ЖАҢЫ ЖЫЛГА АЯЗ АТАДАН КАНДАЙ БЕЛЕК СУРАЙТ ЭЛЕҢИЗ?

Аяз атанын бар экенине кичине кезибизде гана ишенчүбүз. Жаңы Жыл сайын бизге белек алып келген кызыл тончон, ак сакалдуу ал киши өзүбүздүн эле атабыз же байкебиз экенине кийин гана акылыбыз жеткен. Ошентсе да айрым ырчыларыбыздан берешен Аяз атадан кандай белек алгысы келгени жөнүндө сурап көрдүк.

МИРБЕК АТАБЕКОВ:
– Менин сахнада алтын менен бриллианттан жасалган микрофон менен ырдагым келет. Ырдаганда ал микрофон жаркырап, сахнага өзгөчө кооздук берип турса... Бул менин жөн гана кыялым. Ушул кыялымды Аяз атага айтып, андан жогорудагыдай микрофонду белекке сурамакмын.

СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ:
– Аяз атадан мен белекке сыйкырдуу таякча сурайт элем. Ал таякчанын менин каалаганымды аткара турган касиети болуш керек. Анда мен ал таякчадан көп нерсе суранбайт элем. Болгону мени 3-5 жаш курактагы бала кезиме бир гана күнгө кайра алып барып келүүсүн суранат элем.

АЙБЕК КАРЫМОВ:
– Мен алгач өзүмдөн мурун элди ойломокмун. Эл болбосо биз ким элек? Эл үчүн эмне сурамакмын? Айтылып эле келген денсоолук, токчулук, ынтымак, байлык... А өзүмө болсо ушул нерселер менен кошо эле буга чейин жарыкка чыга эле өзгөчө маркадагы укмуш кооз машина сурамакмын.

АЙЖАМАЛ КАБЫЛОВА:
– Мага адамдардын баары эле бирдей жакшы көрүнө берет. Анан эле ошол мен жакшы деп эсептеп жүргөн адамдарым мага кээде кыянатчылык кылып койгон учурлар кездешет. Ошондуктан, Аяз атадан адамды бир көргө­нүмдө анын кандай жакшы, кандай жаман сапаттары бар экенин, кыскасы, адамдын ички дүйнөсүн билип коюуга боло турган сыйкырдуу көз айнек сурап алат элем.

ЖАНЕТТА БОБКОВА:
– Биз, музыканын адамдарына үн жаздыруучу студия эң негизги нерсе. Башкаларга барып “ырым­ды жаздырып берчи” дебей өзүңдүн студияң болгонго не жетсин?! Бул менин көптөн берки тилегим. Эгер Аяз ата менин тилегимди орундата турган болсо, мен андан эң сапаттуу үн жаздыруучу музыкалык аппаратура сурамакмын.

БАЙЫШ МОМУНОВ:
– “Аяз ата, мага кымбат машина, кымбат аппаратура, кооз-кооз сахна кийимдерин бериңизчи?” демекмин. Аларды берген соң, эми ушунча болду деп эки кабат кооз особняк сурамакмын.

САУЛЕ:
– Мен Аяз атага кат жазып койдум. Бирок, али жөнөтө элекмин. Катымда Аяз атадан аябай чо-оң Барби куурчак менен анын үйүн берүүсүн сурандым. Мен Аяз атаны жакшы көрөм. Ал аябай боорукер, март, балдарды сүйгөн адам. Ошондуктан, менин тилегимди да орундатат деп ишенем.


ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ
КАЙСЫ ЭЛ КАНДАЙ ТОСОТ?

Гректер Жаңы Жылда белекке таш беришет
Гректер белекке өзгөчө, анан чөнтөккө күч келтирбегендей белек, тактап айтканда, таш беришет. Бул жерде таңкалуунун кажети жок. Ташты белекке бергендеринин себебин “акчаң таштай оор болсун” дешкен ырымдары деп түшүнө берсек болот.

Германияда белектер бут кийимге салынып коюлат
Аталган өлкөдө Жаңы Жыл он эки күн тосулат. Жакшы көргөн адамдарына белектерин ошол адамдын бут кийимине салып коюу жөрөлгөсү дале сакталып келүүдө. Кокус бут кийим белектерге толуп чыкса, бут кийимди кайра бошотуп коюшат.

Бирмалыктар Жаңы Жылды апрелде тосушат
Булардын апрель айында Жаңы Жыл тоскондорунун чоң себеби бар. Анткени, ал жакта апрелде жаан-чачындын мезгили башталат жана андан эл мол түшүм күтөт. Жаңы Жыл деген күнү алардын дасторконунун көркүн түркүн жемиштер ачат. Ал эми куурулган тамактар столго коюлбайт.

Болгарлар Жаңы Жылда өзгөчө торт бышырышат
Тортко дарактын 2-3 кичинекей бутагын, анан тыйын кошуп бышырышат. Жаңы Жыл түнү кимдин торт кесиминен бир бутак чыкса, ал денсоолукта болот, кокус эки бутак чыгып калса, аны жыл бою аны ийгилик коштоп жүрөт, ал эми тыйын чыгып калса, ал байыйт деп божомолдошот.

Бразилияда балатынын ордуна пальманы кооздошот
Бразилиялыктар балатынын ордуна пальманы орнотушуп, жылтырактар, шарлар менен кооздошот. Жаңы Жыл түнү көчөлөрү карнавалга чыккандарга толот. Эл түрдүү беткап менен түркүн түстүү кийим кийишкендиктен, өзүнчө эле жомок дүйнөсүн элестетип калат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 217, 29-декабрь-4-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан