ЖАҢЫ ЖЫЛ ТҮНҮ...

Бактыгүл Бадыева:
– Жаңы Жыл үйбүлөлүк майрам болгондуктан, бул жыл­кы майрамды мен апам, бир туугандарым менен тостум. Ар кандай салтанаттарга заказ түшкөн, бирок, баарынан баш тартып койгон элем. Жыл сайын сөзсүз шампан иччү­бүз. Быйыл болсо 31-август Курман Айтка туш келип калгандыктан, саат 12 болгондо шампандын ордуна бокалдарга сок куюп, тост айттык. Дасторконумду болсо колдон келишинче берекелүү кылып жасаганга аракет кылдым. Бир чоң күрп сойгон элек, анын этин былкылдатып бышырып, бешбармак жасадык. Бешбармакты жеген соң, палоо даярдадык. Ошентип, үйдөгүлөр менен Жаңы Жылды тоскон соң жигитиме жолугуп, эки-үч саат сейилдеп келдим. Ал мага адатынча эле моюнга жана колго тагылуучу алтын чынжырча белекке берди. А эртеси болсо кечке чейин үйдө отуруп, кечинде туугандар болуп кафеге бардык.

Турусбек Жумалиев:
– Мен көп жылдардан бери биринчи жолу Жаңы Жылды үйбүлөм менен тостум. Жыл сайын болбогонума койбой эле жаңы жылдык шоубузду башкарып бер деп ресторандарга алып кетип калышчу. Быйыл да “Монте Карлодон” чакыруу болгондо мен: “Быйылкы Жаңы Жылдын мен үчүн чоң мааниси бар, андыктан, бара албайм, кааласаңар ордума башка алпаруучу таап берейин” деп баш тартып койдум. Мааниси бар дегеним, быйыл келинчегимдин мүчөл жылы. Ошондуктан, келинчегиме кыпкызыл костюм, 14 миң сомдук жаңы сотка белек кылдым. Үйдө тоскон сонун турбайбы. Тынч, көңү­лүң жайында... Жаңы жылдык столдо ичимдиктен башканын баары болду. Анан да менин эң сүйүктүү тамактарым жасалды. Семиз тооктун ичине жашылчаларды салып духовкага бышырдык, андан кийин манты, таң атаарга жакын палоо жасадык. 12ден кийин улам бири келип, бири кетип жаткан коноктор менен болуп жатып бир маалда эс алайын десем эле таңкы алты жарым болуп калыптыр. И баса, быйылкы алган белегим да өзгөчө болду. Менин жылдызым арстан да. Ошондуктан, жакын досум сырты жалаң бермет менен капталган арстан белекке берди. Кыскасы, ушул жылкы Жа­ңы Жыл эсимден кетпес болуп калды окшойт.

Ильяз Абдыразаков:
– Жаңы Жылда сахнада мени менен кошулуп ырдаган досторум, рэп бийлеген бийчилерим жана администраторубуз болуп чогуу тостук. Жа­ңы Жылга жана Курман айтка карата кой алган элек. Кабат үйдө сойгонго шарт жок болгондуктан, Борончу байкенин үйүнө барып союп келдик. Конокко Акбар Сүйүнбаев менен Ташкент кызы Гүлдү чакырган элек, алар келип, он эки адам болуп чогуу тостук. Аябай көңүлдүү болду. Түнү эшикке чыгып, музыканы коюп алып аябай бийледик. Короодогу орустардын баары биз менен бийлеп, кыскасы, сонун болду. Ошентип жүрүп кирпик көзүн каккан жокпуз. Эртеси күнкү 9да гана бир аз эс алып алалы деп жаттык.

Абдылда Иманкулов:
– Мен 31-декабрь күнү күндүзгү саат 12ден 13кө чейин “Кыргызстан Обондору” радиосунда түз эфирде болдум. Ошол жактан эфир учурунда “Жаңы Жылыңыз менен. Досторуңуз менен бул шампанды ичип коюңуз” деп шампан беришкен эле. Мен болсо “кошуналарым көрүп калбаса эле досторум менен ичем” деп калгам. Ошентип, шампанды көтөрүп алып үйгө келе жатсам, кошуналарым чогулуп алышып айттап жүрүшүптүр. Мени көрүшүп эле “алып кел шампанды” деп догурунуп шампанымды алып коюшту. Көрсө, менин сүйлөгөнүмдү радиодон угушкан экен.
Быйылкы Жаңы Жылдын мен үчүн башка жылдардан айырмасы – бул жылы үйдө тосконум болду. Жыл сайын куудулдар Ошко концерт уюштуруп коюшуп, ошол жакта болуп калчу элем. Быйыл болсо өз үйүмдө, бала-чакамдын маңдайында берекелүү жайылган дасторкондун четинде отуруп тостум. 12ден кийин болсо кошуналарыма кыдырып кеттим. Анткени, биздин көчөдө ушундай салт бар. Майрамдарда бири-бирибиздикине барып, куттукташып, чогуу болобуз. Андан кийинкиси белгилүү да. Күн­дүзгү менин шампанымды ичтик, анын артынан дагы, анан дагы... Кыскасы, чардадык. Ошентип жүрүп үйгө саат төрт жарымда келип жаттым.

Асел Турдалиева:
– Быйылкы Жаңы Жылды тосконум өзүмө аябай жакты. Курман Айтка карата кан чыгарайын деп 30у күнү өзүм мал базарга барып, кой алып келдим. Алып келип балконго байлап койсом, маарабай түнү менен турду, аябай жоош кой экен. Эртеси сойдуруп, ичегилерин өзүм арттым. Ошентип, бешбармак жасап койдум да, өзүм салонго кеттим. Анткени, кечинде Бектин концертине катышмакмын. Салондон чыгып концертке барып ырдап коюп, кайра үйгө саат тогуздарда келдим. Азык-түлүк­төрдүн баарын эрте эле алып койгон элем. Келип эле салат жасоого кириштим. Салатымды жасап коюп дымдама жасадым. Кыскасы, 12ге чейин баарын жасап үлгүрдүм. Столумдун үстүнө болсо колбасадан башка керектүү азыктардын баарын койгон элем. Айрыкча бул жылы жер-жемишти мол койдум. Мангодон тарта экзотикалык жемиштердин баарын сатып алган элем. Ошентип, 12 да болду. 12де кызыма жаш балдардын шампанын, сиңдим экөөбүзгө чоңдордун шампа-нын ачып, үчөөбүз жакшы тилектерди айтыштык. Албетте, конокко да чакырышты. Бирок, мен “келсеңер өзүңөр келгиле, мен быйыл үйдө болом” деп эч жакка барган жокмун. Ошентип, телевизор көрүп отуруп саат үчтөрдө уктадым окшойт. Эртеси биринде болсо куттуктап келген конокторду, бир туугандарымды тостум, өзүм конокко бардым дегендей...

Мирбек Иманбеков:
– Быйылкы Жаңы Жыл мен үчүн укмуш деле көңүлдүү болгон жок. Анткени, майрамга бир күн калганда өзүмө бир аз суук тийгизип алып тумоолоп калган элем. Ошого байланыштуу маанайым аябай деле көтөрүңкү болгон жок. Ошентсе да майрамда оорудум деп эле жатып албай, алгач продюсерим Асыл эжени куттуктаганы анын үйүнө бардым. 12ге чейин үйгө жетип алайын деп сыртка чыксам бир да такси жок. Эптеп бир такси таап үйгө 12ге 2-3 мүнөт калганда кирип келдим. Келсем бир тууган агаларым, эжелерим, жеңелерим мени күтүп отурушкан экен. Ошентип, быйылкы Жаңы Жылды бир туугандарым менен тостум. Быйылкы Жаңы Жылдын өзгөчөлүгү Курман Айт майрамына туш келип калгандыгында болбодубу. Ушуга байланыштуу бул жыл­ды бир дагы ичимдиксиз, жада калса шампансыз тостум. Базарга барып тоок сатып келип, курмандыкка чалганымды да кошумчалай кетейин.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 218, 5-11-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан