2006-жылдын эң мукамдуу обондорунун ээси жана популярдуу ырчы Съездбек Искеналиев: «КЕЛИНЧЕГИМ ӨЗҮ ЭЛЕ ТӨРТ АЯЛГА ТЕТЕ»

АНАРА, 16 жашта, Бишкек:
– Съездбек байке, апаңызга, келинчегиңизге арнаган ырыңыз барбы?
– Апама арнаган “Апа” деген жакшы ырым бар. Ал эми келинчегиме азырынча ыр жаза элекмин.
– 8-Мартта аларга кандай белек тартуулайын деп жатасыз?
– Азырынча ойлоно элекмин. Бирок, буюрса, көңүлдөрүнө жаккан жакшы белектерди тандаганга аракет кылам.

ДИНАРА, 22 жашта, Бишкек:
– “Ооруба, атанын” клибиндегидей болуп ата-энеңизди капаланткан күндөрүңүз болду беле?
– Ойлоп көрсөм, менин жада калса бала кезимде да тентектик кылып ата-энемди капаланткан күндөрүм болбоптур. Мындан ары да болбойт деп ишенем. Бизди ата-энебиз кичине кезибизден ыймандуулукка, бири-бирибизди сыйлаганга тарбиялаган.
– Атыңызды ким койгон? Эмне үчүн Съездбек деп койгон экен?
– Менин атымды алгач Олимпбек деп коймой болушкан экен. Анткени, мен төрөлгөн жылы, башкача айтканда, 1980-жылы Олимпиада оюндары болбоду беле?! Бирок, эмнегедир атам Олимпбек эмес, Съездбек деп коюуну чечиптир. Бул болсо менин төрөл­гөн жылым Советтер Союзунун 26-съездине туш келгендиги менен байланыштуу. Эгер атымды кыргызчага которсок, Курултайбек болмок экен.

БАКЫТ, 20 жашта, Бишкек:
– Сиз катышкан “Боз салкын” деген фильмди экрандан качан көрө алабыз?
– Фильм даяр болуп бүткөн. Буюрса, март айынын аягында бет ачары болмокчу. Ошондо менин актёрлук өнө­рүмө күбө боло аласыздар.

НАРИСТЕ, 17 жашта, Бишкек:
– Сиздин ырчы болуп калышыңызга ким себепчи болгон?
– Биринчиден, көөдөнүмдөгү талантым себепчи болгон. Экинчиден, өзүмдөн улуу Бурул эжем себепчи болгон болуш керек деп ойлойм. Ал анча-мынча чымыны бар мектептин активист окуучуларынан эле. Кечелерде ырдап, өзбекче бийлеп жүрчү. Мен да Бурул эжемди туурап жүрүп биринчи жолу эл алдына өзбекче бийлеп чыкканым эсимде. Отурган эл бийлегенимди жактырып, жылуу кабыл алганынан ырдап-бийлегенге андан ары кызыгып кеткем.

ЧОЛПОН, 16 жашта, Бишкек:
– Съездбек байке, келинчегиңиздин боюнда барбы?
– Буюрса, бар.
– Кыз күтүп жатасызбы, эркекпи?
– Кудай бергенин. Биринчи перзентим болгондуктан, мен үчүн айырмасы жок.
– Атын ким коёсуз?
– Алдын-ала ат койгон болбойт дешет. Аман-эсен төрөлгөн соң апама койдурам го.
– Апаңыз сизге жакпаган эски аттардан коюп койсо эмне кыласыз?
– Апам “ушундай болот дедим, болот” деп койбойт деп ишенем. Алгач апамды угам. Болбосо, мен өзүмө жаккан аттарды айтам. Анан ортодон апамдын да көңүлүн калтырбагыдай кылып, өзүбүзгө да жаккан аттардан коёбуз да.

МАХАБАТ, 20 жашта, Бишкек:
– Аскерге бардыңыз беле?
– Жок, окуума байланыштуу барган эмесмин.
– Жашыңызга карабай азыр чакырса патриоттуулугуңузду көрсөтүп барат белеңиз?
– Өзүңдүн патриот экениңди бир гана аскерге барып далилдебей, башка жактан да көрсөтсөң болот. Советтер Союзунун убагы болгондо бармакмын. Азыркы армиянын мурдагыдай таасири жок эмеспи. Аскерге барып кетирген убактымды мен бул жакта эле жакшы ырларды жазып, элге ырдап кызмат кылып коротконум жакшы эмеспи. Туулган жер, мекен жөнүндө жүрөгүңдөн чыккан ырларды чыгарсаң, аларды чын дилиңден элиңе тартууласаң, бул деле патриоттуулуктун белгиси.

АЙГЕРИМ, 15 жашта, Бишкек:
– Съездбек байке, сиз 10-мектептин жанында жашайсызбы? Сизди ошол жактан көп көрөм. Мен ошол мектепте окуйм да.
– Ооба, мен дал ошол сиз окуган мектептин жанында жашайм.

Шахсанам, 22 жашта, Бишкек:
– Теледен өзүңүздү сыймыктануу менен карайсызбы же сындап карайсызбы?
– Көп учурда өзүмдү өзүм сындап карайм. Жөн гана карап койбой, өзүм­дөн тапкан кемчиликтеримди кийинки жолу оңдогонго аракет кылам.
– Жакында боло турган концертиңизде апаңыз, жубайыңыз кө­рүү­­чүлөр­дүн арасында отурушабы?
– Сөзсүз отурушат. Алар 8-Март күнкү концертиме келишет.

РЫСКҮЛ, 16 жашта, Бишкек:
– Съездбек байке, мен сиздин кочкорлук карындашыңыз болом. Сизге суроо түрүндөгү төрт сап ырым бар эле. Уруксат этсеңиз окуп коёюн: Куттуу Кочкор жериңиз,/ Түшүңүзгө киреби?/ Сагынганда шамалын,/ Бат жеткиңиз келеби?
– Рахмат, Рыскүл, мен да сиз сыяк­туу Кочкор жеримди аябай сүйөм. Сиз айтмакчы, түшүмө да кирет. Ал эми кара шамалын сагынганда барып, сагынычымды таратып келип турам. Мүмкүнчүлүккө жараша эки жумада же бир айда бир барып турам. Кээде эки айда бир барып калам.

ШИРИН, 18 жашта, Каракол:
– Ырчылардын көпчүлүгүнүн машинасы бар экен. Сиз качан машина сатып аласыз?
Менин деле машинам бар. Өткөн жылдын ноябрь айында берген концертимде туугандарым, досторум "Ауди" маркасындагы машина белек кылышкан. Аны сатып, башка маркадагы машина алайын деген оюм бар. Ошон үчүн азыр өзүм айдабай жүрөм.
– Айдаганды билесизби?
– Билчү эмесмин. "Боз салкында" сценарий боюнча машина айдашым керек эле. Ошого карап үч күндүн ичинде мага машина айдаганды үйрөтүп коюшту. Азыр жакшы эле билем. Бирок, шаар ичиндеги кыймылы көп жолдордо айдай элекмин.
– Өзүңүз коомдук унааларда жүрөсүзбү?
– Ооба, такай эле маршрутка менен жүрөм.
– Троллейбуска акыркы жолу качан түштүңүз эле?
– Биз жактан республикалык оорукана тарапка бир да маршрутка барбайт. Бир жолу ошол жакка барганда 4-троллейбуска түшкөм. Мындан бир-эки жыл мурун болсо керек эле. Так эсимде жок. Коомдук унааларда жүрүүнү мен эрөөн албайм. Тескерисинче, эл менен аралашып жүргөндү жактырам. Маршруткада жүргөндө көпчүлүк учурда элдер мени менен учурашып, сүйлөшүп калышат. Мага ушундай нерселер жагат. Башкача айтканда, жөнөкөйлүк – бул менин стилим.

ГУЛИЗА, 17 жашта, Бишкек:
– Продюсер менен иштеген жакшыбы же өзүнчө иштегенби?
– Жаш ырчыларга продюсер менен иштеген жакшы. Ал эми чыгармачылыктын ой-кырларын өздөштүрүп калган ырчыга продюсер менен иштешүүнүн көп деле зарылчылыгы жок. Андыктан, сиздин ырдайм деген оюңуз болсо, сөзсүз өзүңүзгө продюсер табыңыз.

ПЕРИЗАТ, 21 жашта, Бишкек:
– Сиздин эми телеалпаруучу болушуңуз жөнүндө гезиттен окуганбыз. Актёрлук жөндөмүңүз бар экенин да билебиз. Сиз эми ырчылыкка көбүрөөк көңүл бурасызбы, актёрлуккабы же телеалпаруучулуккабы?
– “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дейт го. Анын сыңарындай, мен өзүмдө болгон өнөрлөрдүн баарын элге көрсөткүм келет. Келечекте сиз айткан үч кесиптин баарын бирдей алып кетсем дейм. Бирок, телеалпаруучулукка эми киришип жаткандыктан, эки айдай болгон күчүмдү ошого жумшайм.
– Үйлөнө элегиңизде Жаркынайды башкалардын ала качып кеткени жөнүндө кабар тараган эле. Ошону укканда кандай абалда калган элеңиз?
– Мындай кабар тараганда менин киного тартылып, Көлдө жүргөн убагым эмес беле. Эч нерседен бейкапар жүр­сөм эле съёмкалык топтогу байкелер: “Турмушта ушундайлар боло берет, сендей жигитке башка деле кыз табылат...” деп көңүл айтып жүрүшөт. Эч нерсеге түшүнбөй эле эмне болгонун сурасам, бир байке акырын коюнунан гезит алып чыгып жатпайбы. Окусам мен күтпөгөн жагымсыз жаңылык жарыяланыптыр. Алгач эмне кылаарымды билбей нес болуп туруп калдым. Ишенбей Бишкекке досторума чалсам менден кечирим сурашып, ушинтип катуу тамашалап койгондорун айтышты. Анан өзүмө келбедимби. Менин досторум ушундай тамашакөй.
– Сизге арнаган өзүм­дүн ырымды окуп берсем болобу?
– Болот.
– Арген үндүү кочкорлук менин байкем,/ Ааламда да атыңыз айтылса дейм./ Ата-эне маңдайында бар болуңуз,/ Жеңем менен түбөлүккө бир болуңуз.
– Чоң рахмат, айтканыңыз келсин.

АКЕНА, 16 жашта, Бишкек:
– Келинчегиңиз менен кайсы жерден тааныштыңыз эле?
– Бишкектин жакшы кафелеринин биринен таанышканбыз. Мен ырдаган ошол кафеге Жаркынайлар курбусунун туулган күнүн белгилеп келип калышыптыр. Ошондо таанышып калганбыз. Андан кийин бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, өткөн жылдын ноябрь айында тоюбузду өткөрдүк.

АЙЖАН, 16 жашта, Бишкек:
– Балалыгыңыздагы эсте калган учурлардан айтып бербейсизби?
– Мектепте жакшы окучумун. Үйдөгүлөр да окуума аябай көңүл бурушуп, катуу көзөмөлдөшчү. Мени менен тең кошуна бала бар болчу. Ал болсо жалкоо эле. Бир күнү мени азгырып: “Кел, сабакка барбайбыз” деди. “Үйдөгүлөр урушат да” десем ал ойлонуп отуруп бир акыл тапты. Ошентип, ал баланын акылы менен экөөбүз чоң суунун жанына барып, үстүбүздөгү болгон кийимдерибизди чечип, баарын сууга матырдык да, сыгып туруп кайра кийип алдык. Үйүбүзгө кайра барып “экөөбүз көпүрөдөн өтүп баратып сууга түшүп кеттик” деп шылтоо айттык. Мени үйдөгүлөр урушуп, башка кийим кийгизишип, кайра мектепке жөнөтүш­тү.
Дагы бир жолку окуя эсимде. Бир жылдары “Байлар дагы ыйлашат” деген сериал аябай популярдуу болбоду беле. Ошол фильмдин акыркы сериясы болмок. Күтүп отурсак кечинде свет өчүп калып жатпайбы. Эртеси кайталоосун көрөйүн десем мектепке барыш керек. Анан бир амал ойлоп таптым. Сабактын жарымына чейин катыштым да, калп эле “ооруп жатам” деп мугалимден суранып алдым. Жолдо кетип баратсам алдымдан завуч чыкты эле, калп эле катуу ооруп жаткан киши болуп жыгылып калып жатпаймынбы. Ошентип, үйгө баргандан коркуп, байкемдин үйүнөн сериалды көрүп, анан үйгө кеткеним эсимде.

ЭРКИН, 43 жашта:
– Сени сахнадан кетет дегенди угуп бир сыйра капаландык. Чыгармачылык кризистер боло жүрчү нерсе. Сен андай кыйынчылыктарга көңүл бурбай, тескерисинче, чыйралышың керек. Мындан кийин антип күйөрмандарыңды коркутпай жүргүн.
– Жакшы сөзүңүзгө рахмат, эжеке. Үч-төрт ай эс алып алуу үчүн убактылуу чыгармачылыктан четтеп турсам дедим эле. Бирок, өзүңүздөр көргөндөй, чыгармачыл адамга эс алганга да болбойт экен.

ЭЛНУРА, 14 жашта, Бишкек:
– “Апа” деген ырыңызды укканда апаңыз канчалык деңгээлде сыймыктанганын байкадыңыз?
– Менин ар бир жаңы чыккан ырымды апам өтө кубануу менен кабыл алат. “Басаар жолдор” деген ырым менен биринчи жолу телевизорго чыкканда апам көрүп алып кубанганынан ыйлап жибериптир. Анан көзүнөн жашын куюлтуп алып кошуналарга, туугандарга сүйүн­чүлөп, сууну кечип айылды аралап чуркап кеткенин өзү да сезбей калыптыр. Анан өзүнө арналган ырды укканда канчалык деңгээлде кубанганын элестете бериңиз...

АРГЕН, 9 жашта, Бишкек:
– Съездбек байке, мен сизди аябай жакшы көрөм. “Селки” деген ырыңыз мага аябай жагат. Сизди телевизордон көрүп туурай берем.
– Рахмат.
– Ырларыңызга өзүңүз аранжировка жасайсызбы?
– Алгачкы ырларыма жасачумун. Азыр атайын музыканттарга жасатам.

АЛТЫНАЙ, 11 жашта, Бишкек:
– Съезд байке, сиздин чоң атаңыз менен менин бөбө­гүм­дүн аты окшош. Менин бөбөгүм­дүн аты Искен.
– Искеналы менин чоң атам эмес, атам.
– Бөбөгүм сиздин атаңыз менен сүрөткө түшкүсү келет.
– Тилекке каршы, менин атам каза болуп калган да.
– Кечиресиз.

АНАРБЕК, 50 жашта, Бишкек:
– Иним, сенин обондоруң ма­га жагат. Мен акынмын. Мүм­күн болсо менин ырларыма обон чыгарсаң дедим эле.
– Макул, чыгарайын. Ырларыңызды бериңиз.
– Азыр сага жазган ырым бар эле, ошону угуп кой: Мен Акматбек уулу Анарбек,/ Ар убак сүйүп ырыңды,/ Угуудан такыр тажабайм,/ Бирок, билбейм сырыңды./ Тилегим сага, Съездбек,/ Эч бузбай болгон сыныңды,/ Сахнадан түшпөй жүрө бер,/ Бөк­сөртпөй ыр чыныңды.

ЗАМИР, 46 жашта, Бишкек:
– Бул жолку концертиңдин өзгөчөлүгү эмнеде болот?
– Концертке катуу даярданып жатам. Өзгө­чө­лүгү: концертке катышкан ырчылардын 70 пайызы менин ырларымды ырдашат. Анан да жалаң жаңы ырлар ырдалат. Ошондой эле менин Токтобек Асаналиев менен, Асел Турдалиева менен, Неля менен болгон дуэттерим жаңырмакчы.

АЛМАЗ, 26 жашта, Бишкек:
– Съезд, мени туугандарым «үйлөн» деп кыйнап жатышат. А мен үйлөнсөм эле эркиндиктен ажырап калчудай болуп жатам. Сен кандай кеңеш бересиң? Үйлөн­сөмбү же бойдокчулуктун доорун дагы сүрө турсамбы?
– Сен 21 жашта болсоң бойдокчулуктун доорун сүрө тур деп кеңеш бермекмин. Үйлөнө турган мезгилиң жетип калыптыр. Туугандарыңдын айтканын кылып үйлөнүп ал. А эркин болбой калам деп кабатырлансаң, анда өмүр бою бойдок жүрө бергенге туура келет. Үйлөнсөң өзүңдү жоопкерчилик­түү сезип, үйүңө да кандайдыр бир береке киргендей болуп калат экен. Андыктан, эч нерсеге карабай үйлөн деп мен сага эркектик тилектештигимди билдирем.

МАНАС, 32 жашта, Жалалабат:
– Сен Бек, Сыймыктын деңгээлиндей ырчы боло аласыңбы?
– Ийгиликке жетүү – аракеттен көз каранды. Андыктан, талыкпай аракет кылсам эмне үчүн Бек байке менен Сыймык байкеге жете албайм? Мен да баралыма келгенде алардын деңгээлиндегидей ырчы боло алаарыма ишенем.
– Шариятта төрт аял алууга уруксат эмеспи. Сенин төрт аял алгың келеби? Анткени, сени сүйгөн кыздар көп болсо керек...
– Шарият жол берген күндө да мен төрт аял ала албасам керек. Төгөрөгү төп келишкен жубайым Жаркынай өзү эле төрт аялга тете.

САМАРА, 17 жашта, Бишкек:
– Ыймандуу, татынакай келинчегиңиз бар экен. Келинчегиңизди клипке тарттырайын деген оюңуз барбы?
– Жаркынай негизи клипке эмес, сүрөткө да түшкүсү келбейт. Тойдогу сүрөттөрдү эске албаганда экөөбүздүн чогуу түшкөн сүрөтүбүз жок. Ошентсе да келинчегимди өзүмдүн бир клибиме тартайын деген оюм бар.

АЙГЕРИМ, 16 жашта, Бишкек:
– Жубайыңыз күйөрман кыздарыңыздан кызганабы?
– Жок, кызганбайт. Ал менин чыгармачылыгымды толугу менен тү­шү­нүп, колдоп турат. Ошондуктан, күйөр­ман кыздарымдан да кызганбайт. Күйөрмандарымдын, анын ичинен кыздардын үйгө телефон чалган учурлары болот. Алардын албетте, үйбүлөнү бузуп жиберейин деген ойлору жок. Болгону, жакшы сөздөрүн айтышып, чыгармачылыгымды баалагандарын билдирип чалышат. Ушундай убакта трубканы келинчегим алып калса: “Ме, күйөр­ман кыздарың экен, жооп берип кой” деп жөн эле берип коёт.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 226, 2-8-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан