Гүланда: «ҮЙЛӨНҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ МАСЕЛЕГЕ ЧЕКИТ КОЙГОНБУЗ»

– Гүланда, кыска убакытта эле сен ырчы катары эл оозуна алынып калбадыңбы. Деги эле ырчылык өнөрдү сен кимден алгансың?
– Менин атам инженер, апам көз доктур. Бирок, экөө тең, айрыкча апам жакшы ырдайт. Залкар инсан Нурак Абдырахмановду ким билбейт? Ошол Нурак Абдырахманов менин таякем болот. Биздин үйбүлөбүзгө чыгармачылык өнөр таякелерибиз тараптан өткөн. Үйдө беш бир тууган болсок, бешөөбүз тең ырдачубуз. “Мурас” деген үйбүлөлүк ансамбль түзүп алган элек. Атам, апам, байкем ар кандай музыкалык аспаптарда ойношсо, мен ырдачумун. Калгандары кайырмасында кошулуп турушчу. Ушундай талантыбыз менен райондук, областтык, анан калса республикалык кароо-сынактарда алдыңкы орундарга жетишип, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгонбуз. Бизди чыгармачыл үйбүлө катары жалпы район таанышчу. “Жөжөлөр” деген ырды ырдаганыбыз үчүн элдер бизди көргөндө “Жөжөлөр келатышат” деп коюшчу. Өзүбүз да жөжөлөрдөй болуп ар дайым ээрчишип жүрчүбүз.
– Ошол таланттуу үйбүлөнүн азыркы чыгармачыл абалы кандай?
– Үйдөн менден башкасы чыгармачылыктан башка жолго түшүп кетишти. Атам го чыгармачылыкка ансамбль болуп жүргөн кезде деле олуттуу көңүл бурчу эмес. Апам болсо азыр деле той-топурларда ырдап жүрөт. Эжелерим да турмушка чыгышып, көр тирилик менен алаксып, чыгармачылыктан тышкары калышты.
– Сенин бул жолду улантып кетишиңе ким же эмне түрткү болду?
– Көөдөнүмдө оргуштап жаткан талант түрткү болду. Окуу жайдан чыгармачылыкка түк байланышы жок адистикке ээ болсом да, чыгармачылыктын сыйкыр дүйнөсүнө арбалып туруп алдым.
– Кайсы кесиптин ээсисиң?
– Мен алгач Искусство институтуна тапшыргым келчү. Бирок, апам: “Эгер ырдайм десең окубай деле ырдай аласың. Андан көрө башка тармактан эле билим ал” дегенинен, апамдын акылы менен атамдын жолун жолдоп, Политехникалык окуу жайынын инженердик факультетине тапшыргам. Бирок, жогоруда айтып кеткендей, ырга болгон кызыгуум басымдуулук кылып, 2-курсумдан тартып эле кафелерде ырдай баштагам.
– Өз кесибиң менен да качандыр бир убакта иштейм деп ойлойсуңбу?
– Мен окуума анчалык көңүлүм жок болгондуктан, бир аз кыйналдым. Ага карабай былтыр эл катары окуумду аяктап, диплом алдым. Бул кесипке ээ болуп алганыма өкүнбөйм. Мен өмүр бою эле сахнада жүрө бере албайм да. Келечекте бизден жакшы, бизден кыйын ырчылар чыгат. Ошондо аларга жол бошотуп берүүгө туура келет. Мына ошол убакта менин инженердик кесибимдин пайдасы тиет.
– Айбек Карымов менен кандайча иштешип калдың эле?
– Кафеде иштеп жүргөнүмдө тойлорго, ар кандай кечелерге да барып ырдап калчумун. Кезектеги ошондой кечелердин биринен Айбек байкеге кезигип калгам. Ошондо менин ырдаганымды жактырып калып, чогуу иштешүү жөнүндө өзү сунуш киргизген.
– Бул сунушка чейин устатыңдын чыгармачылыгына кандай көз карашта элең?
– Айрым ырларын жактырып, угуп калганым болбосо, кумир тутуп, ырларын артынан сая түшүп деле укчу эмесмин. Кыскасы, чыгармачылыгына көңүлкош эле мамиле кылчумун.
– Анан чогуу иштешүү жөнүн­дөгү сунушун дароо эле кабыл алдыңбы?
– Ооба, эч ойлонбостон туруп эле дароо макулдугумду билдирдим. Азыр ошол чечимиме өкүнбөйм. Анткени, мен Айбек байке аркылуу шоу-бизнес чөйрөсүнөн кандайдыр бир деңгээлде өз ордумду таптым. Азыр мага Айбек байке устат катары чыгармачылыкка байланыштуу жакшы кеп-кеңештерин айтып келет.
– Жеке жашооңо да кийлигишеби?
– Жок, жеке жашоомо кийлигишпейт. Болгону, чыгармачылык жактан гана көзөмөлдөп турат. Мисалы, өзүм жалгыз эч жакка барып ырдабайм.
– Чогуу иштешүү тууралуу расмий түрдөгү келишимиңер барбы?
– Жок, андай келишим түзгөн эмеспиз. Оозеки түзүлгөн келишимдин негизинде гана иштешип жатабыз.
– Гүланда, “шамал болбосо чөп­түн башы кыймылдабайт” дейт. Анын сыңарындай, “Айбек Гүландага үйлөнүп алыптыр” деген кептерди кулагыбыз чалып калат.
– Кудай сактасын. Айбек байке экөө­бүздү чыгармачылык гана байланыштырат. Мындан башка нерсе болушу мүмкүн эмес. Анын үстүнө, менин ата-энем Айбек байкени таанышат, сыйлашат, ошол эле убакта ишенишет.
– Айбек байкенин үйбүлөсү менен мамилең кандай?
– Жубайы Бурулду жакшы тааныйм. Бирок, экөөбүз бири-бирибизди жакшы да көрүшпөйбүз, жаман да көрүш­­пөйбүз. Көрүшкөн жерибизде жөн гана жылуу учурашып коёбуз, болду.
– Силер көпчүлүк учурда чогуу гастролдо жүрөт эмессиңерби. Жолдошун сенден кызганбайт бекен?
– Анысын билбейт экенмин. Кызганса да мага айткан эмес. Бирок, кызганганга негиз деле жок да. Жогоруда айтпадымбы, биздин чыгармачылыктан башка байланышыбыз жок. Анын үстүнө, менин жигитим бар.
– А сени жигитиң Айбек байкеден кызганбайбы?
– Кызганат.
– Анан кантип иштетип жатат?
– Башында аябай эле каршы болду. Жада калса “үйлөнүп алалы” деп да жүрдү. А үйлөнгөндөн кийин ырдатпайт болчу. Ойлонуп көрсөм, турмушка чыкканга кийин деле жетишет экенмин. Андан көрө иштейин деп чечтим. Азыр үйлөнүү жөнүндөгү маселеге чекит коюп койгонбуз.
– Гастролдорго кетип жатканыңда кандай маанайда узатат?
– Качан келээримди сурайт. “Жакшы барып кел, телефон чалып тур” деп коёт.
– Чыгармачылыгыңа материалдык жактан колдоо көрсө­тө­бү?
– Менин ырчы болушумду каалабагандыгы үчүн материалдык жактан да колдоо көрсөтпөйт. Анын үстүнө өзү да чыгармачылыкка такыр кызыкпайт. Жаңы клип тарттырсак, “клибиңер жакшы экен” же “ырыңар жакшы экен” деп көңүлкош гана оюн билдирип коёт. Ушул убакка чейин бир гана жолу мен катышкан концертке барган. Анда да гүлүн сиңдимден берип жибериптир.
– Экөөңөрдү урушуп кетти деп уктук эле?
– Баягы эле чыгармачылыктын айынан ортобузда түшүнбөстүктөр келип чыккан болчу. Эми кыз-жигит болгон соң урушуп, кайра табыша берет экенсиң. Баары бир бизде чыныгы сүйүү бар. Ошон үчүн беш жылдан бери жүрбөйбүзбү. Мени чындап сүйгөндөн кийин бара-бара чыгармачылыгымды да түшүнөт болуш керек деп ойлойм.
– Үйбүлөң тарабынан чыгармачылыгыңа кандай сындар айтылат?
– Үйбүлөм мени менен ар дайым сыймыктанышат. Айрыкча апам “менин үмүтүмдү актап жатасың” деп катуу сүйүнөт. Мен чыккандан бери телевизор менен радиону аңдып эле отурат экен. Теледен биздин ырыбызды бере баштаганда дароо мага телефон чалат. Бирок, ушул убакка чейин “бул жери жаман болуп калыптыр” деп бир да жолу айта элек. Кыскасы, менин ишиме ыраазы.
– Айрымдар өз аттарын өзгөр­түп, сахнага башка ат коюп алышат эмеспи. Сага ушундай ой келбеди беле?
– Мен негедир бул жөнүндө ойлобоптурмун. Бирок, эмне болгон күндө да атымды өзгөртмөк эмесмин. Менин ысымым ата-энемдин мага берген биринчи белеги да.
– Клиптерде аткарган ролдоруңа караганда сенден жакшы актриса чыкчудай экен. Киного тартылгың келеби?
– Мен кичине кезимде “актриса болом” дечүмүн. Актриса болбой калдым, бирок, ошол тилегим жарым-жартылай ишке ашты десем жаңылышпайм. Анткени, жакын арада бир фильмде роль жаратканы жатам. Толугураак айтсам, Мырза Айдаралиев тартууга даярданып жаткан “Шайтан араба” деген фильмдеги кыздын ролун аткарууга сунуш түштү. Бул криминалдык темадагы фильм болот экен да, жалгыз гана кыз катышат экен. Ошол кыздын ролун мен аткарам. Ал эми актрисалык жөндөм­дүүлүгүмдү фильм жарыкка чыкканда эл өзү сынайт.
– Анда сенин алдыдагы иштериңе ийгиликтерди каалайбыз. Маегиңе рахмат.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан