ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ӨҢ КӨРҮНҮШҮ МҮНӨЗҮН АЙТЫП ТУРАБЫ?

ЧАЧ
Чачтын коюу жана кайраттуу болушу адамга көрк гана бербестен, анын күчтүү темпераментинен кабар берет. Окумуштуулардын айтуусунда, коюу жана кайраттуу чачтар адамдын канындагы гормонду жөнгө салып туруучу касиетке ээ.
Ырчы мырзалардын арасынан Максат Бегалиевдин чачы өзгөчө коюу экенин байкоого болот. Буга кошумча чачы тармал да экендигин ырчы өзү дагы айтып келет. Макстын артынан «Чубактын чуусундай чубалган» чырлар ээрчип жүр­гөнү (мисалы, бир кыз Макстан боюнда болуп, төрөгөн имиш) балким, ошол чачынын айынандыр, ким билет?..
Ал эми «Бравонун» алпаруучусу Нурзат Токтосунованын да чачы коюу болуп, көргөн адамдын көңүлүн өзүнө тартып турат.

КӨЗ
Көпчүлүк учурда көздүн формасынан эмес, көз караштан сексуалдуулукту билсе болот. Бир караганда адамды өзүнө тартып алган кылгырган көздөр сексуалдуу деп эсептелинет. Ошондой эле күрөң түстөгү көздөр адамдын сексуалдуулугунан кабар берет.
Көпчүлүктү ыры гана эмес, көз карашы менен тамшандырган Айя Садырованын көзүнүн түсү кү­рөң экенин белгилеп кетсек болот. Айта кетчү нерсе, Айяныкындай кыйгач көз­дүү сулуулар өтө сезимталдуулугу менен айырмаланат.
Ошондой кылгырган көз кыздардын сүй­мөн­чүгү болгон ырчы Урмат Усеновго да таандык. Жалгыз эле бакенбарды менен эмес, кумарлуу көз­дөрү менен «мачо» ат­ка татыганы чындык белем...

МУРУН
Сөөгү чоң, башкача айтканда, куш мурун эркектердин темпераменти жогору экенин билдирет.
Мындай мурундуу жигитибиз таластык кыздарга тамшанган таластык жигит Мирбек Иманбеков. Күйөрман кыздары Мирбектин уккулуктуу үнүнөн тышкары келишимдүү келбетине жана кырдуу мурдуна да кызыгышса керек. Мисал келтирсек, жеке концертинде кыздар толо келип залга батпай калбадыбы...
Ошондой эле «Арманын» айтып элди кайгырткан Ильяз Абдыразаковду да чоң мурундууларга кошсок болот. Күйөрман кыздары Илияздын мукам үнүнө гана эмес, мурдуна да ашык...

КАШ
Жебе сымал керилген узун жана калың каштын ээси да өзгөчө темпераменттүү келет.
Жаңыдан чыгып келе жаткан Микаэль аттуу келишимдүү ырчынын каштарын бөлүп көрсөтүүгө болот. Бул Микаэлге табият тартуулаган кашпы же болбосо ырчы ар кандай ыкма менен бул каштарга ээ болгонбу ким билет?! Ошентсе да Микаэлдин ырына эле эмес, келбетине кызыккан кыздар көп.
Карлыгачтын канатындай каштар мурунку «кичинекей» Гүлмирага таандык. Гүлмиранын темпераменттүү кө­рүнүшүнөн балким, анын аргын кандуу экендигинин да таасири бардыр.

ЭРИН
Бардык мүчөлөргө караганда адамдын оозунун формасынан анын сезимдүүлүгүн билүүгө болот. Калың жана чоң эриндер ээсинин зор сексуалдуулугунан кабар берет. Ошондой эле кызгылтым түстөгү эриндер адамды тартуучу касиетке ээ.
Байкап көрсөк, «Кыз-Бурактын» буралган сулуусу Айжамалдын эриндери бул талапка төп келет. Ырчы кызыбыздын көркүнө көрк кошкон эриндери экен­диги талашсыз. Андыктан, күйөрмандары Айжамалдын ырына эле эмес, бөйтөйгөн эриндерине суктана карашат.
Дагы бир калың эриндердин ээси Султан Садыралиев. Өнөрү менен элге таанылган жаш ырчы шок эриндери менен эчен кызга сүйүүсүн арнады экен, чиркин...

КУЛАК
Аялдардын кулагынын көнөчөгүнүн (сөйкө жайгашкан жер) чоңдугу ээсинин сексуалдуу экенинен кабар берет. Ошондой эле эркектин кулак калканы чоң болсо, ал адам сүйүүгө бат берилет жана сүйүүдөн тез көңүлү калат.
Аныктап көрсөк, ырчылардан Байыш Момуновдун кулагы аталган талапка төп келет. Балким, ушул сексуалдуулугунун айынан биринчи аялынан экинчи аялга кетип, андан кайра биринчи аялына кайрылганбы деген да ой кетет.
Ал эми ырчы айымдардан мындай кулак Неляга таандык. Ыр­чы кызыбыз ар дайым чачын жазып жүрсө да ушул өзгөчөлүгү көзгө илинбей койбойт. Демек, Неля да темпераменттүүлөрдүн катарын толуктайт.

Даярдаган Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-17 22:41:25
ДА анда менда темпераменттуу экенмин да
0
№ 207, 20-26-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан