ЭКИ ТАРАПКА БӨЛҮНҮШТҮБҮ?

2-ноябрдан 8-ноябрга чейин уланган Конституциялык реформа үчүн уюштурулган митингде карапайым элдин катарында аттуу-баштуу ырчылар да келишип, митингди колдогондорун билдирип өз өнөрлөрүн тартуулап берип жатышты. Ошол эле убакта 7-ноябрь күнү антимитингге чыккан Жогорку Кеңештин алдына топтолгон элге башка ырчылар кошулушту. Ал эми жөн гана ырчылык милдетин аткарып, элди тынчтыкка үндөп эки жакка тең ырдагандар да болбой койгон жок. Булардын арасында өз ыктыяры менен келгендери да, чакыруу менен келгендери да болуп, атүгүл, акчага ырдагандар да болду деген каңшаар кепти кулагыбыз чалды. Кыскасы, бул митингдерден соң ырчыларыбыз да экиге бөлүнүп калгандай болду.

ИБРАГИМ ЖУНУСОВ:
– Азыркы бийлик көп жакшы иштерди жасаганын көпчүлүк билбей жатат. Биринчиден, бизге окшогон бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгын 70 пайызга кө­төр­дү. Экинчиден, Бакиев эл башына келгенден бери Россия, Казакстан, Өзбекстан менен мамилелерибиз чыңалды. Мен Бишкекке жете албай, Ошто митингге каршы чыгып жатышкан 20 миңдей киши алдында үч күн сүйлөдүм. Мага оппозиция тараптан: «Сен эмнеге бийликти колдоп жатасың? Биз тарапка өтпөйсүңбү?!» деген телефон чалуулар болду. Бирок, менин оюм тигил жакка өтүү, бирөөнү жаман көрүү, бирөөнү өлтүрүү эмес, жөн гана элди тынчтыкка үндөө.

БЕК БОРБИЕВ:
– Мен башынан эле бийликти колдоп, Бакиев-Кулов тандеми үчүн ырдап келатпаймынбы. Ошол позициямдан кайтпай дагы эле бийлик тараптамын. Мыйзамдуулукту колдоп жатам да. Мыйзамдуулукту колдобогондо эм­не, кылмышкерлерди колдоюнбу? Эгер мый­замды сыйлабасак, колдобосок, анда өлкөдө анархия пайда болот. Биз ошол анархияны болтурбоо үчүн күрөшүшүбүз керек.

ТОКТОБҮБҮ ЧЕРИКЧИЕВА:
– Бийлик бизге эмне жамандык кылды? Мына, мен мамлекеттик жумушта иштейм. Биздин айлыгыбызды көтөрдү. Оппозиция тарап ырчыларды сатып алып ырдатып жатат. Мага деле ачык эле акча сунуштап, чакырышты. Мен барбай койдум. Мейли, Бакиев бийликтен түшсүн дейли, ордуна ким келет экен? Келген убакта да мындан жаман болсо эмне кылабыз? Кудай деп тынч эле жашай бергендин ордуна элди дүрбөтүп, сатып алып кыйкыртышты. Мен оппозициянын кыймыл-аракетине жүз пайыз каршы чыктым.

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
Мен бийликти. президентти колдоп жүргөнүм ырас. Албетте, Реформаны да колдойм. Бирок, аны шашылыш түрдө кабыл албай, президент шашпай иштеп чыкканга мүмкүн­чүлүк беришибиз керек болчу. Ошентсе да мен элдин тынчтыгы үчүн, түндүк-түштүк болуп бүлүнүүгө жол бер­бөө үчүн ырдап жатам.

РАСУЛ МАМАТКУЛОВ:
– «Элчи менен ырчыга өлүм жок» демекчи, биздин, ырчылардын тилеги – тынчтык. Кан төгүл­гөн­гө жеткирбейли, элди экиге бөлгөнгө жол бербейли деп элди алаксытып митингде ырдап жүр­дүм. Бирок, чындыгында мен оппозициянын кээ бир мамилелерине каршы болдум. Жарга такагандай эле туруп-туруп «Конституцияны кабыл алабыз» деп элди дүрбөт­көндөрү туура эмес болуп калды. Буларга жаңы конституция керек болсо, өткөн жылы 24-мартта кабыл алышы керек болчу.

НУРИСА АБАЗОВА:
– Менин митингде ырдаганымда эч кандай саясий көз караш жок. Мен болгону элди тынчтыкка үндөп, ырчылык милдетимди аткарып бийликти жактоочулар тарапта ырдадым. Эгер аркы тарап чакырса, ал жакка да бара бермекмин. Мага негизгиси тынч жашасак болгону.


САЛАМАТ САДЫКОВА:
– Башкалар сыяктуу эле мен дагы Курманбек Салиевичти жакшы үмүт менен шайлагандардын арасында элем. Бирок, биздин үмүтүбүз акталган жок. Бүгүнкү бийликтин эң өкүндүргөн жери – өлкө­дөгү башаламандыкка жол берип жатканы, элди бөлүп-жарганы болуп жатат. Бул нерсени сокур киши гана көрбөй калбаса, элдин баарына айдан ачык эле көрүнүп турбайбы. Чындык издеп алты күн бою чыркырап турган элди көрүп, мен үйдө отура алган жокмун. Мени бир депутат кел деп чакырган деле жок. Же болбосо кээ бир ырчылардай болуп эч кимден акча сураган жокмун. Өз каалоом менен чын дилимден барып, карапайым элди колдоп жүрдүм. Бул менин адамдык парзым деп эсептейм.

ЫНАК ОСМОНАЛИЕВ:
– Мен Таласта жүргөм. Борбордо саясий абал курч экенин угуп, атайын Бишкекке келдим. Менин оппозицияны колдоп ырдашымдын себеби, акча үчүн эмес, көңүл үчүн эмес же тааныш-билиштик эмес. Ушундай көй­гөй­лүү турмушта качан чындык, адилет жашоо болот деген эле ой менен катыштым. Президент кеткенде жашообуз оңолуп кетет деп мен да, башкалар да кепилдик бере албайбыз. Бирок, элдин ишеничин актап иштесе жакшы болмок.

МИРЛАН ЖЕТИГЕНОВ:
– Мен негизи саясатка да аралашчу эмес элем. Бирок, бул жолу өлкөдөгү саясий кырдаалга кайдыгер карап, үйдө тынч жата алган жокмун. Бийликтин кемчилигин бетине коюп эл толкуп жаткан соң, демек, алар бекеринен толкуган жок да. Мен болсо ар дайым эл мененмин. Анткени, бизди ырчы кылган да эл, колдогон да эл, өчүрүп коё турган да эл.

АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВ:
– Ырчылар – эл адамдары. Ошондуктан, учурдагыдай кырдаалда ырчылардын милдети чыңалган абалды, чыңалган элди жумшартуу болуп саналат. Ал эми чыңалган абалды, чыңалган элди жумшартууда ырдын, музыканын таасири чоң. Мен аянттагы эл алдына ушул максатта чыгып, өнөрүмдү тартууладым.
Ал эми бул ырчы тигил тарапты, тигил ырчы бул тарапты жактап ырдоодо дегендин өзү менимче бир жактуу түшүнүк. Анткени, ар адамдын коомго, саясатка жана башкага өз көз карашы бар. Конституция боюнча митингге чыгууга, эл алдында пикирин айтууга акысы бар. Болгону ырчылар бардыгын акылга калчап сүйлөп, абалды курчутуп жиберүүдөн качышыбыз керек.
Эл түндүк-түштүккө бөлүнүүдөбү дегенге болсо эл антип бөлүнбөй эле жашоо жакшырса экен деп митингге чыгып жатат дейт элем. Анткени, оппозиция тарапта да, бийлик тарапта да түштүк-түндүктүн эли аралаш жүрбөйбү!?

НАЗМИ:
– Мен башка кыргыз жаштары сыяктуу башынан эле Конституциялык реформаны жактачумун. Митинг учурунда эл менен кошо аянтка чыгып, ырдап жүрдүм. Мына эми көпчүлүк болуп көздө­гө­нүбүзгө да жеттик. Мындан ары тынчтык болуп, элибиз бай болсо деген тилегим бар.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 210, 10-16-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан