ӨЧПӨГӨН ЖЫЛДЫЗ ЖОЛДУБАЙ КАЙЫПОВ

Таң калтырып окшош элең жылдызга,
Таңга жетпей өчтүң, бирок, турмушта.
Жүрөктөргө гүл жайнаткан сендей жан,
Жүз жылда бир чыкса чыгаар кыргызда.
А.Иманбаев

БАЛДЫРКАН БАЛА КЕЗ

Атактуу агабыздын алгачкы таманы тийген ата конушу Атбашы районунун Жаңыкүч айылы. Ата-эненин кубанычы болгон тун уул 1946-жылы 11-августта жарык дүй­нөгө келген. Ата-энеси карапайым, өтө жөнөкөй кишилер болгондуктан, Жолдубай да аларды тартып жашынан жөнөкөй, адептүү бо­луп чоңоёт.
Балалыгы жайлоонун салкын төрүндө, табияттын койнунда өт­көнү да көкүрөгүндөгү шыктын күч алышына түрткү берсе керек. Башка балдарына караганда зээндүү, музыкага болгон шыгын байкап калган ата-эне ага 6-классынан аккордеон сатып беришет.
Жолдубай кичинесинен ата-энесине күйүмдүү бала болгон. Атасына кой кайрыганга, тезек тергенге жардам берсе, апасына сүт тартып, айран уютуп, нан башырып, кичүү бөбөктөрүн карап, алардын оорун колдон, жеңилин жерден алган боорукер эле.
Ошентип, 8-классты бүтүргөн Жолдубай окууга тапшырууну дегдеп калат. Жигиттин көкүрөгүндөгү угуту алып учуруп, тынч ала албай жатканын ата-эне кайдан билсин? Келечек тууралуу сөз козголгондо «Эми сен 8-классты бүттүң. Бизге малга жардам берээр киши жок экенин көрүп турасың. Бөбөктөрүң болсо жаш. Кол арага жараганы сенсиң» деп айтышат.
«Биз анда жайлоодо элек. Апамдардын мындай бүтүмүн уккан соң, Жолдубай акем тура калды. «Мен окубай өмүрүм мал менен өтөбү?» деп ыйлап чыгып кетти боз үйдөн» деп эскерет Жолдубай аганын иниси Малдыбай байке.
Баланын окууга болгон ынтызарын байкаган ата-эне ары-бери кетип жатышып, кеңешип, келечегине бут тоспойлу деген жыйынтыкка келишет. «Катыгүн, кой. Окуса окусун. Малды эптеп багаарбыз» деп апасы ошол күнү таң заардан туруп окууга акча таап берет. Ошентип, өз демилгеси менен айыл-чарба техникумуна Нарынга окууга кирет.

ЖАЙЛООДО КАЛГАН ЖАШТЫК

Ар бир адам жашоосунда кайталангыс махабатка күбө болот эмеспи. Көкүрөгүн сезим уялап, Жолдубай ага да махабатына жолугат. Ошол учурда окуусун бүтүп иштеп жүргөн убагы эле. Гүлкайырдай буралып бойго жеткен жогорку мектептин окуучусу Жумабүбү аттуу кыздын карегине байланып калат. Бир колхозго караган эки айылдын мектептеринде концерт коюлуп, өздүк көркөм чыгармачылыктар өтөт. Мын­дай учурда Жолдубай кеченин көркү. Ырдап, комуз чертип, кыяк тартып, жаштардын көңүл борборунда. Жигиттин жалындуу мээрим чачкан көздөрү кыз­дын жандүй­нө­­сүн козгоп койгон эле. Эки жаш түн ичинде сел­кин­чек тээп, жашынмак ойноп, ак чөлмөк издешет. Аны менен кошо керемет айлуу түн­­дө жылдыздар арасынан өз жылдыздарын издешет.
Бакыт жылоологон бир күнү Жол­дубай ага өмүр шериги Жумабүбү менен баш кошот. Жумабүбү эже Жолдубай агага өмүр­лүк жар гана эмес, кеңешчиси, сынчысы да болгон.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЧЫЙЫР

Өз кесиби боюнча иштесе да ичиндеги талант көрөңгөсү көкүрө­гүнө батпаган Жолдубай ушул боюнча тынчып жатып кала албады. Маал-маалы менен жыйындарга аккордеон, комузу менен ырдай коюп, ыңгайы келгенде колхоз-сов­хоздорду кыдырып концерт койчу дешет.
Өз жолуна түшө албаган, көкү­рө­гүн түртмөлөгөн улуу күчтүн касиетинен улам жигит шаарга келет. Алгач өзүнүн кесибин улантмак болуп борбордогу айыл чарба институтуна окууга тапшырат. Бул кезде бир кыздуу болуп калган эле. Бирок, баллы жетпей өт­пөй калгандыктан, сырттан окуу бөлүмүнө которулсамбы деп ойлонуп жүргөндө борбордо Искусство институту ачылганын угат. Ойлонбой туруп дароо эле документтерин алып Искусство институтунун вокал бөлүмүнө тапшырат.
Ошентип, Жолдубай аганын чыгармачылык чыйыры башталган. Тубаса талант булак сымал. Булактын көзүн ачып тазалап койгондон кийин суусун кандырат эмеспи. Та­биятынан шайыр, жандүйнөсү ыр­га жакын жан тез эле чыгармачылыктын көзүн таап, өзүндөгү тубаса таланттын көзүн ача алды. Рыспай Абдыкадыров, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев сыяктуу өнөрлүү адамдардын чөйрөсү да бир топ таасир берет.
Ошол кездерде жаңы обондору жарык көрүп, анын «Мекеним», «Алгачкы сүйүү», «Атам менен энеме» жана башка бир топ ырлары радиого берилет. Ошентип, Жолдубай аганын аты жалпы кыргызга угула баштайт. Жаркыраган жылдыздуу жигит катарынан суурулган күлүктөй арышын кере чыгармачылыктын даңгыр жолуна түшөт.

ТЕЛЕЖЫЛДЫЗ

Ал учурда телеге диктор болуу өтө жоопкерчиликтүү иш болгон. Адаттагыдай жакшы дикторду издеп кулактандыруу берилгенин уккан Жолдубай ага өзүн сынап көрмөккө конкурска катышат. Ошол учурду эмгек сиңирген ишмер, режиссёр Балташ Кайыпов мындай эскерет. «Диктор деген өзү сейрек кездешүүчү талант тура. Башка таланттар Кудайдын кулагы сүйүн­сүн, бизде көп эле бар. Бирок, «диктор» дегенге келгенде «бирок» боло түшөбүз. Диктордо адам сук­та­наарлык өң, жагымдуу үн, ар убак сөз таба билүүчүлүк талант болуш керек. Жолдубайда ушул касиеттин бардыгы бар эле. Бир күнү менин кабинетиме кулактандыруу боюнча келген бир жигит баш багып калды. «Сиз Кайыповсузбу, агай?» деди жаркылдап. «Ооба, Кайыповмун». «Анда мен да Кайыповмун» деди эле, экөөбүз тең күлүп жибердик. Ошол замат студияга киргизип экрандагы көрү­нү­шүнө аябай сын көз менен карадык. Чынын айтыш керек, ошол тургандардын баарына жагып калды. Өңүнөн үнү, үнүнөн өңү өтөт. Ошентип телеге иштеп калды». Чындыгында эле сейрек кездешүүчү тубаса жөндөмү менен Жолдубай ага тез эле эл назарына алынып кетти. Ошону менен бирге эле ал обон чыгарып, ырдап жүрдү. Эл диктор Жолдубайга кандай кумары артылса, ырчы Жолдубайды андан бетер жакшы кабыл алышты.
Ошол кезде Жолдубай аганы опера жана балет театры да ишке чакырып калат. Ал жакта бир топ ролдорду аткарууга жетишип, актёр катары өзүн тааныта баштайт. Бирок, эки-үч ишти бирдей алып кетүүгө жетишпейт эле. Бул жө­нүндө иниси Малдыбай Кайыпов мындай эскерет: «Жолдубай акем бир күнү мага минтип кеңешип кал­ды: «Мени телеге чакырып жатышат. Ага кетейин десем, бул жакта жумушум калат. Кандай кылсам?» деди. Мен ойлонуп көрсөм, опералык ырчынын түй­шүгү оор, анан калса ар дайым үнүн сактап жү­рүү машакаты бар экен. Анын үстүнө теледен Жолдубай акемди көргөнгө кө­­нүп калган экенбиз. Бул тууралуу оюмду айтсам унчукпай калды. Кийин да­гы бир топтор менен кеңешип көр­­сө керек, айтор, телеге биротоло иштөө­гө ооду».
Жолдубай ага диктор эле эмес, ар кандай телекөрсөтүүлөрдү да өзгөчө бийиктикте алып барчу. Ошол кезде «Ыр кесенин» гүлү да Жолдубай Кайыпов болгон. Жаркылдаган жагымдуу жүзүн, үнүн угууну каалагандар кадимкидей Жолдубай аганы көгүлтүр экрандан күтүп, сагынып калышчу. Ошентип, таланты ташкындап тур­ган маалда 1981-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган. Ошол эле жылы Борбор Азия өлкө­лө­рүндө өткө­рүлгөн дикторлор арасында өткөн сынактан баш байгени жеңип алган.

МҮНӨЗҮ КҮНДӨЙ ЖЫЛУУ, КӨЛДӨЙ ТЕРЕҢ ЭЛЕ...

Аганын тоо суусундай шар, булутсуз асмандай чаңкайган ачык мүнөзү, жөнөкөйлүгү, тамашакөй­лүгү, бийик адамгерчилиги элдин эсинде калды. Барган жеринин бардыгы тамаша, ыр-күлкү болуп, бүркөө турган кабакты да жазып жиберчү эле дешет.
«Ар дайым каникулга тараганда жайлоодогу ата-энебизге жол тартаар элек» деп эскерет иниси Малдыбай ага. «Жолдубай байкем астыга түшүп алып акырын келип боз үйдү уйчасынан жөөлөй кетчү. Ичкериден апабыздын үнү чыгат. «Өлүгүңдү көрөйүн, өш эле өш!» деп. Болбой эле жөөлөй бергенде чыдамы жетпей чыга калат. Эшикке чыгып боору калбай күлүп турган Жолдубай акемди көргөндө кучактап басып жыгылып өөп-жыттап калаар эле. Жолдубай акем ушинтип тамаша кылганды жакшы көрчү».
Тамаша мүнөзү менен бирге эле жашоого, ишине, үйбүлөгө өтө олуттуу мамиле кылган экен. Ар дайым колунан кагаз, китеп түшчү эмес. Көрсө, ал көбүнчө экранда окуп бербей жат айтып бе­рүү­гө кө­нүкчү тура.
«Ар дайым жаздын биринчи жытын жыттатып келем деп тоого алып чыкчу» деп эскерет жубайы. «Сирень гүлдөгөн маалда бир кучак сирень көтөрүп келчү. Ушул сирень гүлүн, сирень жытын кийин жоктоп жүрбөдүмбү.»
Ушундай кыялкеч жан болгон экен ага.

ЖИГИТ ӨЛБӨС БОЛСОЧУ...

Ооба, тагдыр ага бардыгын берген менен өмүрүн ченеп койгон белем? Аттиң дебеске арга жок. Аргымактай арышын керип турган маалында капилет каргаша Жолдубай аганы арабыздан алып кетти. Кечкурун машинесине отурган кара ниеттердин колунан өмүрү кыйылды. Ошол күн 1983-жылдын 29-марты эле.
Ошол каргашалуу күнү жары менен телефон аркылуу сүйлөш­көн экен. «Иштен чыгып циркке ба­рам, балдарды циркке киргизип койгом. Аларды алып, анан барам үйгө» дейт. Кечки саат 9да балдары келип «атам келген жокпу? Биз күтүп, анан жөө келдик» дейт. Жүрөгү алып учкан жубайы түнкү саат үчкө чейин күтүп, тааныш диктордукуна барса, «Жолдубай биздин боорубузду эзип, күлдүрүп атып балдарымды алам деп циркке кеткен» дейт. Түнү менен издөө салып жатып анын киши колдуу болуп каза болгонун угушат.
Мөгдөгөн ата-эне, боздогон тууган, жары, балдары, калдайган кыргыз эли, алтургай, асман да асыл инсанды, өнөрлүү уулду жоктоп ыйлап турушту. Жолдубай болгону 37 гана жашта эле.

АРТЫНДАГЫ ИЗ

Адам артында из калтыруу менен түбөлүк жашайт дешет. Өзү жок болсо да жаркылдаган Жолдубай аганын элесин эли унутпай келет. Элибизде «аа, артында туяк калды» деп коюшат. Ошону менен кө­ңүл сооротуп, ошону менен артында калган изи бар экенин билдиришет. Жолдубай аганын балдары да азыркы учурда үйлүү-жайлуу. Улуу кызы Айнура ата кесибин улап теледе диктор болуп иштеп жүрүп, азыр үйүндө балдары менен. Уулдары Бакыт менен Бакый үйбү­лө­лүү. Жубайы Жумабүбү эже үйдүн куту, балпайган чоң эне.
Жолдубай аганын жалындуу эле­­си, эмгеги артында калган элге сыймык болуп кала бермекчи.

Нуржамал Жийдебаева

Автор макаланын жазылышына көмөк көрсөткөн маркумдун иниси
Малдыбай Кайыповго ыраазычылык билдирет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 211, 17-23-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан