Темир Назаров: «БЕШ МИЛЛИОН ДОЛЛАРДАН БАШ ТАРТТЫМ»

Былтыркы жылы эле дал ушул убакта Темирдин популярдуулугу таш жарып турган эле. Ушуга байланыштуу 2005-жылдын «Супер ырчы мырзасы» наамын алууга да жетишкен. Ал эми өткөн жылдын жай айларында продюсери Канат Култаевден кетип, коомчулук арасында бир дуу болду да, ошол бойдон аты чыкпай калды. Ошол жарым жылдан бери Темирдин кайда, эмне иш менен алектенип жүргөнү албетте, күйөрмандарын кызыктырбай койбойт. Ушундай суроолор менен бизге телефон чалган окурмандарыбыздын каалоолорун орундатып, Темир Назаров менен маектешкен элек.

– Темир, мурунку продюсериңден бөлүнүп кеткениңден бери көп көрүнбөй, дайының чыкпай кетти. Кайда, эмне иш менен алектенип жүрөсүң?
– Менин продюсеримден бөлүнүп кеткениме жарым жылдай болуп калыптыр. Бул убакыттын ичинде мен чыгармачылык иш сапарларында жүрдүм. Башкача айтканда, Стамбулга барып келдим, атайын жолдомо менен Кипрге фестивалга бардым, ошондой эле Ташкентте, Алматыда болуп кайттым.

– Бул шаарлардан кандай жумуштарды бүтүрүп келдиң?
– Баягы эле чыгармачылыкка байланышкан иштерди. Мисалы, Стамбулда түрктөрдүн белгилүү бир залкар акынынын урматына арналган салтанат болуп, беш мамлекеттен барган ырчылар анын сөзүнө жазылган ырларды ырдадык.

– Бул иш-чарага эмне үчүн сени тандашыптыр? Түрктөр сени таанышат бекен?
– Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан менин ырларым сунушталыптыр. Ырларымды угуп көргөн түрктөр дароо эле жактырышып, чакырышыптыр.

– Ошондо сени белгилүү түрк ырчысы Таркан менен чыгармачылык байланыш түзүп келиптир деп уктук эле.
– Мен анда Тарканга жолуга алган жокмун. Себеби, Таркан азыр башка чет өлкө менен келишим түзүп, ошол жакта иштеп жатыптыр. Бирок, мени Таркан менен байланыштырган бул сөздүн негизи бар. Анткени, мага Таркандын композитору бирге иштешүүнү сунуш кылды. Бирок, мен макул болгон жокмун.

– Эмнеге макул болгон жоксуң?
– Алар мага “беш жылга келишим түзөбүз, беш миллион доллар беребиз” дешти. Бул сумманы укканда алгач макул деп жиберейин деп өзүмдү кармап калдым да, “ойлонуп көрөйүн” дедим. Бирок, бир нече себептерден улам беш миллиондон баш тартканга туура келди. Биринчиден, дароо эле ата-энемди эстедим. Эгер сунушка макул болсом, ата-энемди да Түркияга алып кетишим керек болчу. А апам башка жердин абасына көнө албайт. Экинчиден, Стамбул шаары өзүмө да жаккан жок. Кооз шаар болгону менен ар дайым ным, балыр жыттанып турат экен. Шаарда эл көп, такай бири-бири менен урушуп, стресс абалында жүргөндөрүн байкадым. Эң жаман жери, кадимки эле биз ичип жүргөн жөнөкөй суунун жарым литри бир доллар турат экен. Бул жакта кенен-кесири суу ичип жүргөн жаным бир күндө 30 доллардай акчаны сууга эле кетирип жаттым. Ал жакта орточо айлык акы 6 миң доллар экен. Анан ойлоп көрсөм, алардын жашоо-шартында беш миллион доллар деген акча мен ойлогондой деле көп акча болбой калат экен. Ушундан улам “кой, бирөөнүн элинде султан болгончо, өз элиңе ултан бол” деген жыйынтык чыгардым. Ошентсе да ата-энеме дагы бир жолу кеңешип көрөйүн деп Кыргызстанга келгенден кийин болгон шартты түшүндүрсөм, апам: “Кой, балам, минтип атаң 67ге, мен 57ге келип калдык. Акча табылат, андан көрө биздин жаныбызда эле бол” деп каршы болуп койду. Анан акыркы жоопту түрктөргө телефон аркылуу билдирдим.

– Жарым жыл ичинде бир дагы жаңы жазылган ырларыңа күбө болгон жокпуз. Ыр жаздырганга такай чет өлкөгө болгон сапарлардан убактың болбой жатабы же жалкоолук кылып жатасыңбы?
– Жалкоолук кылган жокмун, убакыт болгон жок. Бирок, азыр жаңы ырларым даяр. Азыр мага чыгармачылык жактан Ташкенттик беделдүү бир ырчы жардам берип жатат. Ошко келгенде менин ырларымды угуп көрүп, өз каалоосу менен мага жардам бермей болду. Ошол ырчынын колдоосу менен азыр айрым ырларымды Ташкенттен жаздырып жатам. Буюрса, ал ырларыма 15-20 күндөн кийин күйөрмандарым өздөрү күбө боло алышат. Ошондой эле жаңы ырлар менен катар кыргыз эстрадасына жаңы стиль алып келейин деп жатам.

– Ал стилиңе да жакын арада күбө боло алабызбы?
– Жок, аны дароо эле чыгарганга болбойт, аз-аздан бериш керек.

– Жеке концертиң менен күйөр­мандарыңды кубантайын деген пландарың барбы?
– Бул жакын арадагы пландардан эмес. Анткени, май айына кайрадан Кипрге жолдомом бар. Ошол жакка барып келгенден кийин гана концертимди беришим мүм­күн.

– Сен Канат Култаевден кеткениңден кийин башка продюсерлерден бирге иште­шүү тууралуу сунуштар түш­түбү?
– Көп продюсерлерден сунуштар түштү. Бирок, мен бирине да макул болгон жокмун. Өз эмгегимди өзүм жеп эле, өз алдымча иштөөнү туура көрдүм. Азыр Кудайга шүгүр, өзүм эле аракет кылып жатам. Мен ушуга сыймыктанам, азыр 20 жашта болуп туруп өзүмдөн улуу адамдар чече албаган маселелерди чечем. Кыскасы, өзүм үчүн жооп бере алам.

– Канаттан кеткениңе өкүн­бөй­сүңбү?
– Өкүнбөйм. Тескерисинче, азыр кадимкидей көзүм ачыла түштү. Адамдарга кандай мамиле жасаганды, ким менен кантип сүйлөшсө боло турганына менин эми көзүм жетти. Өзүмчө кеткенден кийин мен өтө деле кыйынчылыкка учураган жокмун. Тескерисинче, жаңы-жаңы досторду, тааныштарды таптым. Ал жаңы досторум мени азыр көтөр­мөлөп, жардамдашып турушат.

– Сенин популярдуу болушуңа Канаттын канчалык деңгээлде салымы бар деп эсептейсиң?
– Канат байкенин мени көтөр­гөнүн албетте, моюнума алам. Бирок, ушул тууралуу сөз болгондо мен Канат байкеге: “Мени популярдуу кылганыңыз чын, бирок, мен да сизди популярдуу кылдым. Эгер менин талантым жок эле ырчы болсом, сиздин атыңыз бүткүл Кыргызстанга угулмак эмес” деп айткам.

– Сени “өчүп калды” дегендерге өзүң эмне деп жооп бересиң?
– Мен “өчкөн” жокмун. Кон­церт­терге да мурункудай эле катышып жатам. Болгону теледен, радиодон менин ырларымды кетирбей жатышат. Кээ бирлер “Темир катуу көтөрүлүп, катуу түштү” деп айтышат экен. Алар айтмакчы, менин убактылуу “өчкө­нүм” бир четинен өзүм үчүн жакшы болду. Анткени, мен ушул аркылуу кимдин кандай экенин ажыратып биле алдым. Мурда айрым “Темир, Темир” деп айланчыктап жүргөн адамдар азыр шоу-бизнестен алыстай түшкө­нүмдө тескери карап, сүйлөбөй калышты. Мен адамдардын чыныгы жүзүн көрдүм. Акырында “адамдарга ише­нүүгө болбойт экен, көрсө, бүгүнкү досуң сенин эртеңки душманың экен” деген жыйынтыкка келдим. Мен Кудайга ишенген баламын. Кудай мага “мен сага кайра оомат берем, сен ошондо адамдардын чыныгы жүзүн көрөсүң” деп жатат.

– Сахнага бир аз тынымдан соң чыкканыңда күйөрмандарың кандай кабыл алышты?
– Мени күйөрмандарым сатышпаптыр. Мен алардын ошонусуна ыраазы болдум. Мурда кандай жылуу тосуп алышса, азыр андан да жакшы тосуп алышып, ырларымды берилүү менен угуп жатышты. Кучагыма гүлдөр мурункудан да көп толду.

– Демөөрчүлөрүң барбы?
– Демөөрчүлөрүм бар. Бирок, алар “азырынча атыбызды айтпай тур” дешкен. Ошол де­мөөр­­­чүлө­рүм­дүн жардамы менен ырларды жаздырып, формаларды тиктирип жатам.

– Сахналаштарың менен мамилең мурункудай элеби?
– Көпчүлүгү менен мурункудай эле. Бирок, алардын да продюсерлери бар да. Алар мени менен сүйлөшкүлөрү келишет, бирок, байкашымча, продюсерлери “Темирдин жанына барба, аны менен сүйлөшпө” дешет экен. Ошентсе да алар «Темир, рахмат сага, сен бизге сахнага жол ачып бердиң» деп айтышат. Мен да аларга ыраазы болуп калам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 222, 2-8-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан