САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА: «КЛАССТАШТАРЫМА КЕЛГЕН АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮ МАГА КЕЛЕ ЭЛЕК»

– Сайкал, сени музыка менен кошо төрөл­гөн десек жаңылышпайт болушубуз керек. Туурабы?
– Албетте, мен да өзүмдү музыка менен төрөлүп, музыка менен өстүм деп эсептейм. Төрөлгөнүмдөн баштап эле апам мени “Кыз-Бурактын” ырлары менен уктатчу экен. “Кыз-Бурактын” ырларын коюп койсо уктачу экем да, өчүрүп койсо ойгонуп алып ыйлап кирчү экенмин. Бир аз чоңоюп, 3-4 жашка чыкканымда болсо тилим жакшы чыга элек болсо да микрофонду кармап алып, “Кыз-Бурактын” бардык ырларын оозумду кыбыратып фонограмма кылып ырдай берчү экенмин.
– Чоң сахнага да жаштайыңдан эле чыксаң керек?
– Балабакчада жүргөндө “Алтын балалык” фестивалына катышып, биринчи жолу ошондо чоң сахнага чыккам. Анда беш жашта болчумун. Андан кийин да балдардын бир топ конкурстарына катышып, алдыңкы орундарын алганга жетиштим. Ал эми үчүнчү классымдан баштап “Кыз-Бурак” тобуна кошулуп ырдай баштадым.
– Сени сахнадан көпкө көрбөй калган эл жакындан баштап эле кайра көрө башташты. Ортодо тыныгуу кылганыңдын себеби эмнеде болду?
– Мунун себептери көп. Биринчиден, менин окуума тоскоол болбосун деп чыгармачылыкка көп аралаштырбай жүрүштү. Экинчи себеби, өткөөл куракка келип калгандыгымдан, үнүңдө өзгөрүү болот деп ырдатышкан жок. Кыскасы, апам менин ырчы болушумду каалабагандыктан, менин чыгармачылыгыма анча маани бербей койду.
– Апаң сенин ырчы болушуңду каалабаса ким болушуңду каалайт?
– Юрист же банкир кылгысы келет. “Чыгармачылыктын казанында мен жакшы эле кайнадым. Бул өтө оор кесип. Тынчыраак эле кесиптин ээси бол” дейт.
– Анда азыр кандайча ырдатып калды?
– Мен ырдап чыккан “Эстей жүрдүн” сөзүн жактырчу эмес. “Бул Сайкалга болбойт, ырдатпайбыз” дей берчү. Бир күнү Кенже мамам болбой эле: “Көрөлүчү, балким, жакшы болуп кетээр” деп апамды эптеп көндүрүп, жаздыртып салды. Ошондогу жазылган жа­ңы ырлар менен кошо Бишкекке апкелип, радиолорго таштасак, бир айдын ичинде эле “Эстей жүр” Бишкекте укмуш популярдуу болуп кетиптир. Ушуну көргөн апам да жибий түштү окшойт, башка ырларды да жаздыртып, мурдагыдай каршы болбой калды. Бирок, азыр деле мени ырчы кылгысы келбейт.
– Тыныгуудан кийин сахнага чыкканда өзүңдү кандай сезген элең?
– Аябай толкунданып, бир чети сүйүнүп, бир кызыктай абалда калгам. Ырымдын ортосуна келгенде гана өзүмдү кармап, эркин сезе баштагам. Анын үстүнө Сайкал десе элдер да баягыдай кичинекей кызды күтүшсө керек. Мен сахнага чыгып келсем эле зал бир сыйра дуулдап алды. Жада калса “Ушул Сайкалбы?”, “Баягы кичинекей Сайкал ушундай чоңойгонбу?” деген күбүр-шыбырларды да кулагым чалып калган.
– Мектепте жакшы окуйсуңбу?
– Жакшы эле. Төрткө окуйм.
– Кайсы сабакты жакшы көрөсүң?
– Англис тилин өзгөчө жакшы көрөм. Анткени, өзүм англис тили багытындагы мектепте окуйм. Ал эми алгебра сабагын жаман көрөм.
– Мугалимдериң, классташтарың “популярдуу ырчы” дешип сага өзгөчө мамиле кылышабы?
– Мугалимдер баарыбызга эле тең карайт. Классташтарым деле өзгөчө мамиле кылышпайт. Бирок, менин жа­­ңы чыккан ырларым, клиптерим жөнүндө өздөрүнүн пикирлерин айтышып, сыймыктанып турушат. Танаписте дайыма менин ырларым жаңырып турат. “Эстей жүр­дүн” клиби жаңыдан чыкканда линейка башталаарда ошол клип көрсөтүлүп, анан гимнди ырдап, андан соң га­на линейканы баштачубуз.
– Ырдаганың окууңа тоскоолдугун тийгизеби?
– Мурун сабактан такыр калчу эмесмин. Азыр болсо ар кандай чакыруулар менен Бишкекке да көп каттап калдым. Ошондуктан, сабактан көп калчу болдум. Бирок, калган сабактарымды кошумча тапшырма алып, классташтарыма жетишип алганга аракет кылам. Мугалимдер да менин сабактан калганыма көнүп калышкан. Кээде ооруп калып сабакка барбай калсам да: “Аа, ал ырдап жүрөт да” деп коюшат экен. Кээде өзүм да кыйналып кетем. Биздин мектеп өзгөчө мектеп болгондуктан, ал жакта сабактар саат 3-4төргө чейин уланат. Сабактан чыгып алып музыкалык мектепке жөнөйм. Үйгө келип тапшырмаларымды жазып бүтсөм репетиция кылыш керек дейт. Ушулардын айынан кээде уктаганга убакыт аз калат.
– Иниңдин да музыкага шыгы барбы?
– Иним Эркин азыр беш жашта. Аны апам менен Кенже мамамдын такыр эле музыкага жакындаткысы келбейт. Бирок, жалаң эле ырчылардын арасында жүрсө, музыкадан сырткары болуп калууга мүмкүн эмес экен. Мага аябай атаандашат. Жаңы ырларым чыкканда дароо жаттап алып, мени туурап ырдайт. Анан “Мен эмнеге ырдабайм?” “Эмне үчүн Сайкалдын клиби бар да, менин клибим жок?” деп апама жаңжал салат. Акыры апам “ушуну да бир клипке кошуп коёлучу” дегенинен бир клипке тартканбыз. Айпери эжемдин “Чын эле унуттуңбу?” деген ырынын клибиндеги кичинекей кыз менен кол кармашып чуркап жүргөн жаш бала ошол менин иним Эркин. Өзүн экрандан көрүп алып тим эле койнуна батпай сүйүнүп алат. Ичинен анын да ырчы болгусу келет экен. Кенже мамамдын жанында “спортсмен болом” дейт да, ал жок жерде “ырчы болом” деп айтат.
– Сөзүңө караганда Кенже эжени “мама” дейт экенсиң...
– Кенже мамам менен мен бир жарым жашымдан бери чогуу жашайбыз. Ал кезде апам гастролго көп кетчү экен да, Кенже мамам мени карап калчу экен. Айжамал эжем болсо мени сейилдетип, коляскага сүйрөчү экен. Ошондуктанбы, Кенже мамамды өз мамамдай көрүп, Айжамал эжемди бир тууганымдай көрүп калгам. “Мама” деп көнүп калганымдын себеби да ошондон. Азыр “эже” деп такыр айта албайм.
– Сайкал, сенин курагыңда кыздар алгачкы сүйүүлөргө кабыла башташат эмеспи. Сен да ушунда нерсени башыңдан өткөрүп жаткандырсың?
– Менин сырткы келбетим чоң кыздардай көрүнгөнү менен ички дүйнөм кичинекей кыздардыкындай экен. Ошондуктанбы, классташ кыздарымдын айрымдарына келген алгачкы сүйүү мага али келе элек. Албетте, 6-классымдан баштап эле кат жазган балдар болгон. Бирок, алардын бирине да көңүл бурган эмесмин.
– Сүйүү келбесе анда сүйүү жөнүндөгү ырларыңды жеткиликтүү кылып кантип аткарасың?
– Чын эле башыңдан өтпөсө образга кирип ырдаган кыйын болот экен. “Эстей жүрдү” студияда жаздырып жатканыбызда образга кире албай кыйналгам. Апамдар “бирөөнү элестетип ырда” дешсе элестетип ырдаганга эч кимим жок. Айлалары кеткенде “балабакчада бир баланы жакшы көрчү эмес белең. Ошону көз алдыңа келтир” дей башташты. Антсем да болбоду. Акырында апам: “Шоколадды сүйөсүң­бү?” деп жатпайбы. “Ооба” десем, “анда жок дегенде шоколадды көз алдыңа элестетип ырдачы?” деп жатпайбы. Чын эле ошентип ырдасам окшошуп калып жатпайбы. Азыркыга чейин “Сайкалдын сүйгөнү шоколад” деп күлүп калышат.
– Клиптериңе каармандарды кандай жол менен тандайсың?
– Көбүнчө кастинг өткөрөбүз. “Эстедим” ырымдын клибиндеги жигит азербайжан улутундагы жигит. Бакудан бул жакка окуганы келген экен. Биздин кастинг өткөрүп жатканыбызды угуп барыптыр. Биз ага алгач кыргызча сүйлөй бериптирбиз. Көрсө, кыргызча такыр түшүнбөйт экен. Ошентип, менин клибиме тартылып калган. Азыр биз менен дос катары жакшы мамиледе. Катташып турабыз.
– Ырларды сага ким тандап берет?
– Мага эле эмес, “Кыз-Бурактагы” кыздардын баарына көбүнчө Кенже мамам тандайт. Ал кимибизге кандай ыр жарашып, кимибиз кандай ырды аткара алаарыбызды жакшы билет. Мен акыркы бир ырымды гана биринчи жолу өзүм тандадым.
– Биздин гезит тарабынан сенин ырың “Жылдын супер ыры” номинациясына татыктуу болбодубу. Бул сен үчүн сүйүнүчтүү кабар болдубу?
– Албетте. Мен жаш болуп туруп ушундай ийгиликке жетишкениме абдан кубандым. Элдин менин эле эмес, башкалардын да эмгектерин туу­ра, так баалагандарына ыраазымын.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Polumna
2016-12-04 18:20:37
ушул убакта канчада эле
0
№ 216, 22-28-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан