Акбар Сүйүнбаев: «СҮЙГӨН КЫЗЫМ МЕНИ ЧОҢ БАЛДАРГА САБАТТЫРЫП КОЙЧУ»

– Акбар, өзүңдүн ырга шыктуу болуп калышыңа кимдин же эмненин таасири тийди деп эсептейсиң?
– Кээ бирлердин талантынын өсү­шүнө атасы же апасы, же дагы башка нерселер себепчи болот экен. Менин ыр дүйнөсүнө аралашып калганыма сүйүү түрткү болгон десем болот. 7-класста окуп жүргөнүмдө бир классташ кызымды катуу сүйүп калгам. Укмуш сулуу болбосо да эмнегедир ошол кызга айылда кызыкпаган, аны жактырбаган жигит жок болчу. Ошол жигиттердин катарында сүйүү деген ушул экен деп эле ал кызды акылымдан адашып сүйүп алыптырмын. Бирок, сүйгөнүм мени тоготчу эмес. Жада калса өзүн сүйүп жүргөн улуу балдарга мени сабатып койчу. А мен болсо намыстанып токтоп калмак тургай андан бетер сүйүп, такыр эле кыздан үмүтүмдү үзө алчу эмесмин. Поэзияга болгон алгачкы чымындарым да ошол кезде чыккан. Балалык сүйүүмдү арнап, арзып жүргөн адамым бир күнү мени эле эмес, айылдагы өзүн сүйүп жүргөн бардык жигиттерди таштап шаарга келе берген. Кызды ушунчалык сагынгандыктанбы, «Алыстасың» деп биринчи жолу ошондо колума калем алып, ыр жазгам. Ошондон кийин ырларым биринин артынан экинчиси, анан үчүнчүсү болуп жарала берди. Сөз жазып эле тим болбой, ал сөздөрүмө бир күнү обон жазууга киришкем.
– Музыкалык аспаптарда ойногонду билчү белең?
– Жок, бир дагы музыкалык аспапта ойногонду билчү эмесмин. Угуу жөндөмдүүлүгүм менен эле ар кандай кайрыктарды ойлоп таап, жаттап калчумун. Көбүнчө талаада торпок жетелеп жүрүп айлананы жаңырта ырдап обон жаратчу элем. Алыстагы сүйгөн кызымды эстеп бир обонумду көзүмдөн жашымды куюлтуп ыйлап жаратканым эсимде. Ошентип, 9-класска келгенче билинбей эле жыйырма ырды обону менен жаратып салыптырмын. Алардын көпчүлүгү албетте, сүйгөнүмө арналган ырлар болчу.
– Акыры сүйгөнүңдүн жүрөгүн багынта алдыңбы же ошол бойдон жетпей калдыңбы?
– 7-класстан эле ал шаарга келе берген дебедимби. Шаарда мектепте окучу да, каникул сайын айылга барчу эле. Мен да тынч калып калбай барган сайын сүйүүмдү айтып, «экөөбүз жүрүп алалычы?» деп сурана берчүмүн. Же аным сунушумду кабыл алсачы?! Ошентип, тажабай үч жыл артынан калбай чуркадым. Акыры аядыбы, 10-класска келгенимде кыз-жигит болууга макулдугун берди. Менин сүйүнгөнүмдү сураба. Бирок, ушундан кийин экөөбүздүн сүйүүбүз аз гана убакыт жашады. Мектепти бүтүп, Түркияга окууга кеткен болчу. Көп өтпөй эле анын жүрүш-турушу боюнча жагымсыз кабарларды укканда катуу көңүлүм калып, сүйүүм өчүп калды.
– Ырдын сөзүн жазып, обонун го жаратыптырсың. Аларыңды өзүң ырдачу белең?
– Өзүмдүн ырларым жарала электе эле мектептеги кайсы бир майрамда Бек Борбиевдин «Алло, алло» деген ырынын пародиясын ырдап, мектепте «ырчы бала» атыккам. А өзүмдүн ырларымды ырдагандан эмнегедир тартынчумун.
– Чоң сахнага алгачкы жолу качан чыктың эле?
– Аны чоң сахна деп деле айтпайм, мектептеги курагымда эле Райхан Абдувалиева менен иштешип жүргөнүмдө райондун борборлорундагы сахнага чыккам.
– Ал менен кандайча иштешип калдың эле?
– Бир күнү айылга Райхан Абдувалиева тобу менен концерт коюп барып калды. Мен анда спорт менен машыккан, башка балдарга салыштырмалуу бир топ олбурлуу бала элем. Ошол концертте өзүмчө эле досторумду топтоп, концертте тартип бузуулардын алдын алып, айылдагы хулиган балдардан Райхан эжелерди коргоп бердик. Концерт тынч өтүп, Райхан эже менден кийинки айылдарга да барып жардам берип коюусун өтүндү. Ал айылга барганда интермедия ойной турган бала жок болуп калып, ордуна мен ойногонго туура келген. Ошентип, концерттин кызыгына батып кетип жарым жыл Райхан эже менен жүрө бериптирмин.
– Жарым жыл бою мектепке барбай койдуңбу?
– Мен 9-классты бүткөн соң райондун борборундагы кесипчилик лицейине тапшырып, ал кезде ошол лицейдин мал доктурлук бөлүмүндө окучумун. А лицейде болсо атам директордун орун басары болуп иштечү. Ошондуктан, атама ишенип жүрө берсем керек.
– Демек, сахна турмушун сага Райхан эже үйрөткөн экен да?
– Ооба. Гастролдун, ырчылыктын жакшы-жаман жактарын ошондо сезе баштагам. Менин ошондо эле ырдагым келчү. Бирок, Райхан эже: «Сенин үнүң жок, ырдай албайсың» деп айтчу. Ошол кезде бир топ аттуу-баш­туу ырчылар менен таанышып калып, кийин Мухтар Атаналиев менен, Нуриса Абазова менен да иштешип жүрдүм.
– Азыр билим алып жаткан Искусство институту көксөп келген окуу жайыңбы же кокусунан туш болуп калдың беле?
– Мен алгач мал доктурлук кесибимди улантайын деп Агрардык академияга тапшыргам. Бирок, өтпөй калып, андан кийин төрт окуу жайга тапшырдым. Тилекке каршы, бирине да өткөн жок­мун. «Эми эмне кылсам?» деп башым маң болуп келатып кокусунан Искусство институтуна туш келгем. Кирип, ар бир эшикти ачып карап жүрүп бир эжеге туш келип калдым. Ошол эже мага көңүл буруп, документтеримди тапшыртты эле, эртеси барсам өтүп кетиптирмин. Азыр ошондо окуп калганыма ыраазымын. Анткени, тагдыр мени Султан, Мирбектерге туш кылып, ошол досторумдун жардамы менен минтип атым элге таанымал болуп калды. Мен өзүмдүн чоң концертте Айчүрөк Иманалиеванын артында музыкалык аспапта ойноп турганымды кыялданчумун. Бирок, ырдап чыгып, азыркыдай күйөрман топтоого жетишем деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.
– Шоу-бизнестин ар кандай өйдө-төмөнүнөн улам Султан, Акбар, Чыңгыз сыяктуу досторуң менен урушуп кеткен учурларың болду беле?
– Кээде катуу урушуп, бири-бирибизди жек көрүп калган учурларыбыз болот. Эки-үч күн таарынышып жүрөбүз да, кайра эле издешип баштайбыз. Канткен менен доспуз да.
– Мушташкан учурларыңарчы?
– Султан экөөбүздүн «Махабатым», Мирбектин «Таластык кызы» жаңыдан популярдуу болуп, атыбыз эл оозуна алына баштаган кезде Мирбек экөөбүз мушташып кеткенбиз. Дал Жаңы Жыл күнү болчу. Бөлмөгө кирип барсам, Мирбек чоочун балдар менен отуруптур. Алардын кө­зүн­чө Мирбектин кличкасынан айтып чакырып койсом, «сен эмнеге мени кличкамдан айтасың? Мен азыр Мирбек Иманбековмун» деп мага атырылып жүрөт. Кечирип кой десем укпай, экөөбүз коридордо мушташып кеткенбиз. Бирок, эртеси эле бири-бирибизден кечирим сурашып, кайра табышып алганбыз.
– Күйөрман кыздарың көппү?
– Телефон чалып, тынчымды алгандар көп эле болот. Бирок, алар менин күйөрмандарымбы, Султандын күйөр­ман­дарыбы, өзүм да тү­шүнбөйм. Бир жолу бир кыз чалып: «Акбар, сиздин ырларыңыз мага жагат» дейт. «Рахмат» десем, «Сиздин сахнадагы өзүңүздү алып жүргөнүңүз, кыскасы, өзүңүз жагасыз» дейт. «Рахмат, силердей күйөрмандарым бар экенине кубанычтамын» десем, «Акбар, Султандын телефонун бере аласызбы?» деп өчүрсө болобу? Ошентсе да өзүмдүн чыныгы күйөрмандарым да жок эмес.
– Алдыда кандай пландарың бар?
– Концертимди өткөрүп алгандан кийин эки айдай сахнага чыкпай турайын деп ойлоп жатам. Анткени, ырларымдын стилин, өзүмдүн имиджимди өзгөртөйүн деп жатам. Ушуларды ишке ашырып алган соң буюрса, кайра сахнага чыгам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 213, 1-7-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан