БОЛОТ БЕЙШЕНАЛИЕВ. ТАСМАГА БАЙЛАНГАН ТАГДЫР

БАЛАЛЫГЫ

Атактуу агабыздын алгач таманы тийген жер – Чүй боорундагы Кемин районунун Калмакашуу айылы. 1937-жы­лы 25-июнда Болот ага жарык дүйнөгө келген. Атасы Бейшеналы менен апасы Батыш зарлап жүрүп жалгыз перзенттүү болгонуна кубанып, чоң той беришет. Болот ага үйбүлөдө жалгыз бала болуп чоңоёт. Агабыздын балалыгы каардуу согуш мезгилине туш келет. Ошол жылдардагы кыйынчылык, эл башына түшкөн мүшкүл зээндүү баланы эрте эсейтип, жашынан бекем болууга үйрөт­көн. Эркек аттуунун бардыгы согушка кетип, Болот өңдүү жаш балдардын мойнуна жүк түшөт. Атасы Бейшеналы да эл катары согушка аттанат.
Ошол учурда төрт-беш жашар Болотту атасы согушка кетээрге эки-үч күн калганда районго ээрчитип кетет. Ата көңүлүндө: «Кайрылып уулумду кайра көрөөр бекем? Ажалым жетсе, жалгыз уул кимдин көзүн карайт?» деген түйшүктүү ойго туштугуп, аз да болсо баласынын жадында калуунун далалатын кылган окшобойбу.
Ошол күнү атасын ээрчип барып, биринчи жолу үнсүз тартылган кинотасманы көрөт. Элейип ар бир кыймылды тиктеп отурган кичинекей уулу убагында даңазасы таш жарган киножылдызы болоорун ал учурда атасы да билбесе керек. Үйбүлө­сүнүн бактысына согушка кеткен атасы Бейшеналы 1943-жылы бутунан жарадар болуп үйүнө кайтып келет.

ӨНӨР СЕРЕСИНЕ СҮЙРӨГӨН ЧЫЙЫР

Болот ага ошол кездеги жаштарга тиешелүү жигер менен окууну бүтөө­рү менен эле борборду көздөй жол алат. Алдында кандай жол камдалып турганын билбеген боз улан ал кезде инженер болууну каалаган экен. Борборго келип, ошол кездеги Айыл-чарба институтунун механика факультетине тапшырып, өтпөй калат. Тилеги таш капса да, өжөрлөнгөн Болот бир жыл айылда иштеп жүрүп, кийинки жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетине тапшырып, бул жолу да конкурска илинбей калат.
Балким, бир бактылуу кокустук болбогондо Болот өнөр чыйырына түшүп, минтип даңазасы таш жарбайт беле, ким билет. Бир күнү достору менен «Айчүрөк» операсына кирмей болот. Операдагы Семетейдин ролун Болоттун бир чети айылдашы, бир чети тууганчылыгы бар Кыдырбек Чодронов аткара тургандыгын угушуп, гүл көтөрүп жөнөп калышат. Сахнадан гүлүн тапшырышып, кубанычтуу кайткан достор кийинки күнү артист агасына учурашмай болушуп үйүнө жөнөшөт. Чай ичип, сүйлөшүп отурушуп Кыдырбек Чодронов капысынан Болоттон: «Мурда ырдап жүрчү бе­лең?» деп сурап калат. Ал мурун мектепте хорго катышып жүргөнүн айтат. Кийинки күнү эле жумушуна чакырып: «Документтериңди дайында, эртең М.Күрөңкеев атындагы окуу жайына тапшыр» дейт. Бирок, ошол кезде опера жана балет театрынын алдында студия ачылып калат да, Болот ага тапшырып, окуп бүтөт. Болоттун чыгармачылык чыйыры мына ушинтип башталган экен.
Ошондон тартып өнөрлүү адамдар менен жүрүп, көп нерсеге көзү каныгат. Көкүрөгү көксөгөн бийиктик дале алдында экенин сезген жаш талант канатын күүлөп турган учурда дагы бир бактылуу кокустукка кездешет.

КИНОДОГУ ӨМҮР

Болот агадагы ташкындаган талант айрымдардын көзүнө илинген эле. Ошол кездеги маданият министри А.Казакбаев: «Сен операны эмне кыласың? Сенден жакшы драмалык актёр чыгат. Жакында Ташкент­теги театралдык институтка кабыл алуу башталат. Ошондон оку» дейт. Ошентип, Болот ага Ташкентке бет алат. Институтту ийгиликтүү аяктап келгенден кийин артисттерди бөлүштүрүү башталып, министрдин чечими менен Болот Нарын театрына бөлүнмөй болот. Көңүлүндө борбордогу театрды көздөп турган Болот ошол жерден ордунан ыргып туруп «барбайм» деп бурк этет.
– Барасың, эмнеге барбайт экенсиң?- дейт министр өктөм үн менен. Болот борбордогу театрда иштегиси келгенин түшүндү­рүп келе жатканда министр кулак салбастан: «Барасың!» деп кыйкырат.
– Эмне кылсаң ошо кыл, барбайм,- деп көжөлгөн Болот чыгып кетет. Эрке өскөндөнбү, мүнөзүндөгү бетке чабаар тайманбастык басымдуу кылаар эле. Ошондой эле көктүгү, көз­дө­гө­нүнөн кайра тартпаган өжөрлүгү да бир топ болчу. Болоттун каяша кылганына жинденген министр институтка кат жиберип, «Болот ишке алынбасын» деп катуу эскертет. Ошентип, эч жер кабыл албай, бир жылдай бош жүрүп калат.
Бир күнү тааныш кинооператор жо­лугуп калып, «Кыргызфильмге» чакырат. Көрсө, ошол кезде «Тайгак кечүү» фильмине тартылууга артисттер топтолуп жаткан экен. Режиссёр М.Убукеевдин киришүүсү менен Болот ага эң биринчи жолу киного тартылат. Тасмадагы өмүрү ушинтип башталган эле. Ушул фильмден кийин эле «Биринчи мугалим» тасмасы экрандаштырылып, Болот агага мугалим Дүйшөндүн ролу берилет.
Мына, актёрдун жарк эткен жанары ушул фильмден ачылып, анын талант, даремети ушул фильмден бааланат. Ушундан соң андан кийинки жашоосу, өмүрү, сүйүүсү жалгыз гана киного байланып калат. Албуут дайрадай ташкындаган талант көптөрдү таң калтырды, суктандырды. Ансайын кереметтүү өнөр өзүнө багындырып арбап алып, Болотту таштактуу да, ырахаттуу да өнөр жолуна салды. «Биринчи мугалимден» кийин эле Союздун бардык тарабынан чакырык түшө баштады. Кыргыз фильмдериндеги «Ак мөөрдө» Болоттун, «Саманчынын жолунда» Касымдын, «Отко таазимде» Азизовдун, «Жамилада» сүрөтчүнүн ролун укмуштуудай бийиктикте аткарган. Көп өтпөй «Өзбекфильм» киностудиясында, «Мосфильмде», «Ленфильмде» Болот Бейшеналиев деген ысым жаңырып турду. Орто Азия боюнча Болот Бейшеналиев гана жүздөн ашык кино тасмага тартылган экен. Залкар артист Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы жана казактардын «Алтын көпүрө» сыйлыгы, көптөгөн ардак грамоталары менен сыйланган.

ТАГДЫР ЖОЛУ ТАБЫШМАК

Кайталангыс талант бергени менен Болот аганын тагдыр жолу чиеленген татаал болгон окшобойбу. 3-курсунда Ташкенттеги театралдык институтта окуп жүргөндө биринчи курска келген табышмактуу сулууну кезиктирип калат. Махабат оту жагылган сулуу, далайды тамшандырган сахна ханышасы Таттыбүбү Турсунбаева эле. Бирок, тагдырдын тамашасын кара, көп өтпөй Таттыбүбү Болоттун досу Имаштын аялы болуп калат. Кооз гүлгө ким суктанбасын?! Бирок, ошолордун ичинен Таттыбүбүнү өмүр бою сүйгөн, аны элге жарыя кылбай ичинен сызып келген бир гана адам – Болот Бейшеналиев. Экөө «Акмөөр» фильминде чогуу аткарганы көптөргө маалым чыгаар. Эки таланттын тагдыр жолу бирикпей, так эле фильмдеги Акмөөр менен Болот сыяктуу «мунарык, мунарык...» деп бири-бирин жоготуп таба албай, бул өмүрдөн өтүп кеткендей сезилет. Таттыбүбү өлөөрүн­дө өмүр бою Болотту сүйгө­нүн, жаштыктан жаңылышып чогуу боло албаганын айтып, арман кылган экен. Жаны кыйналып жатканда да: «Болотту таап келгилечи. Аны көрсөм аман калам» деп айткан экен.
Таттыбүбүдөн ажырагандан кийин деле Болоттун турмуштан жолу болбоду. Кийинчерээк түркмөн кызы Гүлнара Исмаловага үйлөнөт. Бирок, анын үйбүлөлүк бактысы көпкө узаган жок. Азиз аттуу уулдуу, Гүлназ аттуу кыздуу болгондон кийин экөө оттору күйүшпөй ажырашып кетишкен экен. Андан соң көп жылдар бою Москвада жашап, ал жактан Стелла аттуу айымга үйлөнөт. Ал аялы менен көп жылдар чогуу жашаган. Бирок, аганын чыныгы бактысы өз жеринде, өз мекенинде күтүп турган экен. 1991-жылы апасынын өтүнүчү менен мекенине кайтып келген Болот ага мекенинен Турсун аттуу айымга жолугат. Жоготкон бактысын ушул адамдан табат. «Он эки жыл чогуу жашаган жашообузда бир да жолу Болоттун кабагы чытылып, бир нерсеге жини келгенин көргөнүм жок. Болгону «эмнеге Кудай экөөбүздү кечиктирип жолуктурду? Эрте жолуксак баары башкача болот беле?!» деп өкүнүп калчу. Анан да ыр жандуу эле. Түнү менен тамеки чегип, ырларын жазып отура берчү» деп эскерет өмүрлүк жары Турсун апа. Аганын акыркы күндө­рүнө чейин жанынан чыкпай жөлөк болгон ушул өмүрлүк жары учурда 50 жашта.

ӨМҮР СОҢУ

Кино үчүн төрөлүп, кино үчүн жашаган Болот Бейшеналиев 2001-жылы 17-ноярбрь күнү 64 жаш курагында кайтыш болду. Бул күнү киноискусствосунун 60 жылдыгын кызуу белгилеп жатышкан эле. Столдо отурганда капысынан жүрөк оорусу кармап калган экен. Ошентип, кыргыз эли дагы бир асыл инсанынан ажырады. Ыйлап, мөгдөп турган эли аны акыркы сапарга узатышты.
Ал эми аны сүйгөн элинин көңүлүнө төтөп кылаар нерсе, залкардын артында элге таштап кеткен эмгеги, даңазалуу аты, элиме деген эсепсиз тасмалары, уулу, кызы калганы болду.

АТА ЖОЛУН УЛАГАН УУЛ

Адатта кыргыздарда уул бала ата чыйырына түшкөнүнө кубанат. Болот аганын уулу Азиз Бейшеналиевдин азыр жылдызы жанып турган учуру. Азиз алгач 1997-жылы «Темирлан» фильминде атасы менен бирге тартылган. Атасы хандын ролун, ал эми уулу баласынын ролун аткарышкан эле. Андан соң Азиз «Мосфильмде» «Трио» аттуу фильмге, 2006-жылы казактардын «Көчмөн­дөр» фильминде роль аткарган. Ошондо режиссёрдун көзүнө илинген Азиз көп өтпөй эле казактардын чоң фильмине тартылууга чакырылат. Учурда Азиз «Мустафа Чокай» фильмине тартылып, башкы каармандын ролун жаратып жатса, буга чейин кыргыз-казак режиссёрлору биргелешип тарткан «Бейиш канаттуулары» аттуу фильмде башкы ролду ойногон. Учурунда Болот Бейшеналиев уулуна: «Сен Бейшеналиев боло албайсың. Болот Бейшеналиев болуш үчүн Бейшеналиевдин доору керек. Башка кесип танда» деген экен.
Чыныгы талант үчүн доордун деле мааниси болбосо керек. Балким, Азиз да өз доорунун мыкты актёру болуп чыгаар. Андыктан, ата чыйырын улаган уулга ийгилик каалайлы.

Болот аганын Таттыбүбү Турсунбаевага арнаган ыр саптарынан үзүндү

Жаныңа жаш чагыңда жакын бардым,
Ошондо бактым бол деп чакырганмын.
Тагдырдын таалайыма жазганы экен,
Мен үзбөй соолуп калдың, кызгалдагым.
Өтсө да далай мезгил унута албайм,
Азыр да сени эстөөдөн такыр талбайм.
Жашоодо жалгыз сени сүйөөрүмдү,
Жараткан алдында мен тана албайм.
Алтыным, акыретте жолугаарбыз,
Жараткан болсун дээрбиз бизге калыс.
Армандар бизде болгон аткарылбай,
Ал дүйнө болгон бизге абдан карыз.

ххх

Сымбаты, баскан турушу,
Суйкайып гана туруучу.
Өзгөчө башка жаралган,
Ал болчу
сулуулардын сулуусу!
Периси болчу жомоктун,
Мен перимди жоготтум.
Армандуу жалгыз калыпмын,
Мен жетим, Акмөөрсүз калган
Болотмун!

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 223, 9-15-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан