АСКАТ СУЛАЙМАНОВ: «БАЛДАРЫМДЫ БИР ЖУМАДА БИР КӨРӨМ»

Кара тору, кер мурутчан жигит Аскат Сулаймановдун жүзү жалпы эле кыргыз журтуна тааныш болуп калгансыды. Бул актёр теледен байма-бай көрсөтүлүп жаткан роликтерден тышкары «Апамдын махабаты», «Айыл өкмөтү», «24 саат» аттуу кыргыз фильмдеринде роль жаратып, талантын элге ачып бере алды.
Аскат 1978-жылы 27-майда Балыкчы шаарында төрөлгөн. Үй­бүлөлүү. Үч уул, бир кыздын атасы. Учурда Кыргыз мамлекеттик драма театрынын жана анын алдында түзүлгөн «Дем» театрынын актёру.

– Аскат, актёрлук өнөргө кандайча ээ болуп калдың эле?
– Апамдын айтуусуна караганда, биздин урук-тукумубуздан актёр чыккан эмес экен. Мага бул өнөр кайдан жуккан билбейм, бирок, мен 6-классымдан баштап роль ойноп, сахнага чыга баштагам. Мектепте бир агай драмалык кружок ачып, таланттуу балдарды чогулткан эле. Ошондо кандайдыр бир иш-чара болуп, «Карагул ботом» спектаклинде баланын ролун ойногонум мактоого арзып, атайын грамота менен сыйлангам. Кийин мектепти бүтүп жаткан кезим Манастын 1000 жылдыгына туш келип калып, Балыкчыдан Таласка спектакль коюп барганбыз. Анда да «Өзөктөн чыккан өрттө» Семетейдин ролун аткарып, мактоого арзыгам. Ошентип, мектепти бүткөн соң, искусствого кызыгып калган жаным Бишкекке келип Б.Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайга тапшырууну дегдеп алдым. Келсем, бул жакта айрым улуу адамдар: «Аскат, Караколдо Алматыга конкурс жүрүп жатыптыр. Тапшырып көрбөйсүңбү, балким, өтүп кетесиң. Кокусунан өтпөй калсаң, кайра Бишкекке өзүбүз өткөзөбүз» деп калышты. Ошентип, алардын сунушу менен конкурска тапшырсам, кудай жалгап өтүп кеттим. Он төрт бала тапшырдык эле баарыбыз ийгиликтүү бүтүп келдик
– Демек, казак тилинде окуган экенсиң да?
– Ооба, төрт жыл казакча, орусча окудук. Азыр казак тилинде эркин сүйлөй алам. Ал эле эмес, айрым учурда казактардын тойлоруна тамадалык кылам.
– Окууну бүткөн соң, Алматыда иштеп калууга мүмкүнчүлүк болгон жокпу?
– Болгондо да чоң мүмкүнчүлүк болду. Себеби, окуу жайда менин талантымды аябай баалашчу. Казактын бир чоң эле актёру: «Кыргыздар Сүймөнкул Чокморов өлдү деп эмне үчүн кайгырышат? Жакшы көңүл буруп кам көрүшсө, мына, Сүймөнкул Чокморов» деп мени көрсөтүп калаар эле. Окууну бүткөндөн кийин да кал деп аябай суранышты. Бирок, менин шартым жок болчу. Анткени, мен үйбү­лө­дө үч кыздын арасындагы жалгыз эркекмин. Ошентсе да апама бир ооз айтып көрө­йүн деп телефон чалсам: «Кой, бөтөн эл деген бөтөн эл, бул жакка эле кел» деп такыр көнбөй койду. Анын үстүнө мени менен барган балдардын баары эле кетип жатышса мен каламбы деп өзүмдүн да көңү­лүм чаппай койду. 200 дол­лар­лык айлык акысына да караган жокмун.
– Кыргыз драма театрына кандайча туш болуп калдың?
– Алматыдан келатканда эле «же драма театрына ишке кирем, болбосо такыр артист болуп иштебейм» деп ойлоп келгем. Дипломдук иш катары үч спектакль коюп, үчөөн­дө тең башкы ролду ойнодум. Ролум комиссияга жагып, дароо эле мени ишке алып калышкан.
– Театрдын айлык акысы төмөн экени белгилүү. Жумушка кирип жатканда сени ушул маселе ойлонтту беле?
– Кесибимди ушунчалык сүйгөнүмдөн алгач айлык жөнүндө деле ойлобоптурмун. Ошондо 430 сом айлык алчумун. Квартирама болсо миң сом төлөйм. Эки баламды багуу деген маселе бар. Кыйналганды көрө бер. Бирине тартсам бирине жетпейт, карыздын болсо куйругу үзүлбөйт. Ушинтип кыйналганыма чыдабай бир байкемдин сунушу менен акчасы көп такыр эле башка багыттагы жумушка кетмей болуп калдым. Бирок, бул жактагы бир-эки улуу актёрлордун «Кой, биз деле алгач ушундай кыйынчылыктарды башыбыздан өткөргөнбүз. Бир аз чыда. Убактылуу кыйын­чы­лыктарга туруштук бере албасаң талантың кор болот» деген кеп-кеңештерине ынанып калып калган элем. Бир жылдай ошентип кыйналганым менен кийин айлык акым көбөйдү, рекламаларга, фильмдерге роль сунуштала баштады. Азыр кудайга шүгүр.
– Сенин жогорудагы сөзүңө караганда, студент кезиңде эле үйлө­нүп алган окшойсуң?
– Ооба. 19 жашымда үйлөнгөм. Мен башынан эле өзүмдөн улуу балдар менен достошчумун. Каникулга барганда ошол досторумдун үйлөнүп, айрымдары балалуу болуп жаткандарын көрүп кызыктымбы, айтор, аларды туурап менин да үйлөнгүм келип кетти окшойт. Элмира аттуу өзүмдүн группалаш кызымды сүйүп калып, экөөбүз аз убакыт сүйлөшүп жүрдүк да, баш кошуп алдык. Бирок, студент кезибизде такыр кыйналган жокпуз. Келинчегим экөөбүз жети жарым миң теңгеден стипендия алчубуз. Андан тышкары мен окуу жайдын эшигин шыпырып бир топ акча тапчумун.
– Келинчегиң да актриса турбайбы. Жумушта да чогуу иштейсиңерби?
– Ал өз кесиби менен аз эле убакыт иштеди. Айлыктын аздыгынан иштебей эле үйдө балдар менен отуруп калды.
– Атасы да, энеси да искусство адамдары болсо балдарыңдын да актёрлукка шыгы болсо керек?
– 5-класста окуган улуу балам актёр болом деп айтат. Калгандары азырынча ар кайсы кесипти айта беришет. Бирок, баары мени теледен көр­гөндү ушунчалык жакшы көрүшөт. Мен катышкан рекламаларды көрүп калышса да «Папам! Папам!» деп тим эле жандары калбай кубанып алышат. Жакында эле апам «Айыл өкмөтүнүн» дискин алып келиптир. Азыр аны күн сайын сөзсүз көрүшөт. Фильмде кайненесине эшикти кайтартып коюп келинине кирип, курумду чечкен жерим бар эмеспи. Ошол жерин көрүп жатышып беш жаштагы кичүү балам: «Мына, папам курун чечти. Азыр тигини куру менен аябай сабайт» деп жатпайбы. Анткени, тентектик кылышканда аларды курум менен чаап коём да. А улуулары болсо балээдей эле түшүнүшөт.
– Келинчегиңиз кесибиңизге кандай карайт?
– Менин кесибим абдан оор. Жумуштун ушунчалык көптүгүнөн көбүнчө үйгө балдарым уктап калганда барып, эртең менен уктап жатышканда кайра келе берем. Ошентип, балдарымды бир жумада бир көрөм. Ошондо балдарым: «Оо, йес, папам келди!» деп сүйүнүшөт. Ушундай кеч барып, эрте кетмейдин айынан келинчегим экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүк болуп кетет. Бирок, чыдабаска айла барбы?
– Ата-энең, туугандарың кесибиңе каршы эмеспи?
– Апам мени актёр кылам деп түк ойлогон эмес эле. Мектепти бүтөөрүмдө Жогорку милиция Академиясына окутам деп, акчасын түйүп отурган жеринен барбай койгом. Анда апам: «Балам, мен айтаарымды айттым, кийин өкүнүп калбасаң эле болду» деген эле. Алматыдан окууну бүтүп келип, дипломдук ишимди жактаганда апам гүл көтөрүп алып келип, менин ойногон ролдорума ошондо биринчи жолу маани бериптир. Ошондо менин туура жолго бет алганымды сезип: «Баламдын келечегине балта чапмак экенмин да» деп мени кучактап алып ыйлаган. Азыр болсо апам да, башка туугандарым да менин кесибим менен сыймыктанышат.
– Кайсы фильмде аткарган ролуңа өзүң ыраазы болосуң?
– Кинодо жараткан ролдорумдун баары эле өзүмө жагат. Ошентсе да укмуш жаратып салдым деп айта албайм. А элге «Айыл өкмө­түн­дө­гү» милициянын ролун ойногонум өзгөчө таасир калтырган окшойт. Ошол фильм жарык көргөндөн кийин менин атым Аскат болбой эле «Участковой» болуп калгам.
– Өзүң катышкан фильмди көрүп отуруп өзүңдөн кемчилик тапкан учурларың да болобу?
– Андай учурлар болот. Биринчи тартылган фильмим «Апамдын махабатында» Аскардын жаш кезин ойнободум беле. Ошол кездерде толуп да жүргөн мезгилим болчу. Сейил менен бактын арасында жүргөн эпизод бар. Ошол жерде толуктугум аябай эле билинип, курсагым чыгып калганын кийин көрүп жатпаймынбы. Анан да жалбырактарды чачышып ойноп коюптурмун. Ушул эпизодду такыр көргүм келбейт. Колумдан келсе монтаждап оңдоп коймокмун. Бирок, кеч болуп калды.
– Сага кандай ролдорду ойногон жагат?
– Мага негизи комедия жарашпайт. Спектаклде го эмне кылсаң да жараша берет. А фильмде олуттуу эле ролдорду ойногонду жактырам. Баарынан кызыгы, мага дайыма милициянын ролу туш келип калат. Мындай ролго биринчи «Айыл өкмөтүндө» туш болдум эле. Кийин «24 сааттын» үч бөлүгүндө тең милиция болдум. Жакында Алматыга кыскача кинонун үзүндүсүнө тартылууга чакырышты эле, анда да ошондой роль берип коюшуптур. Бир режиссёрдон «Мен эмнеге дайыма милициянын ролун аткарам?» десем: «Анткени, сенин рожаң наглый экен» дейт. Ушундай дал келүүгө өзүм да таң калам.
– Учурда кандай фильмге тартылып жатасың?
– Азыр «24 сааттын» 3-бөлүмүнө тартылып жатам. Жакында эле Балыкчыдан съёмкадан келдим. Кар жок болгон учурду тартыш үчүн ата­йын ошол жакка бардык. Балыкчыда кар жок экен.
Эми мындан кийин да көптөгөн фильмдерде роль жаратып, өз талантымды элге дагы кененирээк жайылтсам деген тилегим бар. Кыргыз киносу эми бутуна туруп келатпайбы. Буюрса, алдыда дагы көп жетишкендиктерди багынтам деп ишенимдүү айта алам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 215, 15-21-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан