2006-жылдын мыкты аранжировщиги Ильяз Абдыразаков: “КОШУНАЛАРЫМ МЕНДЕН ТАЖАГАНДА ЧЫБЫГЫН КӨТӨРҮП КЕЛИШЕТ”

Нуркан, 25 жашта, Бишкек:
– Ильяз, мени сенин “Арманым” аттуу ырыңдын клибинде катышкан кыз кызыктырат. Ошол кыз боюнча кененирээк маалымат бере аласыңбы?
– Ал кызды мен өзүм да жакшы тааныбайм. Анткени, аны менен клипке тартылуу учурунда гана таанышкам да, ошондон бери көрө элекмин. Аты жаңылбасам Алия болсо керек. Алияны клиптин режиссёру Мырзабек Айдаралиев тапкан.

Айгүл, 20 жашта, Бишкек:
– Ильяз, мен сага ыр аркылуу суроо узаткым келет. Арген үндүү делинген,/ “Кыз-Бурактан” жетилген./ Сүймөнчүгү элимдин,/ Сыймыгы болгон жеримдин./ Татына жигит Ильяз,/ Сүйөсүң деги кимди сен?
– Рахмат, ырыңыз абдан жакшы экен. Эми мен сиздин ырыңызга ыр менен жооп бере албайм да... Сиз кызыккандай, мен эч кимди сүйбөйм. Мен негедир кичине кезимден эле кыздар менен такыр тил табыша албайм. Мектепте классташ балдарым кыздарга алгачкы сүйүү каттарын жазып жүргөн убакта мен кыздардын чачтарынан тартып ыйлатып жүрчү­мүн. Ушул убакка чейин сүйүүгө кезиге элекмин.
– Жөн гана дос кыздарың да жокпу?
– Дос кыздарым эмес, жөн гана тааныш кыздарым бар. Алар менен телефондон сүйлөшүп турам.
– Ырчы кыздардын кимиси менен жакшы мамиледесиң?
– Баары менен эле сый мамиледемин. Ал эми “Кыз-Бурактан” Кенже эже, Айжамал эже, Сайкалдар менен көбүрөөк сырдашам.

Салтанат, 17 жашта, Бишкек:
– Канча жашыңыздан баштап аранжировка жасай баштагансыз?
– Биринчи жолу 6-классымда аранжировка жасагам. Анда Абдумалик Шерматовдун тобунда жүрчүмүн. Ошол топтун солисткасынын бир ырына аранжировка жасагам.

Нурила, 14 жашта, Бишкек:
– “Карындашым” деген ырыңыз кимге арналган? Өзүңүз­дүн бир тууган карындашыңыз барбы?
– Өзүмдүн бир тууган карындашым жок. Биз эки эле бир тууганбыз. Менден кичүү Нияз деген иним бар. Ал эми ыр болсо бир тууган болбосо да бир туугандай болуп калган карындашыма арналып жазылган. Башкача айтканда, мурдагы чыгармачыл жубайлар Мирлан Ния­зов менен Асел Кыдыкованын кызына арналган. Анын аты Фатима. Фатима азыр эки жашта. Мени ая­бай жакшы көрчү. Атасы “Малыш” деп атаса, ал “Маш” деп койчу. Атасы менен үйгө келип, атасы кетип калса да ал кетпей жүрө берчү. Алар жакында эле Дубайга кетип калышты. Ошондон кийин Фатиманы аябай сагынып, анан ушул ырды жараттым.

Бермет, 18 жашта, Ош:
– Ильяз, ата-энең канча жашта? Эмне иш кылышат?
– Атам Кубанычбек 44 жашта, апам Уулкан 43 жашта. Экөөнүн тең музыка боюнча кенен түшүнүктөрү бар. Апам убагында мектепте музыкадан сабак берип жүргөн. Азыр болсо ата-энем өз кесиптеринен четтешип, Ошто чакан бизнес менен алектенишет. Жакында борборго келишип, бизнесин бул жактан улантууну пландаштырып жатышат.
– Эгер жашыруун болбосо эмне бизнес кылаарын да айта кетпейсиңби?
– Ошончолук эле керек болсо айтайын. Алар зергер буюмдары менен иштешет. Бишкекке да зер дүкөнүн ачканы жатышат.

Динара, 21 жашта, Бишкек:
– Эң жакшы тартылган жана эң кымбат баага тартылган клибиң кайсы?
– Менин болгону “Арманымга” жана “Бул дүйнөгө” тартылган эки гана клибим бар. Экөөнө тең аз эле каражат кеткен. Бирок, сапаты боюнча өзүмө “Бул дүйнө” көбүрөөк жагат.

Асел, 15 жашта, Токмок:
– Ырчылар эмне үчүн телефон номерлерин беришпейт?
– Анткени, бир эле адамга телефон номериңди берсең, ал мактанып башкага берет. Андан башкасы алат, ошентип, биздин телефонубуз бат эле Бишкекке тарап кетет. Анан күнү-түнү тынбай чала бергенден тажашпайт. Ар кандай адамдар чалат экен. Телефон аркылуу коркуткандар да болбой койбойт.
– Мага номериңизди берсеңиз, мен эч кимге бербейм.
– Асел, андан көрө өзүң телефонуң- ду таштап кой, сага өзүм чалайын...

Бегимай, 18 жашта, Бишкек:
– Ильяз, мен сенин фанаткаң болом. Сени жаныңдан бир эле жолу көрсөм дегенде эки көзүм төрт. Ошентсем эки дүйнө арманым жок эле. Ильяз, суранам, сага жолукканга уруксат берчи?!
– Бегимай, чынын айтсам, мен азыр концертке даярданып, такыр бош убактым жок. Андан көрө концертке келип, ошол жактан жолук.
– Концертте сахнанын артына баары бир өткө­рүшпөйт. Мен сага көп де­ле тоскоол болбойм. Беш мү­нөт убактыңды менден аябачы?!
– М-мм... Макул анда, жолукса жолугалы, телефонуңду калтырып кой, мен түз байланыштан кийин сени менен байланышып, качан жана кайсы жерден жолугаарыбызды сүйлөшө­бүз.
– Рахмат сага, Ильяз!

Гүлзат, 16 жашта, Бишкек:
– Ырларыңдын ичинен эң сүйүк­­түү ырың кайсы?
– “Балалыгым” деген жаңы ыр чыгардым. Бул ыр өзүмдүн балалыгым жөнүндө жазылган. Учурда ушул ырым менен “ооруп” жүрөм.

Анара, 17 жашта, Бишкек:
– Чыгармачылыктан башка эмне менен алектенесиң?
– Аранжировка жасап, сахнага чыгып ырдагандан тышкары өзүмдүн бизнесим бар. Башкача айтканда, жакын байкелеримдин бири чет өлкөдөн автомашина жөнөтөт, мен болсо аларды бул жактан сатам. Ушинтип оокат кылабыз.

Айгерим, 15 жашта, Бишкек:
– Ильяз, дискотекага барасыңбы?
– Жок, мен кичинемден бери ызы-чууну көп жактыра бербейм. Ошондуктан, дискотекага да барбайм.

Зарина, 15 жашта, Бишкек:
– Мен сизди 11-кичирайондон көп көрөм. Ошол жакта турасызбы?
– Туура баамдаптырсың. Менин студиям да, жашаган жерим да 11-кичирайондо.

Руслан, 23 жашта, Сокулук:
– Ильяз, азыр кайсы продюсер менен иштешип жатасың?
– Мен башынан эле продюсер менен иштешкен эмесмин. Азыр деле продюсерим жок, жөн гана жардамчыларым бар.
– Мырза Айдаралиев продюсериң эмес беле?
– Мырза байке менен расмий түрдө түзгөн келишимим жок болчу. Ал экөөбүз жөн гана бири-бирибизге жардамдашып эле жүрчүбүз.
– Экөөңөрдүн араздаша кеткениңер жөнүндө кабарыбыз бар. Ушундан кийин ал сенин чыгармачылыгыңа бут тосууларды жасап жаткан жокпу?
– Бут тосуулар болуп жатат. Менин ырларыма клип тарттырбаганымдын да бир себеби ушул. Тарттырган менен теледен көрсөтүлбөйт. Радиодон болсо ырларымды элдин баары уктаганда түн ичинде анда-санда берип коюшканы болбосо, көп беришпейт.
– Азыркы ырчылардын көпчүлү­гү­нө клипти Мырза Айдаралиев тартат экен. Сен кимге тарттырасың?
– Башка деле клипмейкерлер бар. Буюрса, концерттен кийин беш-алты ырыма катар-катар клип тарттырып туруп диск менен элге таратайын деп жатам. Ушундай жол менен жайылтпасам, эфирден баары бир беришпейт экен.

Дамира, 19 жашта, Бишкек:
– Ильяз, мен үчүн сага байланышкан нерселердин баары кызык. Ал эле эмес, кандай маркадагы телефон көтөрүп жүрөөрүңө да кызыгам.
– Учурда менин жанымда төрт телефон жүрөт. Көп колдонгон телефонумдун маркасы Nokia1110. Телефондун маркаларына деле көп кызыкпайм. Мага негизгиси, байланыш болсо болду. Ошондуктан, кээ бирлердей “крутой” маркалардын артынан куубайм.

Бактыгүл, 16 жашта, Бишкек:
– Ильяз, кирлериңди ким жууп бе­рет?
– Мен ата-энемден өспүрүм кезимде эле бөлүнүп кеткен үчүнбү, өз оокатымды өзүм кылганга үйрөнүп калгам. Кудайга шүгүр, алты саным аман. Андыктан, өзүм эле жууйм. Андан кам санабай эле кой. А эмне, жууп берейин дедиң беле?
– Андай болсо кана? Сенин кириңди жуусам мен дүйнөдөгү эң бактылуу кыз болмокмун.

Аида, 20 жашта, Бишкек:
– Квартирада турасыңбы же өз үйүң барбы?
– Азырынча өз үйүм жок, квартирада турам.
– Кимдер менен турасың?
– Менин өзүмдүн тобум бар. Ал топто уюштуруучу, алпаруучулар, куудул, ыр­чы жана башка болуп жети балабыз. Төрт бөлмөлүү квартирада ошол жетөө­бүз турабыз. Алардын квартира акысы, тамагы, баскан-турганына кеткен чыгымдын баары менин моюнумда.
– Аларга тамакты ким жасап берет?
– Кезек менен дежур болушат. Кимдин кезеги болсо ошол үй жыйнап, тамак жасап, идиш жууйт.
– Сен да дежур болосуңбу?
– Жок, мени “сен аранжировкаңды жасай бер” деп дежурлуктан бошотуп коюшкан.
– Өзүңө качан менчик үй сатып аласың?
– Буюрса, ушул жылы жайында шаардын чекесинен жер алып, үйдүн курулушун баштайм деп ойлонуп жатам.

Нурбек, 24 жашта, Ош:
– Ильяз, сен бир жакшы аранжировка жасаш үчүн канча убакыт сарптайсың?
– Жакшы аранжировкага толук бир түн кетет. Түн дегенимдин себеби, мен аранжировканы көбүнчө түн ичинде жасайм.
– Кошуналарыңа тоскоол болбойсуңбу?
– Кошуналарым нааразы болуп эле жүрүшөт. Тажаганда чыбыгын көтөрүп алып орус кемпир келет. Арыз жазганга чейин барышты. Алар үчүн ишиңди токтотуп койсоң дагы болбойт да. Анын үстүнө шагыраган жети эркек бала жашаган үйдө кантип тынчтык болсун?! Жер үй салуу жөнүндө ойлонуп жатканымдын себеби да ошол.
– Мен да чыгармачыл адаммын. Атайын Бишкекке барып, сага аранжировка жасаткым келип жүрөт. Бир аранжировканын баасы канча?
– Мындан бир ай мурун эле 100 долларга жасачумун. Азыр 200 доллар кылып “ставкамды” көтөрүп койдум. Бирок, ошого жараша сапатын да жакшы кылып жасайм.

Жазгүл, 16 жашта, Бишкек:
– Ильяз, сенин мага окшогон фанаткаларың көп болсо керек, ээ?
– Билбейм, көп эле го... Жакында эле Нарынга концерт коюп баргам. Концерттен чыксам кыздар машинама мык менен кырып “Ильяз, мен сени сүйөм. Фархад, мен сени жаман көрөм” деп жазып кетишиптир. Фархад деген менин тобумдагы алпаруучу жигит. Азыр машинам ошол бойдон жүрөт. Сырдатканга убакыт болбой жатат. Чектен чыккан күйөрмандарымдын бирине Карабалтадан да жолуккам. Концерт бүтүп, “элдин баары кетсе керек” деп сыртка чыксак, беш-алты кыз калып калыптыр. Алардын бирөө “мен сени менен кетем” деп машинама отуруп алды. 14-15 жаштардагы эле кыз экен. “Мен шаарга кетишим керек, сен кал” деп түшүндүрүп айтсам такыр болбойт. Айлам кеткенде: “Мен балким, жаман баладырмын, коркпойсуңбу? Балким, сени өлтүрүп койсомчу?” десем, ал: “Сенин колуңдан өлсөм мен ыраазымын” дейт. Бир сааттай тартышып акыры айлам түгөнгөндө катуу айтып калтырып келгенге туура келген.

Сезим, 22 жашта, Бишкек:
– Күйөрман кыздарың берген белектерден өзүңө жакканы эмне эле?
– Күйөрман кыздарым концерт учурунда көп эле белек беришет. Айрыкча жумшак оюнчуктарды көп алам. Ошол белектердин баары үйдө сакталуу. Ал эми өзүмө жаккан белек Ошто бир күйөрманым берген куран китеби болгон.
– Ильяз, сен да жөнөкөй адамдар сыяктуу эле базарга барасыңбы?
– Мындан толук бир жыл мурун базарга баргам. Базар аралап жүрсөм улуу эле байкелер: “Эй бала, ырдап бербейсиңби?” деген сыяктуу сөздөрдү айтышып, жапайы мамиле кылышкан. Ошондон кийин базарга барбай турган болгом.
– Кийим-кечени, азык-түлүктү кайдан сатып аласың?
– Кийим-кечени дүкөндөрдөн сатып алам. Азык-түлүктү болсо балдар сатып келишет.

Самара, 17 жашта, Бишкек:
– Ильяз, сен түндүктүк кызды катуу сүйүп калсаң, бирок, ата-энең ага үйлөнгөнгө каршы болушса эмне кылат элең?
– Чоң кыз, сиз мага суроо бербей эле табышмак берип койдуңуз го? Кыйын экен. Табышмагыңыздын жообун таба алган жокмун...

Кызбурак, 16 жашта, Бишкек:
– Музыка дүй­нө­сүнө кандайча аралашып калдыңыз эле?
– Мен 2-класста окуп жүр­гөнүмдө музыка эмне экенин түшүнө баштагам. Бир күнү апам жумушунан мектептин эски “Ямахасын” үйгө көтөрө келиптир. “Ямахага” кызыгып, тияк-биягын чукулап отуруп ошол кезде хит болуп жаткан “Ананайын” деген ырдын бир кайрыгын кантип үйрөнүп алганымды өзүм да байкабай калдым. Ошол күнү тамак да ичпей, уктабай отуруп “Ананайынды” толугу менен үйрөнүп алдым. “Ямаханы” апам эртеси күнү эле мектепке алпарып салды. Бирок, менин ошол күндөн баштап эле музыкага болгон дилгирлигим арта берди. Айылдагы “Ямахасы” бар байкелерди айланчыктап эле жандарынан чыкпай калдым. Музыкага болгон кызыгуум ошентип жүрүп ойгонгон. Андан кийин Абдумалик Шерматовдун тобунда жүрдүм, “Кыз-Буракта” иштеп жүрдүм, өзүмчө да жүрдүм. Мына эми минтип кыргыз эстрада чөйрөсүнөн өз ордумду тапкандай болдум окшойт.

Зулайка, 26 жашта, Бишкек:
– Сени мектепти бүткөн эмес деп укканбыз. Ушул чынбы?
– Чынын айтсам, мен 5-классты бүт­көнчө сабактардын баарын жалаң “5ке” окугам. 6-класска келгенде “Сега”, “Денди” деген оюндар чыгып кетип, ошолорго берилип сабакка көңүл бурбай калгам. Өзүм сабактан качканым аз келгенсип, классташ балдарымды да “жүргүлө, “Денди” ойнойбуз” деп алып кетип калчумун. Мугалимдердин урушканына да карачу эмесмин. Ошентип жүрүп 6-классты араң бүттүм да, 7-класска келгенде мугалимдер “кой, бара бер, болбойт экенсиң” деп жолума салып коюшкан.
– Анда аттестатың жокпу?
– Аттестатым жок. Бирок, кандай жол менен болсо да окуп аттестат алуу керек. Азыр ошого аракет кылып жүрөм.

Бакыт, 20 жашта, Бишкек:
– Сен жакында эле жеке концертиңди берген элең. Бул жолку концертиңе дагы эле эл келе берет деп ишенесиңби?
– Толук ишене албайм. Бирок, «аракет кылсаң берекет» дейт го. Анын үстүнө бул концерт башкаларга окшобогон өзгөчө концерт болмокчу. Концерттин башынан аягына чейин фонограммасыз ырдайм. Концертиме конок катары келген “Аура” тобу – Кыргызстандагы эң күчтүү музыканттардын курамынан турган ансамбль. Ырларым ушул ансамблдин коштоосунда ырдалат.
– Концерттен кийинки пландарың кандай?
– Бишкектеги концертимен кийин Казакстанга, Россияга гастролдоп кеткенге даярданып жатам. Калган пландарды ал жактан келген соң түзөбүз.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан